Сооданбек Абылгазиев: Бөктөрүнүп келем эски кайгымды

  • 06.04.2026
  • 176

КИТЕПКЕ АННОТАЦИЯ
Замандашым, өмүрлөш, тагдырлашым,
Көп кейиттим, азырак жарпың жаздым.
Көргөн күндүн татымы ушул экен,
Көрөңгөмдү кудайым аз кылбасын.

Калыс карап экчеген калкым сенсиң,
Жоктон тапкан байлыгым, баркым сенсиң.
Өзөгүмө өрт таштап кеткен болсо,
Өткөн күндүн кудайым артын берсин.

Оргуп турган мөл кашка булагымсың,
Чаалыкпаган, чарчабас бууданымсың.
Жалкы түшкөн өмүрдү эгиз кылып,
Жаркын жашоо, келечек улаарымсың.

Өткөн-кеткен, кайрылгыс жылдарымдын
Куну силер күбүлүп сынганымдын.
Төшү түктүү жер үстү бакыт азбы,
Түбөлүгүн тилеймин ырларымдын.

ЭСКЕРҮҮ
Сынбай калган кирпичтерин кармалайм,
Эстен кетпейт эски үйдүн элеси.
Ыйык тура баш коштурган балдарын
Атам тапкан, апам жапкан көмөчү.

Өсүп-өндүк эски үйдөн узадык,
Азыр эми ар кимибиз бөлөкчө.
Үй-жай күттүк, оокаттандык буюрсун,
Бирок жетпейт бөлүп жеген көмөчкө.

Согуш жутуп сол колу да жараксыз,
Баарыбызды оң кол менен көтөргөн.
Өзгөрүүгө дуушар болуп тагдыры
Эски үй жок. Ата-энемдин көзү өткөн.

Аруу тилек, кубанычым бөлүшкөн,
Баары эсте, көбү менен көрүшпөйм.
Бара калсам куран окуп кайтуучу
Керээз болуп калды мага көрүстөн.

УШАК
Болот ушак эл аралык, дүйнөлүк,
Болот ушак, көр-тирликте күндөлүк.
Жөө тумандай жердин жүзүн кыдырып
Кайдан чыкты, кайда барат билбедик.

Чыга электе, сүйлөшүүнүн бүтүмү,
Чабыштырган Байден менен Путинди.
Си Цзиньпинди, Ким Чен Ынды сагаалап,
Быкшып турат от ала албай түтүнү.

Жүрүп турат өйдөтөн да, төмөндөн,
Куруп кетсин, какшып калсын көрөңгөң.
Ушак угуп төбө чачым тик турду,
Айыл өкмөт, акимдерден, төбөлдөн.

Болот тура ушактардын түркүнү,
Ыйлаткан да, ызаланткан, күлкүлүү.
Аялзаты чыдамы жок мындайда,
Уктабастан таң атырган кирпиги.

Өз оокатын көрүп жүрүп күндөлүк,
Өлдү дешкен азоо атка сүйрөлүп.
Өлбөй-житпей, алты саны аман-соо,
Капталымда олтурбайбы сүйлөнүп.

Баскан жери бок болуп да, чок болуп,
Кетти дешкен эчак эле соттолуп.
Соттолбостон сүйлөп жатат жыйында,
Ар бир сөзү жалындаган от болуп.

Начар чыгып сүйүп алган аялы,
Ажырашып кеткен дешти Баялы.
Ажырашпай эрди-катын базарда
Кийиндирип жүрөт төрт-беш баланы.

Анын кызы ар кай жерде түнөгү,
Тандап тийип, айдап бирден күйөөнү.
Жүрөт дешкен ушак экен. Жолуктум,
Жапондорго тилмеч болуп жүрбөйбү.

Үйлөнөм да, үй салам да курайм деп,
Өз жашоомду өзүм түптөп улайм деп.
Жардамына муктаж болбой бирөөнүн
Чет өлкөдө иштеп жүрөт убай жеп.

Ал баланын кабыл болсун тилеги,
Каруусунан тайыбасын билеги.
Эмгек менен эриш-аркак чоңойгон
Ата-Журт деп согуп турат жүрөгү.

Жакшына сөз балдан таттуу билгенге,
Ууланган сөз тиет дешет мишенге.
Эс-акыл бар жакшы сүйлөп жүрөлү,
«Калк айтса да, калп айтпайтка» ишенбе.

ЭСКИ СҮРӨТ
Агат суулар. Агындыдай мезгилди
Аңтарыппыз. Аралай чаап өтүппүз.
Мода кууган жаштыгым го эсирген.
Туфличен, чыккам кыштан өтүксүз.

Жаным жыргап. Эки бетим албырып,
Жаккан оттун табын эстейм астыртан.
Анда жаштык. Көпкөндүктүн белгиси,
Чыккам кыштан нейлон көйнөк, костюмчан.

Көөдөн толо кыялына чиренген,
Жаштык кантип, кантип болсун дымаксыз.
Сүлкүлдөтүп сары камыштай чачымды,
Мен ал жылы чыккам кыштан тумаксыз.

Ошол кышта инди шарфка оронуп,
Сулууланып, түркүн крем боёнуп.
Сен ал кышта ресторанда официант,
Түнү келип, чоң шашкеде ойгонуп.

Сен ал кышта такси жалдап күн-түнү,
Сумкең толо ичимдиктин түркүнү.
Тарсылдатып бийлеп жаткан селкинин,
Такасында өлүп жатты бир сүйүү.

Сен ал кышта жапон жоолук салынып,
Сен ал кышта норка жака пальточон.
Сени менен ала жазда таанышып,
Кычыраган кыш чилдеде коштошком.

... ЖАН ДА БОЛБОЙТ ЭСТЕГЕН
Булут көчүп, сыдырым жел ойногон,
Жалбырактар куурап түшкөн. Сентябрь.
Тилегине жетсин дедим көздөгөн,
Таалай издеп чыккан жансың сен да бир.

Сулуу элең. Жаш да элең. Текебер.
Суута карап. Суктангандын неченин.
Деген менен чоң майрамдай көркү элең,
Суру кеткен, таштак-баткак көчөнүн.

Эсиңдеби? Кубан алкаш, боз кандек,
Дед Серега, тетя Галина. Сирень бак.
Ижарада күн өткөрүп сен анда,
Ирегеде турганым бар гүл кармап.

Карашчу эле үзүлгөнчө карааның,
Таңданышчу, тамшанышчу жаш-кары.
Тамандан өөп сени жолго узатчу
Мүдүрүлтмө ал көчөнүн таштары.

Сени эстесем. Эске келет жаш чагым,
Жылдыз окшоп «жылт» деп жанган күтүүдөн.
Келбес жолдо баратканым сезилет,
Кебетемди карап азыр күзгүдөн.

Кездешербиз, бирок сырдуу табышмак,
Кайсы саатта, кайсыл күнү, кай жылы.
Бөлүшөргө сырдакана адам жок,
Бөктөрүнүп келем эски кайгымды.

Утур эле бир нерсеге жетем деп,
Убакыттар артта калды тепселип.
Эми сага суктанышпайт эч бир жан,
Эми мага кат да жазбайт сенчелик.

Көрүшкөнчө аман болгун, көздөйүм,
Арбагансып акыл-эстен кетпеген.
Эми сени барктабастыр менчелик,
Эми мени жан да болбойт эстеген.

СОҢКУ КЕЗДЕШҮҮ
Уйкусуз таң атырган түндөрүмүн,
Кыялга мооку канбас күндөрүмүн.
Шарында бакытымды билбей калып,
Бакытты бекер издеп жүргөндүрмүн.

Барышып, келишпей да алыстадык,
Капырай, алың кандай, жан сыздатып.
Түйшөлтүп түндүн боосу желеленип,
Түшүмө кирип чыгат жалгыз кайык.

Өмүрдүн басып өткөн жолу карыз,
Өлбөсөк жер үстүндө жолугарбыз.
Амандык-соолук сурап сүйүнүчтөн
Алакан отубузду кондурарбыз.

Кездешүү кандай таттуу күтүлбөгөн,
Үмүттүн соңу жакшы үзүлбөгөн.
Жылуулук жүрөгүмө толуп турду,
Жаркыган, жамалданган жүзүң менен.

Кайыр кош! Басаңдаттың жаратымды,
Кайыр кош! Күүлөп койдуң канатымды.
Эсен бол! Эстей жүргүн суранарым,
Эзилип да бир акын таң атырды.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз