Атактуулар жөнүндө алакандай аңгемелер

  • 29.01.2026
  • 277

Камоодон кутулган Болот Шер

Болот Шер ЖК депутаты кезинде Ашхабадга иш-сапар менен барып калат. Түркмөнстандын кай жагына барбасын, кай жагын карабасын – түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун портрети. Жадагалса, мейманканадагы телевизорду сайса деле экрандын бурчунда түркмөнбашы чекчейет. Жатайын деп жаздыкка кыйшайса да баш жагында Ниязовдун портрети илинүү дейт. Бир убакта кыжыры ушунчалык кайнаган экен, туруп түркмөнбашынын портретин дубалга тескери каратып салары менен каалганын коңгуроосу шыңгырайт. Эшикти ачса, атайы кызматтын өкүлү турат:

– Сиз эмне, биздин улуу урматтуу падышанын сүрөтүн дубалды каратып койдуңуз?

Мындай жарга такаган суроого эмне деш керек? Болот Шер бираз калтаарый түшөт. "Падышаңардын сүрөтү кыжырыма тийди десем, колума кишен салат. Эмне десем?" – Ой-санаасы удургуп турса да оозуна мамындай жооп келе калыптыр:

– Өзүңүз билесиз, чыгыш элдери падышанын алдында баш ийебиз. А мен падышаны сыйлаган киши катары ушуну кылдым.

– Сизди түшүнбөй калдым?

– Биздеги климат башка. А силердин өлкө мага ысык болуп атат. Түркменстан чөл эмеспи, туурабы?..

– Туура.

– А мен сиздердин ысыкка көналбай, чечинип жаткым келди. Бирок сиздердин падышаны урматтаганымдан, анын портретинин алдында кантип чечинем? – деген жооптуу уккан тиги кайра өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, Болот Шердин колуна кишен салынбай калган экен.

Төңкөрүш алдындагы жөө жүрүш

2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине нааразы эл Бишкек шаары боюнча жөө жүрүшкө чыгат. Кымгуут элдин арасында балдагына сүйөнүп четте бараткан Дооронбек Садырбаевди көргөн саясатчынын бири:

– Э Доке, жөө жүрүшкө алты саны аман жүргөндөр чыкканы деле жетет. Сиз калып эле турбайсызбы... – дейт аксакалды бираз аяган таризде.

– Йе үкам, кыргызда «кой аксагы менен миң» деп бекер айтыппы... Митингге чыккан элдин арасында мен да миңдин биридирмин, – деген экен.

Эски достордун бири кежир, бири дежүр эле

2005-жылы А.Акаев бийлигине «МСН» гезитинин белдүү журналисти Рина Приживойт айбаттуу азуу салып турган убакта интеллигенция ичинен драматург Мар Байжиев ААА бийлигин катуу колдоп чыкканы бар.

Ошондо Мар досуна нааразы болуп жүргөн Салижан Жигитов бир күнү журналисттерге минтип айтат дейт:

– Жакшы бир идея таптым. Менин айтканымды угуп, мыкты сүрөтчү тапкыла да, Мар Байжиев менен Рина Приживойттун күрөшүп атканын коллаж кылдыргыла. Алардын ит жыгылыш күрөшүн бери жактан карап турган Бексултан Жакиев:

– Эй, Мар, сага жин тийдиби! Алдагы катын менен кармашып, кадырыңды бекер кетирип атпайсыңбы? – десе, Мар айтып аткан болот: «Мен улуу урматтуу Аскар Акаевичтин кадыры үчүн катын эмес, шайтан менен да кармашам»...

Чөнтөк дептер

Алик Акималиевдин эшек дептериби, жөн дептериби, айтор аны Жолдошбек Зарлыкбеков таап алыптыр. Ичин ачса, кайдагынын баары жүрөт дейт. Жазуучулар чөйрөсү жөнүндө бирдеңкелерди чиймелеп баштаган узун тизмедегилер Жокебиздин көңүлүн көбүрөк бурган экен. Себеби А.Акималиев түзгөн тизме: "Менин устаттарым – баландай-түкүндөй аттуу-баштуулар. А замандаштарым – баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар" менен бүтүптүр.

Кызыгы, "Менин шакирттерим" деген узун тизменин аягында Жолдошбек Зарлыкбеков бар экен. Аны көргөн Жокебиз: "Ким-кимге устат экен! Жок дегенде, замандаштарым баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар дегенге кошпойт беле!" деп бырсылыктап күлөр эле.

Торайгырдын кулуну

Акын Кыялбек Урманбетовго журналист досу Султан Жумагулов телефон чалат:

- Кыке, келбейсиңби. Акча көп, арак ичебиз.

- Мага таптакыр болбойт!

- Койчу, эй! Качантан бери ичпей калдың эле?

- Мен эми мындан ары аракты оозго албай турган болдум.

- Анчалык эмне болду?

- Врачтар өтүмдү алып салып, эми мен анык Торайгырдын кулуну болдум. (Өзү Ысык-Көлдүн Торайгырынан)

Жылкыда өт жок экенин мал киндиктүү атбашылык Султан досу ошондо биринчи жолу билиптир. Досуна арак алып бергис болот. Бирок кийин Кыялбек анда-санда "сеп" этип коюп жүргөнүн бир күнү көрүп калган Султан:

- Эй, сен ит турбайсыңбы. "Экинчи оозума арак алгыс болдум" деп жүрбөдүң беле… - десе, Кыялбектин жообу:

- Ичкиликти итчилик деп сен эми,
Ичкиликти ичпей койгуң келеби.
Ичкиликти иттер ичпейт илгертен.
Мен ичемин, ит эмесмин себеби,
деген экен.

Алик Акималиевдин жарылганы

Ыраматылык акын Алик Акималиев гезиттерге ырын көтөрүп барса эле, "орун жок" дей беришкенинен, бир күнү ачуусу келип:

– Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы? – деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен экен. 

Тоголок баштын оюнан топ кетпейт

Илимпоз Болот Акматов университеттин студенттерине адабият теориясы боюнча сабак өтүп атканда башы топтой тоголок, өзү да топ ойногонду жакшы көргөн бир студент адабияттын маанисине таптакыр түшүнбөй коёт…Ошондо Б.Акматов сабакты жөнөкөйлөтүш үчүн мамындай деген экен:

– Адабият деле топ сыяктуу. Болгону эле аны да тоголотуп ойногонду билиш керек.

Ошондон бери тиги неме каалагандай ыр жазып баштаптыр... 

Артисттер эмне үчүн театрдан кетпейт?

Опера ырчысы, КР эл артисти Талгар Жакшылыковдон бирөө сураптыр:

– Театрдан кетем деп жүрдүң эле. Эмнеге кетелексиң?

– Театр деген балакетиң так эле охолош ойношуң сыяктуу экен. Кетейин дейм, кыйбайм. Кетпейин дейм, кумарым жазылалек...

Ыраке чылым чекпейт

Салижан Жигитов чылымды анда-санда чеккен киши эле. Бир күнү Рамис Рыскуловго жолугуп калып:

– Ыраке, чылымыңдан берчи, – десе:

– Мен чылым чекпейм. Менин чылымым – турмуш! – деген экен. 

Мамасалы Апышевдин дарегин ким билет?

"Жетимен" адабий журналы тушоо кесүү аземин өткөрмөй болуп, той башталганга чейин эле жазуучу Мамасалы Апышев алагүү абалында келет. Той ортолоп калганда анын шылкыйып калганын көргөн калемдештеринин бири:

– Мамасалы, үйүңдүн дареги кандай? – деп кабатырланса:

– Атпа-айм, айтпайм… Андале үйгө жеткирип саласыңар! – деген экен.

Күмөндөрдүн дүжүр чалдарды аяганы

Акаев заманында бир журналист Күмөндөр Абыловго собол узатат:

– Кыргызстанда эмне үчүн дүжүр чалдар көп деп ойлойсуз?

– Эй, койгулачы ушунуңарды! Журналисттер менен саясатчылар "дежүр чал" деп жүрүп, чалдардын баарын жалтак кылып бүтүрмөй болдуңар! – деген экен.

Топтоп жүргөн О`Шакир

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз