Көөдөндө жүрөк болсо, көөнө жазмабызга кайталы

  • 24.08.2022
  • 4429

Латын арибине өтүүнүн колдоочулары Кыргызстанда арбын. Көч башында окумуштуулар, журналисттер, саясатчылар. Алардын бирден бир аргументи: латын арибине өтсөк, эл аралык тилдердин алтаны – англис тилин үйрөнүү жеңил болот; англис тилин өздөштүргөндөн кийин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүлүп, тез эле өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп кетебиз деген ишеним. Мындай куру ишеним менде да болгон. Бирок дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү мени ал пикирден кайтарды.

Азыр колдонуудагы кирилл (кириллица) алфавитин алмаштырсак эле зуулдап өнүгүп кетебиз деген идеянын башатында, албетте, идеологиялык түшүнүктөр да бар экени күмөнсүз. Бүгүн Украинада жүрүп жаткан согуш кириллицаны жактоочулардын демин бир кыйла суутат ко...

Молдокелердин коомдогу саясый таасири күчөп бараткан жагдайда, алар араб жазмасына өтөлү деп чыгышы толук мүмкүн. Антип айтканга жүйө бар. Мен терең сыйлаган адамдардын бири, маркум Мухаммед Садык Мухаммад Юсуф 1990-жылы Бишкектеги “Аксакалдар чайханасында” (азыр жок) сүйлөшүп отуруп, араб ариби жаңы пайда болуп жаткан персоналдык компьютерлердин клавиатурасында колдонула баштаганын, ошон үчүн мурда эчендеген кылымдар араб жазмасын пайдаланган Орто Азия элдери 1920-жылдардын ортосуна чейин колдонгон ошол жазмага көп саалгытпай өтсө жакшы болорун айтканына Кыргызстандын ошол кездеги муфтийи Кимсанбай ажы Абдрахманов аксакал да күбө.

Терең билимдүү Мухаммад Садык ал учурда Орто Азия жана Казакстан Диний башкармалыгынын төрагасы эле.

Эгерде биз өзүбүздү байыркы түрк урууларына таандык Орхон-Энесай жазмасынын мураскерлеринин бири деп санасак, эмне үчүн тиги же бул элдин этегине жабышып, алардын алфавитин кабыл алышыбыз керек? Бизде эмне унутулган байыркы тилин XVIII кылымдан соң кайра тирилткен израилдин элиндей духубуз, рухубуз, аң-сезимибиз, жөндөмүбүз жокпу?

Экссоветтик Армения, Грузияны алсак, алардын элинин саны Кыргызстандан аз, элинин өсүү темпи да. Бирок аларда өз алфавити бар экени кыргыздарды суктандырбайбы?

Эгерде айтылып жүргөндөй маданиятыбыз, тарыхыбыз байыркы элбиз десек, албетте, Орхон-Энесай жазмасына шымалана өтүү мамлекеттик идеологиянын эң маанилүү бир салаасы болууга тийиш! Жалпы элдик кыймыл болууга тийиш! Бул элге жаңы дем бермек.

Буга байланыштуу Түндүк Американын чероки индейлеринин тарыхынан өрнөк болчу бир мисал. Уруу көсөмү Секвойя (англ. Sequoyah) XIX кылымдын 20-жылдары черокилердин муун-муун болуп окулчу (силлабикалык) алфавитин иштеп чыгып, балдарды жаңы жазма менен окуп-жазганга үйрөтөт. Жаңы саамалыкка уруу арасындагы эскичил адамдар менен европалык миссионер – даватчылар каршы чыгышат. Ага карабай, 1825-жылы уруу аксакалдары жаңы жазманы ырасмий кабыл алып, бүтүндөй чероки журту өз жазмасын жабыла окуп үйрөнө баштайт.

Жазма/алфавит ич ара бөлүнүп-жарылган элди кат-сабат, гезит аркылуу бириктирип, эрктүү элбиз деген сезимди күчөтөт. Алар 1928-жылы кош тилдүү (чероки, англис) “Чероки Феникс” деген гезит чыгарыла баштайт. Анын алдында Нью-Таун черокилердин борбор шаары деп жарыялынып, артынан эле черокилердин негизги калаасынын урматына Нью-Эчота аталат. Ошондой эле АКШ мыйзамынын үлгүсүндөгү аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийликтери бири бирин теңдеп турган өз конституциясын иштеп чыгышат.  Натыйжада, чероки индейлери арасындагы сабаттуулук 1830-жылы 90 % чапчыса, 1850-жылга 100 % жетип, аларга улагалаш жашаган келгин европалыктар чамалабай калат.

Англисче окуп, жазганды билбеген индей Секвойя ойлоп тапкан муундук жазма 20дан көп жазуу системасынын жаралышына түрткү берген. Атап айтканда, Түндүк Америка, Африка жана Азияда 65 тилдин алфавити чероки жазмасынын таасири астында пайда болгон. Алардын бири Батыш Африканын манде тилинде сүйлөгөндөрдүн нко жазмасы. Бул жазма бүгүн Гвинеяда, Кот-д’Ивуарда, Малиде колдонулат. Ал эми ваи арибинде Либериянын ваи тилдүү эли жазат, окуйт.

Белгилей кетчү жагдай, эки кылым мурда Батыш Африкада жогоруда аталган эки жазма – манде жана ваи элдеринин аң-сезимдүү азаматтары арасындагы дүйнөлүк цивилизациянын арымынан артта калбайлы, байдөөлөт мамлекеттердин катарында бололу деген улуу мүдөөдөн улам жаралган.

Жаңы тарыхтан да көзгө басар мисалдар бар. Ал неотифинаг ариби. Тифинаг жазмасынын негизинде түзүлгөн неотифинаг алфавити XX кылымдын табылгасы. Нумидий жазмасынын урпагы – тифинаг жазмасы ушу тапта туарег тилдеринде колдонулат.

Туарег тилинде Алжир, Ливия, Мали, Нигер, Буркина – Фасо мамлекеттериндеги бербер элдери сүйлөшөт.

Латын, кирилл (кириллица) тейде солдон оңго окулган неотифинаг алфавити Мароккодо акырындап тамыр жайууда, ырасмийлештирилүүдө.

Марокконун падышасы Мухаммед VI бен аль-Хасан мамлекеттеги бербер тилдүүлөр араб жана латын арибин колдонсун деген талашта береги идеянын жактоочуларын ачык колдогон жок. Лекин, 2003-жылы алар неотифинаг алфавитин колдонсун деген жарлык чыгарып койду. Ал эми Мухаммед падыша 2011-жылы шарданалаган реформада бербер тили кадимий араб тилине катар ырасмий тил деп таанылган. Бүгүн 37 миллион калктуу Мароккодо неотифинаг алфавити баштапкы, орто (колледж) жана жогорку мектептерде (лицей) окутулууда. Окутулгандан кийин арийне тийиштүү окуулуктар чыгарылат. Андан тышкары жаңы жазмада гезит-журналдар да чыгат.

2020-жылы Марракеш шаарында болгонумда араб, француз, неотифинаг арибинде жазылган үч тилдүү көрнөктөрдү көп көрдүм. Ошондо бир марокколук менен баарлашып калып, сиз араб тилдүүсүзбү десем, “Өз тилим бар. Мен туарегмин. Биздин эски жазмабыз бар” деди сыймыктана.

Ливияда полковник Кадафинин өкмөтү тифинанг жазмасын коомдук жайларда пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербеген. Бирок 2011-жылы күздө Муаммар Кадафинин бийлиги көңтөрүлгөндөн кийинки Улуттук утурумдук кеңеш бербер тилдерине жол ачты. Ал эми адаватчылардын Libya Al Ahrar телеканалы (Баш кеңсеси Катардын байтакты Дохада жайгашкан) бербер тилин жана тифинаг алфавитин айрым программаларында кеңири пайдаланат.

Кыргызстан менен жарыша эле Москванын укуругунан бошонгон Монголия да ата-бабалары бир замандарда пайдаланган эзелки жазмасына шашпастан өтүүдө...

Монголиянын өкмөтү 2020-жылы 18-мартта 2025-жылы өлкөдө көөнө монгол жазмасын жайылтуу жана аны пайдаланууну кеңейтүү боюнча программа бекиткен. Программага ылайык, ырасмий иш кагаздарын, анын ичинде окуу китептерин, гезит-журналдарды монгол арибине өткөрүү боюнча 2020–2024-жылдары 56 иш-чара аткарылууга тийиш.

Монгол өкмөтү 1994-жылы көөнө жазмага өтүүнүн планын жарыялап, бир маанилүү иш ара төрөлгөн бойдон калган. Анткен менен мамлекеттик мекемелердин мөөрүндө, мамлекеттик тууда, ырасмий жана коомдук уюмдардын көрнөктөрү менен логотиптеринде көөнө монгол жазмасы колдонула баштаган. А түгүл күч кызматтарынын офицерлеринин ырасмий кийиминин ажырагыс атрибуты – галстугу эски монгол жазмасы менен көркөмдөлгөн.

Айрым монгол серепчилердин айтымында, жакынкы чейрек кылымда же андан эрте кириллица өлкөдө колдонулбай калат.

Латын арибине өтүү Кыргызстанга цивилизациялуу өнүккөн өлкөлөргө жакындоосун тездетет, англис тилин үйрөнүүнү жеңилдетет деген аргумент суу кечпеген сөз деп айтаар элем. Тилди үйрөнүү үчүн биринчи кезекте экономикалык же жеке кызыкчылык болуу керек. Англис тили ырасмий тил болгон Африканын 22 мамлекети, латын алфавити колдонуудагы Латын Америкасынын 20 мамлекети тегиз өсүп өнгөн өлкөлөргө киреби? Же англис тили мамтилдердин бири болгон Филиппин, Пакистан социалдык-экономика өсүү жагынан өз иероглиф менен жазган Жапония, Түштүк Корея, Кытай менен атаандашпы? Албетте, жок!

Ошондуктан, биз өзүбүздү чындап эле 2 миң жылдан карт тарыхыбыз бар, VI–X кылымдарда өз жазмабыз болгон деп сыймыктансак, ушул сөзүбүзгө чын дилден ишенсек, ооз көптүрүп сүйлөбөсөк, белди бекем бууп, “Бисмилла, Теңир колдосун!?” деп, создуктурбай Орхон-Энесай жазмасына өтүүбүз абзел. Ал үчүн биздин өлкө жетекчилигине, биринчи кезекте, Президентке 1928-жылы Мустафа Кемал Ататүрк Түркияны латын арбине өзү сүрөөнчү, өзү ташбыйкаттоочу болуп өткөргөндөй саясый эрк керек.

Ал үчүн Элери Битикчи (Назикбек Кыдырмышев) Орхон-Энесай жазмасынын негизинде эбак түзүп койгон алфавит жана окутуу (үйрөнүү) усулу бар. Ал колдонуудагы кыргыз алфавитине ылайыкташтырылган.

Эгер мындай демилге мамлекет лидерлери тарабынан көтөрүлсө, элибизге чоң дем, эбегейсиз шык бермек. Улуттук аң-сезимдин ойгонгонун, элибиздин руху чындып эле бийик экенин көрсөтмөк. Минтип айтуума жогоруда келтирилген мисалдар жетиштүү далил деп ойлойм.

Амирбек АЗАМ уулу, ОшМУнун ардактуу профессору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз