Жусуп Абдракманов: Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө – 2

1-бөлүк>>>>>

Согуш жылдары, көтөрүлүш, анын жеңилиши жана жеңилишинин себептери

Согуш жылдары. Согуш жылдарында биз кандай абалда элек? Биз, жолдоштор, эмгекчилер массаларын эксплуатациялоо күчөп, пахта жана мал өстүрүүчү чарбалардын дээрлик бардык продукцияларына монополиялык баалар коюлуп, ал баалар продукцияларды өндүрүүгө пахтачылардын жана малчылардын жумшаган чыгымдарын актабай калган абалда турган болчубуз. Эмгекчилер массалары пахтаны, кийиздерди, кой терилерин жоого минүүчү жылкыларын, боз үйлөрүн ж. д. у. сыяктууларын акчанын баркы кетип, өнөр жай товарларынын баалары өлчөөсүз өсүп жаткан кезде көпөстөргө мына ушул монополиялык баалар менен сатуулары тийиш болгон.

Мындан тышкары, согушуп жаткан армиянын муктаждыктары үчүн «ыктыярдуу» түрдө кийиз, байпак, aркан, жүн, тери, май ж. д. у. сыяктууларды чогултуу уюштурулган, булардын баары топтолуп эмгекчилер массаларынын мойнуна түшкөн, анткени падышалык администрация тарабынан колдоого алынган байлар жана манаптар ошол алымдардын баарынан бошотулган болучу. Бул «ыктыярдуу» чогултуулар адатта мындай жол менен жүргүзүлгөн: уезддин начальниктери же участоктук приставдар болуштарды чакырып алып, согушуп жаткан армиянын жоокерлеринин муктаждыктар үчүн мынчалык кийиз, кой терисин, боз үй ж. б. у. сыяктууларды чогултуу керек деп айтышкан. Алар өз кезегинде айыл старчындарын жана атка минерлерин чогултуп, начальниктердин буйругун билдиришкен, кийинкилери болсо, албетте, эч кимди чогултпай эле кожолуктарга эмнени чогултуулары керек экенин бөлүштүрүп, аларды тапшыруунун мөөнөттөрүн так көрсөтүшкөн. Албеттe, байлардын жана манаптардын кожолуктары андай чогултуулардан бошотулган.

Согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан жөнөтүлгөн мал-мүлктүн өлчөмү жөнүндө падышага 1917-жылы берген отчётунда Куропаткин мына буларды билдирген: согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан 40. 899.244 пуд пахта, 38004 чарчы аршин кийиз, 3109 миң пуд пахта майы, 229 пуд самын, 300 миң пуд даярдалган эт, 473 928 пуд балык, 70 миң жылкы, 12 797 төө, 13441 үй1 жөнөтүлдү. Көрүп турганыңыздардай, жөнөтүлгөн нерседердин тизмесинде боз үйлөр аяк жагында келтирилген. Бул боз үйлөрдү кантип жана кимдерден алышкан? Байлар жана манаптар бир нече боз үйлөрү болсо да боз үй беришкен эмес, бирок мунун эсесине кедейдин жана орто чарбанын акыркы боз үйүн алып коюшкан. Жылкы жагынан да ушундай болгон. Тандап алуу комиссиясына кедейдин жылкысы жагып калган болсо, аны а-бу деп отурбай эле алып коюшкан: Кедейлер жана батырактар мунун үстүнө империалисттик кырылышта салгылашып жүрүшкөн солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн акысыз иштеп беришкен. Көрүп турганыңыздардай, жергиликтүү калктын эмгекчи адамынын абалы 1916-жылга карай адам чыдагыс болгон. Алар өзүлөрү үчүн гана эмес, ошондой эле байлар жана манаптар үчүн да материалдык зыяндарды тартышкан. Алар солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн эмгегине эч нерсе албай иштеп беришкен.

Согуш, мына ошентип, жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын жакырданышынын күчөп жаткан процессин дагы көбүрөк тездеткен, колонизаторлор, байлар, манаптар, сүткор көпөс аёосуз эксплуатациялаган паупер, батрак болууга аргасыз болгон адамдардын армиясын көбөйткөн. Алар жумушчу боло алышкан эмес, анткени падышачылык бул жерге өнөр жай ишканаларын курдурган эмес.

Шексиз, алардын аргасыздык, муктаждык, жакырдык абалы эмгекчи массаларында падышачылыкты толук закондуу жек көрүүнү туудурган. Ал кезде кыргыз эмгекчи массаларынын ичинен падышачылыктын согушта жеңилишин каалабаган адамды учуратуу кыйын эле. Кыргыздар падышалык армиянын жеңилгендиги жөнүндөгү ар бир кабарды чала, ошондой болсун, «ак падыша» калыстыктан калып бараткан эле деп угушкан Алардын чыдамы чегине жетип бүткөн эле. Кыргыз калкынын негизги бөлүгү өндүрүштүн негизги каражаттарынан — жерден, жайыттан жана суудан кол жууп калышы, аларды мүңкүрөткөн жакырдык, aчкaлыктaн өлүү кадиксиздиги, кулактардын, падышалык администраторлордун, байлардын жана манаптардын ж. д. у сыяктуулардын биргелешкен күчтөрүнүн эзүүсүнөн кутулууну көксөө — 1916-жылдагы көтөрүлүштүн объективдүү өбөлгөлөрү мына ушулар болгон.

Эмгекчи массалардын кыжырдануусу дүрмөттөр сакталган ороодой дүрт жарылууга даяр турган, бирок бул үчүн учкун керек эле. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу мына ошол учкун болгон. Мына ошентип, oopyк жумуштарына жумушчуларды алуу көтөрүлүштүн чыгышына түздөн-түз шылтоо болгон, негизги себептери мен жогоруда айтып өткөн экономикалык факторлордо бугуп жаткан. Бирок оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун өзү деле белгилүү даражада себеп болгондугун, бирок чечүүчү, негизги себеби болбогондугун эскерте кетүү керек. Көтөрүлүштүн чыгышынын негизги себептери социалдык-экономикалык факторлордо, колониялык эзүү тартиби жерден, суудан, малдан бир сөз менен айтканда, күн көрүү каражаттарынан кол жуудуруп салган эмгекчи массалар үчүн адам чыдагыс абал болуп калгандыгында эле.

Ошондой болсо да мен оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун маанисине да учкай токтоло кетмекчимин. Адамдар оорук жумуштарына гана алынып жаткандыгына, албетте, эч ким ишенген эмес. Мындай шылтоо менен солдатка алып жатышкандыгына дээрлик ар бир адамдын көзү жетип турган. Падышалык армияда эч кимдин кызмат кылгысы келген эмес. Кыргыздар падышалык армияда кызмат өтөөнү ушунчалык жек көрүшкөн, ошондуктан алар жер-суусу каратылып алынган алгачкы жылдарда өз балдарын окууга орус мектептерине беришкен эмес, анткени эмнегедир орус мектептеринде окуган балдарды сөзсүз армияга алып кетишет деп ишенишкен. Ошондуктан, Жети-Суу областынын биринчи согуш губернатору Колпаковский орус жана жергиликтүү калк үчүн мектептер ачып, манаптарга балдарыңарды ошол мектептерге окууга бергиле деп сунуш кылганда, алар кедейлердин балдарын жана жетимдерди бергенибиз туура деп табышыптыр. Андай балдарды мектепке окууга берип жатышканда «буларды солдатка алып кетишсе да, каапыр кылып коюшса да ичибиз оорубайт» деп коюшчу экен. Бирок ал жетимдер орус да, солдат да болбой эле тилмечтикке үйрөнүп, алардын өзүлөрүнүн «куйругун бурап» киришкенден кийин гана балдарын орус мектептерине бере башташыптыр.

Мындан тышкары, оорук жумуштарына алууга эмгекчилер массаларынын мындай терс мамиле жасашында алардын фронттогу чыныгы абалды билбегендиги да кыйла роль ойногон. Орус дыйкандары менен ирегелеш жашап, алардын көбү менен таанышып калган кыргыздap фронтко жөнөтүлгөн Иванов, Петров ж. д. у. сыяктуулардын көбү үйлөрүнө экинчи кайрылып келишпестигин жакшы билишкен. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу жөнүндөгү буйрукту эмгекчилер массалары мына ошон үчүн өтө душмандык менен кабыл алышкан.

Кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын арасында оорук жумуштарына алуу жөнүндө ача пикир болгон эмес. Алардын баары буга бир кишидей каршы чыккан. Ошентип, падышалык администрация болуштардын жана манаптардын жардамы менен мобилизациялоого даярданып жаткан кезде эмгекчилер массалары көтөрүлүшкө камылга көрө баштаган.

Манаптардын басымдуу көпчүлүгү мобилизациялоону кош колдоп кабыл алган. Алар мобилизациялоонун камсыз кылынышы үчүн массаларга таасир этүүнүн бардык каражаттарын, «ал тургай» орус куралынын күчү менен коркутууну да колдонушкан.

Россиянын борбордук шаарларында болуп келишкен кээ бир манаптар (Кыдыр) орус армиясынын күчүн өз көзүбүз менен көрдүк, ага каршы күрөшүүгө болбойт, мүмкүн эмес деп, калкты ынандыра баштаган. «Жакшы куралданган орустарга каршы согушууга болбойт, Баарыбызды кекиликтей терип атып, кырып таштайт». Мындай сөздөр көтөрүлүш чыгарууга каршы ынандыруунун көндүм ыгы болуп калган.

Падышалык бийликтин буйругу боюнча байлар, манаптар паралап, балдарын армиядан алып калууга, балдарынын ордуна жалданма кедейлерди, батрактарды жиберүүгө укуктуу болушу эмгекчилер массаларына бөтөнчө күчтүү таасир эткен. Байларга жана манаптарга берилүүчү жеңилдиктер жөнүндөгү бул буйрукту чыгарууда, жумушчуларды оорук жумуштарына алууну жүргүзүүдө падышалык администраторлор алардын колдоо көрсөтүшөрүнө негисиз үмүттөнүшпөгөн болуу керек. Калыбы, байлардын жана манаптардын колдоосу камсыз кылынар болгон соң чакырыктын ийгилиги да колубузда деп ойлошкон окшойт. Бирок алар дал ушул буйрук падышалык бийликтин өкүлдөрүн гана эмес, ошондой эле байларды жана манаптарды да эмгекчилер массаларынын жек көрүүсүн чегине жеткирип, жаалдантып чыгарарыш эске алышкан эмес. Бул буйруктан кийин болуштардын жана падышачылыктын башка малайларынын оорук жумуштарына барууга көндүрүү аракеттерине эмгекчилер массалары «өзүңөр паралап барбай калар болгон соң айта бересиңер да», — деп кыска жана кесе айтышкан.

Ошентип, кыргыз эмгекчи массалары көтөрүлүшкө улуттук боштондукка чыгуу күрөшүнө даярдана башташкан.

Кыргызстандын кээ бир жерлеринде айрым манаптардын көтөрүлүшкө катышкандыгы жана ал тургай ага башчылык кылууга аракеттенгендиги эч качан жаңылыш пикир туудурбашы тийиш. Бул эреже эмес, падышачылык «таарынтып» койгон, эмгекчилер массаларынын талап-тоноого падышалык администрациянын жардамы менен ыңгайлаша албай же начар ыңгайлашып калган манаптардын ушундай катмарлары дуушар болгон чанда бир учураган көрүнүш болгондугу эсиңиздерден чыкпасын. Алар көтөрүлүшкө падышалык бийликке каршы күрөшүү үчүн, кыргыз калкынын мүңкүрөп тургандыгына жаны ачыгандыгы, улуттук боштондукка чыгуу идеясына жан тарткандыгы үчүн эмес, эмгекчилер массаларынын кыймылы алардын өзүн тебелеп кеткидей кулач жайып алганынан коркконунан катышышкан. Ошондуктан көтөрүлүшкө даярдануу убагында падышлык администрациянын колунан эч нерсе келбей калганын жана эмгекчилер массалары активдүү аракеттенип жатканын көргөндөн кийин массаларга тийгизген таасиринен ажырап калбоо үчүн көтөрүлүшкө кошулуп, кээ бир жерлерде кыймылга да башчылык кылышкан. Көтөрүлүшкө каршы болгондорунун чыккынчылык кандай роль ойногондугу өзүңүздөргө түшүнүктүү. Бирок кандыкка көтөрүлгөндөрү да чыккынчылык чоң роль ойноптур. Шабданов Мөкүш Пишпек уездинин, Канат Ыбыкеев Загорский волостунун хандыгына көтөрүлгөн.

Эми ошолор эмне кылганына токтололук. Көтөрүлгөн калк тарабынан хандыкка шайланып, массалардын күрөшүнө жетекчилик кылып жүрдүм эле демиш болгон ошол Канаттын айтканынан алар (Шабданов Мөкүш жана башкалар) 7-августтан Пишпек уездинин начальниги Рымшевичке жаштар оорук жумуштарына барбайбыз деп жатышкандыгын айтып барышкандыгын жана уезддин начальнигинен мандемдүү жерлерге аскер жиберүүнү суранышканын билебиз. Ал жерде Загорный волостунда үч күндөн кийин көтөрүлүш башталып, Канат өзүн ханмын деп жарыялаган.

Бай-манаптардын айрым катмарчаларынын көтөрүлүшкө катышканы, кээ бир учурларда алардын көтөрүлүшкө жетекчилик кылышкандыгы, анан «хан бийлигин калыбына келтирүү маанисинде айтканда» кыймылга «феодалдык реакциянын демин кошкондугу» көтөрүлүштүн революциячыл мүнөзүн өзгөртө алган эмес. «Улуттук боштондук кыймылынын революциячыл мүнөзү, — деп жазат жолдош Сталин, — империалисттик эзүүнүн кырдаалында (курсив меники —Ж. А.) кыймылда пролетардык элементтердин сөзсүз болушун, кыймылдын революциячыл же республикачыл программасынын болушун, кыймылдын демократиялык негизинин болушун дегеле талап кылбайт. Афганистандын көзкарандысыздыгы үчүн афган эмиринин (Аманулла хандын —Ж. А.) күрөшү эмирдин жана анын шериктеринин көз караштарынын монархиячыл мүнөздө экендигине карабастан, объективдүү түрдө революциячыл күрөш болуп саналат, анткени, ал күрөш империализмди начарлатат, ичинен иритет, алсыратат, ал эми айталык, Керенский жана Церетели, Ренодель жана Шейдеман, Чернов жана Дан, Гендерсон жана Клайн сыяктуу «оттон-суудан кайра «тартпаган» жана республикачылардын империалисттик согуш убагындагы күрөшү реакциячыл күрөш болгон, анткени аны натыйжасы «империализмди жасап-түзөө, чыңдоо, империализмдин жеңиши болгон» («Вопросы ленинизма», стр. 49).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук боштондук мүнөзү да анын өзүнүн табиятынан, «империалисттик эзүүнүн кырдаалында» Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин улуттук кыймылы болгондугунан, өзүнүн натыйжасында россиялык империализмди начарлатуу, ичинен иритүү жана алсыратуу максатын көздөгөндүгүнөн келип чыгат.

Кээ бир манаптардын алигинтип хандыкка көтөрүлүп калуу фактысын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул «саясий жактан уюшкан пролетариат» тараптан көтөрүлүшкө жетекчилик кылуу болбогондугу менен түшүндүрүлөт, анткени россиялык пролетариат ал кезде падышачылыкка каршы чечүүчү күрөшкө, көтөрүлгөн массаларга жардам берүүгө али ачык чыга алган эмес. Россиялык пролетариаттын революциячыл жогорулоосу мындан бир нече айдан кийин, жеке бийлөөчүлүккө каршы колуна курал алып чыккан февраль-март күндөрүндө гана өз бийиктигине жеткен. Падышачылык Түркстандагы бирден бир революциячыл большевиктер партиясын терең подпольеге кетүүгө аргасыз кылгандыктан, ал партия көтөрүлүшкө жетекчилик кыла алган эмес. Мына ошентип, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын эмгекчилер массаларынын көтөрүлүшү пролетариаттын жана большевиктер партиясынын жетекчилигисиз калган. Революция жүрүшүн жана аякташын мына ушул жагдай алдын ала чечип койгон. Бирдиктүү пролетардык жетекчиликтен ажыраган, улам бир жердеги чыгуулар мүнөзүндө болгон колониялык көзкарандылыктагы Орто Азия элдеринин баатырдык көтөрүлүшү басылып ташталган.

Владимир Ильич Ленин 1916-жылдагы Ирланд көтөрүлүшү жөнүндө минтип жазган: «Ирланддардын бактысыздыгы көтөрүлүшкө өз убагында эмес, пролетариаттын Европада болор көтөрүлүшү али жетиле элек кезде чыгышкандыгында турат» (Ленин, XIX, стр. 197) Владимир Ильичтин бул сөздөрүн Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө толук жана бүт бойдон колдонсо болот.

Биздин бактысыздыгыбыз ал кезде opуc пролетариаты падышага, россиялык империализмге каршы чечкиндүү күрөшкө ачык чыга албагандыгында жана Opто Азиянын көтөрүлүшкө чыккан элдерине реалдуу жардам бере албагандыгы болгон.

Падышалык өкмөт көтөрүлгөндөргө каршы ошол кездеги эң жаңы техника менен куралдандырылган зор армияны аракетке келтирген, а көтөрүлгөн массалар учуна темир кыма капталган найзалар жана бурама байланган салмоорлор же жөн эле таяктар, эски түтөтмөлөр менен куралданышкан эле. Падышалык генералдар бул массага көп сандаган куралдуу күчтөрдү каршы коюшкан, алардын бир бөлүгү империалисттик согуштун майдандарынан алып келинген.

Жети-Суу областынын согуш губернатору Фольбаумга генерал Куропаткиндин жиберген телеграммасынан көтөрүлгөн массага каршы бир гана Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар батареясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 17 пулёмет каршы аракеттенгендиги көрүнүп турат. Күч тең эмес болгондугун бул жерде далилдеп отуруунун кажети жок. Бир тарапта согуш өнөрүнүн бардык эрежелерине ылайык үйрөтүлгөн, борборлоштурулган башкаруусу, замбиректери жана пулёметтору бар, экинчи тарапта ‒ союл, чокморлор менен куралданган, башкарган жетекчилиги жок массалар турган.

Көтөрүлгөн массалардан Куропаткин жетишерлик чоң коркунучту көргөн, ошондуктан ал өзүнүн замбиректери жана пулёметтору бар солдаттарына гана эмес, ошондой эле Орто Азиянын биринчи жолу басып алгандардын да «тажрыйбасына» таянууну зарыл деп тапкан. Ошол эле Фольбаумга жиберген телеграммаларында ал: Фольбаумга караганда каруу-күчү аз полковник Колпаковский мындан 52 жыл мурда Верныйга (Алма-Атага) таандай каптап чабуул коюп келе жаткан колду тайманбай утурлай чыгып, ал колдорду Кастек ашуусунда баш көтөргүс кылып талкалагандыгын, генералдар Черняев, Романовский, Кауфман жана Скобелев Сыр-Дарыя, Самаркан жана Фергана областтын көп каруу-күчсүз басып алышкандыгын айткан жана Фольбаумга алардан өрнөк алууну сунуш кылган.

Бул аскерлердин көп бөлүгү көтөрүлгөн кыргыздарга каршы жиберилген, анткени, көтөрүлүш Түркстандын эч бир жеринде Ысык-Көл, Нарын аймактарындагыдай жана Чүй өрөөнүндөгүдөй айыгыша жүргөн эмес.

Кыргыздардын эки уезди үчүн Куропаткиндин таш боордуктун бөтөнчө чарасын көрүүнү — кыргыздарды акыркы бир таман жеринен кол жуудурууну чечиши көтөрүлүштүн мына ушул мүнөзү менен түшүндүрүлөт. Ушул жерде бир цитата келтире кетүүгө уруксат этиңиздер, анткени ал кыргыз аймактарында көтөрүлүш кандай кулач жайгандыгын түшүнүү маанисинде гана эмес, ошондой эле падышалык генералдар кыргыздардын акыркы калган жерлерин тартып алып, алардын ачарчылыктан тукуму курут болушуна кантип жетишмекчи болгондугун да түшүнүү үчүн кыйла кызык мисал болуп саналат.

«Көтөрүлүштүн жол башчыларын, — деп жазат Куропаткин, — терип кыруу зарыл, ага катышкан массаны кечирип коюуга да болот (боорукердик кылганын карасаңыз»? — Ж. А.). Мен падышага да ушул мааниде айтамын, бирок козголоңчулар орустардын канын көп төккөн Пишпек уездинин Загорский бөлүгүндөгү бардык волосттогулар жазаланат анан Көл кылаасы жана Кебен (Кемин) өрөөнүнүн жерлери кыргыздардан түбөлүккө тартып алынат, ал жерлердеги кыргыздар Нарын аймагындагы тоолорго сүрүлүп чыгарылат, козголоңчуларды минтип катуу жазалоо — аларды жерден кол жуудуруу кыргыздардан татыктуу өч алуу болуп саналат». (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам).

Куропаткинге өз пикирин билдиргенинде Фольбаум да дал ушундай көз карашта болгон. Ал «талаа кыргыздарын жеңил-желпирээк жазаласак болот, бирок пишпектик жана пржевальскилик кара кыргыздарды Токмок (Чүй) өрөөнүнөн, Кебен өрөөнүнөн жана Көл кылаасынан таптакыр айдап чыгуу керек» (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам), — деп жазган.

Кыргыз аймактарында аракет кылган жазалоочу отряддар бул көрсөтмөлөргө ылайык туткундар менен баш оорута турган эмес. Отряддар туткунга түшкөн кыргыздарды бала-чакалары менен чогуу атып таштаган. Ушул эле дейсизби? Караколдо, Түптө жайа Теплоключенкада көтөрүлүшкө катышпаган кыргыздар, уйгурлар атып ташталган, а уйгурлар тескерисинче көтөрүлүштү басып таштоого жардам беришкен.

Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут кылуу үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан, ал планга ылайык үрккөн адамдар качып кетиши мүмкүн тоо өткөөлдөрүн жана ашууларын тосуп таштоо алдын ала каралган. Жазалоочу отряддар Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жеринде, Жумгалда, Нарында, Көк-Артта, Каркырада кыргыздарды» кекиликтей кууп жүрүп атышкан. Алар 1916-жылдагы көтөрүлүштү басып таштоого, көтөрүлгөн калкты талкалоого жетишкен. Кыргыздар Түп, Сырт ж. д. у. с. жерлерде өзүлөрүнүн мал-мүлкүнүн теңинен көбүн калтырып, Кытайга үркүп кетишкен. Кытайга үркүп кетүүнүн, жазалоочу отряддардын аракеттеринин натыйжасында болжол менен 150 миңге жакын адам чыгым болгон.

Кош, Кытайга үркүп баргандардын абалы кандай болду экен? Бул жөнүндө көп айтып отуруунун кажети жок. Чек арада кытай-калмактар ок атып тосуп алып, кыргыздарды талап-тоной башташкан жана алар бул жерде да акыркы малынан ажырап, нан-тузсуз калууга аргасыз болушкан. Ачкадан өлө башташкан. Муну менен бирге үркүп баргандардын арасында келте башталган. Ошентип кыргыздардын көпчүлүгү аялдарын жана кыздарын сатып күн көргүдөй абалда калган. Түркстандагы падышалык администраторлор буга карабастан дыйканчылык министерствосунун уруксаты боюнча кыргыз жерлерин орус келгиндерине берип, кыргыздарды бир таман жерсиз калтыруу боюнча өзүлөрүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыра беришкен.

Аларга мурда келген орус поселокторундагылар жардам беришкен, алар кыргыздар Кытайга кетишкенден кийин кыргыз калкынын жерлерин басып алышып, өз бет алдынча поселоктор курушкан. Үрккөндөр Кытайдан кайтып келе баштаган февраль революциясынан кийин алардын жери да, баш пааналай турган жайы да жок болуп чыккан. Алар топ-тобу менен бир үзүм нан, бир ашмүшкө чай үчүн, ал эми кээ бир жерлерде кара курсагын кампайтыш үчүн гана орус кулактарынын татар көпөстөрүнүн кол алдында иштешкен.

1916-жылдагы көтөрүлүштөн материалдык жактан бир аз зыян тартып калган орус кулактары отряддар курап, ал отряддар айылдарды кыдырып, кыргыздарды өлтүргөн. Көтөрүлүш өтө күчтүү жүргөн Каракол уездинде кыргыздардын улуттук кийим кийиши кыргыздар үчүн улуттук маскаралык, улуттук душманы болуп калган. Караколдун көчөлөрүндө кыргыз тебетейин, кыргыз чапанын кийип жүрүүгө мүмкун болбой калган. Базарга келген кулактар кыргыздарды өз билгендеринче жазалап, ташка алып сабаган, кордошкон, бийликтин өкүлдөрү — полицейскилер — тартиптин «сакчылары» күлактар, колонизаторлор карып кыргыздарды кантип сазайын берип жатышкандыгын мурутун чыйратып, карап турушкан.

ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ

Февраль революциясы жана анын натыйжасында падышанын тактан кулашы үрккөн кыргыздардын арасындa жаңы өкмөт кулактардын зордук-зомбулугунан коргоп калат, жерибизди кайтарып алышыбызга жана чарбачылыгыбызды жайгаштырышыбызга жардам берет деген сыяктуу үмүт менен Россияга кайтып келүү ниетин күчөткөн. Бирок алардьш бул үмүттөрү акталган эмес.

Убактылуу өкмөт буржуазиянын жана помещиктердин өкмөтү болгондуктан, анын органдарынын аракеттерин падышалык бийликтин органдарынын аракеттеринен айырмалоого мүмкүн болгон эмес. Убактылуу өкмөт тараптан үрккөн кыргыздарга жер-суусун кайтарып берүү жана материалдык жардам көрсөтүү жагынан реалдуу эч кандай кол кабыш болгон эмес. Тескерисинче, убактылуу өкмөттүн убагында мындай да окуялар болгон: Каракол уездинде Ибрагимов деген бир татар көпөсү өзүнүн унаа жылкысы жок сыяктанып, он чакты кыргызды кырман ташка чегип, 1916-жылдагы көтөрүлүш убагында кыргыздар өзүлөрү жыйнап алууга үлгүрбөй калган буудайды, арпаны ошол батырактардын күчү менен бастырып, кампасына куюп алган.

Ошол эле көпөс Жети-Өгүз капчыгайында жапайы карагат өскөн жерди өзүнчө менчиктеп ээлеп алып, кыргыздарды ошол карагаттарды терүүгө мажбурлап турган, анан эрин-башы карайып калгандарын көрүп калса, сен карагатты жеп койдуң деп, ал адамдын тилин сундуруп, тикенек менен сайдырчу экен. Мына ушунун баары Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн көз алдында болуп келген.

Пржевальск уездинин уезддик комиссары, падышачылык доорундагы келгиндер башкармасынын мурдагы начальниги кыргыздардын жашоосу жана мал-мүлкү үчүн коопсузураак болот демиш болуп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында жашаган кыргыз калкынын Көлдүн батыш жагына көчүп барышына аракеттенген, ал чынында орус кулактарынын поселоктору аркылуу үркүндөн кайткан кыргыздар өтүп баратышканда аларды калган мал-тегесин жана мүлкүн орус кулактарына талатып калууну көздөгөн. Ал, албетте, бул оюна жеткен.

Балким, бул Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрүнүн «чыгармачылыгы» болуп жүрбөсүн? Мүмкүн Убактылуу өкмөттүн крайлык жана областтык органдары кыргыздарды жайгаштыруу, аларга жардам берүү маселелеринин үстүндө иштегендир? Жок, алар өзүлөрүнүн жергиликтүү өкүлдөрүнөн айырмаланышкан эмес, үркүндөн кайткандарды жайгаштыруу маселелеринин үстүндө иштеген эмес жана иштегилери да келген эмес. Биздин эски таанышыбыз О.А.Шкапский жана кесиби инженер казак Тынышбаев Убактылуу өкмөттүн Жети-Суу областындагы комиссарлары болуп дайындалган. Ошентип алар Алма-Атага бара жатышкан жолунда, Фрунзеде үркүндөн кайткан кыргыздардын өкүлдөрү аларды тосуп алып, өзүлөрүнүн оор абалын, үркүндөн кайткандарды кулактар, топ-тобу менен өлтүрүп жатканын, үркүндөн кайткандар ачкалыктан кантип өлүп жатканын айтып, анан, албетте, кулактардын зордук-зомбулугунан коргоону, материалдык жактан жардам берүүнү суранышкан. Ошондо Тынышбаев менен Шкапский эмне чара көрүштү экен дебейсиздерби. Тынышбаев алардын арыз-арманын уккан соң «мунуңар түккө турбаган иш, азыр бул жөнүндө эмес, учредителдик чогулуш туурасында ойлонуу керек. Ага биринчи кандидат, албетте, менмин, экинчи кандидат болсо — Жайнаков, а калган иштер жөнүндө Алма-Атага барганда ойлонуп көрөбүз» дегенден башка сөз айтпаптыр.

Үркүндөн кайткандардын өкүлдөрү эртеси күнү өзүлөрүнүн арыз-муңун кайталап айтканында ошол эле Тынышбаев «силерди көтөрүлүш чыгарууга мен мажбур кылган эмесмин жана муну иштөө азыр менин ишим эмес», — деп коюптур. Ишенген кожом сен болсоң... деген ушул да.

Февраль революциясы жана ал жараткан «демократиялык өкмөт Кытайдан кайтып келген кыргыздардын андан күткөн үмүттөрүн актаган эмес. Кытайдан кайтып келген кыргыздарга жардам берүү ишин жүргүзгөн бирден бир орган областтык Кыргыз Аткаруу Комитети болгондугун айта кетүү керек, бирок анын жардамы кыргыз эмгекчилер массаларына жеткен эмес. Бул комитет менен жардамга чындап муктаж болуп турган, ачарчылыктан өлүп жаткан үркүнчүлөрдүн ортосунда арачылык, таратып берүүчү инстанция болгон. Ага кыргыз манаптары башчылык кылган, бул манаптар үркүнчүлөр үчүн берилгендин баарын өзүлөрү алып калышкан. Кыскасы, Убактылуу өкмөт кыргыздардын абалын кенедей да жакшырткан эмес. «Демократиялык өкмөт» кыргыздарды кулактардын зордук-зомбулугунан жана ачкалыктан өлүүдөн сактап калуудан, падышалык өкмөт жана колонизатор кулактар тартып алган жерлерин аларга кайтарып берүүдөн «демократиячылдык» кылбай, баш тарткан.

Мында түшүнүксүз эч нерсе жок. Анткени, февраль революциясынан кийин Орто Азияда болгон бардык өзгөрүш чынында бийлик органдарынын падышанын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азияны өзүбүздүн колониябыз, сырье алуучу эң бай булагыбыз деп мурдагындай эсептеп турган россиялык империалисттик буржуазиянын өкүлдөрүнүн колуна өтүшү эле болгон.

Меньшевиктердин жана эсерлердин таасири астында турган, падышачылыктын колониячылдык саясаты бузуп койгон жумушчу массаларынын кыйла бөлүгү (темир жолчулар, Фергананын өнөр жайлуу пункттарынын жумушчулары ж. б.) дээрлик октябрь күндөрүнө чейин жергиликтүү калктан пролетар жана жарым пролетар катмарларынын уюштуруучусу катары чыга алган эмес. Февраль революциясынан кийин уюшкан солдат, жумушчу жана солдат депутаттарынын Советтери шаарларда гана топтолуп, өзүнүн иш-аракеттеринде негизинен гарнизондордун жана шаарлардын орус калкын гана камтыган.

Мына ошондуктан айылдардагы жана кыштактардагы эмгекчилер массалары өзүлөрүнүн жергиликтүү байларынын, манаптарынын жана булардын кызыкчылыктарын билдирген жергиликтүү интеллигенциянын бийлигинде мурдагысындай эле кала берген. Саясий партиялардын жана топтордун шаарларда жүрүп жаткан күрөшүнүн маани-маңызы жергиликтүү эмгекчилер массалары үчүн таптакыр белгисиз бойдон кала берген. Муну мындай бир факт менен түшүндүрүүгө болот. Учредителдик чогулушка шайлоо убагында кыргыз «букараларынын» өкүлдөрү деп аталгандар казактардын контрреволюциячыл «Алаш-Ордо» партиясынын өкүлүнүн — Убактылуу өкмөттүн комиссары болуп турганында колонизатор кулактардын террорчуларынын жана арбайган ачарчылыктын колунан жүздөп өлүп жаткан, үркүндөн кайтып келген кыргыздарга жардам берүү маселелерин чечүүнүн үстүндө иштөөдөн кашая баш тартып койгон жана Октябрь революциясынан кийин контрреволюциячыл «Кокон автономиясын» түзүүнү жактагандардын» жол башчыларынын» биринен болуп калган Тынышбаевдин кандидатурасын колдошкон.

Жергиликтүү эмгекчилер массалары февралдан октябрга чейинки мезгилде таптык күч катары уюша алышпаган болсо, жергиликтүү буржуазия, феодал жана жарым феодал төбөлдөр жана Орто Азия элдеринин дин кызматкерлери жөнүндө минтип айтууга болбойт. Орто Азия элдеринин эксплуататор таптары, алардын ичинде кыргыз байлары жана манаптары да кулач жайып жаткан окуялардын маани-маңызы: эң сонун түшүнүп, өзүлөрүнүн күчүн Октябрь революциясына каршы, Совет бийлигине каршы күрөшкө шашылыш мобилизациялай баштаган.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз