Макондо көчөсүндө адашкан Габо
Кээ бир жазуучулар китеп жазса, айрымдары өмүрүн чыгармага айлантат. Ал эми Габриэль Гарсиа Маркес экөөнү жуурулуштуруп жиберген адам.
Анын достору:
— Габо кээде чындыкты өзү айтканыбы же жаңы романын баштадыбы — айырмалай албай калчубуз, — дешчү.
Анткени Маркес үчүн дүйнө экиге бөлүнчү эмес: “чыныгы турмуш” жана “фантазия”. Анын дүйнөсүндө экөө бир төшөктө уктачу.
“Мен жазуучу эмес, фокусник болуп кетмекмин”
Габо жаш чагында үйдөгүлөрдү улам таңгалтыра берчү экен. Бир күнү чоң энесинин көз айнегин жашырып коюп:
— Бул үйдө арбактар жүрөт, — деп олуттуу айткан.
Баары чочуп издей баштаганда, ал бурчта каткырып отурган экен.
Кийин ал мындай деген: “Адамдар ишенгиси келген нерсеге бат ишенет”.
Балким, “магиялык реализм” деген адабий агым да дал ушул үйдүн ичинде төрөлгөндүр.
Анын чоң энеси арбактар, жышаандар, түштөр жөнүндө кадимки эле аба ырайын айткандай сүйлөй берчү экен. Габо кийин ошол үн менен бүтүндөй Латын Америкасын сүйлөткөн. (Праздники и советы)
Келечектеги жубайына бала кезинде эле “мага тийесиң” деген
Он үч жаштагы арык, уялчаак Габриэль бир күнү бий аянтчасынан кичинекей кызды көрөт. Аты — Мерседес.
Кыз андан жаш. Габо досторуна:
— Мен ушул кызга үйлөнөм, — деп жарыялап салат.
Бул сөздү баары тамаша көргөн. Бирок Маркес тамашаны да тагдырдай олуттуу айтчу.
Көп жылдан кийин чын эле ошол кызга үйлөндү. Экөө элүү жылдан ашык бирге жашаган.
Кызыгы, Маркес дүйнөнү дүңгүрөткөн кезде да үйдөгү каржыны аялы башкарчу. Анткени Габо акча кармаганды билчү эмес дешет.
“Жүз жылдык жалгыздык” романы үчүн үйүн күрөөгө койгон
Маркес “Жүз жылдык жалгыздыкты” жазып жатканда кадимки эле жиндиге айланып кетет. Эшикке чыкпайт. Сакал албайт. Тамекини тынбай чегет. Үйдө акча түгөнөт.
Бир күнү аялы:
— Балдарга тамак калбады, — десе, Габо:
— Азыр болбойт. Аурелиано согушта жүрөт, — дептир.
Көрсө, өзү каармандары менен жашап калган экен.
Акыры машинесин сатып жиберишет. Үйдөгү буюмдарды күрөөгө коюшат. Романдын кол жазмасын почтага жөнөтөрдө акча жетпей, жарымын гана сала алышыптыр.
Мерседес акыркы фенин, миксерин да күрөөгө коюп акча тапкан экен (Газета.Ru). Кийин ошол китеп дүйнөнү өзгөрттү.
Парижде таштанды терген Нобель лауреаты
Көптөр Маркести төрөлгөндөн эле атактуу деп ойлойт. Чынында ал Парижде ачка калган күндөрдү көргөн.
Бир учурда акчадан ушунча мукурап, бөтөлкө терип сатып жан баккан экен. Айрым күндөрү эт жебей, нан менен кофе гана ичкен учурлары бар (Газета.Ru). Бирок эң кызыгы — ошол жакыр күндөрүн кийин “өмүрүмдөгү эң бактылуу убак” деп эскерген. Себеби ал кезде анын кыялдары бай болчу.
Москвага “артист” болуп кирген
Советтер Союзуна кирүү оңой эмес убакта Габо жакшы амал тапкан.
Колумбиялык фольклордук ансамблге кошулуп, “бийчи артист” болуп Москвага кирип кеткен экен. (Газета.Ru)
Кийин достору:
— Сен бийлей албайсың го? — дешсе, ал:
— СССРге кириш үчүн таланттан мурда айлакерлик керек болчу, — деп күлдүргөн экен.
Ал күнү бүт дүйнө күлгөн
Маркес бир жолу сулуулар конкурсунда калыс болуп калат. Бирок досу экөөнүн табити эки башка экен: бири акжуумал сулууларды жактырса, экинчиси кара торуларды жактырчу.
Сахнага чыгар алдында экөө бири-биринин даяр сөздөрүн алмаштырып коюшат.
Натыйжада бири:
— Сиздин назиктик айдай жаркырайт, — деп “блондинкага” айтса, экинчиси:
— Сиздеги бороондой темперамент дүйнөнү өрттөйт, — деп жоош кызга кайрылыптыр.
Зал каткырып күлгөн.
Ал эпизодду кийин Маркес “Жүз жылдык жалгыздыкка” киргизген. (marquez-lib.ru)
Сегиз пачка тамеки чеккен адам
Габо күнүгө оозу тынбай тамеки чекчү дешет. Кээде сүйлөп жатып күйүп бүткөн чылымын унутуп, жаңысын күйгүзүп алчу экен (marquez-lib.ru). Бир жолу психиатр досу тамекинин зыяны тууралуу узун лекция окуп берет. Маркес унчукпай угат да, чылымын акырын өчүрөт.
Ошондон кийин өмүрүнүн аягына чейин кайра чеккен эмес. Бул дагы Маркесче чечим: же таптакыр берилип кетчү, же биротоло таштап салчу.
Габо менен чындыктын ортосундагы ичке көпүрө
Анын достору бир нерсени көп айтышат:
— Маркес күлүп жатканда деле ал азыр тамаша айтканыбы же пайгамбарчылыкпы — түшүнчү эмессиң.
Ал дүйнөнү балдарча таңгалуу менен карачу экен. Ошон үчүн анын чыгармаларында асманга учкан кыздар да ишенимдүү көрүнөт. Өлгөндөр тирүүлөр менен сүйлөшөт. Ал эми жалгыздык — адамдын көлөкөсүндөй басып жүрөт.
Габо өмүр бою чоң энесинин жомогун токтотпой айтып берген бала бойдон калган. Болгону ал жомокту бүт адамзатка угуза алган жазуучу.
Дүйнөнү муштум менен сүйгөн Хемингуэй
Эрнест Хемингуэй өмүрүн согуш, аңчылык, сүйүү, арак жана коркунуч менен аралашкан узун романга айлантып жиберген адам эле. Аны көргөндөрдүн көбү эки нерсени дароо байкачу: олбурлуу денеси жана үнүнүн ишенимдүүлүгү.
Хемингуэй сүйлөп атканда ал калп айтса да, чындык ага ишенип тургандай сезилчү.
“Мени жазуучу эмес, боксчу деп ойлошчу”
Жаш Хемингуэй Парижге келгенде чөнтөгүндө акча аз, бирок өзүнө болгон ишеними ашып-ташып турган.
Ал кафелерде отуруп:
— Мен дүйнөдөгү эң мыкты жазуучу болом, — дей берчү экен.
Достору:
— Анда эмнеге гезит кабарчысы болуп жүрөсүң? — дешсе, ал:
— Арстан деле мышык болуп төрөлөт, — деп жооп берген экен.
Хемингуэй боксту ашкере жакшы көргөн. Жазуучулар менен жолукканда деле кээде сөз талашты мушташка айландырып жиберчү.
Бир жолу атактуу жазуучу менен талашып кетип:
— Эгер сенин аргументиң күчтүү болсо, анда эмнеге өзүң алсызсың? — дептир.
Кийин ошол окуяны достору:
— Эрнест логиканы да муштум менен түшүндүрчү, — деп эскеришкен.
Ал согушка “роман издеп” кеткен
Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Хемингуэй фронтко кетет. Бирок аны армия көзүнүн начарлыгынан албай коёт. Көптөр үйүнө кайтмак.
Хемингуэй болсо:
— Согуш менсиз өтпөйт, — деп Кызыл Чырымга айдоочу болуп кирип алган.
Италияда миномёт жарылып, денесине эки жүздөн ашык темир сыныгы кирет. Бирок жарадар болуп жатып да башка жоокерди көтөрүп чыккан экен.
Дарыгерлер:
— Бул тирүү калбайт, — дешкен.
Хемингуэй болсо кийин ошол окуяны кадимки балык уулоодой эле айтып берчү.
Анын денесиндеги жарааттар кийин өзүнчө географияга айланган.
Жазып жатып тик туруп иштеген
Хемингуэйдин дагы бир жинди адаты: ал көп учурда тикесинен тик туруп жазчу. Болгондо да жазуу машинкасын текчеге коюп алып, сааттап турчу экен.
Бир жолу досу:
— Эмнеге отурбайсың? — десе, ал:
— Жакшы сүйлөм — ок сыяктуу. Аны жаткан абалыңда ата албайсың, — деген экен.
Ал күн сайын канча сөз жазганын дубалга илип койчу. Эгер план аткарылбаса, маанайы бузулчу дешет. Кээде бүт баракты жыртып салып:
— Бул сүйлөмдөр чоркок болуп калды, — деп кейичү экен.
Хемингуэй үчүн тексттер да дал өзүндөй курч болушу керек эле.
Аялдардан качып жүрүп, кайра эле сүйүүгө кабылчу
Эрнест төрт жолу үйлөнгөн. Ар бир жолу:
— Мына ушул акыркы сүйүүм, — деп ишенчү.
Бирок көп өтпөй кайра башка аялга ашык болуп калчу.
Достору:
— Эрнест аялдарды эмес, ашык болуу сезимин сүйчү, — дешкен.
Бир жолу аялы ачууланып:
— Сен мага караганда балык уулоону көбүрөк жакшы көрөсүң! — деп кыйкырат.
Хемингуэй:
— Бул туура эмес. Сени балык уулоодон кийин жакшы көрөм, — деп жоошутуптур.
Ошондон кийин үйдө үч күн сүйлөшпөй калышат.
Арстан аңдыйм деп учактан кулаганы
Африкадагы сапарлары өзүнчө эле кино. Хемингуэй арстан, буйвол, кабылан аңдыганды жакшы көрчү экен. Бирок бир жолу тагдыр өзү аны аңдыйт.
1954-жылы Африкада учак кырсыкка учурайт. Баары:
— Хемингуэй өлдү, — деген кабар таратышат.
Эртеси белгилүү болгондой, тирүү экен. Бирок ошол эле күнү дагы бир учакка түшүп, ал да кулап түшөт. Мына ошондо достору:
— Эрнест өлүмдү да эки жолу текшерет, — деп күлүшкөн.
Ал башынан, ийнинен, омурткасынан жаракат алат. Бирок ооруканада журналисттерге:
— Болгону кичине эле чийилип калдым, — деп интервью берген.
Мышыктары да өзүнө окшош болгон
Хемингуэйдин үйүндө алты манжалуу мышыктар толтура эле. Бир капитан ага ушундай мышык белек кылган экен. Кийин алар көбөйүп кеткен.
Хемингуэй ар бирине өзүнчө ат коюп, адамдардай сүйлөшчү. Коноктор таңгалганда:
— Кээ бир адамдардан көрө мышыктар акылдуу, — деп койчу.
Бүгүнкү күнгө чейин анын үй-музейинде ошол мышыктардын тукумдары жашайт.
“Чал жана деңизди” жазганда өзү менен өзү мушташкан
Хемингуэй бир убакта өзүн дүрмөтү түгөгөн жазуучудай сезип калат.
Сынчылар:
— Ал мурдагыдай эмес, — деп жаза башташат.
Ошондо ал деңиз жээгине кетип, карт балыкчы тууралуу чакан повесть жазат – “Чал жана деңиз”. Китеп чыкканда дүйнө кайрадан Хемингуэйди ооздон түшүргүс болот. Ал Нобель сыйлыгын алат.
Бир журналист:
— Сиз жеңдиңизби? — деп сураганда, Хемингуэй:
— Жок. Болгону багынган жокмун, — деген берген экен.
Ал өлүмдөн эмес, алсыздыктан коркчу
Хемингуэй өмүр бою өзүн күчтүү көрсөтүп жашаган. Бирок жаш өткөн сайын оорулар көбөйүп, эс тутуму начарлай баштайт. Эң оор сокку — сөздөр аны мурдагыдай укпай калган. Ал эми Хемингуэй үчүн сөз — курал болчу.
Бир күнү досуна:
— Адам денеси сынып калганы коркунуч эмес. Руху сынганы жаман, — дептир.
1961-жылы ал дүйнө менен кош айтышып, бирок анын каармандары дагы деле шамалга каршы сүзүп жүргөндөр.
Хемингуэй дүйнөнү назик сүйө алган эмес, ал аны мушташып жатып сүйгөн дешет. Ошон үчүн анын китептеринде деңиз да чарчайт, адам жараланат, бирок экөө тең багынбайт.
Өзүнөн да кооз уламыш жаратып кеткен Оскар Уайльд
Айрым адамдар сулуу сүйлөйт. Кээси сулуу жашайт. Ал эми Оскар Уайльд жашоонун өзүн афоризмге айлантып жиберген адам эле.
Ал кай жердин босогосун аттабасын, эл ага жалт бурулуп карачу. Сөз баштаса, баары унчукпай калышчу. Анткени Уайльд сүйлөгөндө кадимки сүйлөмдөр да жибек галстук тагынып алгандай сезилчү.
Анын достору:
— Оскардын кээде тамаша айтканыбы же адамзаттын акылын шылдыңдаганыбы — түшүнчү эмеспиз, — дешкен.
“Менин генийлигимден башка жарыялай турган эч нерсем жок”
Жаш Оскар Америкага лекция окуганы барат.
Бажы кызматкери:
— Декларациялай турган нерсеңиз барбы? — деп сурайт.
Уайльд шляпасын оңдоп:
— Менин генийлигимден башка эч нерсем жок, — деп жооп бериптир.
Бул сөз заматта бүт өлкөгө тарап кетет. Көптөр аны текебер мүнөз деп ойлошкон. Чынында Уайльд элди күлдүрүп атып, өзүн да тамашага айланта билчү.
Дүйнөгө ал дайыма театрдагыдай мамиле кылчу. А өзүн — башкы каармандай көрчү.
Гүлдү да поза менен кармаган адам
Оскар көчөдө жөн басчу эмес. Колуна лилия кармап, узун пальто кийип, атайын жай кадам таштачу.
Бир жолу жакын досу:
— Сен эмнеге дайыма өзүңдү сахнада жүргөндөй алып жүрөсүң? — десе:
— Жашоо өтө маанилүү нерсе. Аны олуттуу жашаганга болбойт, — дептир.
Виктория доорундагы англиялыктар үчүн бул жүрүм-турум жиндиге тете көрүнгөн. Бирок Уайльд дал ошол “ашыкча сулуулугу” менен бүт Лондонду багындырып алган.
Ал бөлмөдөгү эң акылдуу адам болгусу келчү
Оскар каалаган жерде сөз таймаш уюштура алчу. Бир кечеде аристократ айым:
— Эркектер аялдардан акылдуурак, — деп калат.
Уайльд дароо:
— Балким. Бирок аялдар ошентсе да эркектерге турмушка чыгып атпайбы, — дептир.
Зал кыраан каткырык салып күлгөн.
Ал адамдарды кемсинтүү үчүн эмес, алардын жасалма олуттуулугун жаруу үчүн тамаша кылчу. Кээде өзүн да аябай шылдыңдачу. Бир жолу:
— Жаш кезде акча эң маанилүү эмес деп ойлочумун. Азыр карыганда түшүндүм — чын эле эң маанилүү эмес экен, — дептир.
“Дориан Грей” өз күзгүсү болуп калган
Бул эмгеги жарыкка чыкканда Лондон катуу дүрбөйт. Сынчылар:
— Бул китеп адеп-аклаксыз! — дешет.
Айрымдар:
— Автор өзү бузулган адам көрүнөт, — деп жаза башташат.
Уайльд болсо жыргап жүргөн. Ал чуулгандуу атакты жакшы көрчү.
Бир журналист:
— Бул роман сиз жөнүндөбү? — деп сураганда, ал:
— Баарыбыз Дорианбыз. Айырмасы — айрымдарыбыз күзгүнү жашырып коёбуз, — деген экен.
Ал турмушту чыгармадан кооз кылгысы келчү
Оскар акча тапса дароо кийимге, гүлгө, ресторанга коротчу. Достору:
— Сен ушунча ысырапкор болбочу, — дешсе, ал:
— Азгырыктан кутулуунун жалгыз жолу — ага моюн сунуу, — дечү экен.
Бир жолу мейманканада акчасы түгөнүп калат. Ошондо да официантка:
— Эсебимди кийин төлөйм. Азыр менде майда акча жок, болгону мыкты табит гана бар, — дептир.
Сот залында да афоризм айтканы
Уайльддын тагдыры күтүүсүз бурулат. Коом аны көккө кандай көкөлөтсө, жерге тез эле кулатып, жек көрүп калышат.
Сот отурумунда журналисттер залды театрдай толтурушкан.
Бир адвокат аны мазактап:
— Сиз адепсиз китептерди жазасызбы? — деп сурайт.
Уайльд:
— Адептүү же адепсиз китеп болбойт. Жакшы же жаман жазылган китеп гана болот, — деп жооп берген.
Бул сөз кийин адабият тарыхындагы учкул сөзгө айланат. Бирок акылмандык Оскарды куткара алган эмес, ал түрмөгө кесилет>>>.
Оскар Уайльд өмүрүндө биринчи жолу элден эмес, жалгыздыктан коркот. Түрмөдө ага китеп окууга да көп уруксат берилчү эмес. Мурда салондордо сылаң короздонуп жүргөн адам эми таш дубал тиктеп отуруп калат.
Бир күнү күзөтчү аны таанып:
— Сиз ошол атактуу Уайльдсызбы? — деп сураганда, ал акырын гана:
— Мурда ошондой болчумун, — деп жооп бериптир.
Ошол сөздүн ичинде бүтүндөй сынган тагдыр жашап калгандай эле бул.
Париждеги акыркы тамаша
Өлүмүнө аз калганда ал Париждеги арзан мейманканада жашап жаткан. Бөлмөдөгү дубалдын обою өтө жаман экен.
Уайльд төшөктө жатып:
— Мен же ушул обой — бирибиз кетишибиз керек, — деп тамашалаптыр.
Бул анын акыркы атактуу сөздөрүнүн бири.
1900-жылы дүйнө менен кош айтышкан Оскар Уайльд өлгөндөн кийин да тирүү бойдон калган. Анткени айрым адамдар денеси менен эмес, сөзү менен жашайт.
Өз көлөкөсүнөн өзү чочулаган Франц Кафка
Кээ бир жазуучулар дүйнөнү түшүндүрөт. Айрымдары аны кооздойт. Ал эми Франц Кафка дүйнөнүн адамга кантип муздак карай турганын жазып кеткен. Бирок эң кызыгы — Кафканын өзү да кээде өз чыгармаларындагы каармандардай жашачу. Уялчак. Шекчил. Ичтен күлгөн. Өзүн дайыма күнөөлүү сезген адам.
Анын достору:
— Кафка сүйлөп жатканда кечирим сурап жаткандай угулчу, — дешкен.
“Мен кеңседе тирүүмүн, үйдө гана адаммын”
Көптөр Кафканы төрөлгөндөн эле жазуучу болгон деп ойлошот. Чынында ал камсыздандыруу мекемесинде катардагы чиновник болуп иштеген. Эртең менен — протокол. Түштө — арыз. Кечинде — отчёт. Ал түнкүсүн гана Франц Кафкага айланчу.
Бир жолу досу:
— Сен эмнеге жумушуңду таштап салбайсың? — деп сураганда, Кафка:
— Анда ачка калам. Ачка адам философия жаза албайт, — дептир.
Кызыгы — кийин дүйнөнү өзгөрткөн чыгармалар дал ошол чарчаган түндөрдө жаралган.
Атасынын көлөкөсү
Кафканын атасы чоң үндүү, сүрдүү киши болгон. Ал уулунун жазуучу болушун түшүнчү эмес. Бир күнү:
— Сен өтө алсызсың, — дейт атасы.
Ошол сөз Кафканын ичинде өмүр бою жаңырып калгандай. Ал кийин атасына жүз беттен ашык кат жазат. Бирок аны эч качан бере албайт. Ал каты бүгүн да дүйнөдөгү эң оор монологдордун бири. Кээде Кафканын бүт чыгармалары ошол “сен алсызсың” деген бир сүйлөмгө каршы жазылгандай сезилет.
Ал күлкүлүү адам болгон
Кафканы көптөр өтө түнт жазуучу деп элестетет. Чынында достору аны аябай тамашакөй адам катары эскеришкен. Ал өз чыгармаларын үн чыгарып окуп берүүдө, өзү каткырып күлчү экен. Айрыкча The Metamorphosis чыгармасын окуганда. Элестет: адам чоң куртка айланып кеткенин.
Муну Кафка трагедия эле эмес, юмор катары да көргөн.
Бир жолу досу:
— Сенин китептериңден кийин адам өзүн күнөөлүү сезип калат, — десе, Кафка:
— Демек, алар чынчыл китеп, — дептир.
Сүйүүдөн качып жүрүп, кат жазуудан тажабаган
Кафканын сүйүү таржымалы өзүнчө роман. Ал Фелице аттуу кызга жүздөгөн кат жазган. Кээде бир күндө эки-үчтөн. Бирок жолукканда, уялганынан жакшы сүйлөй алчу эмес экен.
Фелице:
— Сен каттарда башка адамсың, — деген.
Кафка болсо сүйүүнү да коркунуч катары сезчү. Ал үйлөнгүсү келет. Бирок эркиндигин жоготуп алам деп коркот.
Жакындыкты каалайт. Бирок адамдардан тез чарчайт. Ошон үчүн анын каармандары дайыма эшик алдында туруп калган адамдардай сезилет.
Ал уйку менен согушкан
Кафка түн ичинде жазчу. Үй тынчып калганда гана өзүн эркин сезген. Кээде таңкы үчкө чейин иштеп, кайра эртең менен кеңсеге кетчү.
Бирөө:
— Сен өзүңдү өлтүрүп аласың, — десе, ал:
— Жазбай жашагандан көрө чарчап жашаган жакшы, — дептир.
Уйкусуздук аны ушунчалык кыйнайт, терезеден көчөнү карап таң атканча отурчу экен. Кийин ошол жалгыз түндөр анын чыгармаларына айланып кеткен.
“Кубулуу” чыгармасындай өзү да соттолуп жүргөн
The Trial чыгармасындагы Йозеф К. эмнеге айыпталганын өзү да билбейт. Бирок баары аны күнөөлүүдөй карашат.
Кафканын өзүндө да ушундай сезим көп болгон сыяктуу. Ал бир жолу күндөлүгүнө: “Кээде эч нерсе кылбасам деле кечирим сурагым келет” деп жазган.
Балким, ошон үчүн “кафкалык абал” деген түшүнүк жаралды. Адам түшүнбөгөн мыйзамдардын, муздак мекемелердин, маанисиз коркунучтун ичинде калып кеткен абал.
Өз китептерин өрттөтүп жибере жаздаган
Кафка өзүн өтө катуу сындачу. Өлөр алдында досу Maкс Бродго:
— Бардык кол жазмаларымды өрттөп жибер, — деп осуят айтат.
Бактыга жараша, досу укпай койгон. Эгер Макс Брод сөзгө киргенде, дүйнө The Castle, The Trial сыяктуу чыгармалардан айрылмак.
Ал өмүр бою “жетишсиз” болуп жашаган
Кафка арык болгон үчүн өзүн сулуу эмесмин деп ойлочу. Жазгандарын жактырчу эмес. Жумушун жаман көрчү. Бирок дал ошол өзүнө нааразы адам ХХ кылымдын эң таасирдүү жазуучуларынын бирине айланган.
Кызыгы — ал муну өзү билбей кеткен. Франц Кафка 1924-жылы дүйнө менен кош айтышты. Ал эми “кафкалык” деген сөз дүйнөнүн бардык тилдерине кирип кетти.
Кафка дүйнөнү кыйкырып эмес, шыбырап сүрөттөдү. Ошол шыбыр азыркыга чейин адамды ичинен чыйрыктырат. Анткени анын чыгармаларындагы эң чоң коркунуч — желмогуздар эмес: түшүнүксүз жашоо. Жалгыздык. Жана адамдын өзүн өзү түшүнө албаганы.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR