Абай менен Байкөкчө акын

Абай бир жылы Ачуу-Суу деген жерге конуп, боз үй тигип отурганда Абай келди деген кабарды угуп, Байкөкчө саламдашканы келет. Байкөкчөнү Абай карапайым, чечен, сөз тапкыч, адилеттүү адам деп жакшы көрчү экен. Байкөкчөнүн жашы Абайдан улуу болсо керек. Ошондонбу, Абай Байкөкчөнүн атынан атабай “Байкөке” деп кайрылчу экен.

Абай: “Байкөке, бир коом эл экенсиздер. Анан ушу кунарсыз Ашуу-Суунун өңүрүнө эмнеге кызыктыңар?”- десе, Байкөкчө:

Ашуу-Сууда иттей улуп Манай отур,
Андай жерде жамандын далайы отур.
Көргүдөй көз, айтарлык тил болбосо,
Байгара Бөкен менен кантип отур? – дегенде Абай:

“Байкөке-ай, токмок менен уруп жыгытчу кылыгың бар-ау”, - дептир.

Байкөкчө:

Көкеңди урам дейсиң токмок менен,
Жүрөсүңбү атаң салган өтмөк менен.
Туура сөздү айтсам да кыйналасың,
Жашыңда акмак менен жолдош белең?

Абай: “Байкөке-ай, көп учурда тилиң ачуу, жашыңда жетим болуп, жабырды көп көргөнсүң-ау”, - дегендеБайкөкчө:

Аз гана эл кабасмыз – тууганым ал,
Мырза менен Мамайдын мол зордугу.
Эки өпкөмдөн кыскан соң чаян болуп,
Тилим ачуу себеби – мол кордугу, – дептир.

“Ал заманда көп коркутат, терең батырат” деп айтылгандай, Байкөкчө чоң уруудан зордук көргөнүн эскертип, Абайга атаң жүргөн чыйыр дегени – Кунанбай ага султан кезинде майда уруу кедей адамдар көбүнесе кунарсыз жерлерге жайлаштырылган экен.

Кунанбай өлгөндө тобыкты эли чогулуп батага барганда, Байкөкчө акынга жанында турган Эсентай деген киши: “Кунакеңди эскерчү сөзүң болсо айтпайсыңбы?” - дегенде, Байкөкчө:

Көсөм элең, окторула кол баштаган,
Карындашка доо келсе эч шашпаган.
Арыстандай жаралган асылым-ай,
Алышканды алыс бурдай таштаган.

Тууганыңдан билиндиң орто жүзгө,
Тайыңда жарыш салдың жапан түзгө.
Кунаныңда үч жүзгө байге бербей,
Кунанбайдай көрүндүң шондо көзгө.

А быштыңда дүбүрттөп соккон желдей,
Душманыңды камадың жалгыз жолго.
Күрөшөм деп бешиңде далай душман,
Көз алдымда ээликти баары сага.
Ээ, тобыктынын баласы, журт-жамааты,
Тирүү олуя табылбас эми бизге, – дегенде Эсентай:  

“Кунакенин артында төлөчү борчу бар эмеспи?” – дептир.

Байкөкчө:

Кунан сөзү курандын тактасындай,
Букаранын одур-будур капкасындай.
Кунан кетти – алдынан Кудай жалгап,
Алтын калды артында ат башындай, – деп Абайды мисал келтирип айткан шекилдүү.

*     *     *

Абай Баканас деген жайлоодо улук бий болуп турганда, кудалашып койгон кыз башка жигити менен качып кетип, керей жана найман эли арасында чыр чыгат. Абай эки тарапты элдештирип отурса сырттан Байкөкчө акын кирип келип:

Такыр жерге коон байлап, чөп өсөт,
Кээ адамда мал менен баш көп эсеп, – десе, Байкөкчө:

Бышыксынган жигитти болуш койсоң,
Болуштуктан түшкөнчө жалмап бүтөт, – деп Абайдын жанына келип көчүк басат. Жыйналышта отурган бий-болуштар кантип Байкөкчө Абай менен мурдатан келишип алгандай болуп сүйлөдү дегенде:

Сөз дегениң суу эмес ко агып жаткан,
Байлардын малы эмес ко багып жаткан.
Паракор бий-болушту далай көрдүк,
Калайыкты сур жыландай чагып жаткан, – дептир Байкөкчө.

Жыйналышта отургандардын арасында отурган Ракыш деген болуш кызыраңдап: “Абай-эй, мына бу акының баарыбызды маскаралагандай ким эле? Жөн сүйлөсө болбойт бекен?” – дегенде, Абай: “Казак айтсын-айтсын деп жүрүп, айтпасын дегенди унутуп кетет эмеспи. Муну акын баарыбыздын эсибизге салып, эскерткен чыгар”, – деген экен.

*     *     *

Байкөчкө акындын Абайды эки жолу түшүндө көрүп, анысын өлөң менен жарыялап турганы:

Биринчи түшү

Абайжан, бир түш көрдүм бүгүн түндө,
Асманга учуп, чыктың көккө мүлдө.
Ак кийим үстүңдөгү, боз атың бар,
Асманда чагылыштың барып күнгө.

Ии анан жогорулай дагы учтуң,
Илдиң да эки нерсе жерге түштүң.
Орноштуң бийик тоого конгонуң соң,
Калайык барын көрдү болгон иштин.

Жаныңа төрт ак куу конду дагы,
Жык толгон ак шумкарга эки жагы.
Кашыңа селдечендер келишти эле,
Сүйлөштү жыйын куруп алар дагы.

Кол жайып селдечендер бата берди,
Алкоону бүт жамаатың тегиз көрдү.
Уйкумдан ойгондум да көп таңданып,
Отурдум, ары-бери ойго бөлдү.

Экинчи түшү

Төрт күн болду түш көрдүм мырза сизди,
Улук болуп, угуздуң жарлыгыңды орто жүзгө.
Отурдуң басып барып алтын такка,
Кирип кеттиң мөмө бактуу чарбакка.

Чарбакты жалгыз барып араладың,
Алгалап бастың артка карабадың.
Сиз барган жерге биз да жетебиз деп,
Артыңдан чаап жөнөдү а балдарың.

Көрүндү оң жагыңда Абдрахман,
Акылбай бай көрүндү малын жайган.
Баланы беш-он жашта тааныбаймын,
Баары да боз ат минип катар барган.

Абай:

– Байкөкө, ошол көргөн түштөрүңдү өзүң кандай жооруйт элең? – дегенде, Байкөкчө:

Түшүмдүн жоромолу жок андай-мындай,
Ал түшүмдү болжодум өзүм мындай:
Ак кийим, астыңда боз атың болсо,
Агартар тукумуңду сенин кудай.

Асманды кучактасаң, бактың асманга көкөлөр,
Акылың ушу жүргөн жандан артат.
Апкелген эки нерсең – илим, билим,
Сөзүңдү эшиткендин көөнү ачылат.

Күн кучактап турганың – Айдай, Күндөй –
Арка ураны казакка тегиз бирдей.
Ак шумкардын жаныңа жык толгону,
Тукумуңдан жан калбайт ат минбеген.

А төрт ак куу – баары тең энелериң,
Селдечени Кеңгирбайдай бабаларың,
Селдечени бата берип, кол жайганы –
Бактыңдан куру калбас балдарың.
Бул жолу да башыңа баш көбөйөт,
Күндөн күнгө арта берет ырыскың,
Аксакалдар батаны тек беришпейт,
Муратыңа жетесиң, анан эмне кыласың, – деп бүткөрдү дейт.

Абай ошондо Байкөкчөгө ыраазылык айтып, бир тогуз сыйылык берип узатыптыр.

(“Сөз тапқанға қолқа жок” («Сөз тапканга колко жок») аттуу китептен. Алматы–Жазушы, 1988.)

Которгон Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз