Табылды Муканов: Дүйнө жымжырт, дүйнө кымкуут

  • 13.04.2024
  • 4069

ТҮШ

Түшүмдө: булуттар буркурап...
Чарт этип чагылган — жалындар,
тоо койнун өрт каптап, сел акты
уюлгуп көк түтүн арчадан.
Жок болуп мүрзөлөр небаккы,
тирилип келатты канча адам!
Аларга сан жетпейт... ач көздөр
издешип өргөсүн, жорго атты,
адашкан тилектер, жат сөздөр...
Туурада асфальттуу жол жатты.

Авгобус!
...жүктөрү оогону
таяна качышып төштөрдү,
бир жиптей жол менен зоодогу,
чал баштап жөнөдү көчтөрдү.
Жанында мергендер машыккан.
Шаарларды карашып бийиктен...
Кур калган сүйүүдөн, бакыттан,
өздөрү бүткөнсүп кийиктен!

Түшүмдө: күч төгүп түркөй Күн,
Тарашты булуттар кылактап.
Көз атып, кабакты бүркөймүн
көчтөргө бараткан ыраактап,—
тыякта айлыңар, шаарыңар
жашаган силердин урпактар!

Чал айтты: «Жигиттер, курчап кал!”
Мээ жарып дүбүртү аттардын,
камчылар ойноду төбөмдө.
Так салып жүзүнө таштардын,
ыйладым жаш төгүп өрөөнгө:
«Эзелки аталар, агалар,
жөн жерден камчы чаап... Эх силер!..
Ак жашап жатканын балаңар
көрбөстөн — арманда кеттиңер».

...Кошкула! Коркушуп жарыктан,
түшүмдө дүрбөгөн улуулар!
Ансыз да тирилтип алышкан,
силерди азыркы муундар!

29. 09. 1967.

КЫЗЫЛ МАЙРАМ

Жүрөктөрдөн өсүп чыккан
кызыл туулар жалбырттап,
кызыл жемсөө көгүчкөндөр
бетин бербей асмандын.
Күнгө карай атылышат
тилегиндей жаштардын.

Ушул саатта канча акындын жүрөгү
салют берип ырлардан —
тартуулады белек кылып
бейкут күнгө, өмүргө,
сезимдерин күн нуруна чырмалган!
Сүйөм жазды жаркын мүнөз,
дың бузуп, дан сепкенди.
...Ок маңдайга чыркырап
канча жолу тосо бердим
толгон айдай кетменди!

Манжаларды ок кыркса да жазгамын
каным менен тынчтык күндүн ураанын.
Салааларым жок болсо да батырбай
Күндү кармап турамын...
Бүгүнкү таң — кызыл майрам,
түшүнгүлө себебин,
Бактар — менин байрагым.
Гүлдөр — менин желегим.
Бүгүнкү таң — кубанычы бала менен эненин!

03. 11. 1967.

РАЙЛА АПА

Жердин канча жандоочу бар,
ошол сымак биз да
Сизди тегеренип турмакпыз.
Мээримиңиз чырмап алган
жүрөктөрдү наристе.
О, энелик оюңузга урагыс
канат кагып,
Сизден алган өмүрдүн
дарыясын жылдыздарга бурмакпыз!
Шыбырыңыз сезимдердин чөлүнө
нөшөрлөдү: «Уяң өскөн кыздарым
улуу Күндүн нурларындай уз болсо.
Бул дүйнөдөн ыйлап өтөм, балдарым,
жүрөгүңөр Плутондой муз болсо!»
Айкөл эне, караңызчы ааламга,
бизди күтөт оо не деген күрөштөр.
Чочубаңыз, аптабыңыз ширелип —
Меркурийден ысык биздин жүрөктөр!

АЙЫЛДАН КАБАР

Анылда аттар ишсиз —
даңсалышып
жеп жатат чабындыны,
былкылдайт соорулары
камчы эңсеп табылгылуу.
Тикчиет Алладиндин чырагындай
алардын ак, кызыл, боз кулактары.
Алардын жал-куйругу сыяктанып
жон ылдый дир-дир этет булак дагы.
Туяктар толгон куду айдай болуп,
тагы жок така менен жез мыктардын.
Жүндөрү үлп-үлп этет:
«Ээр калдың! Тердик калдың!»

Айылдын унаасы эми — тракторлор,
жоргосу — машиналар чимирилген.
А аттар — ветерандар (жарыктыктар),
кезинде бири иштеткен, бири минген...

ТОЛКУН МҮНӨЗ АЙ...

Толкундар кирген буурадай
буртулдатып шилекейин,
желет, желет, сапырылат.
Күн нурларын ичиркентип,
жалын кылып шарларын,
чопулдатып айымдардын
аппак төшүн, сандарын, кылгырышат...
Сары зилдей кышылдап...
Күн чачырап быркыраган айнектей
каяккадыр качып барат тызылдап.
Так түйүлөт, аласалат.
Зоонун жаагын айра чаап...
Кудуңдашат кырчынында жоготкон
махаббатын алган сымак кайра таап!
Тунуктугу ай, мен дем алган абадай,
мага ыргытып акактарын үлүлүн,
жылдыздардын добуштарын тыңшатып,
мээмден күбүйт кыялдардын үзүрүн...
Сагынамын энекемдей өпкөнүн,
күр-шар эткен айдың-сүрүн, көчтөрүн,
толкундары дельфин сымак как жарып –
көбүгүнүн көздөрүндө өскөмүн!

...Мупмуздак эриндери жээкти шалпып,
ыйлайт, тең таппагансып аярына.
Кумардан тарс айрылып...
Чабалактайт
Жыгылып айымдардын аягына...

КҮТҮҮ

Отурамын бул ааламды
көздөрүмө чеңгелдетип:
дүйнө жымжырт, дүйнө кымкуут
эрлер келип, эрлер кетип.
Алар мага ыр ыргытат,
тосуп алам, ыр ыргытат,
купул толбой, улутунуп
өткүр көзүн кылым кысат.
Досум сени, күтүүдөмүн,
Көз жардыңбы? Эр жеттиңби?
Же буйдалып... орто жолдон
арча бешик терметтиңби?
Же дуулдап досум али
жүрбөс жерде журөсүңбү?
Болуп өзүң чоочун дүйнө
алсам ээ деп бир өзүмдү?
Досум, сени күтүүдөмүн,
билгин өмүр — чылым чегим,
мейлиң, бир аз кечигип кел,
жазсаң болду кылым черин!
Отурамын бул турмушту
жүрөгүмө чеңгелдетип:
дүйнө тымтырс, дүйнө кымкуут
эрлер келип, эрлер кетип.

*      *      *

Уюктарын сапырып
досум канча кумурсканы муңайтты...
— Койсоңчу! — деп түртүп ийсем, муну айтты:
«Кумурскаңдын уюгу эмес... не деген
Империя топуракка айланган!
Эмне деген шаарлар көккө быркырап...
Не деген эл күм-жам болгон майдандан!»

Айыбы жок кумурскалар үйсүз калды тентиреп,
Эт жүрөгүм жатты сыздап:
«Мен уюкмун, келчи!..» деп.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз