Ырысбай Абдыраимов: Баш жана илик-жармалар

  • 13.04.2024
  • 3167

(ЖОМОК-ТАМСИЛ)

“Атадан алтоо болсоң, жалгыздык ар кимдин өз башында” демекчи,  Баш менен Кол, Бут адам менен кошо жаралганда ар бири өз алдынча күн көрүүнү чечишет. Көз ирмем сайын Мээге не бир сонун ойлор  келет, кыялдарга чөмүлөт. “Бүт дүйнөнүн элин бириктирсем” дейт. Киши аттууну эч кимге каршылаштырбай, согуш болтурбай, өң-түс, тилине карабай, мүлдөсүн тынчтык менен ынтымакка бөлөп, асман тиреген таза шаарларды курган ак пейил адамдарды бак-таалайдын сересинде өмүр сүргүзүүнү эңсейт. Түркүн-түмөн кесип-өнөр, билим-илимди, кен байлык менен мүрөк сууга карк тоолорду издеп таап, кирешеси ашып-ташкан, эли көйгөйү жок куунап-жыргаган, көркөмү кооз өлкөлөрдү жаратууга белсенет.

Кургак жердин жандууга зыянсыз түшүмдүүлүгүн арттырып, какыраган чөлдөрдү не бир сонун жаныбар-кушу, жашылча-жемиши, тунук булактары менен чогуу, түгөнгүс жашыл бакка айландырууну көздөйт. Бирок кыялындагыларды аткарар денедеги өзүнөн бөлөк мүчө, күч жок, ою-оюу менен максат-мүдөөсү өз чени  менен ишке ашпай, кагаз бетинде кала берет. Мүдөөсүн чынга айландырууга эмне керек? Эми ушул ыкмаларды издейт.

Кол андан мыкты болууну чечет. “Мен оокат бышырбасам, адамга керектүүнүн баарын курап-жасабасам Мээ да, Бут да ачка каласыңар” деп, экөөнө кырданат. Ал алаканга урунган буюмдан жандууга зарыл ардеме жасайт. Ылай кармап, кесектен шаар курат. Бирок оңу кол оң жакка, солу сол жакка тартып, баш бербей, өзүм билемдик кылат. Ынтымактын жоктугунан калаалары сел жүрбөй, жер титиребей, шамал сокпой улам урап калат. Эккен бак-токою түшүм байлабай четтен куурап, сепкен эгини курт-кумурска, куш-канаттууга, төрт түлүккө болду тамак. Деңизден ачкан суусу талаага жетпей, кумга сиңип, талаасына кетмен өтпөй, соолуп турат, нечен булак. Бирок көзүн таппайт, аларды жөнгө салуунун жолун улап. Эмне жетпейт? Ачыгы, Колдо Баш жок да, мээни иштеткени. Ага таңсык болду, акыл кылдат.

Кезек эми Бутка жетти. Ал куюндай желип, төгөрөктү төрт айланып кезди. Алакандай арыкты, жарык берчү дарыяны, мелмилдеген көл, түбү чексиз мухиттерди аралады. Куму эшилген чөлгө, жылчыксыз түнт токойго, көз жетпеген жалама аскар-зоого да из салды. Мүнөзү оомал-төкмөл, бирде алга, кээде артка, оңго-солго да кетти. Түбөлүк оттуу Күнгө, аны айланган Айга, жымыңдаган сансыз жылдыздарга да карады. Аалам мейкининде  каалгып учкан материктерге сунайын десе колу жок, чакырарга үнү жок, ойлонорго башы жок. Баш болбосо буттун шору, не кыларын билбеди. Максатсыз баскандан майнап чыкпай, балтыр-саны ооруп тешилди таман. Айла таппай, чарчап жыгылды анан.

Ойго баткан Башка акыл кирди. Тигилерге “Баскыла бери” деди.

- Кыскартсак кепти, ар кимибиз ар кайда карасак, ар нерсени самасак болбойт. Жалгыздыктан иш оңбойт. Жалгыздын аты чыкпайт, аты чыкса, чаңы чыкпайт. Кыялданганым менен мен, таразалап көрсөм, оюмду аткарганга кол-бут, кишидеги бүт мүчө, өнөр, билим, биримдик керек экен. Ошондуктан чогуу иштейли, бөлүнбөйлү. Бириксек - шаар урабайт, тоо кулабайт. Ар кимибиз жеке болбой, туш-тарапка дыркырабай, кол солго тартпай, бут артка качпай, оозго арам оокатты салбай, көз жакшы нерсени көрсө, кишидеги түгөл мүчө жабыла көтөрсөк, жүк жеңил. Толбогон – толуп, оңбогон – оңуп, ырыскы, бак-таалайыбыз ашат. Мээ сергек акылы менен түз башкарып турса, калган мүчөлөр бириндебей, аны чогуу кубаттап, чаалыкпай иш кылышса, түмөндөгөн ой-максат орундалат.  Бир кол, бут бирди жыгат, бириккендер миңди жыгат: тоголок жерди гүлдөтүп, Ай менен Күндөн ашып, андан аркы миллиард-миллиард жылдыздарга барат. Ынтымак жакшы, ырк жакшы, уюткулуу журт жакшы. Адамга он эки мүчө, алты санды, жакшылыкка эс-акылы менен толук иштетсин деп берген, Башты.

Бириндесе жоголорун сезип, бүт мүчөлөр “айныбай да, бузулбай, Башка тунук акыл келсин” дешти. Калгандарды сүйүндүрүп, душмандарды күйүндүрүп, Мээге баш ийишти. Мындан сабак алса болот тийиштүү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз