Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 10

ОНУНЧУ САБАК: КЫРГЫЗ ЫРЫ ЖАНА АНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

ЫР ЖАНА КАРА СӨЗ

«Ысык-Көлдүн жакасынан башталган араба жол капчыгай өрдөп, суу бойлоп отуруп, ушерге келет. Өңгүл-дөңгүл сызма жолдо машиненин жүрүшү да оңой эмес... Кароол дөбө жакын, жайкысын, бала кудайдын куттуу күнү жүгүрүп чыгып, көлгө дүрбү салат. Кароол дөбө дегенчелик бар, аерден таман алдындагы кара жолдон аттуусубу-жөөсүбү, кыбыр эткендин баары алакан отундагыдай көрүнүп турат» (Ч.Айтматов «Ак кеме»).

Бул кара сөз, муну проза деп атоо салтка айланган. Ал эми ыр башкача болот.

Өлөң – сөздүн падышасы, сөз сарасы,
Кыйындап кыйыштырат эр даанасы.
Тилге жеңил, жүрөккө жылуу тийип,
Тептегиз жумур келсин айланасы, - деп жазган ыр жөнүндө казак акыны Абай Кунанбаев.

Кош бол, эми, кооз гүлдүү ак чыны,
Сага жетпейт чынылардын актыгы.
Колдон түшүп сынып калды капыстан,
Аттиң сенин өмүрүңдүн аздыгы.

Чаңкаганда чай куюп ич деп мага,
Белек кылып берген эле жаш сулуу.
Сен сынсаң да, сени берген перизат,
Жашасын көп жары менен бактылуу.
(Б.Сарногоев)

Бул – ыр. Мында лирикалык каармандын өкүнүчтүү махабаты, ошол сүйүүнүн сыйкырдуу күчүнөн жаралган муң, арман, ошону менен бирге жаш сулууга бакты-таалай, экинчи кишиден баар табууну каалоо сезими жанып-күйүп турат. Муну кара сөз менен берсе башкача деңгээлде болмок, анткени ал ырга ылайык, ырда гана жан дүйнөнүн күүсүн ушундайча айтууга болот.

Дүйнөнү көркөм таанып-билүүдөгү поэзиянын, ырдын ролу, накта касиети жөнүңдө В.Г.Белинскийдин айтканын эске салалы: «Поэзия бактагы кулпурган роза гүлүн сүрөттөйт, анын жалаң заттык жагын алып таштап, анын жыпар жытын, назик өңүнүн кулпурушун алат да, ошолордон жаратылыштагыдан да назик жана кооз гүл жасайт. Поэзия бул наристенин күнөөсүз ажары, анын жаркын жадырашы, шаңкылдаган күлкүсү, жайдары кубанычы.

Поэзия – бул чырайлуу кыз жүзүнүн уялчаак албуут кызгылты, деңиздей, көк асмандай моймолжуган көзүнүн назик жаркыны, же анын кара көзүндөгү өткүр толкуну, кубулжуган үнүнүн гармониясы, сыйкырдуу сөзүнүн обону, тулку боюнун сымбаты, көркөм келбети менен ажайып кыймылынын сыйкыры...

Поэзия – кайраты кайнардай ташкындаган жигиттин оттуу көзү, бул анын эрдиги менен тайманбастыгы, асман менен жерди жалындуу кучагына сыйдырмак болгон, өмүрдүн уусу менен балын бир ирмемде шимирмек болгон соргок талабы...

Поэзия – бул токтоо, турмушка каныккан, өз эркин бийлей алган, тажрыйбага маарыган, рухий күчү теңешкен, көңүл көзү көрөгөч, ойго бай, эрдикке, күрөшкө даяр жигиттин жалындуу кубаты...

Поэзия – бул карыянын нуру солгундап бараткан көзүнүн назик жаркыны, жаркын мээримдей, терең ойдой, бул турмуштан алыстай баштаган бырыш жүзүнүн нурлуу ажары, калтырай үзүлүңкү чыккан үнүнүн сезимге бай салмактуу доошу, анын олуттуу чыкчу сөзү, даанышман сөзмөр, ажарлуу өңүнүн жылмаюусу, жаркыны...

Поэзия – бул тагдырдын жарык салтанаты, бизди күтүлбөгөн сейрек минуталарга дуушарланткан өмүрдүн ыракаты; бул ыракат, калчылдоо, ташкындоо, кумарлануу жыргалы, сезимдин толкуну менен ташкыны, махабаттын толуп-ташышы, ыракаттын толкуну, көз жашка чөмүлүү, дайыма азгыра турган эч качан жетүүгө чама келбеген кумарлуу, ажайып, азаптуу жакка умтулуу; бул бардыгын кучагына сыйдырсам жана бириктирсем деп тынымсыз эңсөө; ал жүрөгүбүздү бүткүл аалам ыргагы менен бирге соктурар кудуреттүү пафос; үмүткө толо жанар көздүн алдынан болмуштун эң ажайып көрүнүштөрү ачык-айрым учуп өтөт, ал эми сыйкырдуу кулак аалам менен чөйрөнүн гармониясын, жер менен көктүн, асман менен жердин биригишкен, бирин-бири нурландырган, бүт табият жасалгасына бөлөнүп келишим тапкан кудуреттик пафосун угат...

Бүтүн аалам, бардык гүл, боёк менен үндөр, табигат менен турмуштун бардык көрүнүштөрү – поэзия дүйнөсү, ошол кубулуштардагы купуя күч, аларга тиричилик, жашоо өмүрдүн берер сырлары поэзиянын каражаты жана жаны.Поэзия – жашоо турмуштун кан тамырынын согушу, ал өмүрдүн каны менен оту, жарыгы менен жалыны” [1].

Ыр – бул жашоо, жашоо – бул ыр экендигин мындан артык түшүндүрүү мүмкүн эмес. Көркөм чыгарма ыр түрүндө же кара сөз түрүндө жазылат, ыр менен жазылган чыгармаларды поэзия, кара сөз менен жазылган чыгармаларды проза деп айтабыз. Ал эми драмалык чыгармалар ыр түрүндө да, кара сөз түрүндө да жазыла берет.

Ырга да, прозага да мүнөздүү жалпылык – турмушту, адам мүнөзүн образдуу, элестүү чагылдыргандыгында. Экөө тек ошол образдуулугу менен окурман сезимине таасир этет, аларда асылзаада туйгуларды пайда кылат, эстетикалык табитин өстүрөт. Алардагы жалпылыкты, айырмачылыкты даана байкоо, өзгөчөлүктөрдү сезүү үчүн кара сөз менен ырда берилген пейзаждык сүрөттөөлөрдү мисал келтирип, аларды салыштырып көрөлү:

Кара сөздө: «Кыш. Төрт тарабың түгөл дымып, теребел аппак карга очойто басылган. Көл астынан бирөөлөр от жаккансып, кез-кез борп эте бурганактаганы болбосо, дайыма катмарланып тунуп жатат. Күн нурун тоо тосуп, «алмаз сындуу көккө тийген миздери» шаңкайып, ааламга көрк ачат. «Кыштын күнү талаа көрксүз», «көк сулуу». Жээктеги айыл ичинде ат жетелеп, уй айдаган адамдар жүрүшөт. Отун жарып, короодон чөп түшүргөн караандар сереңдешет...

... Көлдүн булуңдарында үмүткө окшогон ак куулар гана көрүнөт» (К.Жусупов «Ыр сабындагы өмүр»).

Ушундай эле кышкы кечтин көрүнүшү ырда мындай сүрөттөлөт:

Ай нурунда кышкы түн,
Айран төгүп койгондой.
Жаңырыксыз токой-чер,
Уктап жатат ойгонбой. (А.Токомбаев)

Демек ыр менен кара сөздүн өз өзүнчө сүрөттөө, турмуш көрүнүштөрүн чагылдыруу өзгөчөлүктөрү бар. Алардын окурмандарга таасир этиши да башкача, угумдуулугунда, сырткы көрүнүштөрүндө, ыргактарында айырмачылыктар даана көрүнөт. «Прозада сезим менен учкул кыял жок болсо да, карандай акыл, курч тил, байкагычтык, кур эле дегенде жалпак тил болушу мүмкүн; бирок ырда кадимки сүрөткердик жөндөм, поэзия болбосо, анда ырда эчтеке жок дей бер, атүгүл жалпак тил менен угумдуу саптар да көбүнчө жетишкендик эмес, кемчилик, анткени окуган кишини канааттандырмак түгүл, кейишке салат. Деле ыр өзү ортосаарлыкты түк көтөрө албайт» (В.Г.Белинский) [2].

Кара сөздө (прозада) тил мүмкүнчүлүгүн пайдалануу эркиндиги кененирээк болсо, ырда андай эмес, анткени ырда ыргактын болушу, муун топторунун (муунактын) шайкеш келиши зарыл. Кара сөздө да муун топтору болот, бирок анда муун санынын муунактарда бирдей санда сакталышы зарыл да эмес, мүмкүн да эмес. Ошондуктан ырдагы сүйлөм түзүлүшү прозадагыдай болбойт, ал ыргак менен муун топторуна көз каранды (бул жерде сөз традициялык ырлар жөнүндө баратат). Прозада муун, муун топторунун белгилүү бир тартипке багынып турушу шарт эмес, бир сүйлөмдөгү муун топтору экинчисинде ыр сабындагыдай бирдейликти сактай албайт, ошондой болсо да ал эркиндик прозанын көркөмдүк касиетине эч бир шек келтирбейт. Ошондуктан ырдагы муун, муунактардын белгилүү бир эрежеге баш ийип турушу эмнеге байланыштуу деген суроого жооп беришибиз керек. Анда ошолор жана ырдагы башка компоненттерди байланыштырып кийинкиде карап көрөлү.

Адабияттар:

[1] Белинский В.Г. Статьи о классиках. – М.: Художественная литература. – 1970. – 240-241 сс.

[2] Белинский В.Г. 9 томдук чыгармалар жыйнагы. 3-т. – М.: «Художественная литература», 1978. – 372 с.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Ыр менен кара сөздү айырмалоочу белгилери  боюнча талдагыла

2. Бир эле темада ырды жана прозалык чыгарманы алып алардын окшош жана айырмачылык белгилерин аныктагыла.

Сабакты даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин профессору

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз