Биринчиден, Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган «Жусуп» тасмасы эгемендүүлүк алгандан берки мезгилде эң чоң суммадагы каражатка каржыланып тартылган тасмалардын бири болду.
Толук метраждуу тарыхый тасмага ушундай чоң каражат бөлүнүп, кино өнөрүнүн өнүгүшүнө мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатышы — кино дүйнөсү үчүн абдан жакшы жөрөлгө.
Экинчиден, мектеп окуучулары тарыхый инсанды таанып-билүүдө, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү эмгегин, элге жана мекенге болгон берилгендигин түшүнүп, таанып-билүүсүндө «Жусуп» тасмасы пайдалуу окуу куралы боло алат. Анткени тасмада документалдык, даректүү багыт басымдуулук кылат.
Үчүнчүдөн, эл өз тарыхын, өткөн тагдырын чагылдырган чыгармаларды муундан муунга өткөрүп, сактап келет. Элдин элегинен, мезгилдин сыноосунан өткөн чыгармалар гана классикага айланып, тарых барактарынын бүктөмүндө калбайт эмеспи.
«Жусуп» тасмасы кандай тартылган күндө да, тарых барактарында жазылып, кийинки муундарга мурас катары кала берет деп эсептейм.
«Медалдын эки бети бар» дегендей, эми «Жусуп» тасмасынын кандай деңгээлде тартылганы тууралуу анализдеп көрөлү.
Тарых жана кино
Тарых — адамзат коомунун басып өткөн жолу. Адамзаттын басып өткөн тарыхы адабиятта жазылган чыгармалар аркылуу окурмандарга жетсе, кино дүйнөсүндө кинонун тили менен көрөрмандарга түшүндүрүлөт эмеспи.
«Жусуп» тасмасынын адабий сценарийин коомдо жана адабиятта өз орду бар Каныбек Иманалиев менен Бакыт Орунбеков агаларыбыз жазышыптыр. Жазуучулар Жусуп Абдрахмановдун басып өткөн өмүр жолун изилдеп, тарыхый маалыматтарды тактап, сценарий жазып беришкен.
Ал эми кино тартуу процессинде андан аркы кадамдарды жасап, сценарийди экран тилине алып чыгуу режиссёрго тиешелүү.
Айтылып, жазылып, угулуп жүргөндөй, адабий сценарий менен кино сценарийдин асман менен жердей айырмасы бар. «Жусуп» сценарийи адабий сценарийдин негизинде түздөн-түз тартылып калгандай таасир калтырат.
Фильмде ар бир мүнөт баалуу. Ошондуктан режиссёр адабий сценарийди кинонун тилине салып, убакытты үнөмдөп, сөздөрдү маанисине жараша кыскартып, драматургиясын иреттеп, кайра иштеп чыгышы керек эле.
«Жусуп» — көркөм фильмби же даректүү тасмабы?
«Жусуп» тасмасы — көркөм фильм эмес… абстрактуу…
Көркөм фильм — атайын жазылган сценарийдин же адабий чыгарманын негизинде актёрлордун оюну аркылуу турмуштук окуяларды, образдарды жана идеяларды көркөм чагылдырган кино өнөрү.
Идеяны элге жеткирүү үчүн тасмада Станиславский иштеп чыккан актёрдук методдорду пайдаланып, айта турган ойду керектүү учурларда сөзсүз эле түшүндүрбөстөн, кыймыл-аракет, мимика, көз караш жана образ аркылуу көрөрманга жеткирүүгө болот.
Кино шарттуу түрдө көркөм жана даректүү тасма болуп эки негизги түргө бөлүнөт.
Даректүү тасмада ойдон чыгарылган окуяларга караганда чыныгы жашоо, реалдуу адамдар, тарыхый фактылар, жаратылыш же маанилүү окуялар негизги орунда турат. Анда көбүнчө архивдик материалдар, интервьюлар жана реалдуу видеолор колдонулат.
Ал эми көркөм тасмалар ойдон чыгарылган же чыныгы окуяларга негизделген сценарийдин негизинде тартылат. Көркөм фильмде окуялар бири-бири менен ширелишип, жалгашып отуруп, драматургия аркылуу көрүүчүнүн кызыгуусун жаратып, аны жетелеп, кульминацияга алып келет.
«Жусуп» тасмасында көркөм фильмге караганда даректүү тасмага жакындык көбүрөк байкалат. Анда Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу так маалыматтар көп.
Ошондуктан «Жусуп» фильминде көркөмдүк барбы, образдар ачылганбы?» деген суроонун айланасында ой жүгүртүп көрөлү.
Окуялардын байланышы жана образдардын ачылышы
Маселен, биринчи эле эпизоддо чоң тарыхый-логикалык ката кетирилгендей таасир калат. Жусуп Абдрахманов орус-тузем мектебинде окуп жүргөн кезинде Бубайра Кыдыралиеваны жашташ кылып көрсөтүшөт. Бубайра Кыдыралиева — сталиндик репрессиянын курмандыктары жашыруун көмүлгөн жерди тапкан аял. Ал 1928-жылы туулган.
Экинчи эпизоддо Саякбай Манас айтса, үчүнчү эпизоддо Абдыкерим Сыдыков: «Ташкентке окууга жиберейин», — дейт. Төртүнчү эпизоддо Жусуп кыргыз жерине басып кирген орус жетекчилеринин көзүнө урунуп, бешинчи эпизоддо чоң кызматкер, жетекчи болуп, Москвада Владимир Ильич Ленин менен сүйлөшөт.
Ленин: «Калктын үч-беш пайызы эле кыргызча билсе, биздин пролетариат идеясын ишке ашыруу үчүн, диктатураны орнотуу үчүн жыйналыштардын баары кыргызча өтсүн», — деген маанидеги сөздү айтат.
Эпизоддор тез-тез алмашат. Бирок окуялар башталганы менен, алардын мааниси толук ачылбай, бир окуянын аягы экинчи окуяга уланбай калган учурлар бар.
Жетекчи Жусуп Абдрахманов Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков сыяктуу кыргызга кеңири таанылган интеллигенттерди чогултуп, «Тоолуу Кыргыз Республикасы болуп бөлүнүшүбүз керек» деген мазмунда жашыруун жыйын өткөрөт.
Бирок жогоруда аталган кыргыздын белгилүү инсандары эмне иш аткарганы, тарыхый ролу кандай болгону тасмада жетиштүү ачылбайт.
Жусуптун өмүр жолунда жана анын айланасында тарыхта өз орду бар бир топ инсандар болгон. Бирок тасмада алардын ордуна көрөрманга анча тааныш эмес интеллигенттер коштоп жүргөндөй таасир калтырат.
Жусуп Владимир Маяковский, Мейерхольд, Назым Хикмет, Луи Арагон сыяктуу инсандар менен тааныштырылат. Титрде алардын аты-жөнү жазылганы менен, тасмада алардын ишмердүүлүгү, Жусуптун жашоосундагы орду жетиштүү түшүндүрүлбөйт.
Жашыруун жыйында: «Баатырдын ырыскы жолун улаган бир тууган эл бололу. Эгер антыбызды бузсак, төбөсү түктүү көк урсун, төшү түктүү жер урсун», — деп ант беришет. Бирок бул жашыруун жыйындын өткөрүлүшүнө эмне түрткү болгону режиссёр тарабынан жетиштүү чечмеленбейт. Окуянын себеп-натыйжалык байланышы толук ачылбай калгандай.
«Кыргыздын душманы — кыргыз» деген ойбу?
Жусуптун баштаган иштерине Кудайкулов сыяктуу «өздөн чыккан жат жаман» болуп, кыргызга кыргыз бут тосуп, бири-бирине каршы чыккандар пайда болуп, Москвага чейин кат жазып, телефон чалып, маалымат жеткирип турушат.
Мындан улам режиссёр «кыргыздын душманы — кыргыз» деген маанини туюнткусу келгендей таасир калат.
Үркүн темасы
Үркүн темасы тасмада сөз аркылуу бир-эки жерде айтылганы менен, көрөрмандын жан дүйнөсү ошол мезгилди толук сезе албайт. Себеби Үркүнгө байланышкан окуялар экранда жетиштүү көрсөтүлбөйт.
«Үркүн» темасы көбүнчө сөз менен гана айтылат. Мисалы, Жусуп Абдрахманов Абдыкерим Сыдыков менен сүйлөшүп жатып: «Үркүндө ата-энемден, бир туугандарымдан ажырадым», — дейт.
Бирок бул сөздүн айтылышы эле Үркүн окуясын тасмада чагылдыруу болуп калбайт. «Тарыхка астейдил мамиле жасаш керек» дегендей, бычак капка катылбаган сыяктуу, тарыхты бурмалоого же жаңыча жазууга болбойт.
Тарыхый көрүнүштөргө сүртүмдөр
1922-жылы Өзгөн мунарасынын жанында Жусуп карапайым элге курултай өткөрөт. Жусуп карапайым эл менен жолукканда бүгүнкү күндүн заманбап боз үйлөрүн көрүүгө болот.
Мукай Элебаев «Бороондуу күн» аңгемесинде: «Кеч кирип, жол боюнда үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум», — деп 1930-жылдардагы кыйналган элдин турмушун бир сөз менен эле сүрөттөп койгон.
1924-жылы «Кара кыргыз автономиялуу облусун куралы» деп чогулуш өткөрүлөт. Жусуп: «Кара кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына катталды», — деп Сталинге кат жазат. Андан соң Калинин менен Сталин куттукташат.
1925-жылы Жусуп чогулуш өткөрүп, Абдыкадыр Орозбековду аймактык жетекчиликке шайлайт. Ошондо: «Ленин айткан, элге идеяны өз тилинде жеткиришибиз керек», — деген сөз айтылат.
Режиссёр тасманын башында айтылган ойду кайрадан кайталайт.
Жусуп чогулуштан кийин чогулуш, жыйналыштан кийин жыйналыш өткөрөт. Сансыз жыйналыштар Абдрахмановдун бейнесин даңктаганы менен, тасманын драматургиясын алдыга жылдыра алган эмес.
Тарыхты бурмалабай, ошол кездеги карапайым калктын цензурага баш ийген оор турмушун кыйыр болсо да көркөм формада көрсөтүш керек эле. Маселен, 1930-жыл. Жусуп иш бөлмөсүндө отурганда эшик тыкылдап, тууган иниси келет.
Иниси: «Эл кыйналып жатат. Пахтанын нормасына жете албай, эл жаткан төшөгүнүн пахтасын бере башташты. Байларды “кулак” деп, малдарын тартып алышты», — деп айтат.
Ошентип, жүрөгүн оозуна тиштеп, башын канжыгага байлаган карапайым калктын жашоосу сөз аркылуу сүрөттөлөт.
«Нарында, Таласта адамдардын колдорун артына байлап, жылаңачтап кыйнашыптыр. Бул — чыныгы айбандык. План-планы менен адамдык абийир көмүлбөшү керек», — деген сыяктуу ойлордун баары сөз аркылуу айтылат.
Тасмада сюжет өнүкпөйт, эмоция, кыймыл-аракет жетишсиз.
Карама-каршы ойлор
Жусуп: «Улуу кыргыз каганатын кантип жоготтук? Мен үчүн табышмак», — десе, Мария, анын сүйгөнү: «Эгер Барсбек улуу кыргыз каганатын түзсө, сен анын жолу менен кетмексиң да», — дейт.
Бул сөз көрөрманды «Улуу кыргыз каганаты тарыхта болгонбу же болбогонбу?» деген суроого түртөт.
Жусуп Маяковскийдин каза болгондугун радиодон угат. Кийинки эле эпизоддо секретары кирип: «Сизге Москвадан телефон чалып жатышат», — дейт.
Жусуп телефонду алып: «Уктум», — деп жооп берет.
Тасмада ушуга окшогон, буга чейин эле айтылган маалыматты кайрадан тастыктап, бир нерсени эки жолу көзгө сайып түшүндүргөн эпизоддор бар.
Күндөлүк жана Жусуптун ички дүйнөсү
Тасмада баштан-аяк Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү өзгөчө орунду ээлейт. Күндөлүктө мекен алдындагы аткарар милдетинен тартып, тил, сүйүү, үй-бүлө темалары козголуп, Жусуптун ой-толгоолору кадр сыртынан жаңырып турат.
Жусуптун бир ой-толгоосунда: «Мария жөн гана дос эмес, ишенимдүү тирек. Мариянын көзүн караганда сулуулукту көрүп, сырдуулукту сезем», — деген сөздөр айтылат.
Ал эми башка бир күндөлүгүндө: «Менин жашоомдун маңызы — үй-бүлөм. Мен алар үчүн жашайм. Кээде жол тумандап кеткен болот», — деген ой берилет.
Бул жерде Мария менен болгон сүйүүсүн жокко чыгаргандай карама-каршы ойлор пайда болот. Анан отуруп алып ойлонууга туура келет: режиссёр ушундай карама-каршы ойлорду бир линияга колдонуп, кандай ойду бергиси келди экен?
Актёрдук чеберчилик жана музыка
Тасма профессионал актёрлордун кеңири катышуусуз тартылган. Болгону эки-үч профессионал актёр көрүнөт. Ал эми тасманын музыкасын Мурзалы Жээнбаев жакшы жазыптыр. Музыка аркылуу тасманын маанайын сөзсүз эле сөздүн жардамысыз түшүнүүгө болот.
1935-жылы Оренбургдан Жусуп Абдрахмановду кармап кетишет. Ага «улутчул», «Социал-Туран Түркстан партиясын негиздеп, өзүнчө өлкө курам деген», «Совет өкмөтүнө каршы чыккан» деген айыптар тагылат.
Чоң-Таштагы Жусуптун окуясын тасманын башында бирге окуган кыз катары көрсөтүлгөн Бүбайра көрүп калат. Бул дал келүүчүлүктү мен түшүнгөн жокмун.
Тасманын аягында патриоттук сөздөр жаңырып, туу желбирейт. Мамлекеттин түзүлүшүнө, кыргыз тилинин өнүгүшүнө тиешеси бар журт өкүлдөрү аянтта, желектин алдында турушат.
Менин көз карашымда, тасма ушундай тартылган.
P.S. Чотуева Айдай — режиссёр, Кинематографисттер союзунун мүчөсү. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино режиссура бөлүмүн аяктаган.
«Полушарие Интроверта» онлайн курсунда 700 сааттык кинокритика багыты боюнча билим алган.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR