Дүйшөмамбет Орозалиев: Мүрзөдөгү өбүшүү

  • 22.01.2026
  • 837

АҢГЕМЕ

Сол колум менен рулду башкарып бараттым. Оң колумду быйтыйган алакан, манжалар назик сылап, улам кысып, эркелеген сайын алаканым тердеп чыкты.

– Колуңуз тердеп атат, ээ?

– Колум эле эмес, жүрөгүм да тердеп...

– Ошентип ыр жазыңыз. Хи-хи-хи.

– Хе-хе. Макул, жазайын.

Жайында келген элек бул шаркыратмага. Январдын он үчүндө күн жылуу негедир. Тоо таяна бергенибизде жолду бойлой, жол таманында жыбылжыган жолбун суу жолукту.

– Машинени жаңы эле жуугам да, — ылай сууну чачыратпай акырын аярлап айдай бердим.

Ар кептин башын чубап сөзүбүз түгөнбөйт. Ал экөөбүз кадимкидей сүйлөшүп келаттык, анын жаркылдаган жүзүнө караган сайын ичим туз куйгандай ачышканын айт. Коктудагы бурулушка машинени токтотуп, ээрчише өрдөй бердик. Дулдуюп алдыда бараткам, буту тайып чайылдаганынан бурулуп, колдон ала жигит катары тайгалактан сүйөп өткөрдүм, ал табиятка суктанып баратты. Жыгылып калбасын деп улам аны карап коём. Муздак сыдырмак бетке урду. Коктудан чилденин жашынган шамалы чыга калгансыды.

– Суук ко,– ичиркене түштү Зирек.

– Ооба. Суук экен, — дедим кар малтап алдыда жол баштап.

Бир маалда мойнума кар кирип кетти. Дароо кылчайсам, кар уучтаган колун силкип, каткырган тейде качып калды. Бир акындын “Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып, \ бир тоголок сүйүү менен урупсуң” деген ырын эстедим. Бирок “сен да ошенттиңби” дей алган жокмун. Демейде оозума келгенди оттой берген жаным бүгүн мелтейдим. Ал эмнени күттү, билбейм. Аны кар менен уруп жооп бергим да келбеди. Күлүмүш болуп эңкейе карды күбүп, жолду уладым. Мага бир тоголок сүйүү эмей эле бир тоголок кайгы менен ургандай сезилди. Мостойо түштүк экөөбүз тең. Ургулашып ойносок болмок да. Ал балким менден ушуну чындап күткөндүр. Шаркыратмадан түшкөн суунун үстүн муз каптап, тоңбой ачык калган, кээ жеринде чала тоңгон жука муздун астынан суу бир нерсени былдырайт. Сырдуу былдырагансыйт, обонун ичинен кайрыгансыйт. Жетмегибиз тозок болду. Жолдогу тайгалак, муз, кар, муздак шамал мен үчүн түккө арзыбас нерсе эле. Жан дүйнөмдөгү бороон кыйнады. Бир нерсени сурай албай, бир нерсени айта албай, ал суктанган табиятка суктана албай, кара күчкө башымды ийкегилеп жүрүп отурдум.

Абайлап, жетелешкен бойдон шаркыратмага жеттик. Зирек сүйүндү. Сүрөткө тартып атты. Мени тартты. Телефонун мага сунуп “мени тартып коюңуз” деди жаркылдап. Тарттым.

Анан:

– Келчи бери, кучакташып сүрөткө түшөлү, — дедим да сол колум менен мойнунан кучактай, оң колдоп селфи кылдым. Ичимде бугум толуп чыкканбы:

– Балким мындан кийин чогуу сүрөткө түшпөйттүрбүз...— бул сөз оозуман кантип чыкканын байкабай калдым.

– Неге? Түшөбүз да, – деди сыр бербей.

Жайындагы күмүш тамчы чачыраткан узун шаркыратманын жарымы эле көрүнүп турду. Эки капталындагы аскага жабышкан муз тилкелеринин ортосунан сыгылып араң чыккансыган, ак көбүктүү шаркыратма жүдөгөн түрү менен тосуп алды бизди.

– Өйдөрөк чыкпайлыбы? — деди Зирек шаркыратманын жерге түшкөндөн баштап тоңуп, улам бийиктей берип дөбө болуп калган музунун жарымына дейре чыгып барып.

Ошол учурда “Биздин сүйүү да ушинтип жарымы тоңуп, жарымы калган белем?” деген ой мээме кылт деди. Жүрөгүмөн кан тамчылап аткандай болду.

– Чыкпай эле коёлучу... Жыгылабыз, — дедим оройлоно.

Сунган колумду кармаган бойдон тайгалана кучагыма жыгыла берди. Менин айтканыма жооп катары тамашаладыбы же буту тайыбы – билбейм, бирок бетиме урунган кулак-мурдунун өлгөн кишиникиндей муздап калганын сездим. Ал адатынча чап жабышпай, коомай кучактады. Эриндер жакындаша берди. Аймалай баштадым. Шаркыратма тараптан соккон муздак шамалдын шыбырын шаркыраган доош жутуп кеткенсиди. Кучагыма канча кыссам да мурдагыдай эмес, салкыныракпы же бир нерсени ойлоппу, айтор, башкача маанайын сездим.

– Эмне болду? — дедим шыбырай.

– Эч нерсе...

Жайында ушул шаркыратма астында туруп, башыбызга түшкөн сууга карабай өбүшүп каткырган элек. Анын эриндерин күмүш тамчыдан талашкан элем. Ал бир эле жолу келчү ирмемдер беле... Андагыдай ышкылуу, ширин даамды таппай, ансыз да түпөйүл жүрөк муздап бараткансыды. Азыр ошол жайдагы махабатыбыздын көмүлгөн муз дөбөсүндө тургандай сезип кеттим. Бут алдыбыздагы муз дөбө мүрзөдөй сезилди. Бул биздин аруу сезимдерибиздин эмес, тескерисинче, кызганыч, таарыныч, түшүнбөстүктүн мүрзөсү болсо кана...

– Не болду?

– Эч нерсе...

– Айтпайсыңбы?

– Эч нерсе...

“Аны менен да ушинтип өбүштү бекен? Балким салыштырып аткандыр? Кимибизди сүйөрүн билбей ортодо чайналып аткан жокпу?” – Ушул ойлор кайдан келди экен, ичимден кан өтүп кеткендей ачышты. Кучактаган колумду бошотуп бурк эттим:

– Кетсең кетчи, нары... Кет нары... Бир жолу...

Ал мындайды күткөн эмеспи, жүзү каракөк тарта түштү да, дароо кучактады:

– Кетпейм... Эмне болуп атасыз?..

Жүрөгүм катуу дүкүлдөп атты. Кучакташып бир топко үндөбөй калдык. Көзүмдөн жаш чыкпаганы менен ыйлап аттым. Үн чыгарбай, жаш чыгарбай, ичимден ыйладым. Жүрөгүм ыйлап атты. Ал мени өпкүлөп, а мен өбө албадым. Бекем кучактап тура бердим. Кучагымдан чыгаргым келбеди.

–Эмне болуп атасыз? — деди Зирек.

– Билбейм...

– Кыйналып кеттиңизби?

– Ооба.

– Кыйналбаңызчы... Эч нерсе болгон эмес. Мага сизден башканын кереги жок.

– Чынбы?

– Чын. Мындан кийин кызганбай жүрүңүзчү. Кантип ошондой ишке барайын, сиз турсаңыз...

Ушул ирмемде “аялдан амал качып кутулбайт, алдап аткан жокпу?” деп ойлодум. Бирок азыр алдап аткан болсо да ишенгим келип:

– Алдап аткан жоксуңбу? — деп сурадым.

– Жок. Неге алдамак элем.

Кучагыма дагы бекем кысып:

– Мен сени эч кимге бербейм, — дедим.

– Бербеңиз мени эч кимге, — ал да жабышты.

Кайтып келатканда байкоостон ал мени карга өзү менен кошо ала жыгылды. Колунан тартып тургузайын десем:

– Жатпайсызбы? — деди.

Ойногусу келгенин түшүндүм. Жанаша жатып калдым асмандагы бозоргон булутту тиктеп. “Азыр кар чачат болуш керек” деген ой жылт этип-этпей бетиме, моюн-башыма кар солоно баштады. Аптыгып башымды көтөрө калдым. Чыканактап алып бир колум менен мен да ага кар чачтым. Ал мени кар менен аябай ургулады. “Сүйүү менен уруп атты бекен?” деп ойлодум. Анан тура калып колума кар чеңгелдеп тоголоктодум да, чындап эле баштан ары уруп калдым. Эми эле каткырып аткан неме мостоё түштү.

Олдоксон аракетиме беймаза болдум, “анын жүрөгүнө муз бүркүп алган жокмунбу” деген ой менен алышып, чачындагы карын күбүй баштадым. Курткасын да күбүдүм. Анысы да кардай аппак эле. Ичимден бул кыздын ичи деле ушундай аппак да, бардык адамдарга бирдей мамиле кылат деп ойлодум. Бугум чыгып жеңилдей баштаганымы сездим. Балким мага деген сезимин баалай албай жүргөндүрмүн, бага албай, аздектей албай жүргөндүрмүн... Уяла түштүм.

– Көк муштум болуп үшүп калдың го, ээ?

– Ии...

– Жүрү кетели.

Машине менен ылдый түшүп келаттык. Коктудан түшө берерде дагы баягы кызыл топурак аралаш жолбун сууга жолуктук. Бул жак жылуурак келип, кар эрип аткан экен. “Муз дөбө качан эрийт болду экен?” деп ойлодум. Жазга чейин узак ко...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз