8-Мартка карата мусулман аялынан насыйкат

  • 08.03.2026
  • 126

Ширин Эбадинин аялзат тууралуу асыл ойлору

Ширин Эбади — ирандык юрист, укук коргоочу жана 2003-жылы Нобель сыйлыгын алган коомдук ишмер. Ал Иран тарыхындагы сот болуп иштеген алгачкы аялдардын бири. 1979-жылдагы ислам революциясынан кийин аялдардын сот болушуна тыюу салынганда, ал кызматынан четтетилген. Бирок бул тоскоолдук анын жигердүү ишмердигин токтото алган эмес.

Ширин Эбади өмүрүнүн көп бөлүгүн аялдардын, балдардын жана саясый кысымга кабылган адамдардын укугун коргоого арнаган. Ал өз күрөшүндө бир маанилүү чындыкты улам-улам кайталап келет: аялдардын укугу — динге каршы күрөш эмес, адамдык абийирди коргоо.

Айрыкча анын сөздөрү мусулман коомдору үчүн маанилүү. Анткени ал исламды четке какпай туруп эле, диндин атын жамынып аялдарды басмырлоого каршы чыккан. Анын пикиринде, аял менен эркектин ортосундагы теңсиздик динден эмес, динди туура эмес түшүндүргөн коомдук түшүнүктөн келип чыгат.

Эмесе мусулман дүйнөсүнөн чыккан бул тайманбас аялдын айрым ойлорун кыргыз окурмандарына сунуштайбыз.

Ширин Эбадинин айтымында, аял укугу — Батыш же Чыгыштын маселеси эмес. Бул — адамдык абийир маселеси. Аял урматталган коом гана чындыкка жакын коом боло алат.

Аял укугу — адам укугу. Адам укугу — жалпы адамзатка таандык ченем. Ал ар бир диндин да, ар бир маданияттын да ажырагыс бөлүгү. (Nobel Women's Initiative)

Аялдын укугун коргоо — динге каршы чыгуу эмес. Тескерисинче, адамдык абийирди коргоо.

Аялды басмырлоо — дин эмес, адашкан түшүнүк

Исламды туура түшүнсөк, аял менен эркектин укугу тең болушу мүмкүн. Көйгөй диндин өзүндө эмес, аны туура эмес чечмелеген түшүнүктө. (RadioFreeEurope/RadioLiberty) Ошондуктан аялдардын абалы ар кайсы мусулман өлкөлөрүндө ар башка. Кээ бир жерде аялдар президент болгон, кээ бир жерде жөн гана машина айдаганга да укугу жок.

Бул диндин эмес, коомдун чечими.

Теңдик — жыныс менен эмес, жөндөм менен өлчөнөт

Коомду сөзсүз эле аял же эркек башкарышы керек деп ойлобойм. Коомду жөндөмдүү жана тажрыйбалуу адамдар башкарууга тийиш. (RadioFreeEurope/RadioLiberty) Бирок аял жөндөмдүү болсо, аны аял болгону үчүн четке кагууга эч кимдин укугу жок.

Аялдын күчү — өзүнө ишенүүдө

Дүйнөдө аялдар дагы деле толук түрдө тең укукка жете элек. Андыктан аялдар өздөрүнө ишенип, көз карандысыз болууга умтулушу керек. (Democracy Now!)

Экономикалык жактан көз карандысыз аял гана өз укугу жөнүндө тайманбай сүйлөй алат.

Билим — аялды боштондукка чыгарган күч

Ширин Эбади аялдардын билим алуусу өтө маанилүү экенин дайыма баса белгилейт. Патриархалдык коом аялдардын билимдүү болушун каалабайт. Анткени билимдүү аял адилетсиз тартипти өзгөртүүгө аракет кылат (Dhaka Tribune).

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз