Шавкат Булут: Көз жашы тыйылбаган Мариям

  • 04.10.2022
  • 1655

Аңгеменин автору Шавкат Булут (Şevket Bulut) Түркиянын Килис аймагына караштуу Мусабейли деген жеринде 1936-жылы туулган. Адана Япи институтун (1957), Эрзрум Гундузлар техника окуу жайын (1959) бүтүргөн. 1971-жылы «Al Karısı» («Албарсты»), 1974-жылы «Sarı Arabalar» («Сары машиналар»), 1975-жылы «Dilek Çınarı» («Тилек чынары»), 1984-жылы «Kefensiz Ölüler» («Кепенсиз өлүктөр»), 1996-жылы «Sınırdaki Tarla» («Чек ара талаасы»), 1996-жылы «Yıkık Minare» («Кыйраган мунара»), 1996-жылы «Baharı Göremeyen Çocuklar» («Жазды көрбөгөн балдар») деген китептери жарык көргөн.1996-жылы Кахраманмарашта ааламдан өттү.

Төмөндө кыргыз окурмандары менен тааныштырып жаткан аңгеме («Gözleri Sulu Meryem») жазуучунун алгачкы чыгармаларынын бири болуп, 1966-жылы жазылган жана «Албарсты» деген жыйнагына кирген, 1970-жылы «Hareket» журналынын декабрь айындагы санына да басылган.

АҢГЕМЕ

Негедир маанайым жайында эмес. Калаанын көчөлөрүндө эч максатсыз эле дейдип жүрөм. Ушундай бир адатым бар, жүрөгүм кичине кысыла баштаса эле болду, секин көчөгө чыгып кетем. Ананчы, кээде көчөдөгү турмуш адамга миңдеген беттик китептерден да көбүрөк сабак берип коюшу мүмкүн. Көчөлөр, көрүмсүз эле жайлар сокур көздөргө күн сыяктуу жарык чачат. Турмушту үйрөнгүсү келген киши көчөгө чыксын...

Чоң жаами мечитинин алдында бир аял отуруптур. Тегерегинде беш-ондой бала-чака оролошуп, аны улам сөзгө тартып, каткырып күлүп калышат. Ошолор тарапка кадам койдум. Кийимдери сүзүлүп оңуп кеткен, бети-башы күнгө күйүп бүткөн, чачтары кубарган, кишиге үмүтсүз тигилген бир бечара аял тыным албай ыйлап атат. Мен ушунча болуп мындай ичинен толуп-ташып өпкөлөп ыйлаган, кандайдыр бир үмүт менен ыйын сыртка чыгарган адамды көргөн да, уккан да эмесмин. Өткөн күндөрүнүн кайгылары бырыш түшүргөн жүзүн аралап көз жаштары тынбай агат. Бул көз жаштардын токтошу, бүтүшү эч бүтпөчүдөй. Куду эле жаздагы ак жаандай төгүлгөнү төгүлгөн.

Аялга көзүн албай тигилип аткан жигиттен:

- Бул аял неге ыйлап атат? – деп сурадым.

Ал болсо мага таң калгансып:

- Бу аялды тааныбайсызбы, байке? – деди. – Аны көз жаштары тыйылбаган Мариям дешет. Ал болгону бир бечара кайырчы. Ары өткөн, бери өткөндөрдү алдына топтоп алып, ыйлай берет, ыйлай берет. Анан алардан акча жыйнап кирет.

Биздин кепке кулак түрүп аткан экен, бир бала:

- Бул аялдын кесиби – ыйлаш... Куду актёрлордой өзүн мужбурлабай эле ыйлай берет. Мынчалык көп көз жаштар кайдан келет экен? Неси болсо да каалаган учурда ыйлай алат. Башкасына болсо менин акылым жетпейт, - деди.

Аял болсо эки колу менен тизелерин ургулайт, мавлудчулардай [1] башын бир жерге жеткире ийип, кайра көккө карап көтөрүп өңгүрөп ыйын коё берет. Ый аралаш токтобой сүйлөп да атат:

- Эх, менин аянычтуу кара күндүү тагдырым, эй! Эх, дарттан чыкпаган азаптуу башым, эй! Эх, жакама жабышкан балекет-салакеттер, эй!..

Ый менен коштолгон анын өңү ушунчалык аянычтуу эле. Эриндери титиреп, кирпиктери көзүн бирде жашырып, бирде ачып, нурсуз жүзү тырышат. Башына өңү өчкөн жоолугун таштаган, үстүндө бозоргон эски көйнөк. Көйнөгүнүн үстүнөн андан бетер тарпы чыккан аскер кийимин да кийип алган. Аялдын болгон чырайы, өңү-түсү бүт парда артына жашырылган сыяктанат. Ыйлоо убагы бир аз токтогон соң койнунан жез табагын чыгарды. Тамашалап тургандар табакка тыйындарды, пулдарды таштай баштады. Аял ыраазылык билдире түшкөн акчаларды жоолугунун учуна түйдү, анан көз жашын аарчып, көчө жакка кетти. Анын артынан бир топко карап турдум: аялдын бели бүкүрөйүп, тизелери калтырап, тулку бою кыйшайып, дармансыз басып барат. Куду бүтүн Анадолу [2] элинин дартын жалгыз өзү көтөрүп кетип аткандай...

Ошондон апта өтпөй ал аялды базар жактан дагы көрүп калдым. Бир бурчка тыгылып, үзүл-кесил ыйлап отурган экен. Жанында беш-он адам туруптур, ыйы өзүнө «коошпогондон»  улам «ушул беш кишиге да ыйлаймынбы» дегендей ойдо окшойт деп койдум. Кээде туруп жолдон өтүп бараткандарга «Бери келгиле, азыр мына ыйымды баштаймын» деп кол булгап да коёт. Үнү өтө терең кудуктан чыгып аткан сасга [3] окшойт. Анын кылыктары цирктеги маскарапоздорду эстетет, негедир ошол күнү ыйлоо үчүн өзүнө келе албай жаткандай. Аялдын жашка толо көздөрүн жакындан бир байкайын деп бет маңдайына келип чөк түштүм. Көздөрүнүн агы сууланып түтүн сымал бозомтук эле. Отурганымдын максатын түшүнбөй көкүрөгүн кумтуланды, ал мени чамасы беймаани мастардын бири деп ойлоду окшойт.

- Мынча көп көз жаштарды кайдан табасың, Мариям? – дедим анын көздөрүнө тик карап.

Аял бир азга ойго тунуп турду да:

- Дарыялар, сайлар ушунча сууну кайдан табат деп ойлоп көргөнсүзбү? – деди.

- Сайларды булуттар толтурат, алар деңиздерге куят, - дедим мен.

Ал мага эмес, башка эле жактарга көзүн жиберип:

- Адамдын көңүлү да деңиз мисал, көздөрүмдүн булагы да сууну ошол деңизден алат. Мен жыйырма жылдан бери ыйлаймын. Же деңиз курубады, же булак суусу соолубады...

Жыйырма жыл ыйлаш... Ушунча мезгил көз жаш төгүү... Бул аялдын дилинде китептерде да жазылбаган байлык бар окшоду.

Ал сөзүн улантып жатты:

- Жыйырма жыл ыйладым. Күлкүнү, жылмаюуну унуттум. Он жыл өзүмдүн кайгылуу тагдырым үчүн ыйладым... Анан соң элдин көйгөйү жана бир сындырым нан табуу үчүн ыйладым...

Ушинтти да, ыйлоосун уланта берди. Ал ыйлап акча топтойт. Адамдардын алдынан чыга калып, колун созуп, түз эле акча сураганга бети чыдабайт экен. Ооба, менин бет маңдайымда ыйлоону кесип кылып алган таланттуу өнөрпоз тургансыды.

Тамаша кылып турган жаштарды бири:

- Мариям, сенин бир да өнөрүң жокпу? – деди.

Аял жигиттин жүзүнө жек көргөндөй тигилди да, ачуулана:

- Дагы кандай өнөрүм болушун каалайсың? Бийлешим керекпи? Мастарга шылдың болсо дейсиңби? Жашоомдо бардык иштерди кылып көрдүм, бирок абийиримди сатпадым... Анан сенин оюңча ыйлаш ушунчалык оңой дейсиңби?

- Мариям, - дедим, - кел бир күлүп кой? Эгер бир күлсөң, сага беш лира берем...

Ушуну айтканда ал аял мага кызыктай бир карап койду. «Кет»  дегендей кол шилтеди.

- Кана, бир күлчү? – Аны кайра кыстай баштадым.

Ачуусу аябай келди. Бозоргон кан-сөлү жок жүзүн алаканы менен калкалады. Делбелерче тыбырчылап:

- Мени менен тамаша чекпе! Ушуга чейин бул шаарда менин күлүшүмдү талап кылган адамды учураткан эмесмин...

- Күлсөң, беш лира берем, - деп ага эми чындап акча көрсөттүм.

Анын жаны чыгып кете жаздап:

- Сен ойлогондой акчанын артынан түшкөн жан эмесмин, мага пулуңду пеш кылба! Күлө албайм! Күлбөйм! Жыйырма жылдан бери ыйлаймын, эми кантип күлмөк элем! – Ал ачуу менен сүйлөнүп кирди.

Жанымдагы жаштар да аны кыйнап атты. Ал болсо биздин суранычты такыр аткарбай турган болду:

- Ушул бүгүнкү күнгө чейин адамдар менин ыйлашымды гана каалашат. Ошол ыйлаганым үчүн акча беришет. Күлкүмө акча төлөбөйт... Дагы ушуну билгиле, күлгөн адамдын акчага муктаждыгы жок. Мени өз эркиме койгула! Мен силерге каалаганда күлүп, каалаганда ыйлай турган маскарапоз эмесмин! – деди.

Аны кайра да кыстоого алдык:

- Бүгүн бир жолу күлчү!? Баарын өзгөртөлү. Көп акча беребиз.

Ыйлаак Мариям биз айтканга көнгөндөй болду: жашын аарчыды. Жоолугун ээгинин астынан өткөрүп байлады. Жүзүн күнгө тосту. Күн нурлары болсо анын көздөрүн уялтты. Кирпиктериндеги тамчылар куду эле таңкы шүүдүрүмдөй мөлтүрөйт. Эриндерин бир аз ачып, саргарган тиштерин болор-болбос көрсөттү. Оозун ачканда жүзүндө тырыштар андан бетер көбөйдү. Улутуна, токтоп-токтоп, терең-терең дем алды. Бирок эмнегедир күлө албады. Көздөрүндөгү көптөн берки катып калган нерсени өзгөртүүнүн ылаажысын таппады. Ал канчалык күлөйүн десе да, болбой эле көзүнөн жашы чыгып кетип атты. Болжолу беш мүнөттөй өзүн күлүү үчүн даярдады – болбоду. Бармактары менен беттерин тартып да көрдү. Көздөрүнөн ый эмес, күлкү чыгарууга чыгынды – болбоду.

Акыры айласы куруду да доошун бийик чыгарып:

- Күлө албайм! Кудай акы, күлө албайм! Күлгөндү такыр унутуп калгамын! – деди.

Бу аялдын күлүш үчүн өзүн кыйноосу анын ыйлоосунун да кыйын болду. Ыйлап атканда жүзү тырышып, доошу, көздөрү гана катышса, күлүү үчүн аракет кылганда бүт денесин, туруш-турпатын кыйнайт тура.

Ичимден «Күлө албайсың, Мариям! Бул шаарда байлар ыйды, бечаралар күлкүнү унуткан»  деп өзүмдү өзүм тынчтандырдым.

Тамаша кылып аткандар:

- Кана, дагы бир, дагы чыгынып көр! – деп кыйкырып турду.

Ал кайра дагы өзгөрдү. Дагы бир аракет кылды, бирок бул жолу да күлө албады. Аял дагы ыйлай баштады. Бул жолу ал акча үчүн эмес, балким күлө албаганы үчүн ыйлады. Менин да көздөрүмө муздак жаш келди. Көңүлүм ооруду. Ушул турган аял ички дүйнөмдөгү кандайдыр бир сүйүү деңизин чайпалтып, ташытып ийгендей болду. Бардык диндер, ойчулдар, улуу инсандар адамдардын сүйүүсү тууралуу кеп кылышат. Дүйнөдө чыныгы сүйүүдөн да бийик жана асыл сезим барбы? Аялдын күлүш үчүн кылган далалаттары менде адамдык сүйүүнү козгоду. Аны бүт туруш-турпатым менен сүйүп турдум...

- Кет! Бул жерден кет! Алланын ыраазычылыгы үчүн кет! – Мариям толуп-ташып кыйкырып кирди. – Мен күлө албайм дедимби, күлө албайм... Жыйырма жылдан бери көзү жашка толгон Мариям үчүн бүгүн күлгөн арам... Мен Эрзинжан зилзаласында күлкүмдү жоготком. Анда өмүрлүк жолдошум каза болгон. Балдарымдан айрылгам. Энем бул дүйнөнү таштап кеткен. Кошуналарымдан, туугандарымдан ажырагам. Ынсапсыз, тойбогон топурак канча-канча жакындарымды жутуп алган. Мен болсо карышкыр кол салган короодогу жарадар койго айлангам. Бир жолу болсо да ошол наалаты жерге кайта барбадым. Кайрылып караган да жокмун. Бул дарттар жүрөгүмдө тоодой орноп калды. Көз жаштарым дарыяга айланды... Бет алдымдан чыккандар менден эмненидир каалашты. Жаш элем, чыйрайлуу элем. Эми гана гүл ачып аткан бутонго окшойт элем... Иштегенди кааладым, бирок мени жумуштан айдай беришти. Бирөөлөрдүн үй кызматын кылдым, үй ээлери мени күңдөй көрүп көзүн алайта тиктеди. Жалбардым – келтектешти. Ыйладым – үстүмдөн күлүштү. Касаптардын дүкөнүндө асылып турган этке айландым: келген да, кеткен да мени бир түртүп өтөт. Анадолу – казан, мен болсо чөмүч болдум... Ыйладым, бир токтобой ыйладым. Он жыл, туптуура он жыл көздөрүм – дарыя, этегим – деңиз болду... Мага «күл»  дебең! Жетим козу маарабайт, азап чеккен жыргабайт!.. Күлкүнү унуттум. Ыйла десеңиз – ыйлаймын! Бирок күлбөйм! Күлбөгөнүмө жыйырма жыл болду. Эми сексен, токсон... бир күн келет – мен да жок болом. Өз өлүмүмдү күтүп атам. Эң соңку үмүтүм – өлүм, өлүм – түгөнүшүм... Зилзала бардык күлкүмдү, кубанычымды Каф тоосунун [4] аркы жагына алып кеткен. Менин өнөрүм да, жашоом да – ыйлоо... Тагдырымды башкача өзгөртө албайм... Буга эрким жетпейт... Күчүм жетпейт... жетпейт... Күчүм жетпейт... Жетпейт... Жетпейт...

1966-жыл, Мараш

Сөздүк:

[1] Мавлудчулар – Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнүн урматына берилген зыяпатта зикир чалып отурган кишилер.

[2] Анадолу – азыркы Түркия жери ушундай да аталат.

[3] Сас – музыкалык аспап.

[4] Каф тоосу – жомоктордо айтылган бул дүйнө түгөнгөн жердеги тоо.

Түркчөдөн которгон Абды ЖАРКЫНБАЙ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз