Тынчтыкбек Чоротегин: Көрүнбөгөн колдун парманы жана Судан менен Гренландия...

  • 28.01.2026
  • 375

КЫЙЫТМА

Бир айылга башка жактан жоон топ киши конокко келип калыптыр. Кудага келиштиби, аш-тойгобу, айтор, келишиптир да... Айтор, текшерүүчү катары эмес, сый конок катары.

Алардын арасында бир бажактап, эч кимге ээ-жаа бербей купшуңдаган бирөө бар экен.

Улам ичкери кирип, конокторду сыйлоого аралашып, анан кайра сыртка чыгып, кемеге жанында балан-байдыбан иштерге кол кабыш кылып жаткан айылдаштар акырын бири-бирине:

– Ой, мобереки төрдөгү аксакалдын оң капшытындагы купшуңдаган киши тааныштай көрүнүп турат!

– Чын эле, баягы-баягы саясатчы эмеспи? Аты ким эле?.. Тил учунда турат...

– Ой, бул өкмөт башчы болсо керек эле?

– Жо–ок, спикер болчу...

– Койсоңорчу, сөзүн уксаң, кебетесин деле карасаң, спикер да ушинтип сүйлөмөк беле?

– Уксаң, чоң көйгөйдү мен чечип койгом деп күпүлдөп жатат ко?

– Эки ай эле иштесе, эмнени жарытып ибермек эле!..

Конокторду жандап, алар менен чогуу келген бир айылдашы сыртка чыга калар замат, беркилер аны өздөрүнө чакырып алышты. 

– Ой, Каныбек, бери келсең. Бир суроо бар эле...

Ал басып келгенде маселенин чоо-жайын түшүндүрүштү.

Тээ Жакынкы Чыгыш, Түштүк Африка, Судан, Гренландия, Латын Америкасындагы окуялардан бери жиликтей чагып, күжүлдөп талкуу кылган айылдаштар үчүн чын эле бул суроо аябагандай татаал болуп турду.

– А-а, тигил коногубуздун жайын сурап жатасыздарбы?

– Ооба да...

– Мен айтсам, баары бир ишенбейсиздер го.

– А сен туурасын эле айт, калганын бизге кой.

– Болуптур, анда. Ал коңшу өрөөндөн болот. Баягы “Кайра куруу” доорунда төрөлгөндөрдөн. Башында карапайым айдоочу болчу. Уруусу эсимден чыкты...

– Эми ата-жотосунан бери айтып отурбай, кыскартып эле айтсаң. Чын эле өкмөт башчы болду беле?

– Койчу, жолтоо кылбай турсаң. Айта бер, кулак сенде, Каныбек!

– Макул. Бир дем менен айтайынбы, анда?

– И-и, ошенте гой.

– Ал бир жолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп калат. Тээ борбордон бир төбөл район акимине телефон чалат экен: “Менин бир бөлөм бар, ошону айыл өкмөтү кылып шайлатып салчы”, – деп. Анан ал райондук аким тигил төбөлдүн бөлөсүнө аты уйкаш болгон ушу кишини айыл өкмөтүнүн башчысы кылып салат экен. Ага чейин ал ушул айдоочу болуп иштеген экен. Анан төрт айдай бул киши айыл өкмөтү болуп иштептир...

– Мына сага! Анан кайра алып салышыптырбы?

– Жок. Жогору жакта ачык айтылбаган аткаминердик салт бар эмеспи. Кишини кызматтан алып салуу үчүн башка бир кызматка, болгондо да, андан да жогорку кызматка көтөрүү керек деген бир кыйшаюусуз салт бар.

– Мен да уккам, аткаминердик бир мыйзам бар дешет ко. Канчалык өзүң билбеген иште жетекчиликке отурсаң, ошончолук андан да башың жетпей мээң айлана турган бийик кызматка көтөрүлө бересиң дешет...

– Кудум ушундай...

– Сөзүн бөлбөйлү, туугандар!

– Анан эле аны кантип жыгуунун айласын издеп, борбор шаардагы турмуш-тиричилик тармагынын жетекчиси кылып көтөрүшөт...

– Ой тобо!..

– Анан баягы ыңкылап болуп кеткенде бул да митингде жалындуу сүйлөгөн экен, ыңкылапчылар аны жаңы өкмөт башчысынын орун басары кылып коюшат.

– Демек, өкмөт башчы болгон эмес экен да...

– Жок, ага жеткиришпейт. Анан муну иштин көзүн билбейт экен, чала сабат тура деп эптеп түшүрүү амалын жасашат...

– Жанагы мыйзамга ылайык, аны өкмөт башчы кылып “түшүрүү” керекпи, ошондо?

– Жок, өкмөт башчы өзү аны түшүрө албай жатса, кантип өз ордун ага сунуштамак эле!

– Сөзгө жолтоо болбойлучу, туугандар. Анан эмне болуптур, Каке?

– Анан жалпы шайлоо болуп калыптыр да, аны депутат бол деп көндүрүшүп, бийликтегилердин партиясынан талапкер кылышыптыр...

– И-и...

– Багы бар экен, шайланып келип, депутат болуп калган. Бул көп жыл мурдагы окуя да!..

– Азыр да депутатпы? Бир маселе козгоп чыкканын көрбөдүк ко. Баягы ооз ачпаган “балык” депутаттардан го?

– Жо-ок, кайда-ан. Бирок ой учугун жоготуп албайын, сөзүмдү улантайын...

– Каке, айта бер.

– Анан орто жолдо дагы бир ыңкылап болуп кетет. Кайра парламенттик шайлоодо бул киши жаңы бийликтегилер чүргөгөн жаңы партиянын курамында депутаттыкка шайланып келет...

– Анан?

– Кызыгы ушул. Жаңы бийликтегилер парламенттин спикери кылып мындан аркы бийлик тепкичине эч умтулбаган, койдон да момун бирөөнү эптеп спикер кылып шайлап алалы дешет экен... Анан жаңы бийликтер ушул жоош сезилген кишинин талапкерлигине токтошот...

– Баракелде! Анан парламент төрагасы болуп калган экен да?

– Ооба да! Бирок бул киши төбөлдүк кызматтын шириндигин көрүп, андан ары да жогору көтөрүлсөмбү деп ачык кыялдана баштаганын чала-моңол угуп калышып, эптеп анын ишинен кемтик таап, тымызын кетирип тынышат. Баягы “өстүрө берип оңкойтолу” деген мыйзам ушундай тепкичке жеткенде гана иштебей калат тура... Анан дагы бир ыңкылап болот...

– Эми анда кайра эле саясатка кириштиби?

– Жок, азырынча “баягы мен спикер болгондо ушинтип ишти жайлагам” деген эскерүүсү менен убара...

– Буга чейин аны көтөргөн көрүнбөгөн кол ким болду экен?

– Ал киши – баягы өз бөлөсүн айыл өкмөтү кылып көтөргүсү келген сиздерге белгисиз төбөл да... Ал төбөлдү алгачкы ыңкылапта эле биротоло шыпырып түшүрүшкөн. Атын айтпай эле коёюн. Атын айтсам – бир тайлык... Бозгунга да кетип калган дешет. Бирок... балээ басып, андайлар бийликтен кетсе деле, алардын артында да ыңкылаптардын эч алы жетпей койгон бир аткаминерлик тымызын мыйзам жатат... Кой эми, мен ичкериге кирейин!..

Очок жанындагы айылдаштар саамга тунжурай түшүштү... Арасынан бирөө коркунучтуу бир көрүнчү узунурак укуругун салып өзүн гана аңдып тургандай чочулап, тегерегиндеги караңгы тарапты жалт бир карап да алды...

Алар өздөрү үчүн Ала-Тоонун ички саясатын жеген мителикти жиликтегенден көрө, тээ жер түбүндөгү Судан менен Гренландиянын көйгөйүн чечүү жаатын талкуулоодон коопсуз эч нерсе жок экендигин өз бөркүндөй көрүп турушту...

16.1.2026.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз