Виктор Гюго: Жакырчылык революцияга, революция — жакырчылыкка алып келет

  • 06.03.2026
  • 281

Француз жазуучу (акын, прозаик жана драматург), француз романтизминин башчысы жана теоретиги.

♦   ♦   ♦

Душмандын бычагынын мизине чыдоо мүмкүн, бирок жакын адамыңдын ийне менен сайганы азап…

♦   ♦   ♦

Акыл алганы менен, жүрөк бергени менен байыйт.

♦   ♦   ♦

Кээ бир ойлор — дуба сыяктуу. Жан дүйнөңдүн, денеңдин абалына карабастан, тизелеп турган учурлар болот.

♦   ♦   ♦

Байлардын бейиши кедейлердин тозогунан курулат…

♦   ♦   ♦

Эгер сени кимдир бирөө капа кылса, эр жүрөктүүлүк менен өч ал. САБЫРЛУУ БОЛ — бул сенин өч алууңдун башталышы, анан КЕЧИР — бул анын аягы болот.

♦   ♦   ♦

Уйкусуздук — бул түндүн адамга жасаган зордук-зомбулугу.

♦   ♦   ♦

Күлкү — күн сыяктуу: ал адамдын жүзүнөн кыштын ызгаарын кууп чыгат.

♦   ♦   ♦

Кырк жаш — жаштыктын карылыгы; элүү жаш — карылыктын жаштыгы.

♦   ♦   ♦

Күн сайын эртең менен күндүн багытын пландап, ошол планды карманган адам, оор турмуштун лабиринтинде өзүн жетелеп жүргөн жиптин учун колунда кармайт.

♦   ♦   ♦

Көп ойлонгон адам көп учурда иш кылбайт.

♦   ♦   ♦

Жакшы болуу анча деле кыйын эмес, адилеттүү болуу кыйын.

♦   ♦   ♦

Тагдыр менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт.

♦   ♦   ♦

Жакырчылык революцияга, революция — жакырчылыкка алып келет.

♦   ♦   ♦

Тагдыр эч качан бир эшикти жаппай туруп, экинчисин ачкан эмес!

♦   ♦   ♦

Жаныбарлар — Кудайдын макулуктары. Ал эми айбанчылык — адамдын өзгөчөлүгү.

♦   ♦   ♦

Ыйлап төрөлөбүз, онтоп жатып өлөбүз. Калган өмүрдү күлүп жүрүп өткөрүш керек.

♦   ♦   ♦

Адамда кандай философия болсо, жашоосу да ошондой өтөт. Кандай жатсаң, ошондой уктайсың.

♦   ♦   ♦

Мүмкүн болушунча аз күнөө кылуу — бул адам үчүн мыйзам.

♦   ♦   ♦

Сөздүн чеги бар, ойдун чеги жок.

♦   ♦   ♦

Мен күндүзгү убактымды бир гений менен, башкача айтканда, өзүм менен өткөрүү бактысына ээмин, бул абдан жагымдуу.

♦   ♦   ♦

Аял өз жүрөгүнүн инстинктине баш ийип, сезип сүйлөйт. Ошондо ал ката кетирбейт. Назик, ошол эле учурда терең сөздөрдү айтууну аял гана билет. Назиктик, тереңдик — мына ушулар аялдын маңызы…

♦   ♦   ♦

Демокриттен: «Чындыкты кантип тааныйсың?» — деп сураганда, ал: «Мен күлөм», — деп жооп берген.

Ал эми андан: «Эмне үчүн күлөсүң?» — дешсе, ал мындай деген: «Анткени мен чындыкты тааныдым».

♦   ♦   ♦

Музыка – биз айталбаганды, унчукпай коё албаган нерселерди айтат.

♦   ♦   ♦

Пайдалуу болуу — жөн гана пайдалуу болуу, сулуу болуу — жөн гана сулуу болуу; бирок пайдалуу да, сулуу да болуу — улуу болуу дегенди билдирет.

♦   ♦   ♦

Ашыкча ойлор ойду өчүрөт.

♦   ♦   ♦

Адамдын жүзү ар дайым анын ички дүйнөсүн чагылдырат, ал эми ойдун түсү жок деп ойлоо жаңылыштык.

♦   ♦   ♦

Адам акылынын үч ачкычы бар, алар бардык нерсени ачат — Сан, Тамга, Нота — Билүү, Ойлонуу, Эңсөө…

♦   ♦   ♦

Деңизден да көркөм көрүнүш бар — бул асман; асмандан да көркөм көрүнүш бар — бул адамдын жан дүйнөсүнүн тереңдиги.

♦   ♦   ♦

Тагдыр өзү сокур болгону аз келгенсип, өз сүйүктүүсүн да сокур кылат.

♦   ♦   ♦

Аялдын жандуу денеси болуу жана аял болуу — эки башка нерсе.

♦   ♦   ♦

Өз ойлорун башкара албаган адам, өз иш-аракеттерин да башкара албайт.

♦   ♦   ♦

Эреже бар: эгер сулуу аялдарды кааласаң, кемчиликтерин кошо сүй, антпесең көпөлөктөрдү жакшы көрүп, анын тукумун жок кылган акмактай болуп каласың.

♦   ♦   ♦

Жашоо – бул кайырмасы өлүм менен аяктаган ыр.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз