Жусуп Абдракманов: Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө - 1

  • 06.11.2020
  • 5037

Сүрөттө: Кыргыздын улуттук мамлекетин түптөөчүлөр Жусуп Абдракманов жана Абдыкадыр Орозбеков.

Автордон

Бул китепче кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн жана Фрунзе шаардык Советинин үстүбүздөгү жылы 11-августта Фрунзе шаарынын партиялык, профсоюздук жана комсомолдук уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушунда өзүм жасаган докладдын стенограммасын кайра иштеп чыгуунун жана «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан» газеталарында жарыяланган «Октябрдын жарчысы» деген макаламдын негизинде жазылды.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн баалоодо «Октябрдын жарчысы» деген макаланын алгачкы текстинде өзүм кетирип койгон жаңылыш пикирлер кайрадан иштелип чыкты.

Орто Азиядагы революциячыл кыймылдын тарыхы, айтсак, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхы атайын иликтеп-изилдөөнү талап кылуучу чоң, татаал тема, ишим көп болгондуктан антип иликтеп-изилдеп чыга алган жокмун.

Бул китепченин жакшы-жаман жазылганы жөнүндө пикир айта албайм. Бирок ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген тарыхчыга жардам берсе, падышалык Россия жергиликтүү эзүүчү таптар менен биригип алып, кыргыз эмгекчилерин аёосуз эзип турган «.. кандуу ыплас өткөн эски мезгилди» (Ленин) кыргыз эмгекчилер массасынын кандайдыр бир даражада болсо да түшүнүшүнө жардамы тийсе, анда бул эмгегимди бекер жарыялабаган экенмин деп эсептейм.

Жакынкы келечекте бул темага дагы бир жолу кайрылып, мындан көбүрөк салмактуу эмгек берсемби деген ниетим бар. Ошондуктан факт жүзүндөгү материалдар жагынан да, ошондой эле бул китепче жөнүндөгү иш билгилик сыны менен да мага жардам берүүнү туура тапкан бардык жолдошторго ыракмат айтам.

Бул китепчени басып чыгаруу бир жылдан көбүрөк кармалып калды. Ушуга байланыштуу Советтик Кыргызстандын чарбалык жана социалдык-маданий жактан өсүшүн мүнөздөгөн цифралык материалдар бир аз эскирип кетти. Анткени, Кыргызстан бул мезгилдин ичинде курулуштун бардык жактарында алга карай зор кадам таштады. Анткен менен бул цифралык материалдар тарыхый белгилүү датага карата Кыргызстандын абалын туура мүнөздөйт деген ойдон улам аларды өзгөртүүсүз калтырдым.

Жолдоштор, биз Орто Азиянын жана Кыргызстандын эмгекчи массаларынын 1919-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө сөз кылганыбызда биздин көзүбүзгө бул жергиликтүү эмгекчилер массаларын оорук жумуштарына алууга нааразылыктан улам конкреттүү негизде кокусунан чыккан козголоң сыяктанып көрүнөт. Чындыгында бул андай эмес. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн падышалык империалисттик Россиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын абалынан келип чыккан социалдык экономикалык тереңде жаткан себептери бар.

Мына ошондуктан менин милдетим бул көтөрүлүштүн мүнөзүн, анын кыймылдаткыч күчтөрүн, анын натыйжаларын гана эмес, ошондой эле бул көтөрүлүштү тарыхый жактан даярдаган социалдык-экономикалык факторлорду да айкындоо болуп саналат. Бул көтөрүлүш Орто Азия элдери колониялык көз карандылыкта турган 1917-жылга чейинки мезгилде алардын турмушунда болгон революциячыл бардык окуялардын ичинен эң ири революциячыл окуя.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын 1916-жылдагы көтөрүлүшүн Орто Азия элдеринин көтөрүлүшүнө байланышсыз кароого болбойт, бирок мен кыргыз калкынын колониялаштырылганга чейинки да, андан кийинки, падышачылык үстөмдүк кылып турган мезгилдеги абалын, ошондой эле көтөрүлүштүн жүрүшүн жана аякташын көбүрөк толук сүрөттөп көрсөтүш үчүн Орто Азиянын калган башка элдеринин абалын карап чыгуудан баш тартууга аргасыз болдум.

Колониялаштырылганга чейинки мезгилдеги кыргыздардын коомдук-экономикалык уклады жөнүндө бир-эки ооз сөз

Колониялаштырылганга чейинки кыргыз калкынын экономика чарбасынын маселеси жөнүндө сөз кылганда ой жоруулар менен чектелүүгө туура келет, анткени, менин колумда кыргыз жерин падышалык Россия каратып алганга чейинки кыргыз калкынын экономикалык абалын мүнөздөгөн эч кандай материалдар жок. Анткен менен мал чарбасы кыргыз калкынын чарбалыгынын негизги, дегиси, бирден бир тармагы болгондугу белгилүү. Кыйла бөлүгү колониялаштыруудан кийин кыргыз калкынын пайдалануусунан тартылып алынган зор аймактар колониялаштырылганга чейин мал чарбасы үчүн табигый тоют базасы болуп турган. Бирок мал чарбасы өтө примитивдүү жол менен жүргүзүлгөн. Бул мезгилде кыргыз калкы мал чарбасы интенсивдештирүү үстүндө иштеген деп ойлоонун кажети да жок. Чарбачылыктын феодалдык мүнөзү жана табигый тоют ресурстарын кезектештирип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып турган зор аймактардын болушу туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбачылыгын интенсивдүү жүргүзүү үчүн күрөшүү зарылдыгын туудурган эмес.

Жогорку эле себептерден, башкача айтканда учеттук-статистикалык материалдардын жоктугунан улам малдын саны жөнүндө, ушундан улам кыргыз калкынын материалдык абалы, бөтөнчө бул абалдын соцталдык жагдайы жөнүндө эч кандай материалдарды келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Анткен менен ошол учурду өз көзү менен көргөндөр малдын саны кыргыз жери колониялаштырылгандан кийинки мезгилдегиге, азыркы Советтик Кыргызстандын аймагын падышалык өкмөт башкарып турган жылдардагыга караганда колониялаштырылганга чейинки кезде эки эсе, ал тургай андан да көп болгондугун айтышат.

Бирок малдын зор бөлүгү байлар менен манаптардын салыштырмалуу анчалык чоң эмес тобунун колунда болгон жана кыргыз калкынын абсолюттуу көпчүлүгүн өзүлөрүнө баш ийдирип турууга аларга мүмкүнчүлүк берген. Буга кыргыз калкынын ичинде сакталып турган уруулук мамилелердин калдыктары да көмөктөшкөн. Уруулук мамилелердин калдыктарынын туткунунда калып, материалдык жактан өз туугандарына ‒ байларга жана манаптарга көз карандылыкта болгон кыргыз калкынын эмгекчи массалары чындыгында өзүлөрүн уят-сыйытсыз эксплуатациялап турган өз уруу жол башчыларынын кулу болгон.

Көп сандаган жана экономикалык жактан күч-кубаттуу уруулардын туурарагы, ошол уруулардын манаптарынын бийлиги ушунчалык күчтүү болгондуктан, алар өз уруусунун да, ошондой эле өзүлөрүнүн бийлигиндеги башка уруулардын да эмгекчилеринин өмүрүн жана мал-мүлкүн өзүлөрү каалаганындай калчап турушкан.

Манаптардын бийлигинин күчүн көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй төрт гана факты келтиремин.

1. «Айтылуу» манап Ормонкан конуш которуп бара жаткан жолунда көгөөнүн жоготуп коёт: Ормондун өзүнүн эле туугандарынын бири аны таап алып, Ормонго алып келсе, Ормон сен муну уурдап алгансың, андыктан айыбын тартышың керек деп, андан көгөөндүн эки учун бекитүү үчүн кагылуучу эки казыктын ордуна кыз жана көгөөндүн ар бир илмеги үчүн бирден кой, башкача айтканда 300 кой төлөтүп алат.

2. Ормондун уулу Үмөталы өзүнүн боз үйүнөн мындайраак жерде отурган күндөрүнүн биринде мылтыгын алып, «күнөөлүүсү өлсүн” деп өзүнүн кобурап, боз үйдүн жанында отурган аялдарга ок чыгарып, өзүнүн жакшы көргөн аялын өлтүрүп салат. Албетте, ал өзүнүн бул жоругу үчүн эч кимдин алдында жооп берген эмес. Ошол эле Үмөталы өзүнүн кылычынын курчтугун сынап көрүү үчүн бечараны өз баласын өзү өлтүрүүгө мажбурлаптыр, көрсө, шордуу өз баласынын атын Үмөталы деп коюптур.

3. Белгилүү Шабдан Жантаев бул жерлерде менин уулдарым кыргоолдорго аңчылык кылат деп тору-айгырлыктардын Рыбачьенин айланасындагы жерлерин тартып алган.

4. Бугу уруусунун Боромбай деген манабы «саяк менен сагызганга убал жок» деп Ысык-Көл ойдуңунун жерлерин бөлүштүрүү убагында кыргыздардын «саяк» уруусунун дыйканчылык кылууга анчалык ыңгайсыз жерлерге көчүртүп жиберген[1].

Мен мындай фактылардын тизмесин дагы уланта берер элем, бирок манаптардын күчү жана эмгекчи массалар менен чабал уруулардын укуксуздугу жөнүндө түшүнүк алуу учун, менимче, айтылгандар эле жетиштүү.

Жаңы «урууларды», жаңы аймактарды өзүлөрүнүн таасирине тартуу үчүн Ормон менен Байтиктин күрөшү сыяктуу фактылар сиздерге белгилүү. Анан алар бул ойлоруна жетише да алышкан. Мисалы, жаңы аймактарды каратып алуу үчүн куралданган аскер кураган Ормон мурда ага баш ийбеген саяк, черик ж.д.у.с. уруулардын калкын өз карамагына караткан, а Каракол уездинин манаптары Боромбай менен Чыныбайдын да саяк, чоң багыш ж.д.у.с. уруулардын айрым бөлүгүнөн турган «букаралары» болгон.

Кыргыз жерин падышачылык басып алганга чейин кыргыздар мамлекеттик жагынан Кокон хандыгына баш ийип турган, бирок бул кагаз жүзүндө гана баш ийүү болгон. Анын заңына ылайык, кыргыз калкынын негизги бөлүгүн өз билгениндей талап-тоноп алып көнгөн кыргыз манаптары Кокон хандыгына жыл сайын алым берип турган. Бул алым, албетте, негизинен эмгекчилер массаларынын эсебинен төлөнгөн.

Уруулук мамилелерди биротоло ойрондоого али үлгүрө элек азиялык деспоттук феодализм орус феодалдары (помещиктери) менен капиталисттери эмгекчилер массаларын талап-тоноодо ага жардамдашууга келген мезгилде кыргыздардын коомдук турмушунда кантсе да бекем орун очок алып калган болучу.

Уруулук мамилелердин калдыктарынын сакталып кала бериши, алардын кыргыздын чарбалык экономикасынын натуралдуу жана жарым натуралдуу формасына негизделип турушу кээ бир жолдоштордун кыргыз жери колониялаштырылганга чейинки мезгилде кыргыздын ичинде уруулук гана күрөш жүрүп, кыргыз айылдарында таптык күрөш болгон эмес экен деп ойлошуна негиз берип келет. Бул көз караш эч кандай сынга туруштук бере албайт. Мындай ойлогон адамдар, биринчиден, Коммунисттик манифестин «мурдагы коомдордун бардыгынын тарыхы таптардын күрөшүнүн тарыхы болуп саналат» — деген жобосун эстеринен чыгарып коюшат, экинчиден, кыргыздардын уруулук түзүлүшү акырындап кедери кетип отуруп, акырында уруулук күрөш феодалдардын Ормон, Байтик, Боромбай ж.д.у.с. манаптар аркылуу жүргүзгөн күрөшүнө орун бошотуп берүү даражасына чейин жеткендигин анык эле билишпейт. Акырында, ал адамдар, калыбы, кыргыздар арасында «букаралар» сословиесинин кайдан келип чыккандыгынын тарыхын иликтеп-изилдеп билүүгө моюндары жар бербеген болуу керек. Антпегенде букаралар кыргыздар арасында орун алган дал ушул таптык күрөштүн натыйжасы экендигин билишет эле да.

Кош, а букаралар дегенибиз кимдер? Алар уруу башчыларынын эзүүсү жана эксплуатациялоосу өзүлөрүнүн уруусунун намысын талашуудан баш тартууга аргасыз кылып, башка урууларга баш калкалап барууга мажбур болгон эмгекчил эл массалары. Мындай эмгекчилерди өз арасына алган уруулардын манаптары өз урууларынын үстөмдүк кылуучу абалда тургандыгын айырмалап көрсөтүү үчүн аларды «букаралар» деп коюшкан. Арабдар да алым төлөгөндөрдү, б.а. чындыгында араб феодалдарына баш ийген эмгекчилер массаларын «букаралар» дешсе керек эле. Коомдук турмуштун айдыңында букаралар сословиесинин пайда болушу кыргыздардын уруулук жамаатынын кедери кетиши жана коомдук турмуш түзүлүшүнүн жарым феодалдык мүнөзү менен түшүндүрүлөт.

Бул жарым феодалдык түзүлүш кыргыз жерин падышалык өкмөттүн колониялаштырышына байланыштуу нукура феодалдык мамилелерди түзүү маанисинде алганда андан ары өнүкпөй, токтоп калган. Бул албетте, падышалык өкмөттүн саясаты менен түшүндүрүлөт, анткени, ал уруулар ортосунда болуп туруучу чабышууларды кыргыз калкын ыркы кеткен топторго бөлүп салуучу, падышачылыктын колонизатордук саясатына каршы алардын бирдиктүү фронт түзүшүнө мүмкүнчүлүк бербөөчү эң сонун каражат деп билген.

Маданият жөнүндө ооз ачуунун да кажети жок. Мектеп, китеп, газета дегендер болгон эмес. Өзүлөрү сабатсыз молдолор сабаттуу адамдар деп эсептелген. Алар калкты дин деп аталган апийим менен ууландырып эл массаларына билим берүү жагын ойлоп да коюшкан эмес, анткени, бул алар үчүн  пайдасыз болгон.

Колониялаштырылганга чейин Кыргызстан бүтүндөй алганда байыраак болгон дегенден ал кезде эмгекчилер массалары жакшы жашаган турбайбы деген тыянак келип чыкпайт. Колониялаштырылганга чейинки мезгилдердеги кыргыз эмгекчилер массаларынын абалындагы айырма бул эле: колониялаштырганга чейин алар феодал манаптар тарабынан эксплуатацияланып келсе, колониялаштырылгандан кийин манап ‒ феодалдардын гана эмес, ошондой эле падышалык администратордун, колонизатор кулактын, сүткор капиталисттин да эксплуатациялоосунун объектиси болуп калган. Бул албетте, алардын абалын кыйла начарлаткан.

Эми падышачылыктын колониялоо иш-аракетин жана анын натыйжаларын мүнөздөөгө өтөмүн.

Кыргызстан агрардык колониялоо району катары, кыргыздардын коомдук, чарбалык жана маданий турмушуна колониялоонун тийгизген таасири

Орус помещиктери жана буржуазиясы «орус куралынын күчү» менен Кокон хандыгын талкалап, мурдагы Түркстан жергесинин экономикалык жана стратегиялык жактан өтө маанилүү борборлорун басып алып, Түркстан генерал-губернаторлугун түзүүгө жетишкенден кийин алар өзүлөрүнүн алдына бул жергени каратып алуудагы максаттарынын бирин ‒ орус келгиндери туруучу поселокторду куруу үчүн кыргыз жер-суусун басып алууну практика жүзүндө жүзөгө ашыруу милдетин койгон. Падышачылык Орто Азиянын башка элдеринин жер-суусун басып албагансып, кыргыз калкынын гана жер-суусун басып алганы жөнүндө айтып жаткандыгым сиздерди таң калтырбоосу тийиш. Албетте, ал Орто Азиянын башка элдеринин да жер-суусун басып алган, бирок кыйла кийинчерээк басып алган. Кыргыздардан тартып алынган жерлерде орус поселоктору биринчи болуп курулган, андыктан мурдагы Түркстан жергесин агрардык колониялоо кыргыз аймактарын колониялоодон башталган.

Түркстандын I генерал-губернатору Кауфмандын приказы боюнча 1874-жылы Кара-Балтада, азыркы Калинин районунун борборунда орустардын биринчи турагы түзүлгөн, андан кийинки үч жылда, башкача айтканда 1877-жылга чейин кайра эле кыргыз жеринде Чалдыбар, Дмитриевскоё (Талас) жана Михайловка поселоктору пайда болгон, мындан беш жылдан кийин Таласта немецтердин Николай поле, Романовка, Андреевка жана Владимировка деген төрт поселогу түзүлгөн.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, Түркстанды агрардык колониялоо кыргыз жер-суусун падышачылыктын тартып алуусунан башталган деп негизсиз айтып жаткан жокмун. Бирок бул Кыргызстандын түндүк райондоруна тийиштүү жагдай дейлик. А Кыргызстандын түштүгүндөгү жагдайчы? Мүмкүн, ал орус келгиндерин биринчи болуп кабыл алуу «урматынан» четте калып жүрбөсүн! Эч андай эмес. Түштүк райондорунда жашаган кыргыздар да Фергана облусунда орус келгиндерин биринчи кабыл алуучулар болгон. Мурдагы Фергана облусунда орустардын биринчи поселогу 1893-жылы Куршаб жеринде уюштурулган, ал ‒ Покровский поселогу. Фергананы андан кийинки колониялоо деле негизинен кыргыздардын жер-суусун тартып алуунун эсебинен жүргүзүлгөн. Ферганада келгиндердин көп отурукташкан жери Жалал-Абад районунун Көкарт өрөөнү болгон.

Бирок Ферганада жана Таласта кыргыздардын жер-суусун басып алуу канчалык күчтүү болбосун, ал (басып алуу) Жети-Суудагыга, башкача айтканда Кыргызстандын түндүк райондорунда биз азыр көрүп тургандарга Караганда жөнөкөй эле нерсе болгон. Жети-Сууну колониялоо ушунчалык интенсивдүү жүргөндүктөн, ага жана Түркстандын калган башка райондоруна отурукташтырылган дыйкандардын ортосуна сан жагынан барабардык белгисин коюуга болот, башкача айтканда, Түркстандын калган башка бардык облусттарында канча дыйкан отурукташтырылган болсо, Жети-Сууда дээрлик ошончо дыйкан отурукташтырылган.

Кыргыздар жана казактар турган жерлерге келгиндердин мынчалык кыйла көп каптап кириши кыргыздар менен казактардын чарбачылыгынын мал кармоо уклады жана ага байланышкан көчмөндүктө жашоосу менен түшүндүрүлөт.

Келгиндерди жайгаштыруу алгачкы кезде административдик бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн, алар жергиликтүү калктын иш жүзүндө пайдаланып жүргөн жер аянттарын тийиштүү эске алышкан эмес. Каерде жана канча жер бар экендигин көз болжоо менен аныкташкан. Мына ошондуктан падышалык зулумдар көчмөн элдерде зор жер аянттары бар турбайбы деген ойго келип, «ашык жерлерди» тартып алуу багытында иштей башташкан. Көз болжоо эң жакшы нерсе деңизчи. Бирок маселе жер аянттарын аныктоо сыяктуу проблема жагында болуп жатканда ал анчалык жөндүү эмес да. Бул жерде «көз болжоого» сокур ишенүү эмес, статистикалык жана экономикалык так эсептеп чыгуу талап кылынат. Бирок падышалык зулумдар мындай «майда-баратты» этибарга алышкан эмес. Бүгүн бул же тигил жер «бош» жаткан болсо эле аларга келгиндер поселогун жайгаштыруу үчүн жетиштүү болуп көрүнгөн. Алар бул «бош» участок таптакыр бош эмес экендигин, ал мал кармаган калктын жайыты экендигин, от жер издеп, «бүгүн» бул жерден башка жакка көчүп кеткен көчмөн кыргыз өз малый жаюу үчүн эртең ошол эле жерге кайра кайтып келерин билгилери да келген эмес.

Мындан кийин келгиндер кыймылынын Түркстанга агымы күчөшүнө жараша атайын келгиндер башкармалары түзүлүп, аларга келгиндерди жерге орноштуруу жана Түркстанды колониялоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана ушул максатта «колониялоого жарактуу ашык жерлери бар деп болжолдонгон жергиликтүү калктардын топторунун, негизинен кыргыздардын жерди кандай пайдаланышарын баштан-аяк иликтеп-изилдөө» милдети жүктөлгөн. Келгиндер башкармаларынын иликтеп-изилдөө иштери баалуу көп материалдарды берген, бирок ашык жерлерди табуу жагында алар деле калыстык кыла алышкан эмес. Кыргыздардын ашык жерлерин табууда келгиндер башкармаларынын чиновниктери айыл чарбасы үчүн жараксыз жерлерди жарактуу деп табуудан да уялышкан эмес, анткени алар жергиликтүү калкты ошол жерлерге айдап чыгуу максатын көздөшкөн. Ошондой чиновниктердин бири колониялоо фондусун табуу үчүн андай жерлерди Кытайдын аймагынан долбоорлоого чейин барган.

Жергиликтүү калктын пайдалануусунда турган жерлерди иликтеп-изилдөө иштерин жүргүзгөн инженерлердин, жер ченегичтердин, статистикачылардын, юристтердин, экономисттердин жана падышачылыктын ушулар сыяктуу «окумуштуу» ишмерлеринин эмгектерин окуганыңызда Маркс «ал (буржуазия) илим адамын өзүнүн жалданма кызматкерлерине айландырып алды» деп эң туура айткандыгын эрксизден ойлойсуз. Эски Россиянын падышалык-империалисттик чөйрөлөрүнүн кулдары катары абалда турушу гана аларды өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк иштеринде маселени чыныгы жөн- жайы менен эсептешпей, фактыларды бурмалап, падышачылыктын баскынчылык саясатына, «илимий объективдүү база» түзүп берүүгө чейин жеткирген. Алардын кээ бирөөлөрү, мисалы, Шкапский1 жергиликтүү калкты жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндөгү маселени коюшкан күндө да биз «колониялоону уюшкандыкта жүргүзүүнүн» тарапкерлерибиз, кыргыздардын жер-суусун келгиндердин өз бет алдынча басып алуулары кыргыздар менен келгиндердин ортосунда «түшүнбөөчүлүктөрдү» ж. д. у. с. чыгарып, Түркстанда орустардын таасирин чыңдоо милдетин татаалдатып жатат деп гана эсептешкен.

Качандыр бир кездерде «коомдук ишмерлер» деп аталган наам алуу үчүн далалаттанган адамдардын падышачылык мезгилде жазган эмгектерин окуганыңызда алардын бардыгынан Түркстанга орус келгиндерин кантип жайгаштыруу, аны сырье алып туруучу жана товар сатып өткөрүүчү эң бай рынокко кантип айландыруу, колониялоо фондусун көбөйтүү үчүн сугат ишин кантип жүргүзүү керек экендиги жөнүндөгү чыйпылыктоону учуратууга болот, бирок аларда Түркстандын жергиликтүү элдеринин чарбалык жана маданий турмушун кантип уюштуруу керектиги туурасында дээрлик бир ооз да сөз жок.

Айткандарым жайдак болбошу үчүн революцияга чейинки мезгилде жарыяланган эмгектерден бир нече мисал келтирейин. Алардын авторлору «эски коомдо» ар кандай абалда турган адамдар болушса да, Түркстанда дээрлик 10 миллион жергиликтүү калктар жашап жаткандыгын эске албоо жагынан айттырбай бир пикирге келишет.

«Туркестанский край» деген олуттуу жана кыйла кызыктуу китептин автору, князь Масальский минтип жазат: «Шымаланып, олку-солку болбой, күнөм санабай, ийгилик колго тийерине ишенип, өзүбүз жумшаган күч-аракетибиздин акыбети миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу жана орус өнөр жайын ага зарыл керек пахта менен камсыз кылуу, бул жагынан чет өлкөлөргө көз карандылыктан толук кутулуу менен гана эмес, ошондой эле айыл чарба өнөр жайынын зор тармагын түзүү, элибиздин байлыгын өлчөөсүз көбөйтүү, Түркстанды орус адамдарынын колониялоосун күчөтүү менен да кайта тургандыгын эсте тутуп иштөө зарыл». (В. И. Масальский. «Туркест. край», стр. 7). Ташка тамга басылгандай так айтылган. «Миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу», Россиянын капиталисттик өнөр жайын пахта менен камсыз кылуу, аны «чет өлкөлүк көз карандылыктан» куткаруу, Түркстанга «орус адамдарын» жайгаштыруу керек экен. А ошол байлыктарды жаратып, ошол жерде жашап, иштеп жаткан миллиондогон адамдарды эмне кылыш керек эле?

Падышачылыктын башка бир тарапкери, Мамлекеттик Думанын мүчөсү A. JI. Трегубовдун эмне деп жазганын да окуп көрөлү: «Жети-Суу сыяктуу берекелүү аймакта толгон-топон асыл жерлерибиз болуп туруп, башка жактарга көчүрүлүшү небак эле курч маселелердин бирине айланган орус дыйкандарынын ошол жерлерге эч бир жайгаша албай жатышы кудай алдында күнөө кылгандык жана адамдар алдында уятка калгандык эмеспи. Ойгонуп келе жаткан Кытай, мындайча айтканда, жаап-жашырбай эле сугун артып турган биздин ээликтерибиздин бул бермети капарга алынбаган бойдон калып жатканда өзүбүздүн түндүк тараптагы жерлерибизге адамдарыбызды жайгаштыруу жөнүндө камкордук кылышыбыз күлкү келерлик жоруктай көрүнөт, Жети-Сууга олуттуу карай, ага тезинен калк жайгаштыруу зарыл. Муну логиканын (империалисттик басып алуунун — Ж. А.) закондору, мамлекеттин, коомдун закондору талап кылып турат». (Васильевдин «Семиреч область как колония» деген китебинен цитата келтирип жатат, 3-бет).

Жети-Сууга Кытай тараптан болгон коркунучту «кудайды карабай» апыртып жана Жети-Сууну колониялоонун ийгиликтерин азайтып (анткени, бул мезгилге карай Жети-Суу жетишээрлик эле «орусташып» алган болучу), 1909-жылы мына ошол адам жазып чыккан.

Профессор Васильевдин, колониялоо фондусун көбөйтүү кызыкчылыктарында Чүй өрөөнүнө суу чыгаруу долбоорунун белгилүү авторунун Жети-Суу ролуна берген аныктамасы мындан кем эмес кызыктуу. «Областтын азыркы жана келечектеги экономикалык жана мамлекттик мааниси, — деп жазат Васильев, — ага жамаа жаткан областтар менен мамлекеттердин кызыкчылыктарынын жана мүдөөлөрүнүн, метрополиянын (Европалык Россия область үчүн метрополия болуп саналат), анан өзүнүн өндүргүч күчтөрүнүн таасири астында түзүлөт.

Европалык Россия үчүн Жети-Суу облусу колония болуп эсептелет: болбосо ал өзүнүн өнөр жайынын продуктулары үчүн рынокту кайдан таба алмак экен.

Анткен менен облус кийинки кездерге чейин европалык Россияда ашыкча көбөйүп кеткен калк жайгаштырылуучу аймак катары алдыңкы орунда туруп келди. Облусттун бул жагынан мааниси дагы кыйла узак мезгил бою сакталып кала береринде шек жок, анткени анда айтылуу Түркстан менен катар колониялоого жарактуу зор жер фондусу бар». Бул айтылгандардан сиздер жамаа жаткан облусттар менен мамлекеттердин кызыкчылыктары, метрополиянын талабын, колониялоо фондусун түзүүнү табасыздар, бирок Жети-Суунун жергиликтүү элдерин ‒ кыргыздарды, казактарды эмне кылуу керектиги жөнүндө бир ооз да сөз учуратпайсыздар.

Бул адамдардын айткандарын «революционер» Шкапский да кайталайт. Ырас, ал тигилерге караганда маселени бир аз башкача коёт. Эгерде тигилер Түркстандын жана Жети-Суунун жергиликтүү тургундары бар экенин таптакыр унутуп коюшса, Шкапский «унутуп койбойт» да, «келгиндер ишинин кызыкчылыктарында кыргыздарды жерге туура отурукташтыруу» зарыл деп эсептейт.

Көрүп турганыңыздардай, князь Масальский, Мамлекеттик Думанын мүчөсү, профессор Трегубов, профессор Васильев жана «революционер» Шкапский өзүлөрүнүн алдына жана падышалык бүткүл Россиянын алдына генерал Калпаковский койгон милдетти ‒ Түркстан жергесин жана бөтөнчө Жети-Суу облусун орусташтырууну жүзөгө ашыруу үчүн биригип кетишкен. Бул адамдар айтып жана жазып гана кала беришпестен, кептин өтөөсүнө чыгышканын да айтуу керек. Алар кыргыздардын жер-суусун басып алуу маанисинде айтканда өтө көп иш кылган.

Бул пикиримди ырастоо үчүн жолдош Рыскулов тарабынан жарыяланган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Алар мындай: 1916-жылга карай Түркстандагы 914 орус поселогу менен станцияларынын карамагында 2900 миң теше жер (иштетилүүчү жердин 56,7 проценти) болгон, башкача айтканда Түркстанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше, а жергиликтүү тургундун (өзбек, кыргыз, тажик, түркмөндүн) ар бирине 0,21 гана теше иштетилүүчү жер туура келген. Мына ошентип, жер деген өтө жетишсиз болуп турган шартта жергиликтүү калктын 94 проценти иштетилүүчү бардык аянттын 42,4 процентине гана ээлик кылган, калгандары орус келгиндеринин үлүшүнө тийген.

Түркстанда ушундай болгон. Эгерде революцияга чейинки Кыргызстандагы кыргыздар менен келгин дыйкандардын ортосунда жердин кандай бөлүштүрүлгөнлүгү жөнүндөгү маалыматтарга кайрылсак, андан мындан кем эмес таң калтыруучу абалды көрөбүз.

Мурдагы Пржевальск уезди боюнча орус калкынын жерден пайдаланышы жагында жылдар боюнча алынган маалыматтар мындай: 1900-жылы Пржевальск уездинин 11 процентин түзгөн орус калкынын карамагында уезддин бардык айдоо жеринин 23,8 проценти турпан, 1916-жылы уезддин 21,1 процентин түзгөн орус калкы бардык айдоо жеринин 67,3 процентин өз колуна алган жана 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34,1 процентин түзгөн орус калкында уезддин айдоого жарактуу жер аянттарынын 84,7 проценти болгон. Пишпек уездинен да ушундай эле абалды көрөбүз. Орус келгиндер калкы (38,1 проценти) өз карамагында мурдагы Пишпек уездинин айдоого жарактуу бардык жеринин (казактар тараптагы жерлерди кошпогондо) 57,3 процентин карман турган.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, азыркы Советтик Кыргызстанда калктын азчылыгын түзгөн орус келгиндер калкы падышачылыктын колониялоо саясатынын аркасы менен ал кезде айдоо жерлеринин зор аймагын ээлеп алган.

Мен сиздерге жердин сандык жактан бөлүштүрүлгөнүн айтып өттүм, а жерлердин сапат жагына көз карашынан алганда жердин суу менен камсыз кылынган жакшы бөлүгү орус келгиндер калкынын колунда болгондугу белгилүү. Падышалык зулумдар суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкын эң жаман шарттарга кириптер кылган. Айтсак, кыргыз дыйкандары менен орус келгиндери бир арыктан суу алып калышса, кыргыздар суудан жекшемби күндөрүндө гана пайдаланышкан, анткени, калган күндөрдө суу орус келгиндерине берилген.

Кыргыздардын айдоого жарактуу жерин тартып алуу жана аларды суудан пайдалануу укугунан ажыратуу жагында иш ушундай абалда турган. А жайыт жагы кандай болду экен?

1916-жылы бүткүл Кыргызстандын аймагынан 2449890 га жер токой дачалары үчүн бөлүнүп берилген. Бул жерлердин 77536 гектары чынында эле токойлуу келип, ал эми көбүнчө тоолуу массивдерде жайгашкан, мал кармоочу калктын кыштоолору жана жайлоолору болуп келген 714 мин. гектары чынында да жайдак жерлер болгон, бирок алар токойчулук ведомствосуна өткөрүлүп берилгендиктен, мал кармаган кыргыз калкы аларды арендага алып пайдаланып калган.

Мындан тышкары, падыша өкмөтү казына малы багылуучу участокторду түзүү үчүн кыргыздардын чоң жайыттарын алып койгон, анан ал жерлер мал кармагысы келген орус келгиндерине арендага берилген жана орус келгиндери белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин ал участокторду сатып алууга укуктуу болгон.

Тилекке каршы, менде азыр казына малы багылуучу ошол участоктор үчүн алынган жерлердин көлөмү жөнүндөгү цифралар маалыматтар жок. Бирок андай алып коюу кыргыздар үчүн сезилээрлик болбой калышы, кыргыздар арасында нааразылык туудурбай коюшу мүмкүн эмес. Ошондой участокторду пайдалануу боюнча орнотулган тартиптер жана антип алып коюулар кыргыздарга кандай таасир эткендигин Жети-Суу облусунун согуш губернатору мындайча сүрөттөп жазат: «Көчмөндөр мал багып жүргөн чоң участокторду тартып алып, белгилүү мөөнөт өткөндөн жана малдын тукумун жакшыртуу боюнча өзүлөрүнүн алган милдеттенмелерин аткаргандан кийин ал участокторду өзүнүн менчиги кылып сатып алуу укугу менен аларды орус арендаторлоруна берүү жөнүндөгү буйрук көчмөндөр арасында бөтөнчө сезилээрлик толкундоону чыгарды. Жаңы арендаторлор көп учурларда мал багууга киришпей жатып эле өзүлөрү арендага алган участокторду эксплуатациялоого киришип, мал жаюу үчүн ошол эле кыргызардын өзүлөрүнө арендага берип, алардан туяк акы салыгын алып, сот аркылуу куугунтуктап ж. д. у, с. чараларды көрө башташты».

Жерден жана суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкы кандай абалда калтырылгандыгы өзүңүздөргө түшүнүктүү болушу үчүн мына ушул баяндалгандар эле жетиштүү деп ойлоймун. Анын үстүнө көбүнчө кыргыз калкы суу чыгарып жана орун-очок алып калган жерлер тартып алынгандыгын, кыштоолору талкалангандыгын белгилей кетүү керек.

Колониялоо жана казына участокторун түзүү үчүк кыргыздардын жерлерин, жайыттарын тартып алуу кыргыздардын турмуштук кызыкчылыктарына баштан аяк таасир эткен, аларды чарбалык өсүш жагынан келечексиз калтырып, же ачкадан өлүү, же кулактарга, байларга жалданма кул болуп баруу абалына кириптер кылган.

Кыргыздардан алардын жашоосу үчүн зарыл керек жерлер тартып алынгандыгын анан алардын пайдалануусунда чарбачылыкка жарактуу жерлер дээрлик калбагандыгын кыргыз калкынан ал жерлерди өлүп-тирилип жүрүп тартып алгандардын өзүлөрү 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин моюндарына алышкан.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө падышага докладында Куропаткин минтип жазат: «Орустардын кыштактарын, мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын, казынанын бирден бир ээлигин түзүү үчүн ошол ашык жерлердин (кыргыз жерлеринин) өлчөмдөрүнө өтө кеңири маани берүү бөтөнчө 1904-жылдан баштап кыргыз калкынын зор жер аянттарынын, алардын ичинде бул калк үчүн өтө зарыл аянттардын тартып алынышына алып келди. Бул көрүнүш сенатор, граф Пален жүргүзгөн ревизиянын убагында эле белгиленген, бирок ага тийиштүү көңүл бурулбай кала берген».

Көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө өз докладында Жети-Суу облустук согуш губернатору да болжол менен ушундай эле духта жазат. Колониялоо штабынын бул «ардактуу башчысы» өзүнүн ал докладында көтөрүлүштүн чыгуу себептерин падышанын колониялоо саясатынын натыйжалары деп көрсөткөндөн көрө кыргыз жерлерин келгиндерин өз бет алдыларынча басып алуусунун натыйжалары деп түшүндүрүүгө далалаттанат. Ырас, келгиндер да өзүлөрүн анчалык жакшы жагынан көрсөтүшкөн эмес, бирок ал жөнүндө кеп кийинчерээк болсун. Азырынча Жети-Суу облусунун согуш губернатору эмне деп жазганын угуп көрөлүк.

«Келгиндер иши 1910 ‒ 1911-жылдарда гана жөнгө салына баштаган, облус бул кезде ал тургай кымырынып-кымсынбай эле көчүп келип жайланышууга ачык аймак деп табылган болучу. Жерге орноштурууну калктын топтору боюнча эмес, аймактар боюнча жүргүзүү... анан башкысы, колониялоонун жаңы фондусун кыргыздын ашык жаткан даяр жерлерин издеп табуу менен эмес (анткени, чарбачылык кылууга жарактуу жерлер  дээрлик калбай калган), ал фондуну дыйканчылык министрлигинин эсебинен кеңири жүргүзүлүүчү ирригациялык иштин жардамы менен түзүү зарыл деп таанылган. Бирок кыргыздын экономикалык турмуш жыргалчылыгында жылыш, анын үстүнө салмактуу өлчөмдөрдөгү жылыштар болгондугу ошол кезде анык болучу».

Кеп жыргалчылыктын кандай жылышы жөнүндө — жакшыруу же начарлоо жагына жылышы туурасында болуп жаткандыгын бул жерде түшүнүү кыйын. Эгерде мурдагы губернатор жыргалчылык жакшырды деп ойлосо, анда ал эки нерсени чаташтырып жатат: эмгекчилер массаларынын кеңири катмарларынын экономикалык жыргалчылыгы менен байлардын жана манаптардын бир аз тобунун экономикалык жыргалчылыгын чаташтырып жатат. Байлар жана манаптар падышалык үстөмдүк кылып турган жылдарда өзүлөрүнүн малы жагына кыйла жоготууларга учураганы менен эмгекчилер массаларын падышалык зулумдар, колонизаторлор, сүткор капиталисттер менен биргелешип талап-тоноп алууларынын эсебинен ал жоготууларын кайтарып алып турушкан. Эгерде ал дал ушул топтун ‒ эзүүчүлөр тобунун жыргалчылыгын эске алып жатса, анда ал чындыкка жакындап барган болот, эгерде ал эмгекчи массаны да кошо алып, бардык адамдардын жыргалчылыгын эске тутуп жатса, анда анын чындыгы турмуштан асман менен жердей эле алыс калат.

Кайталап айтамын, байлар, манаптар жана падышалык көп сандаган зулумдар (болуштар, старчындар, бийлер ж. д. у. с.) мал чарбасынын кедери кетүү процессине тартылып, мал жагынан жоготууларга учураган болушса да, алар анысын пара алуу, ар кандай чыгымдар салуу аркылуу ашыгы менен кайтарып алышкан. Ал топ үчүн айырма бул эле болгон: мал ордуна алардын чөнтөгүнө эмгекчилер төлөп турган акча түшкөн, анан жакырданган кыргыз кедейлери менен батырактарынын эсебинен арзан жумушчу күчүнө ээ болушкан.

Бирок мен бир аз алга озунуп кеттим окшойт. Жер маселесине кайра кайтайын, анткени, ал көтөрүлүштүн чыгыш себептерин айкындоо үчүн чечүүчү маселе болуп саналат. Жети-Суу облусунун согуш губернаторунун ошол эле отчетунун дагы бир жеринен далил келтирбесем токтоно алчудай эмесмин. Анда ошентели: «Жергиликтүү көчмөндөрдүн эмнеликтен нааразылык билдиргендигин себептери али так айкындала элек, — деп жазат согуш губернатору, — бирок Жети-Сууну орустардын кеңири колониялашы, бул колониялоо мурда кеңирсип жаткан мейкиндиктерди куурулткандыгы, а кээ бир жерлерде жергиликтүү адамдарды мурдагы жер-суусунан кол жуудуруп таштагандыгы анын башкы себептеринин бири болгондугу шексиз…

Натыйжада, келгиндер уюмунун жерге орноштуруу иштери алгачкы жылдарда эле кыргыз чарбаларын кысталыш абалда калтыруу маанисинде гана эмес, ошондой эле андан көбүрөк чечкиндүү чараларды көрүп да тукулжураткан. Талаа жерлерин башкаруу жобосунун 125-статьясына карабастан, кыргыздарды жаман жерге кууп чыгып, ошол эле убакта алардын асыл жерлерин тартып алуу учурлары болгон... Иш 1909-1911-жылдарда жөнгө салынган, бирок ал кезде оңдоого болбос көп иш жасалып калган эле, жакшы жерлердин запастары өз бетинче келгендерге берилип бүтүп, кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып ташталган болучу, а кайрадан байгерчиликте жашоо жана ишти план ченемдүү жүргүзүү үчүн жер өтө аз калган эле, анткени Жети-Суунун колонияланыш мүмкүнчүлүгү биз мурда ойлогонубуздан чоң эмес болуп чыккан» (Погорельскийдин «Экономика кочевого аула Киргизстана» деген эмгегинен цитата келтирип жатам, стр. 40).

Ошентип, келтирилген бул цитатадан жер маселесинде алар өздөрүнүн эле закондору менен эсептешпегенин жана «кыргыздын көп чарбаларын куурулткандыгын», «оңдоого болбос көп иш» жасашкандыгын, «кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып тапталганын», «кайрадан байгерчиликте жашоо үчүн», «жер өтө аз калганын», анан ошондой куурултуу көтөрүлүш чыгарыштын башкы себептеринин бири болуп саналгандыгын падышалык зулумдардын өзү мойнуна алгандыгын көрүп турабыз. Бул жөнүндө падышалык зулумдар мурда, көтөрүлүш чыкканга чейин билген беле? —деген суроо туулат. Албетте, билген, бирок ошондой болсо да кеңири эмгекчилер массаларынын мындайча куурултулушунун жана талап-тонолушунун акыры жакшылык менен бүтөт деп үмүттөнгөн, анткени, ал эмгекчилер массаларынын революциячыл күчүнө эмес, байлардын жана манаптардын массаларга тийгизген таасирине катуу ишенип, алардын жардамы менен массаларды колонизаторлордун, падышачылыктын айтканына кулдарча кулдук урдуруп кармап турууга үмүттөнгөн.

Ошентип, 1916-жылдагы көтөрүлүш чыккан мезгилге карай кыргыз калкы жерден жана суудан пайдалануу көз карашынан алганда чарбалык өсүш үчүн эч кандай келечексиз абалда калтырылган. Падышалык администрация өкүлдөрүнүн өзүлөрү моюндарына алышкандай, Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчүлүгү, алар мурда ойлогондой, анчалык чоң эмес болуп чыккан. Бирок «оңдоого болбос иш» жасалып бүгүн, кыргыздардын жер-суусу тартылып алынып, кыргыздар мал чарбасын өнүктүрүү үчүн негизги базадан жерден кол жууп, ушунун өзү менен жарым ачкачылыкта жашоого, тукуму курут болууга кириптер кылынган.

Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиз болуп чыгышы падышалык администрациянын жана келгиндер уюмдарынын алдына колониялаштыруу фондуларын түзүү үчүн жаңы жер участокторуна суу чыгаруу проблемасын койгон. Падышалык администрациянын жергиликтүү калктын тагдырына кайдыгер мамиле жасагандыгын, айтсак, мындай да бир мисал далилдеп турат. Жерден пайдалануу жагынан аргасыз абалда калтырылган кыргыздарды көрүп эле турган падышалык администрация келгиндер поселокторун түзүү үчүн кыргыз жер-суусун колониялап басып алуунун ашынган өзүм билемдиги убагында кыргыздар тарткан зыяндын эсесин жаңыдан суу чыгарылып жаткан жерлердин эсебинен кайтарып берүү жөнүндө ойлоп да койгон эмес.

Кыргыздар жер жагынан канчалык куурултурулгандыгы мындай бир эле фактыдан көрүнүп турат. Профессор Васильев эки уезддеги ар бир кожолукка 1915-жылы орточо канча тешеден айдоо жери туура келгендиги жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды келтирет:

Пишпек уездинде, Пржевальск уездинде

Орустарда 8,46                                          7,67

Кыргыздарда                                             3,38                     1,66

Кыргыз калкынын айдоо жерлеринин мынчалык чеке жылытпаган көлөмдө болуп калышы алардын чарбачылыгынын мал кармоочулук мүнөзү, көчмөн турмушта жашоосу менен түшүндүрүлөт дегендей көрүнүшү мүмкүн, бирок бул таптакыр туура эмес. Кыргыз калкынын отурукташуу жана жер иштетүү процесстери болжол менен Кыргызстандын аймагын падыша өкмөтү колониялоого киришкен кезде кошо башталган. Бирок бул отурукташуу процесси аяктабай калган. Мында падышалык администраторлордун жана алардын саясатынын кыйла күнөөсү бар, анткени алар колониялоо максатында кыргыздар өзүлөрү суу чыгарып, оңдоп-түзөп алган жерлерди тартып алышкан. Мына ушуну менен бул жерлерге ээ болобузбу-болбойбузбу деген күмөндүктү туудурган.

Жерлерди улуттук топтор ортосунда бөлүштүрүү көз карашынан алганда иш ушундай абалда турган. Эми кыргыз жер-суусун колониялоо жана кыргыз калкынан жакшы жерлерди тартып алуу мал чарбасынын абалына кандай таасир этти экен? ‒ ошого токтололу. Бул суроого жооп берүү үчүн Шкапский 1907-жылы жарыялаган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Мурдагы Жети-Суу областындагы абал анын маалыматы боюнча мындай: бодого айландырып эсептегенде орус дыйкандарынын ар бирине 18,3, ар бир казакка 8,8 жана ар бир кыргызга 12,4 кара мал туура келет. Көрүп турганыңыздардай, Шкапскийдин маалыматтары боюнча эгерде бирдик үчүн бир түтүндү алсак, анда 1907-жылы келгин дыйкандардын ар биринин колундагы мал кыргыздардыкынан көп болгон. Мындан жайыттардын тардыгынан кыргыздардын мал кармаган чарбалары үчүн туруктуу тоют базасын түзүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүндө келгин дыйкандардын пайдасына өзгөрүштөр болгон деген жыйынтык келип чыгат.

Ырас, башка 1915-жылы профессор Васильев жарыялаган маалыматтар боюнча малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүнөн бир аз башкачараак абалды көрөбүз, жылкыга айландырып эсептегенде ар бир түтүндө мөнкүдөй мал болгон:

Пишпек уездинде                                                   Пржевальск уездинде

Орустарда                               8,98                                         14,72

Кыргыздарда                          17,10                                       15,90

Сиздерге 1907-жылдан баштап жерди пайдалануу жагында кыргыз калкын салыштырмалуу жакшы абалга койгон өзгөрүштөр болгонсуп, ошондон улам 1915-жылы алардын мал чарбасы өскөн сыяктанып көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул анчалык туура эмес. Бул жерде 1910‒11-жылдарда жаңы келгиндер келе баштаганда алар орус кыштактарынын кыйла санын түзгөндүгүн, бирок чарбалык жактан биротоло чыңдалууга жана малын көбөйтүүгө али үлгүрө албагандыгын эске алуу керек. Келгиндердин ар бир түтүнүндөгү малдын саны кыргыздардыкындагыга салыштырганда 1915-жылы азайып кеткенсип көрүнүшү дал ушул жагдай менен түшүндүрүлөт. Эгерде биз мурда келген орустардын поселокторундагы түтүнүнө жана кыргыздардын ар бир түтүнүнө туура келген малдын санынын катышын алсак, анда Шкапский бизге көрсөткөн абал өзүнүн күчүн ушул кезге карай да сактап турган болор эле. Менин бул болжолдоому Румянцев 1913-жылы жүргүзгөн экономикалык изилдөөлөрдүн маалыматтары ырастап турат. Ал маалыматтар боюнча Пржевальск уездинде мурда келген  орустардын кыштактарынын ар бир түтүнүнө, бодого айландырып эсептегенде 17,57, кыргыздардыкына ‒ 15,70 мал туура келет.

Малдын составынын сапаттык жагынан да келгиндердики кыргыздардыкына караганда жогору тургандыгы кызык.

Малдын составы жөнүндө Васильевдин проценттик катышта берген маалыматтары мындай:

Пишпек уездинде                                                         Пржевальск уездинде

 

орустарда

кыргыздарда

орустарда

кыргыздарда

Жылкы

20,1

12,2

21,9

14,5

кара мал

40,3

8,2

29,5

7,0

кой-эчки

30,9

78,5

43,1

7,7

чочко

8,7

5,5

төө

1,1

«Г

0,7

Бул цифралар малдын сапаттык составы көз карашынан алганда орустарда абал кыйла жакшы болгондугун көрсөтөт. Бул кара малды жана жылкыны жаюу үчүн көбүрөк түзөң жайыттар талап кылынгандыгы, алар кыргыздарда жок экендиги, туурасын айтсак, колониялоонун натыйжасында кыргыздар алардан ажырап калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мына ошондуктан, өзүлөрүнүн карамагында калган жайыттарга, көбүнчө майда жандыктарды гана жаюуга мүмкүн болгон апай беттерге ылайыкташып, кыргыздар кой-эчкилерди кармоону өнүктүрүшкөн.

Колониялоонун натыйжасында кыргыз калкы жакшы жер-суусунан, жайыттарынан ажыраган, алар мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын түзүү үчүн тартылып алынган. Мунун кесепети мал чарбасынын кедери кетиши жана кыргыз калкынын отурукташып, дыйканчылык кылуу мүмкүнчүлүгүсүз калышы болгон. Жакырданган кыргыз кедейлери менен орто дыйкандары орус келгиндери үчүн да, ошондой эле кыргыз байлары жана манаптары үчүн да кул-батырактарды берип туруучу булакка айланган.

Эми келгиндердин мүлктүк (социалдык) абалынын жана алардын жергиликтүү калк менен өз ара мамилелеринин мүнөзүнө кайрылалык. Орус келгиндерин мурда жана жаңы келгиндер деп эки топко бөлүп кароо керек. Мурда келгиндери өзүлөрүнүн мүлктүк абалы жагынан ушунчалык жогору турушкандыктан, бул фактыны падышалык чиновниктердин өзүлөрү да таанууга аргагыз болушкан.

Бул маселе жагдайында Шкапский минтип жазат: “Небак орун-очок алып калган кыштактардагы дыйкандар өзүлөрүнүн экономикалык абалы жагынан европалык Россиянын ички губернияларынын дыйкандары менен салыштырышы мүмкүн эмес. Ушунчалык жетиштүү жашагандыктан, аларды жөн эле оокаттуу гана эмес, бай дыйкандар деп эсептөөгө болот». (О. А. Шкапский— Переселенцы-самовольцы и аграрн. вопрос в Семир. обл.», стр. 59).

Бул Васильевдин цифралык кээ бир маалыматтары менен да ырасталып турат. Мурдагы Пишпек жана Пржевальск уезддериндеги келгиндер кожолуктарын айдоо жерлерине жараша топторго бөлүштүрүү төмөндөгүлөрдү көрсөткөн:

Кожолуктардын саны процент менен

 

Пишпек уездинде

Пржевальск

уездинде

Эгин экпегендер

6,7

3,28

3 тешеге чейин эгин

 

 

Эккендер

14,35

11,44

3 тешеден 5

тешеге чейин      9,35

13,52

5 тешеден 10 тешеге

21,75

31,15

10 тешеден 15 тешеге

17,25

21,74

15 тешеден 25 тешеге

19,20

14,41

25 тешеден көп

11,44

4,45

Бул таблицадан көрүп турганыңыздардай кожолуктардын дээрлик 70 процентин оокаттуу-кулак: кожолуктарына эркин эле кошууга болот. Бул кожолуктар өз эмгеги менен эмес, батырактын, негизинен өз эмгегин көз карандылык шарттарда сатууга аргасыз болгон кыргыздын эмгеги менен иштеткен.

Бул маалыматтардан падышачылык материалдык жактан өтө камсыз болгон, б. а. кулактардан өзүнө бекем тирек түзүү жагынан өз алдына койгон максатына белгилүү даражада жеткен деген жыйынтыкка келүү керек. Бирок падышачылык муну менен чектелип калган эмес. Өзүнүн сурап турган акыркы жылдарында анын бул жерге келгиндерди жайгаштыруу саясатында башка бир багыт басымдуулук кыла баштаган. Ал багытка ылайык бул жергеге орустарды жаңы аймактарга отурукташтырууну андан ары улантууда мурда келгендердин үстүнө өтө оокаттуу, материалдык жактан камсыз болгон орус дыйкандарын жайгаштырууну, ошону менен өзүнүн позицияларынын кебелбес болушун дагы чыңдап алууну көздөгөн.

Бул жагынан баягы эле Васильевден кызык документтерди табабыз. Суу чыгарылган аймактарга жайгаштырылуучу келгиндерди тандап алуу жөнүндө Васильев минтип жазат: «Сугат курулуштарына мамлекет тарабынан жумшалуучу каражаттар кандай жолдор менен табылбасын, мамлекет ал каражаттарды кайра кайтарып алышы тийиш. Ошондуктан, мамлекет өзү суу чыгарган жерлерге жайгаштырылчу келгиндерди алгачкы жылдардагы уюштуруу иштеринин чыгымдарын көтөрүп кетүүгө жана сугат дыйканчылыгын интенсивдүү жүргүзүүнүн жаңы талаптарын өздөштүрүүгө жөндөмдүү колонизаторлордон тандап алууга, албетте кызыгат. Жети-Сууда суу чыгарылган жерлерге жайгаштыруунун жергиликтүү шарттары жана чарбачылык кылуунун интенсивдүүлүгү жаңы жерлерге көчүрүп барып эле жайгаштыруунун демейдеги шарттарына караганда бул жакка келип отурукташуучулардын алда канча мал-мүлктүү, оокаттуу болушун талап кылат».

Менимче, муну түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Васильев мамлекеттин эсебинен суу чыгарылган жерлерге ашыкча болуп калган дыйкан калкын эмес, Россиядан келген оокаттуу кулак кожолуктарын жайгаштыруу керек деп ачык эле айтып жатат. Анткени, алар жаңы жерлерге келишкенден кийин өзүлөрүнүн чарбалык жактан жайланып алышы үчүн падышалык өкмөттөн кошумча финансылык чыгымдоолорду талап кылышмак эмес. Падышачылык чынында эле ушул жолго түшкөн. Ырас, ал мындай жолду Жети-Сууда эмес, Кыргызстандын аймактарында эмес, Бетпак талаада колдонгон. Бетпак талаага орус дыйкандарын жайгаштырууда белгилүү мүлктүк ценз талап кылынган, башкача айтканда Борбордук Россиядан жокчулук чет жакаларга кууп чыгып жаткан жерсиз дыйкандар үчүн Бетпак талаа жабык болгон.

Мына ошентип, социалдык көз караш жагынан алганда, падышачылык Түркстанда да, Кыргызстанда да эксплуататорлор кожолуктарынын категориясына эркин эле кошууга боло турган, ушундан улам, өзүнүн чарбачылык жактан андан ары өсүшү үчүн орус жана кыргыз кедейлери менен батырактарын эксплуатациялоодо өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн падышычылыктын сакталып тура беришине кызыккан келгин дыйкандар кожолугунун тибин түзгөн.

Мурда келгендердин поселокторундагыларга салыштырганда жаңы келгендер материалдык жактан начарыраак жашаган, бирок аларда чарбалык жактан тез өнүгүү тенденциясы болгон, анткени, алар өз чарбаларын куроого кыйла кредит, жакырданган кыргыз кедейлери менен батрактарынан арзан жумушчу күчүн алышкан жана өзүлөрүн жакшы жер, сугат каналдары менен камсыз кылуу маанисинде айткан падышалык органдардын белгилүү колдоосунан пайдаланышкан.

Үстөмдүк кылып турган улуттун өкүлдөрү катары, падышачылык тарабынан эзилген улуттарды жек көрүү рухунда тарбияланган ал келгин дыйкандар жергиликтүү калк менен өз ара туура мамиле түзө алышкан эмес. Тескерисинче, келгин дыйкандар көп учурда кыргыздарга дурус мамиле жасашкан эмес, ошондуктан, Жети-Суу облустунун мурдагы согуш губернатору генерал Фольбаумдун сөзү менен айтканда, мына ошол негизде «келгиндер менен жергиликтүү адамдардын ортосундагы өз ара кастык мамилелердин бирин-экин көрүнүштөрү өнөкөт нерсе болуп калган». «Келгиндер менен жергиликтүү адамдардын өз ара мындай кастыгын» алар ар түрдүү расанын өкүлдөрү болгон дегенди ж. д. у. сыяктууларды бетке кармап түшүндүрүү туура болбос эле. Булардын ортосундагы кастык мындай мамиле алардын бул жергедеги жер, суу, экономикалык белгилүү позицияларды алуу үчүн өз ара күрөшүнөн келип чыккан.

Келгин дыйкандар менен кыргыздардын ортосунда падышачылык мезгилинде түзүлгөн өз ара мамилелерди мүнөздөө үчүн дагы бир-эки мисал келтире кетүүгө уруксат этиңиздер. Жети-Суудагы келгиндер районунун агроному В. Воротников Чүй участоктору жөнүндөгү өзүнүн отчётунда минтип жазат: «Эки-үч (кожолук — Ж. А.) кыргыздарга бооланган беде берип, алардын кыштоолорун сатып алышты, короо-сарайлары кадимкидей жакшы бул кыштоолор үчүн акчага айландырып эсептегенге, алар 1-2 эле сом төлөштү. Башка кожолуктар кыштоолорду эч нерсе төлөбөй, эч кимден уруксат сурабай эле ээлеп алышты.

Келгиндердин көпчүлүгү кыргыздардан өтө оригиналдуу жол менен малдуу болушту. Келгиндер өзүлөрүнө берилген участокторго келгенден кийин кыргыздар эккен жана сугарып өстүргөн беде аянттарын бири-бирине жемин жедирбей өз ара бөлүп алышты... Ал жерлердин жаңы ээлери мурдагы ээлерине (кыргыздарга) беде аянттарынын теңин чаап алууну сунуш кылышты, кыргыздар буга макул болушту, анткени, аларда башка арга жок эле. Кээ бир учурларда кыргыздар беденин түшүмүнүн 1/3 бөлүгүн өзүлөрүнө берилген сыйлык катары алып, канааттанууга тийиш болушту.

Мына ушундайча чаап-жыйналган бедени алган келгиндер кыргыздарга ошол эле беденин ар бир боосун 3 тыйындан сатышат (азыр бир боо беде ал тургай Верныйда да 1,5 тыйындан кымбат сатылбайт). Кыргыздар акча ордуна жылкы жана кара мал беришет, анын үстүнө 50—60 сомдук жакшы жылкы 1000 боо бедеге, башкача айтканда ашып эле кетсе 15 сомго бааланат. Мына ошентип, келгиндер баасы жагынан өзүлөрү үчүн текейден арзан бедени өзүлөрү каалаган жагына алып кете беришээр нерсеге айырбаштап алышат.

Келгиндер өзүлөрүнө берилген жер участокторуна жайланышып алышкандан кийин эмгек кылууга эмес, кыргыздарды бетпактык менен, таптакыр жол берилгис түрдө, ылайыктуу бир дагы учурду колдорунан чыгарбай эксплуатациялоого киришти (астын сызган мен — Ж. А.) Албетте, андай даттануулардын арасында жерибизди малга тебелетип салышты деген доо биринчи орунда турат деңизчи. Анткен менен андай тебелеткендик үчүн келгиндер тийиштүүсүн чыпчыргасын коротпой эле алып турушат, азыр болсо көп учурда келгиндер менен кыргыздардын жерлеринин чектери так ажыратыла элек кезде эле кыргыздар өз алдынча эгин эгип койгон 6 участок жер үчүн олжобузду алабыз деп кымылдап күтүп жүрүшөт.

Областта бош жаткан (бош жатты бекен? —Ж. А.) жерлердин зор мейкиндиктерин көргөн жана миллиондогон, көпчүлүгү момун жана коргоосуз кыргыз калкын эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн түшүнгөн алардын эси дарты эле кантип дагы жакшыраак жайланышып алаар экенбиз, азыркы абалыбыз бизди жетишерлик даражада канааттандырбай турат деген болуп калды».

Көрүп турганыңыздардай, бул Кыргызстандын түндүк аймактарына тийиштүү абал, биз түштүк аймактарынан да ушунун эле өзүн көрөбүз. Сыр-Дарыя келгиндер районунун чиновниги, Н. Рылов деген неме минтип жазат: «1900-жылдардын баш ченине карай жергиликтүү (Фергана — Ж. А.) администрация буларды (келгиндерди — Ж. А.) отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү, ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бетинче басып алуу мунөзүндө болуп калды, бул жорук Анжиян уездинин Көгарт өрөөнүндө бөтөнчө көрүндү (Көгарт өрөөнү азыр Кыргызстандын Жалал-Абад районунун составына кирет — Ж. А.). Бул жерде келгиндердин чоң топтору кыргыздарды турган жерлеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты, кыргыздардын кыштоолордогу там-таштарын бузуп, өзүлөрүнө үй тургузушуп же отун кылып жагышты. 1906-жылдын баш ченине карай... Фергана областында жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган 10 кыштак өз бетинче мына ушундай жеткен бейбаштык жол менен пайда болду». Келгин дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда болгон өз ара мамилелерге келгиндер уюмдарынын чиновниктери тарабынан берилген мүнөздөмө мына ушу, ал өз ара мамилелер өтө жаман болгондугун далилдеп турат.

Өзүнүн социалдык табияты боюнча келгиндердин жана кыргыздардын эмгекчилеринде мындай туура эмес өз ара мамилелер, мындай жек көрүү болбошу тийиш эле, бирок бул ошол эле учурда «Элдерди өз ара жатсынтыштыруу үчүн бардыгын жасаган» (Ленин) падышалык өкмөттүн саясатынын натыйжасында кадиксиз нерсе болуп чыккан. 1916-жылга карай биздин көз алдыбызда жөн эле келгиндер эмес, көбүнчө падышачылык Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы өз таасирин чыңдоо ишинде өзүнүн тиреги катары кароого үмүт кылган келгин кулактар турган.

Кыргыз калкынын жерди пайдалануу тартибин кароого өтөлү. Бул жерде бир нерсени эскертип коюу керек. Мен кыргыз жерине келген дыйкандар жер-сууну өз бетинче басып алышкан деп айтып өттүм. Ал юридикалык жактан тартипке салынбагандык маанисинде гана өз бетинче басып алуу болгон, бирок аны өз бетинче басып алуу деп айтууга болбойт, анткени өзүлөрүнүн материалдык абалын кыргыз эмгекчилер массаларынын гана эсебинен жакшыртууга кызыкпаган кыргыз бай-манаптары келгиндерден да «энчи» алып калууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептешкен. Мына ошондуктан кыргыз калкынын кеңири катмарларынын жерге болгон муктаждыгы менен эсептешпей, алар мына ошол өз бетинче келгендерге кыргыз эмгекчилер массаларына таандык жерлерди сатышкан же узак мезгилге арендага беришкен. Мына ошентип кыргыз жерине орустарды жайгаштыруу, кыргыз эмгекчилер массаларын жерден, жайыттардан ж. б. у. сыяктуулардан кол жуудуруу маанисинде алганда байлар жана манаптар падышалык бийликке өлчөөсүз чоң кызмат көрсөтүшкөн. Жерлерди кыргыз калкынын өзүнүн ичинде бөлүштүрүү маселесине келсек, кыргыз калкынын пайдалануусунда калган жакшы жерлердин, жайыттардын экономикалык жактан кубаттуу, колу көп уруулардын колунда, ар бир уруунун ичинде, албетте, бай жана манап элементтердин колунда калышы эреже болгон.

Мына ошондуктан байлар жана манаптар падышалык колониялоодон жабыр тартышкан болсо да (анткени мал кармаган калктын негизги массасынын жакырданышына байланыштуу алардын эксплуатациялоо объектисинин чектери тарыган эле), ошондой болсо да алардын абалы эмгекчилер массаларынын абалына салыштырганда алда канча жакшы болгон, себеби мал чарбачылыгынын кедери кетиши, эмгекчилер массаларынын жакырданышы келгин орус кулактарына гана эмес, ошондой эле кыргыз феодал-манаптарына да арзан жумушчу күчүн камсыз кылып берген. Адамдын эмгеги негизги өндүргүч болуп саналат, ал материалдык байлыкты жаратат. Бул күчтү — батырактын жана кедейдин эмгегин өзүлөрүнүн баюу кызыкчылыктарында пайдаланууда кыргыз байлары жана манаптары жеткен ойлоп тапкычтыкты көрсөтүшүп, өзүлөрүнүн таш боордугу жана бетпактыгы жагынан тапташ тургандарынан — келгин кулактардан кем калышкан эмес.

Мындан тышкары, падышачылык кыргыз калкынын эксплуататор төбөлдөрүнүн да арасынан өзү үчүн бекем тирек түзүүгө таламдаш болгон. Мына ошондуктан кыргыз калкын административдик жайгаштыруу жагындагы иштин бүткүл системасы кыргыздар чөйрөсүнөн падышачылыкка кызмат кылып берүүчү элементтерден турган кыйла кадрларды түзүү көз карашынан жүргүзүлгөн. Бул жайгаштыруу айрым райондун экономикалык жактан туташ жайгашуусу менен да, волостторду уюштуруу принциптери менен да байланыштырылган эмес, ал айрым байлардын жана манаптардын кызыкчылыктарына ылайык жана көпчүлүк учурларда уруулук принцип боюнча жүргүзүлгөн.

Падышачылык доорунда 500—600 кожолуктан волость түзүп, кыргыздарды административдик жактан жайгаштыруу эреже болуп калган. Ал экономикалык көз караштан алганда ошондой волосттун калкынын мойнуна түшкөн чыгымдарды көтөрө албаган майда волость болгон. Бирок ал байлардын жана манаптардын көз карашынан алганда, ушул байлардын жана манапдын эсебинен падышачылыкка кызмат кылуучу элементтердин армиясын (болуштарды, старчындарды) түзүп берген падышачылык администрациянын көз карашынан алганда толук максатка ылайыктуу болгон. Падышачылыктын мамлекеттик башкаруу аппаратынчалык мите аппарат болгондуктан, анын ишинде калктын кеңири катмарларынын кызыкчылыктары жөнүндө камкордук көрүү эмес, эмгекчилер массаларынын эсебинен чиновниктердин, болуштардын, байлардын армиясын эң жакшы камсыз кылуу аракети негизги орунда турган. Мына ошондуктан пара алуу, «чыгым» төлөтүү жана башка алымдар дээрлик закондоштурулган иш болгон.

Падышачылыктын ынтаалуу кошоматчылары өз эмгектеринде падышачылыктын бул Жергени колониялашы ага тынччылык берди, кээ бир уруктардын, уруулардын ортосундагы чабышуулар токтоду деп жазышат, бирок ал адамдар башкаруунун падышалык системасы эмгекчилер массаларын мурдагы каракчылык талап-тоноонун ордуна закондоштурулган, уюшкан түрдөгү талап-тоноону камсыз кылгандыгын унутуп коюшат. Ошол эле адамдар бул Жергени падышачылык каратып алышына байланыштуу эмгекчилер массаларынын абалы кыйла жакшырды, анткени падышалык бийликтин закондору тарабынан бирдей шарттарга коюлган байлар жана манаптар эмгекчилер массаларынын мүлктөрүн каалаганындай калчай албай калышкан дейт. Анткен менен ал адамдар падышачылыктын бул Жергени каратып алышы жана падышалык админстрациянын өкүлдөрүнүн арам тамактыгы эмгекчилер массаларын талап-тоноону өтө күчөтүүдө кыргыз байларына жана манаптарына жаңы түрткү бергендигин таптакыр унутуп коюшат. Пара алуучулук кадимки эле кадыресе көрүнүш болуп калган. Баары — Жергенин башкы начальнигинен баштап, айылдагы акыркы элүү башчыларга чейинкилер пара алышкан. Уезддердин начальниктери, приставдар, алым жыйноочу инспекторлор, соттор, тергөөчүлөр, токой күзөтчүлөрү, болуштар ж. д. у. сыяктуулардын баары пара алышкан.

Бул маселеге менин көп токтолуп отурушумдун зарылдыгы жок, бирок уезддик начальниктердин бирине күзөт бөлүмү тарабынан берилген мүнөздөмө менен таанышып коюу сиздер үчүн кызыктуу болот деп ойлойм. Пржевальск уездинин мурдагы начальниги жөнүндө күзөт бөлүмү минтип жазат: «Полковник Иванов орус барининин бардык кылык-жоругу бар адам. Господин Иванов, эгерде кумар ойносо, ойногондой ойнойт, эгерде чайга чакырып калса, табылгыс дүрдүйүм даамды жайнатып салат.

Эгерде господин Иванов уезддин жерин көрүүгө чыгып калса, ал өзүнчө эле бир салтанаттуу жүрүш болучу. Ал үчүн кызмат адамдары жана манаптар Пржевальск шаарына чогулуп, уезддин начальнигин атчан узатып жүрүшчү. Ал токтолуп өтөр жерлерге күн мурдатан жакшы боз үйлөр тигилип, ал жерлерге начальник келер күндүн алдында ашпозчулар барышчу. Жети-Суу областынын административдик да, ошондой эле коомдук чөйрөсүндө да полковник Ивановдун «айкөл Валериан» деген лакабы бар болучу. Полковник Иванов байлыгынын мүмкүнчүлүгүнө караганда агыл-төгүл жашоочу, «пара алуучу» эмес, бирок жергиликтүү адамдардан өтө көп карыз алуучу, карызы канча экенин аныктай алган жокпуз, бирок ал дээрлик бардык таасирдүү бай-манаптарга карыз болучу. Бирок «карызды» деле өзү атайлап алчу эмес, өзүнө «берилген» жергиликтүү адамдар, өзү болуштукка өткөргөн (Кадыр) жигит аркылуу алуучу. Бул кадыр-жигиттердин бардыгы уезддин начальниги менен ынак экендигинен пайдаланып, опузалап акча алышчу».

Токой ведомствосунун чиндеринин да паракордугу жөнүндөгү мындай далилдерди Куропаткиндин айткандарынан да учуратабыз. «Тийиштүү контролдоодон тышкары калган токой корукчулары,‒ деп жазат Куропаткин, ‒ калктын башына түшкөн бир балээ болуп саналат, токой ведомствосунун чоңдору мындай кыянатчылыктардын бар экени ырас дешет, бирок токой корукчуларынын материалдык абалын жакшыртпай, алардын санын көбөйтпөй, казына дачаларынын чектерин так аныктабай, өсүүнү жана пара алууларды тыйбай туруп, токой корукчуларынын, ал тургай жергиликтүү калктын пайдалануусуна калтырылган жерлерде да ошондой алдым-жуттумдук кылууларын токтотууга мүмкүн эмес».

Пара берүүдө өзүнчө бир түрдөгү конвейер системасы түзүлгөндүгүн таасын байкагандыгын белгилеп, күзөт бөлүмүнүн ишин калыс баалоо керек. Бул системага ылайык, айылдагы кедей, орто чарба адам айыл старчынына, ал болушка, болуш тилмечке, тилмеч уезддин начальнигине, уезддин начальниги өзүнөн жогорку турган ж. д. у. сыяктууга пара берген. Анан бул кадрлардын баары уезддин начальниктерине жана приставдарына чынында але «тартуу» чогултушкан учурларында өзүлөрүнө колдоо көрсөтүп жүргөн начальниктеринин гана эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн да кулкундарын толтуруп калгыдай көп чогултушкан.

Падышачылыктын акыркы жылдарында пара берүү ушунчалык ачык бетпактык көрүнүш болуп кеткендиктен, Пржевальск уездинде жергиликтүү бир закон киргизилген, ага ылайык, апийим айдагандар ар бир теше жерден уезддик администрациянын чиновниктеринин пайдасына 5 сомдон берип турушкан. Падышачылыктын табиятына мүнөздүү паракордуктун мындай системасы падышачылык башкарып турган акыркы жылдарда кыргыздардын ичинен манаптардын жаңы катмарларынын мансапка көтөрүлө башташына алып келген, ал манаптар коомдук шатынын мындай чокусуна негизинен уезддин начальниктерине, приставдарга ж. д. у. сыяктууларга пара берүү түрүндө мал-мүлкүн көзүнө карабай чачуу жолу менен жетишкен.

Падышачылыктын акыркы жылдарында Пржевальск уездинде болуштукка пара берүү менен жетишкен эки болуш кыргыздардын «саясий жана коомдук» турмушунда башкы роль ойношкон. Булар ондогон жылдар бою батырактык кылып, андан кийин уезддик башкарманын жигиттери болуп иштеген адамдар болгон. Алар ошо уезддик башкарманын жигиттери болуп турушканында мал-мүлк дегенди көп басышкан. Бул мал-мүлктөрү алардын өзүлөрүнүн карындарын толтурууга гана эмес, ошондой эле пара берүүнүн жардамы менен уезддик администрацияга да жакындашууга мүмкүнчүлүк берген. Мисалы, Абдылда Сарынов жана Сагын мына ошондой адамдардан болгон.

Тектүү манаптардын бир бөлүгү падышалык администраторлордун жардамы менен эмгекчилер массаларын эксплуатациялоого анчалык ыңгайлаша албай, падышалыктын тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда экинчи планга сүрүлүп калгандыгын белгилей кетүү кызык. Бул көрүнүш кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында чагылдырылган. Мурдагы Пржевальск уездинде төмөнкүдөй ыр эл арасында көп ырдалып жүрө турган. Анын маңызы мындай: Бул дагы кудаа буйругу, \ Кутургу өттү оруска. \ Жардамга келип улугу, \ жалгыз аттуу Кыдырбай, \ жетип алды болушка. \ Бу дагы кудаа буйругу». Мага бул ыр өзүлөрү жалгыз аттуу болушса да уездик администрация менен өзүлөрүнүн ынактыгынан пайдаланып, андагыларга эмгекчилер массаларынын эсебинен пара берип жүрүп, кыргыздардын коомдук турмушунда кыйла көрүнүктүү абалга жетип алган, мына ошол кыдырбайлар тарабынан падышалык бийликтин тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда жетекчилик роль ойноодон сүрүлүп чыгарылган байлардын жана тектүү манаптардын ошол кыдырбайларга билдирген нааразылыгын чагылдырып тургандай көрүнөт. Майданга «жаш» манаптардын чыгышы жана тектүү манаптардын кээ бир бөлүгүнүн арткы планда калышы тектүү манаптардын көпчүлүгү «сүрүлүп чыгарылгандардын» категориясына кирип калган турбайбы деген жаңылышууга алып келбөөсү тийиш. Жок, тектүү манаптардын көпчүлүгү падышалык администрациянын жардамы менен эмгекчилер массаларын талап-тоноо шарттарына эң сонун ыңгайлашып алышкан болучу.

Болуштарды, бийлерди, старчындарды ар кандай шайлоо, уездик жана участоктук борборлорго ар кандай келип-кетүүлөр, волостторго уезддик администрациянын чиновниктеринин ар кандай келиши ж. д. у. с. чыгым чогултуулар менен коштолгон: Бул «чыгымдар» теңдемечилик тартип, социалдык айрым топтордун жана кожолуктардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуусуз салынган. Мына ошондуктан «чыгымдын» негизги оорчулугу дайыма эмгекчилер массаларынын мойнуна түшүп, ал чыгымды чогулткандар падышалык администрацияда кызмат кылгандардан күткөн өзүлөрүнүн «колдоочуларына» өз чөнтөктөрүнөн төлөмөк гана тургай, алардын жардамы менен өз байлыктарын көбөйтүп калуу мүмкүнчүлүгүн да алышкан. Бул көрүнүштүн канчалык закондоштурулган нерсе болгондугу мындан көрүнүп турат: начальниктердин жасоолдору болгон, алар падышалык казынадан эч нерсе алышкан эмес, бирок уезддик начальниктерде, приставдарда ж. д. у. сыяктууларда маяна албай кызмат кылууну эмнегедир пайдалуу иш деп эсептешкен. Пайдалуулугу ушул: алар да калктан пара алышкан, бул жөнүндө падышалык администрация да билген. Бул «чыгымдар» мамлекеттик салыктардан бир нече эсе көп болгондуктан, кыргыз эмгекчилер массаларын таптакыр жакырданткан. Уезддик бир начальник келип кеткенден кийин «чыгымын» төлөө үчүн бир кедей өзүнүн акыркы уюн сатууга аргасыз болгондугун өз көзүм менен көргөнмүн.

Буга кыргыздар арасында колдонулуп келген эзүүнүн өзүнчө бир формасын кошсок, анда кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын укуксуздугунун, тураны түгөткөн жакырдыгынын, абалынын аргасыздыгынын жөн-жайы таптакыр ачык айкын болот. Ал мындай форма болгон: байлар жана манаптар кедейге саан уйларын жана аяк улоолорун убактылуу пайдаланууга беришкен, а кедей бул үчүн бүткүл үй-бүлөсү менен күндөп-түндөп, мөөнөт жана убакыт деген менен эсептешпей, ошол байга иштеп берүүгө тийиш болгон.

Кыргыз чарбасынын экономикасына товардык мамилелердин киргизилиши жана соода-сүткордук капитализимдин экономикага тийгизүүчү таасиринин өсүшү падышачылыктын бул Жергени колониялоосунун составдуу бөлүгү болуп саналат. Сиздерге капиталдын бул формасы материалдык жаңы байлыктарды түзбөстүгү, ал чарбалык организмге сүлүктөй жармашып, анын бардык ширесин соруп алаардыгы, мына ошентип, аны алсыратардыгы, мунун натыйжасында кайталап өндүрүү процесси андан ары улам көбүрөк тарыган чектерде жүрүүгө аргасыз болордугу маалым. Сүткордук ‒ бул капитал кыргыздар арасында ушунчалык жаман форма алгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында карызга берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алып турган же күзүндө калкка берген 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында бир жаш торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү көбүнчө орус кулактар, өзбек жана татар көпөстөрү болгон, бирок кыргыз манаптары деле бул иштен четте калышкан эмес.

Мындай бир мисал келтирейин: Күнгөй-Ак-Суу волостундагы кездеме кыдыртып сатуучу сүткор-соодагер бир кыргыз бир кожолукка бир жуп көлөч берип, арадан үч жыл өткөндөн кийин ошол көлөчтөрү үчүн ал кожолуктан тайлактуу төө жана бир жылкы алыптыр, Соода-сүткордук капиталдын практикасында бул чанда бир учуроочу көрүнүш эмес, эреже болгонун далилдеп отуруунун кереги жоктур дейм.

Мына ошентип, падышалык администрация менен, анын пара алуу талап-тоноо ж.д.у.с. системасы менен катар кыргыз калкынын арасында жакырдыктын өсүшүн күчөтүү маанисинде алганда соода-сүткордук капитал да өз ишин кылган.

Эгерде буга кыргыз байларында орус кулактарында жана көпөстөрүндө иштеген кыргыз кедейлери менен батырактарынын алган эмгек акыларынын деңгээлин кошсок, анда алар кандай жакырдыкка чейин жеткирилгендиги силерге ачык-айкын болот. Кыргыз байлары жана манаптары эмгек акыны натуралай төлөгөн жана аны акчага которгондо орус кулактарында бир жыл бою иштеген батырак мындан бир аз көбүрөк, 35—40 сом алган. Бул батырактар өзүлөрүнүн кожоюндарынан эмгек акыдан башка эч нерсе алышкан эмес жана мына ушул кенедей эмгек акысынын эсебинен өзү кийиниши, тамактанышы жана өзүнүн үй-бүлөсүн багышы тийиш болгон.

Сыртынан караганда эркин сыяктанган, бирок кулак ‒ эксплуататорлорго, байларга жана манаптарга таандык жерге жана малга көзкарандылык шарттарда байланган кыргыз калкынын эмгекчилер массалары чындыгында крепостнойлордон анчалык айырмаланышкан эмес.

Жергиликтүү калктын акырындап азая бериши падышачылыктын колониялоо саясатынын натыйжасы болгон. Кыргыздар 1902-жылдан 1913-жылга чейин 8,9 процентке азайган. Мунун эсесине келгиндердин саны 10% проценттен көбүрөк көбөйгөн.

Колониялоонун ашкере макталган прогрессивдүү миссиясынын натыйжасы кыскача мына ушу, империалисттик мамлекеттердин малайлары Чыгыштын колонияга айландырылган өлкөлөрүндө ушу кезде да аны жаагын жанып көкөлөтүүнү токтотуша элек.

(Уландысы бар)

[1] «Саяк менен сагызганга убал жок» деген макалдан саяк уруусу эзилген жана алардын арасында байлар жана манаптар болгон эмес деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Бул макал саяк уруусуна карата башка уруулардын, мисалы, Бугу, Сарыбагыш ж. д. у. с. уруулардын кастык мамилелеринин натыйжасы болгон.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз