Осмонакун Ибраимов: Тагылдыр тоолор

  • 16.10.2026
  • 1659

Күндүн ырайы түш оой барып оңолду. Таң эртеден баштап карасур тартып түнөрүп, мына нөшөрлөп ийе тургандай оорлошуп турган асман же шатыратып жамгырлай албай, же бара-бара көтөрүлүп кете албай коюу салаңдап, түшкө чейин эч бир кабагы ачылбады. Түшкө жуук гана кең асманды туташ каптаган коюу булут тээ тетиги күн батыш тараптан эски кийимдин кебезиндей сүзүлүп, аздап арасы ачылып, кеч бешимге чукул шаңкайып ачылып кетсе болобу. “Оо, дүйнөгүн, бир туруп кабагыңа кар жааса, бир туруп жан-жаныбарга мээримиңи төгүп жадырайсың го, чиркин” деп, эртеден бери санаасы бир жерге токтобой, ою удургуп турган Суран молдо табийгаттын ушул кереметине таңыркап да, таң калып да турду.

...Жаштайынан “молдо” атыгып, эртелеп медреседен окуп, динаеттин, мусулманчылыктын чоо-жайын тээ тереңинен баштап чечмелей билген Суран айылдаштарынын назарына эртелеп урунса да, ошол молдолугу үчүн Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылды. Дин тутуп, азан айтып, жума намазда ар дайым башынан селдеси түшпөгөнү үчүн бир кур түрмөдө отуруп, туура алты ай, жети күн дегенде араң бошонуп чыкты. Бирок анын тарта турган азабы ошо менен эле бүтүп калса гана. Дале болсо ысымың кара тизмеде экен, райондон келген полдомочун[1] менен иңкибиди[2] сага кайра издөө салып аткан имиш деген шыбыш сөз кечээ эле жакында кулагына жетти. Ошондон бери Суранда эч бир тынчтык жок. Иреңи кубарып, ою бир жерге токтобой, айрыкча бүгүн жаны эч бир сай таппай туру...

...Жакын санаалаштардын шыбышына караганда куугунчулар издеп келсе так бүгүн келет. Молдону кармаса так бүгүн кармайт. Себеби бүгүн күнгө жума. Мындайда Суран молдо эч жакка кетпей үйүндө болоорун баары билет. Демек, күнү бүгүн анын тагдыры чечилет. Күнү бүгүн качантан бери жанын жай алдырбаган азаптуу суроого-тагдырдын жазганына моюн сунуп, кайрадан кармаганынан кан чыгарган Кеңештин колуна түшүп берсемби же чек араны ашып (ашпай жүргөн жер беле?), Кытайга качып кутулсамбы деген коогалуу суроого кааласа да, каалабаса да жооп бериши керек. Ушундан уламбы, демейде оор басырык, улууга да, кичүүгө да мамилеси бирдей Суран кийинки убакта таптакыр өзгөргөндөй эле. Мурункудай жапакеч, кимге да болсо сылык-сыпаа жумшак мүнөзү калып, эмнегедир шашма, чырт этме, унутчак болуп кеткенсиди. Качан болсо эси-дартын ээлеген сары зил санааданбы, же кышка карата отун-суу даярдап коёюн деп эртеден кечке жаны тынбаганданбы, айтор, кадимкидей көзү киртейип, арыктап да кетти.

Сурандын азыркы акыбалын кошуналар, жакын туугандар көрүп-билип турушса да, анын көңүлүн жубатып, ой санаасын башкага бура салганга эч бир чамалары жок эле. Баарынын жүрөк заада болуп күткөнү мына келет, ана келет деген куугунчулар. Молдону кармап, колуна кишенин салып, айдап кетчүлөр качан болсо кирип келиши мүмкүн деген кооптонуу. Ошон үчүн баары бирин-бири карап элейип, баарынын көздөрүндө коркуу, алда немени күткөндөй дал болуу бар.

Келини Бурмага бир нерсе айтып табыштап, боз үйдөн сыртка шашылыш чыккан Сурандын энеси Наалы байбиче бой жетип калган небереси Акматка карап, кейигендей сөз этти:

– Каран күн, Акмат, эмне отурасың? Тез тур да, тээ тетиги кыраңга чыгып барып, кыштак тараптан бизди көздөй келаткан киши-кара көрүнбөйбү, карап тур. Кокус келаткан кишилер көрүнсө, тез бизге кабар бер, – деп жолго салды.

– Макул, эне. — Акмат дароо ордунан туруп, конуш четиндеги шыраалжындуу тумшукту карай чуркаган бойдон кетти.

...Суран заман мынчалык бат өзгөрүп кетээрин, мурдатан эси-көөнүнөн чыкпай жүргөн кооптуу ойлору тез эле кежигеден ныгыра басып, минтип буямага келтирбей алка жакадан алаарын күткөн эмес эле. Мына туура беш күн болду, түнү уйку жок, күндузу тынчтык жок. Ою менен пикирин ээлеген бир эле санаа – экинчи ирет Кеңештин колуна дагы түшөмбү, түшсөм тагдырым кандай болот деген жүрөк эзген суроо. “Бир деген эки болбойт, болсо чеги болбойт” деген кеп ушу мен жөнүндөбү деп ойлоп калат кээде. Экинчи жолу колго түшсө соо калбай турганын өзү да билет. Себеби бир жолу кудайдын кудурети менен эптеп бошонуп чыкты, бирок ага касын тиккен Кеңеш эми кармаса эзели колдон чыгарбайт го. Катуу кетсе капкайдагы күнөөнүн баарын мойнуна салып, алынын жетишинче каралап туруп, аттырып таштаса ким кой дейт? Болбосо соттойт, ата-бабасы укпаган-билбеген жакка сүргүнгө айдайт.

Ошон үчүн Сурандан эси-дартын ээлеген бир эле суроо: бу кайырымы жок кудайсыз Кеңештин куугунтугунан кантип кутулам? Качамбы? Качканда бараар жерим кайсы? Баягы эле Кытайбы? Он алтынчы жылкы Үркүндө ата-энеси менен, урук-туугандары менен дүрбөй качып, теңинен көбү ашууларды ашып-ашпай кырылып калган учу-тубу жок Кытайга дагы жер оойбу? Бирок айла канча, качканга туура келсе качат да... Анын үстүнө эч качан кайратынан жазбаган, көп кыйынчылыкты, анын ичинде улуу Үркүндү башынан өткөрүп, жамандык-жакшылыкка жедеп бышып бүткөн сабырдуу энеси Наалы: “Кой, балам, бу замананын түрү бузук болуп турат, андан көрө эптеп бел ашып, бу кошуна турган Кытай тарапта үч-төрт ай баш калкалай турсаң кантет?” деп акыл салган жери бар эле. Албетте, ал айла кеткендеги сөз болчу. “Тиги Жамгырчынын Жусубуна окшоп, жөн жерден соттуу болуп, андан ары дайынсыз жоголсоң, сенин күйүтүңдү тирүүлөй тартканга күчүм да, ден соолугум да жок” деген үшкүрүнүп. “Буюруп насип кылса, заман бара-бара оңолуп кетсе, кайрылып келээрсиң да...”

Басса-турса ушуну ойлогон Сурандын санаасы санга кетип, демейде учу-кыйырсыздай көрүнгөн кең дүйнө ушу азыр ага эгин сактаган ороодон да тар сезилип, төрт амалы түгөнүп турган учур болчу...

Ырас, Кытайга качпай-этпей эле, колго курал-жарак алып, тоо тарапта топ-топ болуп уюшмада жүргөн басмачыларга кошулуп кетсе да болмок. Мындан туура үч жыл башта аты-жөнүн көп угуп, ичинен ар дайым сыйлаган айтылуу Айтмерек корбашыдан жашыруун кабар келди го. “Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө чогуу бололу, бир тууган элбиз, кошулсун бизге” деп ортомчу жибериптир. “Азыр баягы баш көргөндү көз көрбөгөн Үркүндүн заманы эмес, анда союлдан башка колдо эч нерсебиз жок эле, азыр колубузда куралыбыз бар, согушса согушабыз, кан төксө кан төгөбүз, эч бир алдырбайбыз кызыл аскерге” дептир. Кыскасы, бу кудайсыз Кеңештин зордукчул бийлигине каршы чогуу аттаналы деген чакырык экен. Бирок Суран буга түк макул этпеди. Энеси Наалы да туура көрбөдү. Молдо деген атым болуп туруп, кимдир-бирөөнүн канына кантип забын кылам, кантип бирөөгө ок атам...

Андан бери арадан дээрлик үч жыл убакыт өтүп кетиптир...

– У-у-й, Акма-ат, эч ким көрүнбөйбү, кабар жокпу-у? – Наалы байбиче кыраңга чыгып алып, жол карап отурган небересине үн салды.

– Жо-ок, эч ким көрүнбө-өйт! – кыйкырып жооп кайтарды Акмат.

...Жаны кашайганда, “келсе келет да, кармаса кармайт да, маңдайга жазганды көрөрмүн” деп өзүнө-өзү кайрат берип да көрдү Суран молдо. Бирок ошол эле замат “кайсы жазыгыма түрмөгө камалышым керек? Мен эмне уурулук кылып, киши өлтүрдүмбү?” деп түнү уйкудан калып, ары-бери ооналактайт. Бирок суроосуна эч бир жооп таппай азап жейт. Себеби жообу жок. Ооба, кеп-кеңеш сурагандарга Советтин заң-закүнүнөн мурун, кудайдын мыйзамы менен жашаш лаазым деп насаат бергени чын. Мындан кийин бүт баарың Лелин[3] чапкан жол менен жашайсыңар, партия айтканды жасап, жума намаз, мечит, кудай дегенди унутасыңар, ар бириң корооңдогу мал-жанды Совет өкүматына өз ыктыярың менен өткөрүп бересиңер. Бербесеңер керт башыңар кетет дегенде, ушул эле Суран: “Астапыралла, кудай берген жанды Лелин же Ысталин[4] эмес, кудай өзү алат, кудайдан улук сүйлөбөсөңөрчү” дегени да чын болчу. Көрсө, ошол сөзү башына тийген муш болуптур. Ошону айылдагы эле тууган-уруктун бирөө Суран молдо Ысталинге акаарат айтып, чагым жасап атат деп кабарлап, элди тескери жакка үгүттөп жүрөт дегендей маалымат бериптир. Дароо эле кармап кетишти. Айла канча, Өзгөндүн көк заңгер түрмөсүндө жатып сурак бергенде “мен деле катардагы кедей-кембагалмын, Кеңештин саясатына көзүм түз, жаңылдым, жаздым” деп убада берип атып араң камактан бошонуп чыккан. Баса, ошондо көзү түбүндө кайнаган татар тергөөчү ага сөөмөй кезеп: “Эй, жапайы кыргыз, эми экинчи колубузга түшпө, түшсөң бери болгондо он жылга кесилесиң, ат жетпеген Алайкуңа эмес, Казакстанга, Сибирге айдаласың” деген болчу. Анан дагы минтип айтканычы:

– Бу Алай менен Алайку, качан тынчыйсыңар силер, черт вас побери! Силерге Ак паашанын заманы жакпады, эми Лелин менен Сталиндин заманы да жакпай атабы? Николай заманында го Курманжан даткага, Алымбек датканын балдарына ишенип, орустун солдаттары менен тоо-тоодо ок атыштыңар. Азыр кимге ишенесиңер?”–– Муну уккан Суран кыргыз калкы кылымдар бою өз башы, өз эркиндиги үчүн башын сайып кармашкан эл болсо, ошентет да деп ичинен акаарат айтып, татар тергөөчүнү тилдеп отурган. Алайку ошол Кыргызстандын бир эле чырпыгы го. Мына мен да ошол кырк уруу кыргыздын бир тукумумун. Бирок бул оюн ачык айткандан тартынып, Суран тигинин сөзүн унчукпай угуп берди.

– Ошондо Ак пааша жакшы эле силерди туш-тушка тымтыракайыңарды чыгарып кубалаган экен, бирок дурустап кубалаган эмес окшойт. Эй, тоолук жапайылар, тынчыгыла! Сталин силерге Николай эмес, керек болсо баарыңарды контр деп жарыялап туруп, басмачыңбы, соодачыңбы – баарыңарды ары жагыңардагы Кытайга дагы бир жолу кууп таштайт! Жүргүлө ошондо түбөлүк качкын болуп тентип...

“Оозуңа таш, киши кейпиндеги желмогуз!”, – деп дагы ичинен күбүрөгөн Суран ошондо.

Ошол тергөөчүнүн чала кыргыз, чала орусча үйлөгөн сөзүн эстеген сайын, Суран түшүнөн чочуп ойгонуп, “оо, кудай ошол желмогуздун жүзүн экинчи көрсөтпөсөң экен” деп жакасын кармап, келмесин келтирет. Беш убак намазга жыгылгандагы негизги батасы да, кудайдан тилегени да ошол. Ошол көзү чүңүрөйгөн тергөөчү тилдесе мени эле тилдебей, Алайкуну, Алайды, бүт кырк уруу кыргызды кошо тилдегени эмнеси? “Бунтовщик” дегени кандай?” Ооба, тээ илгери заманда ошол Ак паашанын чек арачы аскерлери Алайкунун өрөөнүнө келип, жер ченемин алып, кериле ат бастырып, кыдырып жүргөндө жергиликтүү жигиттер орустардан “Эй, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?” деп кеп сураса, тигилер эч бир камырабай: “Бул деген биздин жерибиз, орус империясынын жери, силер ошонун букарасы болосуңар” дегенде, ачуусу келген алайкулук жигиттер качантан бери биздин жер орустуку болуп калды эле деп, баарынын колу-бутун байлап, минген аттарынын жал, куйругун кесип, кубалап жиберген деп кеп кылышаар эле аксакалдар. Кийин ошолордун баарын кармап, сүргүнгө айдап жиберген дешип калат билгендер.

Ошентип “жапайы” кыргыздар Алайкуга бир да орусту киргизбей, чек араны тостурбай койгондо Курманжан датка өзү Алайдан ашып келип, адатынча катуу айтпай, секин сүйлөп, “Бейбаштык кылбаңдар, азиз туугандар, болду эми тынчыгыла” деп сурангандан кийин гана алайкулуктар ак паашанын солдаттарын чек арага өткөрүшкөн имиш. Жанагы татардын сөзүнүн төркүну дал ошол деп түшүндү Суран молдо.

...Түрмөдөн бошоп келээр менен өкүматка сураган малын өткөрүп берип, башкарманын тапшырган ишин так аткарып, колхоздун бригадири кайда айдаса, ошоякка барып, ар дайым эл ичинде жүрүп келди Суран.

А бирок артель, колхоз дегени дабыратып элди ары-бери айдаганы эле болбосо, жарытып чарба кыла албады. Ырас, эгин айдады, бирок айдаса тегиз айдабады. Чогулткан малы же карышкырга жем болуп, көбү тоо-тоодо кырылды, же кар көчкүнүн астында калды. Алган төлү болсо толугу менен өкмөттүн колуна кетти. Ошентип отуруп акыры отуз үчүнчү жылы атың өчкөн ачарчылык тооруду, текей терип жеп, талаадан машак чогулткан заман башка келди. Алты кез кар жаап, мал четтен кырылганда да кыргыздын башына түшпөгөн ачарчылык канча бей-бечараны жалмады ошол жылы. Ал эми бийликтин коркутканы баягы эле иңкибиди[5]. Айрыкча былтыркы отуз жетинчи жыл өтө кыйын жыл болду го. Ысталин аны айтты, партиясы муну айтты, артелге, колхозго ыктабагандарды душман деп тааныш керек, бирин калтырбай кулакка тартып, тап катары жоюш керек дептир деген кыйкырык, сүрөөн менен өттү ал жыл. Эл байкуш эмне кылат? Баарынын корккону – сот, түрмө. Иңкибидинин атын укканда ыйлаган бала соороно турган заман болду. Айтылуу Алайкунун алыстан карасаң алакандын кочушу сыяктанган жайлуу, ыктоо өрөөнүндө атам замандан бери бир атанын балдарындай ынтымакташып, тынч оокат өткөрүп келген бир ууч элдин ичинен нечен “душмандар” табылып, ар кыл “зыянкеч элементтер” арасынан чыкты. Ошол “элементтин” бири молдо Суран экен. Жалаң имамдык милдетин аткарып, апта сайын элди чогултуп, ар күнү азан айтканы үчүн колуна кишен салынып, түрмөгө түштү. Ошол азапка мына эми кайрадан башы малынганы турат...

– Э-эй, эч ким көрүнбөйбү? Ау-у?..— Айыл четиндеги кырга чыгып алып, кыя жолду карап отурган Акматка үн салды Сурандын кенже кызы Сахипжамал.

– Жо-ок. Эч ким көрүнбө-өйт... – Колун булгай жооп кылды Акмат.

Кийинки убакта ушу Акматы Суранга арка бел. Кудайга шүгүр, кадимкидей оорду жерден алып, жашы он төрттөн он бешке карап калды. Атасынын ичинде бурганактаган оюн бала болсо да сезет окшойт, Акмат ага улам-улам айтат: “Ата, кайда болсоң да мен сени менен кошо болом, качсаң кошо качам” дейт. Кебетеси качканга ынтызар. Бала эмеспи, кантсе да атасына караан болгусу келет го. Бирок ошо качып кетсе эле бүт баары жай-жайына келип калса гана. Сурандын жүрөгүн түпөйүл кылган нерсе – ошол учу-түбү жок чоң Кытайда же бир баш калкалай турган илик-чатыш тууганы болбосо, же калтага каткан акча-тыйыны болбосо, кантип бөлөк-бөтөн жерде жан багам деген суроо. Баарынан да мынабу коркконунан көздөрү алайган катын-баласын, картайган энесин, оорукчал аялы Бурманы кантип кароосуз калтырат? Же эмне кылсаң ошо кыл деп Кеңештин түрмөсүнө отуруп, башын баталгага байлайбы? Мурунку каза болуп кеткен аялынан туулган уулу Эсен болсо башынан тага журтуна жакын чыкты, жайы-кышы ошолордун арасында. Баарынан да өтө Кеңешчил чыкты, кемсомол[6] болом, акитүп[7] болом деп башкарманы ээрчип, күнү-түнү чапкылап жүрөт.

– Үйгө кирип, тамак ичип албайсыңбы? — Аялы Бурма ушуну менен үчүнчү, төртүнчү жолу Суранды үйгө чакырып атышы. Каяктагы тамак. Айрандан башка эч нерсе жүрөгүнө баспайт. “Мына азыр кирем” деп коюп, боз үйгө баятан бери баш бага элек.

Мына эми энеси Наалы чакырып:

– Суран, кир үйгө, тамак ичип ал, – деп катуураак унчукту.

Эми эле үйгө кирип, айранга эрдин тийгизип, тамакка кол созгондо эшиктен аталаш агасынын зайыбы Таасил карпа-күрпө кирип келсе болобу:

– Кокуй, молдо бала, келатышат окшойт! Тур тез! Эми канттик каран күн?! Акмат колун булгап, бери көздөй чуркап келатат. Эми эмне кылабыз?..

Суран ордунан ыргып туруп, сыртка атып чыкты. Чын эле Акмат чымын-куюн болуп бери чуркап келатыптыр.

– Молдо, бадалды аралап барып, жашына турчу! Келсе көрө жатабыз да. Бол эми! – Энеси Наалы үнүн бек чыгарып, молдого кол жаңсады.

Суран ансыз деле ошону ойлоп турган. Келсе эле баягы полдомочу менен башкарма келет. Келет да, баягыдай аттан түшүп-түшпөй туруп, молдо кайда жүрөт деп сурак кылат. Тапкыла дейт. Кекетет адатынча. Коркутат. Баягы биринчи жолу колго кишен салгандагы өкүмчүл жоруктарын дагы кайталайт.

Суран дароо төш таяна басып, торпок-тана оттоп жүрчү бадалдарды аралап, жогору тараптагы карагайлуу токойду карай шашыла өр таянды. Бадалдуу колотту өрдөп, бийиктеп чыккандан кийин кайра артка кылчайып, күйүккөнүн басты. Айыл жакты карады. Чын эле бир же эки эмес, төрт атчан аттарын үстү-үстүнө камчылай, текирең таскак менен салып-уруп келатканын көрдү. Денесин дүркүрөк басып, дагы да жогорураак өрмөлөдү.

Атчандар аттан түшпөй туруп келинчеги Бурмадан, энеси Наалыдан бирдемени сурап атканын көзү чалды. Кептери угулбайт. Болду-болбоду Суран кайда, тез тапкыла, кайда экенин айткыла деп коркутуп атышкан шекилдүү.

Суран тигилер аттан түшпөй туруп, боз үйдү тегеректей жарданган бала-чакага камчы кезеп аткандарын көрүп, иш чынында эле өтө чатак экенине биротоло көзү жетти. Бирөө же экөө эмес, чаап ала тургансып төртөө келген тура. Бири да аттан түшкөн жок. Демек, максаттары – Суранды эптеп таап, колуна кишен салып, кеңсеге айдап кетиш.

“Баскынчыга окшоп демиткенин кара, акмактардын... Бала-чаканын жүрөгүн түшүрүп... Чоң жоо тапкандан бетер камчы үйүрүп. Ат омуроолотуп...”

Айыл тараптан чаңыргандай ачуу үн чыкты. Сыягы атчандардын бири молдону тез тапкыла деп кимдир-бирөөсүн камчы менен уруп-согуп ийгенсиди. Болду-болбоду Таасил жеңеси го, ачуу чыккан үнүнө караганда.

Ушул саамда дагы бир жолу артка карай жол жок экенине Сурандын биротоло көзү жетти. Бир саатка жакын тээ бийиктен көз салып отуруп, тиги төртөө аттан түшпөгөн бойдон кайра артка кайткандан кийин гана молдо Кытайга качкандын камын чындап ойлонду. Эң биринчи жанынан артык көргөн кара мылтыгын эстеди. Мурунтан камдап койгон бир куту окту ойлоду. Анын баары чер токойдун ичиндеги суурдун ийининде катылуу эле. Каткан жерди Сурандан башка эч ким билбейт. Акмат да билбейт. Ага атайын айткан эмес. Кара мылтык колумда болсо, уулум Акмат жанымда жүрсө эптеп жан багаармын деп ойлоп турду молдо. Каны-жанынан чыккан баласы жанында болсо, бозгунчулуктун азабы да жеңилирээк болорун билип турду ал. “Калганы Кудай таалам маңдайга жазгандай болот да” деп, чек арадан өткөндүн, эртелеп ашуу ашкандын камын ойлой баштады Суран. Жолго даярданган сайын илгерки Үркүндүн тири укмуш элестери көзүнө тартыла берди.

Андай алаамат бир кылымда бир эле жолу болсо керек. Байкуш кыргыз эли ак паашанын залимдигине, ай сайын өскөн алыгы менен салыгына чыдай албай көтөрүлүш чыгарганда, кудум чоң согушка бараткандай куралданган орус аскерлеринин огуна туруштук бере албай Кытайга качты го. Суран ал кезде тестиер бала болсо да, ошол алааматтын бир топ азаптарын өз көзү менен көрүп, өз башы менен тартты.

Ошондо балакаттан өтүп, кол аякка жарап калган бала Суран азыр эми жашы кыркка таяп, үч баланын атасы болуп, эл тааныган молдо атыгып, бир үй-бүлөгө баш. Өзүнчө түтүн булатып, элге-журтка башы көрүнүп калган кезинде минтип айласыздан жер которушка, кайрадан ашуу ашканга мажбур. Экинчи жолу кача турган болгондогу жалгыз таянычы – асмандагы кудуреттүү Кудайы, он төрттөгү Акматы, жанынан артык көрүп, адам таппай турган жерге жашырып жүргөн кара мылтыгы эле. Башка таяна турган тоосу жок, үмүтү да жок Сурандын.

...Өтө эле бийикке чыгып кетпей, Суран айлана тегерек тегиз көрүнө турган секиге чыгып, артыман жете келет го деп ишенип, уулу Акматты күтө турууну чечти. Күүгүм талашта таппай калбасын деп, кээ-кээде “Акма-ат” деп акырын үн чыгарат. Айткандай эле каптал тараптан шырт-шырт эткен дабыш чыгып: “Ата-а” деген Акматтын үнү угулду.

“Аа, кудай, балам жете келген экен...” деп, Суран жаратканга кайта-кайта жалынып жиберди. Эми кай тарапка да болсо кете берем, Акматым жанымда, жараткан кудай дилимде деп, Суран кадимкидей шерденип, мурунку кайраты дене-боюна кайра кайткандай, кыяматтын кыл көпүрөсу болсо да коркпой өтүп кете тургандай чыңала түштү. Кечки намазды калтырбайын деп, бир ирекет намаз окуп жиберди.

Боргулданып тердеген Акмат жанына көчүк басардан мурун жонуна арчындагын жүгүн чече кетти. Дале болсо энеси Наалы сарасепчилдигин, көрөгөчтүгүн көрсөтүп, кол чаначка толтура айран куюп, кара кесеге каймак менен сүзмө салып, түйүнчөккө түйүп бериптир. Дагы бир кеседе чылпылдата майга куурулган кийиктин куурмасы жүрөт... Ошондо Суран дагы бир жолу энесинин жиберген ишааратын толук түшүндү: демек, артка жол жок. Туура Кытайга жол жүрүү керек. Башка жол жок экенин тууган энеси туура байкап, ага биротоло көзү жетип, ошого ак батасын берип аткан экен да... Кагылайын энем ай, берекем ай...

– Отур, келгендер эмне деди, айтып берчи, –– Суран уулу Акматка кеп-сөз укмакка жакын жылды.

Айткандай эле аябай кекетишиптир. Инкибидинин кишиси тапанчасын көрсөттү дейт. Ок чыгарбаса да, тез тапкыла молдону, кабарын айткыла дептир полдомочун. Боз үйгө кирип, бир сыйра тинтип да чыгыптыр. Тапкыла тез, таппасаңар силер да камаласыңар, мал-мүлкүңөрдөн айрыласыңар, баарыңы тукум курут кылам деп омуроолоптур. “Эмне эле тынч жүргөн молдого касыңарды тигип калдыңар, же Кеңеш өкмөтүнүн Сурандан башка иши жок бекен?” деп Таасилкан жеңе аялдык кылып тигилерди беттен алганда, башкарма Турду камчысы менен аттан түшпөй туруп жеңени чоку талаштыра сабап кириптир. Баяракта чаңырыкты салганы ошондон экен. Кеңешке баш ийбей, өз билгенин кылса, соттолот, айдоого кетет, ошон үчүн бизди убара кылбай, өз эрки менен эртең эртелеп кеңсеге келе калсын деп эскертип кетишиптир. “Советтин укуругу узун, жер куйга кирип кетсе да сууруп чыгат. Ошон үчүн тез келе калсын” дешиптир. Өз эрки менен келбесе, иңкибиди киши жиберип, тоо-ташка да издөө салат деп айтышыптыр.

– Ата, качалы. Булардан жакшылык болбойт го, – уулу Акмат дале бала болсо чоң кишинин сөзүн сүйлөп, “булардан жакшылык болбойт” дегенин угуп, Суран ого бетер шерденип кетти.

–  Качалы,–– деди Суран уулунун сөзүн кайталап. Ошондо билди карды ачып, ашказаны курулдаганын. Чаначтын оозун чечип, коюу айрандан керек-кере жутуп алды. Май куурдактан азырак жеди. Калганын Акматка берди.

– Адегенде мылтыкты табалы, – деди Суран белиндеги кайыш кемерин бекемирек курчанып. – Жүрү кеттик. – Суран алдыга басты.

...Түнү менен тоо таянып, таңга жуук Кытай менен кыргыздын жерин бөлүп турган Миң-Текенин ак карлуу ашуусуна жакындаганда, Суран менен Акмат ташка көчүк басып, артка кылчайышты. Бийиктеген сайын чыкыроон шамал бет алдыдан соксо да, аздан соң менменсиген бийик аскаларга чуудадай илинген таңкы жөө туман кадимкидей тарап, күндүн мурду менен кошо айлана тегерек алаканга салгандай даана көрүндү.

...Тээ алыста алакандын отуна окшоп кеткен кең жайыкта бири-бирине ыктап жайгашкан бир ууч айыл – айланайын Алайку. Айыл арасындагы козу карындай анда-санда агаргандар –– боз үйлөр. Бүт баары кыдырата көзгө тартылды. Ошол куркулдайдын уясындай тыпыйган куттуу айылда Сурандын да эл сыяктуу там-ташы бар эле. “Кара жанды карч уруп жүрүп салган үй-жайым, тууган-уругум, эли журтум калды го ал жакта... Эми айла да, арга да жок. Энем, бала-чакам, тууган-урук – баары кудайга аманат” деп ичинен келме келтирди Суран. Өлбөй тирүү жүрсөм кайрылып келермин...

Яа, Жараткан, ушул бири-бирине кабырга тийгизе жайгашкан кичинекей айылымды, тоо-таштын арасынан байыртан бери эл-журт болуп байыр таап, түбөлүк кут тапкан кырк уруу кыргызымды омолгон орусуңдан сактай гөр! Ушул кут түшкөн эркин мекенди ителги тепкен кекиликтин уясындай чачтырбасаң экен, Кудайым! Азуулууга алдырып, тырмактууга тыттырбасаң экен, яа Жаратканым!

Молдонун алакан жайып, көкө теңирден тилеген тилабаты, кадалана тарткан дубасы ушул болду...

Суран дагы бир жолу каректен алыстап бараткан Алайкусуна, ийрилип аккан көк ирим сууну бойлоп айкарасынан жаткан кичи мекенине кылчая көз таштап, кылгырган көз жашын алаканы менен шилтеп, кадимки көк мелжиген Миң-Текенин ашуусуна карай кадам таштады.

Бири-бирин ээрчий баскан эки караан асман тиреген бийик аскалардын ак мөңгүлүү бетинде майда кыбыраган кичинекей кош чекит болуп бөлүнүп, бирде тынып, бирде улам жогору карай жылып, ашуу тарапка жол улап баратты...
Тарыхый роман (үзүндү)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Полдомочун–-Уполномоченный (прим. автор)

[2] Иңкибиди––НКВД (прим. автор)

[3] Лелин--Ленин В.И.

Ысталин—Сталин И.В.

 

 

[6] Кемсомол – Комсомол (автор)

[7] Актив (ОИ)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз