Жолдош Турдубаев: Кош уюлдуу ыргак-дем

  • 16.10.2026
  • 208

ЛИРИКАЛЫК ТЫНЫГУУ

Төбөдөгү жылдыздуу асман – көкүрөктөгү ыйман мыйзамы. Ушул эки нерсеге мен канчалык тигиле карап, ой жүгүрткөн сайын, ошончолук жан дүйнөмдү улам жаңы, өрчүп турган таңдануу, терең аздектөө менен толукшутат.
Иммануил Кант

Жаңы муундагы акындардын бири Мелис Маматжановдун айрым ырларын окуп көргөндө бир өзгөчөлүктү байкадым. Бул – кайталанган тыбыштардын күүсү менен бирде күчөп өйдө серпилген, бирде тынчый басаңдаган ички ыргак:

Шашып жашайм бөтөн шаарда ашыгып,
(Шактарынан бул турмуштун күүлбөйт ким?)
Жол четинде флейтачан жаш жигит
Ойноп жатат кайрыктарын Шуберттин.

Биринчи сапта беш ирет катышкан шуулдак тыбыш (ш) кийинки саптарда кескин азайып, башка шуулдакка (ж) жана кыйла салмактуу тарткан каткалаң т тыбышына орун берет. Бул ырды жазганда автор бирде шамалдай катуулап соккон, бирде тунжураган жымжырттыкты сүрөттөгүсү келген окшойт.

Музасы анын мен жашаган калаадай,
Муздап дүйнөм, муздак өмүр кечирдим.
Кабагынан кара булут тарабайт –
Сүйүүсүнө жетпей калган шекилдүү...

Флейта ойногон жигиттин "музасы" лирикалык "Мендин" кайгы-капалуу, “муздак дүйнөсү” менен үндөшүп турат. Музыка муңканып, уккан адамдын көкүрөгүндө катылган кайгыны туюнтуу менен рухий дүйнөсүнө жаркын нур салышы, анан тунжураган сүкүт аркылуу тунутушу мүмкүн:

Ойноп жатат эркин, муңдуу, аялуу,
Көзүңдөгү отту көрбөй күлгөн көп.
Уялбагын көйнөгүңдөн жамалуу –
Жан дүйнөсүн жамай албай жүргөн көп...

Ооба. Анткени жаңы көйнөк жан дүйнөнүн жардылыгын жашыра албайт. Ырас, флейта ойногон жигиттин “көзүндөгү отту көрбөй күлгөн көп”. Мында акын көркөм өнөр күнүмдүк түйшүктөн, кыжаалат санаалардан алаксытуу үчүн гана керек деген мамиле туура эмес экенине ишарат кылган. Бул саптардын жаралышына “көйнөктүн кири жууганда кетет, көңүлдүн кири айтканда кетет” деген кыргыз макалы да түрткү берген окшойт.

«Шуберттин “Серенадасы”» деп аталган ушул ырдын аяк жагындагы кош сапта пенденин (лирикалык каармандын) жан маанайы менен ал бараткан жолдо жаңырган музыка жарыш коюлуптур:

Кир дүйнөнүн кооз сайраган кушундай,
Адамдарга айткың келди эмнени?

Ырас, турмуштагы реалдуу жагдай менен көркөм чыгарма дал келиши кыйын: бийик кыялдар менен көр тирликтин демейки кескин айырмасы даана сезилет. Бирок бул каршылаштык (“кир дүйнө” менен куштун “кооз сайрашы”) ырдагы өзөктүү идеялардын бири гана. Ошондуктан серенаданын да кабылданышы бир кылка эмес – анын башка өңүттөрү да бар.

Музыка – жөн гана фон эмес, лирикалык каармандын жан дүйнөсүндөгү кыжаалат дагы, кусалуу дагы абал. Кыжаалат жагы – өмүрдөгү өксүктөр, таарынычтар, көңүл калып катуу иренжиген учурлар; кусалуу жагы – Кудай ыроологон эң изги, кол жеткистей бийик мүдөөлөрдү эңсөө, канчалык басмырланып, тебеленди болсо да такыр чөгүп кетпеген пейил/мүнөздүн изи, көкүрөктө биротоло өчүп калбаган кайрат деми... Бул жерден да диалектикадагы өзүнчө эриш-аркак каршылаштык – кош уюлдуу эрегиш-биригиш күчү сезилет:

Метродо эл... Багыты бар, багытсыз,
Станциялар тагдырлардай бөлүнгөн.
Мен өзүмдү издейм жолдо жарыксыз,
Сен өзүңдү издегендей өмүрдөн.

“Муза” сөзүндөгү з тыбышын экинчи жана ушул төртүнчү строфада жыш колдонуу – лирикалык каармандын боздоп-сыздаганын музыкага үндөштүрүүгө атайын аракетпи же бул тыбыштардын кокусунан айкалышып кеткениби? (Аллитерациялык башка мисалдарга да көңүл бурууга болот. Түздөн-түз да, өтмө же кош/көп маанилери менен да түшүнүлүүсү ыктымал сөздөргө чейин же ага тушташ, бир эле учурда ыргактын, үндөштүктүн сезилиши чыгарманын таасирдүүлүгүн кыйла арттырышы мүмкүн.)

Биз бул чыгарманын айрым өзгөчөлүктөрүн гана сөз кылдык. Анткени бүтүндөй ырды окуганда лирикалык каармандын дүйнөнү, андагы өзүнүн ордун кыйла татаал кабылдап/сүрөттөгүсү келерин сезип-байкоого болот:

Мелис Маматжанов

ШУБЕРТТИН “СЕРЕНАДАСЫ”

Шашып жашайм бөтөн шаарда ашыгып,
(Шактарынан бул турмуштун күүлбөйт ким?)
Жол четинде флейтачан жаш жигит,
Ойноп жатат кайрыктарын Шуберттин.

Музасы анын мен жашаган калаадай,
Муздап дүйнөм, муздак өмүр кечирдим.
Кабагынан кара булут тарабайт,
Сүйүүсүнө жетпей калган шекилдүү...

Ойноп жатат эркин, муңдуу, аялуу,
Көзүңдөгү отту көрбөй күлгөн көп.
Уялбагын көйнөгүңдөн жамалуу –
Жан дүйнөсүн жамай албай жүргөн көп...

Метродо эл... Багыты бар, багытсыз,
Станциялар тагдырлардай бөлүнгөн.
Мен өзүмдү издейм жолдо жарыксыз,
Сен өзүңдү издегендей өмүрдөн.

Чачыранды биздин күндөр ушундай,
Чачыраган тыйыныңдай жердеги.
Кир дүйнөнүн кооз сайраган кушундай,
Адамдарга айткың келди эмнени?
 

Жаңырууда серенадасы Шуберттин...

Табит табияты

Музыкада “эмне айтылганы” угуучунун абалына же рухий өсүш деңгээлине да жараша болот: бирөө үчүн жөн гана алаксытуучу эрмек болсо, дагы бирөө үчүн – өзүнүн жан дүйнөсүн көркөм өнөр күзгүсүнөн көрүү, көкүрөгүндөгү санааларды тереңирээк түшүнүү мүмкүнчүлүгү.
Франц Шуберт дүйнөлүк музыкадагы биринчи романтик композитор болуптур. Тагдыр сыноолоруна сынбай, өмүр жолундагы азап-тозокторду жеңип өтүшүнө чыгармачылыгы жана анын музыкасын баалай билген достору жардам берген окшойт.

“Серенаданын” тексти Людвиг Рельштаб аттуу акынга таандык дейт Википедия. Бул ыр замандаш болсо да эч качан кездешпей өткөн эки улуу композитордун чыгармачылыгын тутумдаштырган: Бетховен музыкага салуу үчүн тандап алып, бирок жазбай калган чыгарманы Шуберт жараткан экен.

Ашыгын бир көрүүгө зар болгон акын... айлуу түндөгү жымжырттыкта үлп эткен желге шуудураган бариктер... Мунун баарын атактуу Робертино Лореттинин аткаруусунда угуп көрүңүз, сөз менен жеткирилгис сезимдерди туюуга аракеттениңиз:

https://youtu.be/3_jHfdjkyzY?si=6oU3qMROCCAeURTs

Бир кеңеш

Мелис Маматжановдун башка ырларынан да кош уюлдуулукту байкоого болот. Мисалы:

Жасачубуз муз денелүү адырда
Балалыктын колу менен кар киши.

♦   ♦   ♦

Тишиң чыгып, сени кыйнап жатканда,
Мени тагдыр тиштегенин айтпадым...

♦   ♦   ♦

Жоолугундай жаңы келген келиндин,
Кара чайнек бир мезгилде ак болгон.

♦   ♦   ♦

Чыгармачылыкта ушундай изденүүлөр болгону жакшы, албетте. Бирок кайсы бир ыкманы колдонуу башкы максат эместигин авторлорго, айрыкча жаңыдан жаза баштагандарга эскерте кетейин. Анткени салттуу философиялык же көркөм формалар менен байланышкан каражаттар дайым эле ойдогудай натыйжага жеткире бербейт.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз