Лев Толстойдун чакан аңгемелеринен

  • 28.05.2026
  • 0

Арстан менен кандек

Лондондо жапайы жырткычтардын көргөзмөсү өтүп жатты. Көргөзмө акысына акча төлөп, же жырткычтарды тоюндурганы ит-мышыктарды ала келишчү.
Бир адам жырткычтарды көрүүнү күсөдү. Ал көчөдөн ургаачы итти кармап алды да, аны жапайы айбанаттарга жеткирди. Кишини зоопаркка коё беришти. Кандекти болсо капаста жаткан Арстан жесин деп, анын жанына киргизишти. 
Кандек коркконунан куйругун кыпчып, капастын бир бурчуна корголоду. 
Арстан ага жакын келип, аны жыттап койду. Кандек чалкалап жата калды да, буттарын асманга сырайта көтөрүп, куйругун шыйпаңдатып, ойноктоду. Арстан аны таманы менен түрткүлөп, кайра оңуна оодарды. Ургаачы ит ыргып тура калып, Арстандын как маңдайында арткы буттарына көчүк баса олтурду. Арстан кандекке көз жүгүрттү. Башын ары-бери буруп, айланасын каранганы менен кандекке тийген жок. Ал кожоюну капаска ыргыткан этти үзүп алды да, калганын итке калтырды. 
Кечинде Арстан уктамак болгондо кандек ага жакын барды. Башын Арстандын таманына жаздап жатты. Ошондон кийин Арстан менен кандек бир капаста чогуу жашап калышты. Арстан ага тийишпей, бирге уктап, жемин жеп, кээде кандек менен ойноп да жүрдү. 
Барин бир жолу зоопаркка келе калып, капаста жүргөн кандегин тааныйт. Ал жырткычтардын ээсине кандек ага караштуу ит экенин айтып, итти кайтарып берүүнү суранды. Капастын ээси кандекти кайтарууну туура тапты да, капастан чыгарып алганы итти чакырганда, Арстан жүндөрүн түктөйтүп, ачуу күркүрөп-ыркырады.
Ошентип, кандек менен Арстан капаста бир жыл толук өмүр сүрүштү. Бир жылдан кийин ит оорудан өлдү. Арстан тамакка карабай, өлгөн кандекти искеп, жалап-жуктап, таманы менен сылагылады. 
Ал кандектин жан таслим болгонун түшүнгөндө капыстан секирди да, жүндөрүн үрпөйттү. Куйругу менен жан-жактарын ургулап, ары-бери ыргып, секирип, капаска урунуп, тактай менен эшик жапкычты тиштегиледи. Керелден кечке капастын ичинде жөн тура албай катуу күңгүрөндү да, анан өлүү иттин жанында унчукпай жатып, тим болду. 
Зоопарк ээси өлүү кандекти алып кетүүнү чечти. Бирок Арстан эч кимди итке жакындаткан жок. Кожоюну: “Эгер башка бир кандекти берсе, Арстан өз кайгысын унутаар”- деп ойлоду да, ал жаткан капаска тирүү кандекти киргизип ийди. 
Бирок Арстан аны ошол замат майда барчалап, чайнап салды. Ал мурдагы өлүү итти өз кол-буту менен кучактаган бойдон беш күн жатты.
Алтынчы күнү Арстан да көз жумду. 
Картаң ат
Биздин Пимен Тимофеич аттуу карыябыз бар. Ал токсон жашта. Аксакал небересиникинде жашачу. Абышканын бели бүгүлүп, таяк таянып, жайма-жай басып жүрчү. Бир да тиши калган эмес, бети-башы бырыш-тырыш. Ылдыйкы ээги бүлкүлдөп, басып жүргөндө же сүйлөгөндө эриндерин кыбыратканы менен эмне айтып жатканын түшүнүү кыйын болчу. 
Биз төрт бир тууганбыз. Баарыбыз ат мингенди жакшы көрөбүз. Бирок биздин атчан жүргөнгө ылайыктуу жылкыбыз болгон эмес. Бизге картаң чобурду мингенге гана уруксат беришчү. Ал жылкыны Воронок деп аташа турган.
Энебиз бир жолу бизге ат минүүгө макулдук берди. Биз баарыбыз байкебиз менен кошо атканага кирдик. Арабакеч бизге Воронканы токуду. Аттын ээрине биринчи болуп, улуу агабыз олтурду.

Ал кырман менен бакты аралап, көпкө бастырды. Бир тууганыбыз артка кайрылганда биз ага:

– Кана, эми атты чап! - деп кыйкырдык.

Улуу агабыз Воронканы теминип, камчылаганда – чобур биздин жаныбыздан катуу чуркап өттү. Андан кийин атка башка агам минди. Ал да бир далай жүрүп, Воронканы камчы менен ургулап, дөбөдөн ылдый чаап түштү. Анын дале ээрден түшкүсү жок. Бирок кийинки боордошубуз агасынан кезекти батырак берүүсүн өтүндү.

Үчүнчү бир тууганыбыз кырман менен бак-даракты, анан да кыштакты айланып жүрүп, өтө тездик менен тоодон ылдый аткананы көздөй желип өттү. Ал бизге утурлаганда Воронок бышкырынып, терден улам мойну менен далысы карайып чыкты.

Кезек мага жеткенде, агаларымды таң калтырууну чечтим. Атта жакшы жүрөрүмдү көрсөтүүнү самап, күчүмдүн барынча Воронокту чапкыладым. Анткен менен Вороноктун атканадан ары жылгысы жок. Мен канча ургуласам да, ал катуу баспай, жай жүрүп, улам артына кетенчиктеп жатты. Мен атка кыжырданып, алымдын жетишинче камчы менен анын соорусуна согуп, бутум менен боорун тепкиледим. Мен анын ооруй турган жерлерине согууга тырыштым, камчыны сындырып, анын калган жагы менен башына чапкыладым. Кандай айла кылсам да, Воронок таскактабай койду. Ошондо мен артка кайрылып, ат багарга жакындап, андан катуурак камчы берүүсүн сурандым. Бирок ат багар мага:

- Сиздин ат мингениңиз жетиштүү, мырза, түшүңүз. Жылкыны кыйноонун эмне кереги бар?

Мен таарындым да:

- Эмнеге мындай? Мен анча деле жүргөн жокмун. Жылкыны кандай желдиреримди карап тур! Мага бекемирек камчы бер. Мен анын жанын тызылдатам!

Ат багар башын чайкады мага:

- Эх мырза, сизде боор деген жок тура. Анын жанын неге күйгүзүп?.. Ал жыйырма жашта. Жылкы кыйналды, күч менен дем алып жатат, анан да картайып калган. Ал Пимен Тимофеичти тартып, ушунчалык улгайды. Эгер сиз Тимофеичке жармашып, аны бар күчүңүз менен камчылап урсаңыз... Сиздин жаныңыз эмне, ага ачыбайбы?

Мен Пимен карыяны эстедим да, ат багардын кеби туура экендигин ойлоп, ээрден түштүм. Жылкынын капталдарынан тер акса да, куйругун чапкылап, таноолору менен оор дем алып баратканын карап туруп, ага кыйын болгонун түшүндүм. А бирок мендей эле ага да көңүлдүү болсо керек деп ойлогом. Воронокко менин боорум өтө ооруду. Тер баскан мойнунан өөп, уруп-сокконум үчүн андан кечирим сурадым.

Андан бери мен чоңойдум. Жылкыларды кыйнап жатышканын көргөнүмдө мен ар убак аттарга жаным ачып, дайыма Воронок менен Пимен Тимофеичти эстеп коём.

Келечектин мөмөсү

Карыя алма көчөтүн олтургузуп жатты.

- Бул алмалардын сага эмне кереги бар?.. Бул көчөттөрдүн түшүмүн көпкө күтүш керек. Түшүм бышканча... Сен мунун мөмөсүн көрбөй каласың! - дешти кимдир-бирөөлөр.

Анда абышка тигилердин сөзүн көңүлгө албай:

- Ооба, мен келечектеги алмадан ооз тие албайм. Бирок башкалар анын даамын татышат да, ыракматын мага айтышат.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз