Төле бийдин төрүндө

  • 22.08.2022
  • 2721

Сөзгө жаңы гана аралашып, бийлик жүргүзүүгө талаптанып жүргөн үч жаш жигит Төле бий менен саламдашып, жүз көрсөтүп, ары ой жарыштырып, чечендигибизди сынап көрөлү деген ниетте ага келишет.

Төле бийдин жашы улгайып калган кез экен. Мамык төшөктө, башына куш жаздык жазданып жатса керек. Кашында жаш токолу отуруптур. Боз үйгө саламдашып кирип келген үч жигиттен жөн-жай сурашкан Төле бий  аларды “төргө өткүлө” дейт. Салт боюнча конокторго сый-урмат көрсөтүлүшү ылаазым. Тамак-аш камдап, кирип-чыгып жүргөн эрке токолдун жүрүм-туруму өтө тарбиялуу, ашыкча сыпаа, өзү көз жоосун алгандай сулуу экен.

Жаш келин менен сүйлөшкөнгө шыр батынбаган жигиттер бири-бирин көз караштарынан түшүнүп отурушкан сыягы. Бышыксынган, чеченсинген бир жигит чыдамы түтпөй бийдин эркесин сөзгө тартмак болуп, боз үйдүн ирегеси жакты көрсөтүп: “Алдагы суунун боюндагы, мынабу көлдүн жакасындагы кимдердин айылы?” деп сурайт. Ошондо келин: “Үлкөн-үлкөн көлдөрдүн жээгинде, үлкөн-үлкөн бийлердин айылы турат, силердей акылы чолок бийлердин акылы көзүнүн учунда турат” – деп жооп кайрыптыр. Эрке токолдун жообунан кийин жаш бийлер Төле бий менен чечендик сынашпастан эле аттанып кетишкен  экен.

Байдалы чечен

Атагы жалпы журтка маалым Байдалы чечен картайган чагында кедейликке кабылып, тартыштыкта жашаптыр. Бир жылы курмандык кылганга малы жок, үйүнө камалып отуруп калат. Ошондо айылдын Дөңмурун деген молдосу:

– Оо, бийим-ой, мунуң кандай? Өзүңдө болбосо, бай агаң бар, малы көп балаң бар. Алардан бир мал алып, эмнеге курмандыкка чалбайсыз? Мунуңуз уят иш болду го, – деп Байдалыга акыл үйрөтөт.

Ошондо Байдалы:

– “Сүйлөбөсө, сөздүн атасы өлөт” деген кеп бар. Айтпаса, эшитпеген дүлөй бар. Ачып көрсөтпөсө, көрбөй турган сокур бар. Агаңдын малы – асмандагы мал. Иниңдин малы – ийиндеги мал. Баланын малы – талаадагы мал.  Сураган адам – кайырчы, а уурдаган адам – каракчы. Уяты жок адамдан алып карыз болгончо, албай кудайдын өзүнө карыз болоюн деп курмандык чалбаганым ырас, – деген экен.

Молдо менен бай

Бир байдын үйүнө буурул сакалдуу молдо келип, кетпей конуп калат. Тамак желип бүткөн соң молдо кыраатына келтирип куран окуйт. Куран окуп жатканда молдонун куба сакалы эчкинин куйругундай болуп, өйдө-ылдый сереңдеп турат.

Молдонун бетине карап отурган бай бир кезде өтүрүк өкүрүп, ыйлап ийет. Куранын окуп бүткөндөн кийин молдо байдан сурайт:

– Бай аке, курандын авазына боюңуз балкып ыйлаган чыгарсыз?

Бай көзүнүн жашын сүртүп атып:

– Жок, молдоке, миң коюмду баштап жүргөн бир ак серкем өлдү. Сакалы желпилдеп, өңчөй койлорго жол баштап жүрчү эле. Сиздин сереңдеген сакалыңызды көргөндө ошол серкем эсиме түшүп ыйладым, – дептир.

Барына тобо де...

Бир байдын үч кызы болот. “Дөөлөтүмө эге болор уулум жок” деп наалыган бай:

Кыз – бала эмес,      
Эчки – мал эмес,
Эшек – көлүк эмес,
Чай – тамак эмес, – деп кесир сүйлөйт.

Кыздары бойго жетип, күйөөгө узатылгандан кийин бир жылы жут болуп, бай үйүр-үйүр жылкысынан, короо-короо коюнан түгөл айрылат да, кыздарын издеп жолго чыгат. Атасынын кабарын уккан кыздары өз ара масилеттешип, кимисине келбесин, обол чай берип, анан эчки союп, мүчө тартып сыйлашат. Үч кызы тең атасына ат мингизет, үстүнө чепкен жабат, алдына бир үйүр жылкы, куйруктуу жүз кара кой салып, жолго аттандырышат. Бай ошондо:

Кыз бала экен – малы болсо,
Эчки мал экен – семиз болсо,
Чай тамак экен – орду болсо, – деп, “тобо” кылган экен.

Казак тилинен Амирбек АЗАМ уулу оодарды

(Булагы: “Сөз тапқанға қолқа жок” (Сөз тапканга қолко жок). Алматы – Жазушы, 1988.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз