Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 7

ЖЕТИНЧИ САБАК: КӨРКӨМ АДАБИЯТТЫН ТИЛИ

Сүрөткердин тил байлыгынын булактарыЭне тилдеги сөз байлыгы түз жана өтмө мааниде болуп, алардын өз ара айырмачылыкка ээ экендиги көрүнөт. Түз мааниде колдонулган сөздөрдүн лексикалык байлыктары катары төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот.

Архаизмдер жана тарыхый сөздөр (историзмдер). Жазуучу архаизмдерди, историзмдерди билбей туруп, эгер ал өткөн учурларга кайрылса, чыгармасынын ишенимдүүлүгү жоголот. Бул сөздөр тарыхый чыгармаларда, элдик оозеки адабиятта кеңири учурайт. Архаизмдер жана тарыхый сөздөр тилдин бүгүнкү активдүү корунда жок, күндөлүк турмушта дээрлик пайдаланылбайт. Архаизмдер ордун башка сөз, атама менен алмаштырат, ал эми историзмдер белгилүү бир тарыхый учурда колдонулат да, тарыхтын ошол мезгили өтөр менен ошол түшүнүк өзү жок болот да, түшүнүк менен кошо сөздүн колдонулушу чектелет, мындай сөздөр тарыхый учур жөнүндө кеп кылганда гана пайдаланылат. Мисалы: «Бир кечте Нүзүп шаардын казыйын жалгыз чакырып алды...

Көп өтпөй буларга Маргалан беги Өтөмбай кушбеги кошулду» (Т.Касымбеков «Сынган кылыч»). Бул сүйлөмдөрдөгү казый (мыйзам менен иш алып барган киши, сот), бек (белгилүү бир аймактын башчысы), кушбеги (ордо кишиси, хандын куш таптоочусу) деген сөздөр азыркы учурда колдонуудан чыгып калды, себеби алардын айрымдары башка сөз менен маанисин алмаштырды, кээ бири Кокон хандыгынын бийлиги кулап, түзүлүшү жок болгондон кийин, ал сөз билдирген түшүнүк менен кошо жок болду. Жазуучу бул жерде XIX кылымдын экинчи жарымындагы окуяны реалдуу көрсөтүү үчүн архаизм, историзм сөздөрдү колдонуп жатат, эгер жогорудагы сөздөрдүн ордуна сот, тергөөчү, адвокат, губернатор, райком, дрессировщик деген сөздөрдү колдонсо, чыгармада тарыхый колорит, каармандардын тилдик өзгөчөлүгү берилмек эмес да, ишенимдүүлүгүнөн ажырамак.

Неологизмдер – жогорудагы эскирген сөздөрдүн тескерисинчеси, б.а., жаңы сөздөр. Ар бир мезгилде коомдук прогресстен улам тилге жаңы терминдер, сөздөр кирет. Маселен, 1930-жылдардагы чыгармаларда колхоз, интернационал, заём, трактор деген сөздөр жаңы кирип жаткан болсо, кийин алар тилге аралашып, неологизмдик касиетин жоготту да, согуш убагында дагы башка жаңы сөздөр, 50-жылдарда дагы жаңылары тилге кирди. Азыркы учурда демократичный, экономикалык реформалардын таасири менен альтернатива, плюреализм, индекцация, матрица, приватизация деген сыяктуу сөздөр тилге активдүү аралашууда, бара-бара булар же тилге биротоло сиңет, же башка сөзгө орун бошотуп берет, же ушул учурда билдирген окуяларда гана пайдаланылган тарыхый сөз болуп калат, ал мезгилде тилге дагы жаңы сөздөр – неологизмдер кошулуп жаткан болот.

Көркөм адабий чыгармаларда неологизмдер каармандын интеллектуалдык сапатын, анын кругозорун көрсөтүү үчүн жана ошол каармандардын речин индивидуалдаштыруу максатында же сүрөттөлүп жаткан мезгилди реалдуу чагылдыруу ниетинде колдонулат. Мисалы, «Акыры акыл жеңди, эки тарап аргасыздан, бирок баары бир аябай тек балансташтырылган компремисске келишти. Ошого байланыштуу орбиталык «Паритет» станциясына Бирбашбордун колдоштурулган мындай радиограммасы жөнөтүлдү: ...бөтөн планеталык учар аппараттардын кокус кирип келишинен Жер айланасындагы космостук мейкиндикти изоляциялоо максатында тезинен «курчоо» операциясы деп аталган атайын транскосмостук режим курулганын Бирбашбор жарыялайт. «Курчоо» операциясынын милдети: Жер шарынын космосуна жакындап келаткан кандай нерсе болбосун ядролук-лазердик нур менен талкалап жок кылууга эсептелген согуштук ракета-роботтордун сериясы берилген орбиталарында ар дайым учуп жүрүүгө программалаштырылган» (Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн»). Романдын фантастикалык окуялар сүрөттөлгөн беттеринен алынган бул үзүндү биздин тилге сиңе элек жаңыдан гана колдонулуп жаткан (айрым сөздөр кыргыз тилине биринчи жолу ушул романда кирип жатат) сөздөр – неологизмдер сүрөттөлүп жаткан окуя илимдин, техниканын эртеңки боло турган күнүнө (фантастика) байланыштуу экендигине карап жазуучу тарабынан атайын пайдаланууда, буларды эски сөздөр менен берүү мүмкүн эмес.

Көркөм адабиятта каармандар бул же тигил кесиптин өкүлү болот, анын ыймандык сапаттары менен бирге эле адистигин да көрсөтүп өтүү керек, ошондо каарманынын кайсыл кесиптин өкүлү экендигине карап жазуучулар профессионализм, же кесиптик сөздөрдү колдонот. Адатта мындай сөздөр көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болот, аз гана чөйрөдө пайдаланылат, ошондуктан буларды колдонулуш жагынан чектелген лексика деп атайт. А.Токомбаев «Мезгил учат» повестинде башкы каарманы Жапар Айтикеевдин адистигине байланыштуу сүрөтчүлүк кесипке байланыштуу сөздөрдү колдонсо, У.Абдукаимовдун «Майдан» романында аскерий сөздөр, Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында темир жолчуларга байланышкан лексика пайдаланылат. Мисалы, жазуучу Ө.Даникеев «Көкөй кести» романында согуш учурунда алыскы тоодогу метеорологиялык станцияны айланчыктап ошерде калып калган каарманынын турмушун сүрөттөп жатып мындайча кесиптик сөздөрдү колдонот: «Эрте менен эрте барып, ири алды анероидден[1] флюгерге[2] чейин, бүт приборлорун текши карап чыгып, сүрүп-тазалап дегендей... Анан дыкаттык менен алардын көрсөткүчтөрүн тышы калың дептерине көчүрүп чыгат».

Колдонулуш жагынан чектелген лексикага кесиптик сөздөрдөн тышкары диалектилик, жаргондук, вульгардык сөздөр кирет. Диалектизмдер же диалектилик сөздөр, кээде аларды провинционализмдер же провинционалдык сөздөр деп да атайбыз, булар айрым бир жергиликтүү аймакта гана колдонулуп, жалпы улут үчүн мүнөздүү болбогон, пайдаланылуу чөйрөсү адабий тилдеги сөздөргө караганда тар алкакта колдонулган сөздөр. Мындай сөздөрдү колдонуу каармандардын кайсыл аймактан экендигин көрсөтүүдө, чыгармадагы жергиликтүү колоритти чагылдырууда чоң мааниге ээ. Адабий тилде башка мааниси бар диалектилик сөздөр менен бирге башка аймакта ал сөз, түшүнүк жок, жергиликтүү элге гана таандык этнографиялык диалектизмдер болот (мисалы чарпая, жегде, абдесте, кур деген сыяктуу түштүктө гана колдонулган буюмдарды билдирген сөздөр). Көркөм чыгармада колдонулган диалектилик сөздөр менен адабий тил байыйт, анын лексикалык-фразеологиялык, стилдик мүмкүнчүлүгү кеңейет, жазуучунун турмушту сүрөттөөдөгү ишенимдүүлүгү бекемделет. Ошондой эле адабий тил менен тааныштыгы жок жергиликтүү тил менен гана ырдаган акындардын чыгармаларында мындай сөздөр арбын болот. Мисалы, төмөнкү ырдагы диалектилик сөздөрдүн маанилерин, эмне максатта колдонулгандыгын байкап көргүлө:

Жокко бардан жалынтып,
Пул[3] сураттың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малы көп,
Бардам[4] кылдың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малы жок,
Шалдаң[5] кылдың, дүнүйө.
Акыры түбү бапасыз[6],
Бөлүнөсүң дүнүйө. (Барпы).

Жаргон сөздөр жалпы бир элдин адабий тилине мүнөздүү болбойт, айрым гана топтогу адамдар тарабынан колдонулат да, ошолорго гана түшүнүктүү болот, аларды колдонуу менен автор каармандарынын кандай чөйрөдөн чыккандыгын көрсөтүүгө аракеттенет. Маселен, уурулардын мындай диалогун байкайлы:

- Жол болдубу, жол ата?

- Болор болбос, бол ата.

- Жалы барбы, жал ата?

- Чылкый майга чылануу.

Баарына эле түшүнүктүү болбогон бул сүйлөшүүнү чечмелеп келсек, мындай диалог чыгат:

- Бир нерсе уурдап келе алдыңарбы?

- Анча-мынча, көп эмес.

- Семизби?

- Аябай семиз.

Ошондой эле адабий чыгармаларда башка элдин өкүлүн каарман катары берүүдө, же башка бир улуттардын арасында өсүп калган каармандын речин индивидуалдаштырууда чет элдердин, башка улуттардын тилин жазуучу колдонуп өтөт, мындай сөздөрдү варваризмдер, же варвардык сөздөр дейбиз. Мисалы, Токтогулга жолукканда татар командир Якуб Чанышев жана М.В.Фрунзе минтип сүйлөшөт: «Якуб тура келип комузду колуна ала коюп, кылга колун шилтей жанып калды. Комуз жанагы адамдын сезим кылдарына жалганышкан назик добуш чыгарбай «дыңгыр-р» дей түштү.

- Шулайма, бабай? Це, болмый го?

- Сени йаратмый! - деп күлдү Фрунзе.

(Т.Касымбеков «Келкел»)

Мында автор татар жигиттин речин жана белгилүү кол башчынын тамашасын татар тилинде берип жатат.

Жазуучулардын тилинде каармандын мүнөзүн жекелештирип, анын кимдигин, кандайлыгын ачып берүү үчүн вульгаризм, б.а. одоно, копол сөздөрдү колдонушат, булар автордук речке эмес, каармандардын кебин берүүдө пайдаланылат да, оозеки речтин белгилерин алып жүрөт. Маселен, Бостонго ачуусу келген Базарбай аны менен сүйлөшкөн соң автордук баяндоодо жана каармандын речинде мындай сүйлөмдөр бар: «Аялынын сөздөрү Базарбайды ого бетер жиндентти, жинине чыдабай дөңгөчкө чыга калып, Бостондун артынан бакырды:

- Энеңди гана урайын! Тапкан экенсиң акмакты! Элдин баарын алдына баш ийдирип алгысы бар! Энеңди урайын...

- Болду! Өкүрбө! - Көк Турсун күйөөсүн жалтанбай жакадан алып, дөңгөчтөн түшүрдү. - Me, андан көрө мени ур, ушундай кишини да уят кыласыңарбы-ыя? Эмнең күйүп кетти анчалык?

-Турчу ары, каңкылдабай! - Базарбай түртүп жиберди аялын. - Сенин ишиң эмне?! Атаңдын көрүн урайын, барсам эле Базарбай астымда жөрмөлөп калат деген да. Me, кагылайын, ал бөлтүрүктөрдү, эмне кылсаң өзүң бил деп айтат деген да! Тапкан экен акмакты!» (Ч.Айтматов «Кыямат»).

Мында Базарбайдын сөгүнгөн сөздөрү бир чети анын психологиялык абалын, тиги сөгүп жаткан кишиге карата мамилесин билдирип, ошол эле кезде анын мүнөзүн, адамдык пастыгын көрсөтүүдө.

Демек, көркөм адабияттын тилине архаизмдер менен тарыхый сөздөр, кесиптик лексика, диалектилик, жаргондук, вульгардык, варвардык сөздөр атайын максатта тарыхый, жергиликтүү колоритти чагылдыруу ниетинде, каармандардын мүнөзүн, сапатын, кесибин көрсөтүп, аларды индивидуалдаштыруу максатында, автордун сүрөттөөгө алган объектисин ар тараптуу, ишенимдүү ачуу жана сүрөткердин тилин бай, экспрессивдүү-эмоционалдуу кылуу үчүн колдонулат.

Жазуучунун тил байлыгы кандайдыр асмандан түшө калган нерсе эмес, ал ошол сүрөткердин эл ичиндеги эле сөздөргө жаңы маани бериши, калк арасындагы унутулган сөздөрдү «ойготушу». Ар бир жазуучунун тил байлыгын, деги эле анын канча сөз колдонгонун санап чыгышы өтө татаал, алар абдан көп сөз менен чыгарма жазат. Ансыз, чыгармачылык азапсыз образды, ойду жеткирүү, көркөмдүүлүктү ишке ашыруу мүмкүн эмес. А.С.Пушкин «ум» (акыл-эс) деген сөздүн алдына келген элүүдөн ашык эпитетти, ал эми Л.Н.Толстой «Анна Каренина» романында «улыбка» (жылмаюу) деген сөздүн эмоционалдуу ар түрдүү отуздан көп мааниде колдонгонун изилдөөчүлөр аныкташкан[7].

Тилдеги оң көрүнүштөрдүн бири – сөздөрдүн синонимдерин табуу, контекстте синоним жасоо. Бир сөздү кайра-кайра кайталоо речтин жагымдуулугун бузат, ошондо синонимдерди колдонуу керек болот, же ошол сүйлөм ичинде гана, тексттин ошол бөлүгүндө турганда гана синоним боло алчу сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү жасайт. Маселен, Токтогул Сибирден келгенде анын уулу Топчубайдын өлгөнүн угузуу кыйын болгон, ошондо мүмкүн болушунча жайыраак, жумшагыраак сөздөр менен айтып, буруп, эптеп акынды суук кабарга даярдоо керек эле. Коргол Досу уулу ошондо «өлдү» деген сөздүн ордуна «аткардык жалгыз балаңды», «качырдык жалгыз балаңды», «аткардык жалган дүйнөдөн», «учурдук жалган дүйнөдөн», «жибердик жалган дүйнөдөн», «мусапыр сапар жол кеткен», «күн тийбес сапар жол кеткен», «караңгы сапар жол кеткен» деген сөз айкаштарды тандайт.

Синонимдер маанилеш, же контекстте бирдей ойду билдирген сөздөр же сөз айкаштары. Кээде ойду толук жеткирүү, речти өтө эмоционалдуу берүү үчүн синоним сөздөрдүн бир тобун катар-катар колдонот. Мисалы, «Ошон үчүн бул эки бөрүнүн жинденгенине чек жок – айлана-тегерекке мал койбой, көрүнгөн жерге жара тартып кетүүнү адатка айлантышты – жок, кеп ачка болгондукта эмес, кеп бу дүйнөгө болгон ызаны, каарды, ачууну, ичтеги орду толбос эңшерилген боштуктун өртүн кан менен, кан аралаш эт менен басуунун, өчүрүүнүн жанды кыйнаган зарылчылыгында» (Ч.Айтматов «Кыямат»). Бул мисалда чыгармада сүрөттөлүп жаткан бөрүлөрдүн абалын, кыйынчылыгын, жек көрүүсүн автор эки жерде (биринчиси: ыза- каар-ачуу-өрт; экинчиси басуу-өчүрүү) синонимдерди катарлаш колдонуу менен ачып берип жатат.

Синонимдер сыяктуу эле антонимдер да көркөм чыгармада речтин таасирдүүлүгүн арттыруу үчүн, карама-каршы көрүнүштөр аркылуу сүрөттөлүп жаткан предметти тереңирээк ачып берүү максатында колдонулат.

Өмүр деген – жарык күн,
Өлүм деген – кара түн.

Өмүр – жандын үмүтү,
Өлүм – жандын күйүтү (Барпы).

Бул саптарда өлүм-өмүр, жарык-караңгы, күн-түн, үмүт-күйүт деген антоним сөздөр бири-бирине карама-каршы маанилерде туруп, өмүр-өлүм, ажал, жашоо, тиричилик тууралуу философиялык ойду айтууда акындын тилин конкреттештирип, идеясын жеткиликтүү, эмоционалдуу кылууда.

Суроолор жана тапшырмалар

  1. Бир чыгарманы мисалга алып, автордун жана каармандын тилин талдагыла. Каармандын речинин жекелештирилиши деген эмне?
  2. Эскирген сөздөрдүн чыгармадагы колдонулуш максатын түшүндүргүлө жана Т.Сыдыкбековдун «Көк асаба», Т.Касымбековдун «Келкел», А.Убукеевдин «Чыр-Дөбө» романдарын ушул багытта талдагыла
  3. Диалектилик сөздөр же диалектизмдер деген эмне, көркөм чыгармада алар кандай милдет аткарат? М.Гапаровдун «Жаңгак токоюнун жомогу» китебинен же Ш.Абдырамановдун, Ж.Мавляновдун, К.Жусубалиевдин китептеринен диалектилик сөздөрдү тапкыла да, ал сөздөрдүн маанилерин чечмелегиле.
  4. Неологизм тилде кандай көрүнүш болуп саналат? Илимий-фантастикалык чыгармалардан неологизмдерди тапкыла.
  5. Омоним сөздөр жана алардын кызматын өзүңөр окуган чыгармалардын негизинде түшүндүргүлө.
  6. Синонимдер текстте кандай милдет аткарат? Өзүңөр каалаган бир чыгармадан үзүндү алып, автордун сино- нимдерди колдонуу чеберчилигин талдагыла.
  7. Монолог, диалог деген кандай түшүнүктөр? Чыгармалардан монологдорду жана диалогдорду тапкыла.

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Анероид – металлдан жасалган барометр (абанын нымдуулугун өлчөөчү прибор).

[2] Флюгер – шамалдын багытын көрсөтүүчү желекче.

[3] Пул – акча.

[4] Бардам – тың, оокаттуу, байлыгы бар деген мааниде.

[5] Шалдаң – карып, алсыз деген мааниде.

[6] Бапасыз – түбөлүктүү эмес, буйрубаган деген мааниде.

[7] Китепте: Гинзбург Л. Занимательно о литературе. Ф.: «Мектеп», 1990. – сс.44-45.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз