Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 5

БЕШИНЧИ САБАК: КӨРКӨМ ЧЫГАРМАНЫН КОМПОЗИЦИЯСЫ ЖАНА СЮЖЕТИ

Композиция грек сөзү, бизче «курулуш», «тартипке салуу», «түзүп чыгуу» деген маанини билдирет. Композиция бул көркөм чыгарманын курулушу, чыгармада берилген адамдардын мүнөзүн ачуунун, уюштуруунун белгилүү биримдиги. Бул процесс чыгармадагы бир окуянын, анын башка окуялар менен өз ара карым-катынашында, алардын бири экинчисин толуктап тургандыгында, бир бүтүндүктү түзүүсүндө ишке ашат да автордун оюн (идеяны) ачып берүүгө кызмат кылат, чыгарманын бөлүктөрүн, эпизоддорун, образдарын бириктирет, жипке шуру тизгендей тизип чыгат.

Композиция сүрөткердин алдына койгон максатына, чыгармада коюлган конкреттүү идеялык-эстетикалык милдеттерге жараша ишке ашат. Ал нерсе жазуучунун көз карашына, чыгарманын жанрына, тегине, түрүнө, ошол жазуучу турмушту кандайча байкап, кандайча түшүнгөндүгүнө байланышат да, көркөм чыгармада бири-бири менен өз ара тыгыз катынашкан мүнөздөрдүн, окуялардын, проблемалардын жалпы биримдигинен келип чыгып, ошолордон түзүлөт.

Лирикалык ырларда композиция өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Анда ырдын уйкаштыгы, муун саны, муунагы, ыргагы, куплет, тыным сыяктуу каражаттар композицияны уюштурса, драмалык чыгармаларда катышуучу каармандардын конфликттери, күрөшү, кыймыл-аракеттери, диалогдору, монологдору ж.б. нерселердин жардамында композиция түзүлөт.

Чыгарманын композициясын түзүүчү каражаттар, же бөлүктөр – образ, конфликт, сюжет. Мына ушулардын баары өз-өзүнчө орун ээлеп, өздөрүнчө чыгарманын курулушун тургузуу үчүн кыймылда болот. Омор Хайямдын бир рубаисин окуп көрөлү:

Эки жүз жыл, мейли миңге жашагын,

Бил, денеңди кумурскалар татаарын.

Падыша бол, кайырчы бол, самтырап,

Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.

Ырдын өзүнчө композициясы бар, биринчиден, 1-2-4-саптар атайын максатта уйкаштырылып жатат; экинчиден, 1-сапта рубаинин жанрдык талабына ылайык автор айта турган пикирди ортого таштайт (тезис), чыгарманын темасын белгилейт, 2-сапта ал пикирге карата ой айтылат (антитезис), 3-сапта болсо 4-синтез сапка көпүрө, өткөөл катары ой алга ташталат да, акыркы сапта бүт үч саптан белгилүү бир жыйынтыкка келет, ой-пикирди жыйнап, чогултат, идея чыгарат. Мына ушунун өзү төрт саптын композициясы. Муну бузуу, саптарды алмаштырып коюу бүт чыгарманы жараксыз кылат.

Адабий өнүгүштүн ар бир доорунда композиция ар башкача боло тургандыгы белгилүү. Анткени ар бир коом, доор өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн чегинде гана иш жүргүзөт, башкача айтканда, адам мүнөзүнүн ачылышы көбүнчө жөнөкөйлүктөн, бир жактуулуктан баштап, бүгүнкү татаалдыкка чейинки жолду басып өттү.

Азыркы адабиятта чыгарманын композициясы бир топ өзгөрдү. Бул биринчи кезекте коомдук прогресстин татаалдашы, мезгилдин жалпы абалы менен байланышат. Экинчиден, адам же анын турмушунун татаалдашы, тереңдеши, психологизмдин күч алышы да учурдун негизги өзгөчөлүгүн түзөт.

Каармандын мүнөзүн бардык татаалдыкта, көп жактуу түзүү үчүн жазуучу ар түрдүү ыкмаларды колдонот. Алар – автордук мүнөздөмө, каармандардын өз ара бири-бирин мүнөздөшү, монолог (ички монологдор), диалог, өзүн-өзү ачуу, кыял чабыттар, ой толгоолор, каарман жасаган аракеттер, күндөлүк жазуу, түш көрүү, кат жазышуу, табият көрүнүштөрү (пейзаж) ж.б. Ушулардын бардыгы чыгарманын композициясын түзөт, ага (композицияга) чыгарманын түзүлүшүнүн бардык көрүнүштөрү кирет, бир бирдикке уюмдашат. «Композицияда негизги үч милдет аткарылат, - дейт адабиятчы Ш.Үмөталиев. - Биринчи композициялык толуктук. Ар бир бөлүкчө тыкан жана чыйрак иштелиши зарыл.

Композициянын ар бир деталы белгилүү бир максатка баш ийдирилиши керек. Экинчиден, ошол деталь жазуучунун оюна жооп бергендей болууга тийиш жана ошондуктан, анын ар кандай бөлүкчөлөрүндө чыгармадан тыш турган ашыкча нерселер болбоого тийиш. Үчүнчүдөн, ошол ар бир зарылчылыктан келип чыккан ар кандай бөлүкчөлөр чыгарманын жалпы каркасынан бөлүнбөс биримдүүлүгүн түзүүсү зарыл. Жөнөкөйлөтө айтканда чыгарманын композициясы кыргыздын боз үйүн: уук, кереге, түндүк, босоголорун элестетет. Алардын ар бири жекече турганы менен бардыгы биригип келип, боз үйдүн каркасын түзүп турат. Бири бирине жөлөк-таяк болуп акырында финалга – түндүккө келип такалат»[1].

Чыгарманын композициясы ар бир жазуучуда ар башка болушу, ар кыл ыкмада ишке ашышы мүмкүн. Мисалы, Н.В.Гоголь «Өлүү жандар» деген чыгармасында адам мүнөзүн башкы каарман Плюшкиндин ач көздүк, сараңдык сыяктуу белгилерин тереңдетүү аркылуу берсе, Л.Н.Толстой каармандарын алардын ички карама-каршылыктарында жан дүйнөсүнө анализ жасайт. А.П.Чехов социалдык карама-каршылыктарда, бири-бирине тескери келген көрүнүштөрдүн кагылышуусунда композиция түзөт. Композиция мазмунду берүүнүн бир формасы болгондуктан ал эң чоң эпопеяда да, чакан лирикада да болот. Ошондуктан аны чыгармадагы мүнөздөрдүн тагдырынан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Композициянын чебердиги анын ишенимдүүлүгүнө, турмушка жакындыгына, далилдүүлүгүнө байланыштуу.

Чыгармадагы композициялык тутумда кыстырма эпизоддор да кездешет. Мисалы, лирикалык чегинүү, эпиграф, портрет, интерьер (буюм-тайымдарды сүрөттөө), уламыш, миф, жомоктордун чыгармаларга аралашып кетиши. Айрым чыгармаларда композиция автор тарабынан алып барылса (Ч.Айтматов «Атадан калган туяк»), айрымдан башка бир баяндоочу каарман (Сейит – Ч.Айтматов  «Жамийла»; Алтынай – Ч.Айтматов «Биринчи мугалим» ж.б.) тарабынан ишке ашырылат.

Жазуучунун композиция түзүүдөгү устаттыгы – анын жалпы эле жаңычылдыгы менен байланыштуу.

Чыгармадагы мүнөз бул жазуучу менен сүрөттөп жаткан турмуштун «ортомчусу». Жазуучу үчүн фактыны терең, жалпылап берүү гана жетишсиз, ал ошол аркылуу аны конкреттүү адамдын тагдырында жана ой толгоолорунда бериши керек, конкреттүү турмуш кырдаалында ачышы зарыл. Көркөм чыгармадагы каармандардын мүнөзү белгилүү окуялардын тутумунда ачылат. Ошол окуялардын татаал түзүлүшү аркылуу каармандардын өз ара мамилеси менен карым-катышынын ачышы сюжетте берилет. Сюжет түшүнүгүнө берилген айрым аныктамаларга көңүл буралы: «Адабий чыгармада кыймыл-аракеттин мазмунун түзүүчү окуялардын системасы, кеңири алганда окуяларды конкреттүү жүрүшүндө чагылдырылган мүнөздөрдүн тарыхы» (А.Ревякин)[2]. «Адамдардын өз ара алакалары, алардын араларындагы карама-каршылыктар, бири-бирин жактыруу же жактырбоолору – жалпысынан  адамдар ортосундагы мамилелер, бул же тигил мүнөздүн, типтин тарыхы, өсүшү, калыптанып барышы» (М.Горький)[3]. «Конкреттүү мүнөздөрдүн өз ара мамилелерин жана карым-катыштарын ачып берген чыгармадагы окуялардын конкреттүү системасы» (Л.И.Тимофеев)[4]. Демек, сюжет дегенибиз – адабий чыгармалардын мазмунун түзгөн окуялардын системасы (ырааты), ошол окуялардын тутумунда берилген мүнөздүн өсүш жана уюшулуш тарыхы.

Көркөм адабияттын окуясынын түзүлүшү ар кыл болушу мүмкүн, башкача айтканда, кээ бир чыгармалардын окуясы турмуштагы конфликтини курч жеринен баштаса, кээде каармандын ой жүгүртүүсүн, ой толгоолорун туудурган окуяны сүрөттөөдөн башталат. Сюжеттин мындай курулушу ички зарылдыкка байланыштуу болот.

Сюжеттин сырткы кыймылында каармандын тагдырынын кескин өзгөрүшү негизги орунда турат, б.а. окуянын жүрүшүнүн чыйрактыгы үстөмдүк кылат.

Сюжет жана анын түзүлүшүндө конфликттин ролу чоң, анткени ал конфликт окуяларды өзгөртүүгө, бурууга жөндөмдүү нерсе. Конфликт – сюжеттин кыймылдаткыч күчү. Каармандардын күрөшүнүн жүрүшү гана алардын тагдырын чечет. К.Баялиновдун «Ажар» повестинде эркиндик үчүн күрөш, анын улуттук-боштондук көтөрүлүшкө айланышы, анын жеңилиши, элдин Кытайга жан айла издеп качышы, ал жерде да жарытылуу күн көрбөй, калктын оор азап чегиши көрсөтүлөт да, мына ушул кагылыштарда Ажардын тагдыры чечилет. Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повестинде окуя жай, ырааттуу эле өнүгүп келе жатып, Тотойдун ую уурдалган эпизоддон кийин Сейде менен Ысмайылдын ички карама-каршылыгы, экөөнүн эки башка көз караштагы каарман экендиги дайын болот да, ушундан кийин сюжетте таптакыр бурулуш жасалат.

Н.Г.Чернышевский сюжеттүүлүк эстетикалык баалуулуктун биринчи шарты, сюжет жок жерде көркөмдүүлүк жок экендиги белгилегендей чыгарманы жараткан негизги нерселердин бири – сюжет. Т.Касымбековдун «Адам болгум келет» повестин алып көрсөк, көпчүлүк окуялар (Асылбектин окууга өтпөй айылга келиши, ата-энесинин тосуп алышы, атасынын «майлуу», «жайлуу» орун издеп районго барышы, Базылдын тагдырына аралашып, андан сабак алышы, Мыкты менен болгон мамилелерден улам досунан көңүлү кайтышы, атасына кеңешпей тракторчу Чотурдун чиркегичине жардамчы болуп орношуп алуусу, атасынын уулунун бул кылганына нааразы болуп, аны тери жыйноочулук ишке орнотушу, бир тери жетпей калып, жоголгон булгаарыны атасынын кымтып алышы, Асылбектин курулушка кетиши), биринчиден, ошол мезгилдин жалпы көрүнүшүн берүүгө багытталса, экинчиден, көркөм образдар жана адам мүнөздөрү жогорудагыдай сюжетте ачылат. Биз кыскача айтып чыккан бул нерселер сюжеттик сызык, же линия (багыт) деп да аталат. Ал чыгарманын негизги өзөгү болот да, анын айланасында башка окуялар бутактар сыяктуу өзөктөн тарамдалып турат. Маселен, Мыктынын тагдыры, атасынын финбөлүмдө иштеген мезгили, Чынар кыз баяны ж.б. Мына ушулардай турмуш көрүнүштөрү, ар кыл окуялар сюжетте жалпыланып берилет.

Сюжеттин негизинде жаткан коомдук конфликттер менен сюжеттин өзү окшош, бирдей көрүнүш деп кароого болбойт. Бир эле көрүнүш, бир эле конфликт ар түрлүү сюжеттик планда чечилиши мүмкүн. Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш темасы, андагы жоокерлердин абалы, уруш окуялары У.Абдукаимовдун «Майдан» романында, Т.Байжиевдин «Жигиттер» пьесасында, О.Орозбаевдин «Кыл көпүрө» повестинде, И.Сулаймановдун роман, повесть, аңгемелеринде ж.б. чыгармаларда чагылдырылат. Бирок бирдей эле тема, ар кыл сюжеттик сызыкта, жолдо ар түрдүүчө максатты көздөйт, ар башка чечилишке ээ болот. Сюжеттик багыттары бири-бирине окшошпойт.

Сюжетти түзүүдө кээде жазуучу конфликттин өтө курч жерин алат. Мисалы, Т.Сыдыкбековдун «Пайдага чечилген чатак» аңгемесинде ушундай. Же айрым учурда сюжет акырындык менен жай башталып, анан курч конфликтке чейин өсөт. Бул ыкма кыргыз жазуучуларынын бир тобуна, өзгөчө улгайган муундун өкүлдөрүнө мүнөздүү көрүнүш.

Сюжет көркөм чыгармалардын жанрына ылайык ар башка өзгөчөлүктө болот, айталык, аңгеме менен повестте, же романда сюжет бирдей боло албайт. Аңгеме көбүнчө, сюжеттин өнүгүшү каармандын тагдырындагы бир же эки, иши кылып азыраак окуясына негизделсе, романда каармандын тагдыр-таржымалы бир нече окуялардын татаал ыраатында ачылат. Ал эми драмалык чыгармаларда сюжеттин өнүгүшүндө негизги орунду конфликт ээлейт. Анткени мында прозадагыдай автордук баяндоо, сүрөттөө сыяктуу кошумча каражаттар аракеттенбейт.

Чыгармадагы сюжет курулушу эки түрдүүчө болот. Эгерде окуялар өз ара убакыт, мезгил боюнча байланышып туруп, бирине улай экинчисине кетсе хронологиялык сюжет болот. А.Токомбаевдин «Мезгил учат» повестинде сюжет эки бөлүмдөн туруп, биринчисинде Жапардын жана анын атасы Айтикенин ынкылапка чейинки турмушу сүрөттөлсө, экинчи бөлүгүндө Кеңеш бийлигинин жылдарында эркиндикке чыгып, өз эмгегинин үзүрүн көрүп, жатак-мектептен окуп, билим алып, интеллигент катары калыптанган, акыры көрүнүктүү сүрөтчү болуп жетилген инсандын басып өткөн жолунун ырааттуу тартибин (хронологиясын), өмүр таржымалынын түз сызыктуу өсүшүн көрөбүз.

Экинчи бир топтогу чыгармаларда сюжеттеги окуялар бири-бири менен себеп-шартка карап өнүгөт, б.а. кийинки окуяга башка бир окуя-жагдай себеп болуп калат, мындайды аралашма сюжет деп атоого да болот. Алсак, Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги кыз куумай Жамийла менен Садыкты баш коштурса, согуш аларды эки башка кырдаалга таштады, Даниярдын келиши – бул экөөнүн тагдырын биротоло башка нукка буруп кетти. Демек, мындайда биринчи окуя экинчисинин өнүгүшүнө шарт түзөт да, сюжетти күтпөгөн жерден буруп кетет.

Көркөм чыгармалардын сюжети турмуштук негизден жана сюжеттик кошумчалардан турат. Башкача айтканда, жазуучу сюжет курууда турмуштук негизде алуу менен бирге идеялык максатка ылайыктуу кошумчаларды, кыялданууларды, көркөм фантазияны пайдаланат.

Сюжет менен композициянын карым-катышы кандай болот, эми ошол маселенин тегерегинде ойлонуп көрсөк. Композиция баардык эле чыгармага мүнөздүү. Ал аркылуу сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүнүштөрүнүн ар кыл бөлүктөрүнүн өз ара мамилесин, байланышын түшүнөбүз. Ал эми сюжет бардык эле чыгармаларда боло бербейт, себеби мүнөздүн ар түрдүү сапаттарынын ачылышында окуя, окуялар системасынын болушу дайыма эле шарт эмес, айталык, лирикада толук көрүнгөн, кеңири сюжет жок. Сюжет болуш үчүн мүнөз, окуя катышы кажет, а лирикалык ырларда тышкы дүйнөнүн көрүнүштөрүнөн жаралган адамдын ички сезимдери, ой-толгоолору гана берилет, сырткы окуя, мүнөз жок, демек, мындай учурда сюжет жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Алыкул Осмоновдун «Тирүүлүк» деген ырын окуп көрөлү:

Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймин,

Кечтим дайра агымынын миңдейин.

Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,

Кенч дебесем, анан аны не дейин?!

Кайдан чыгып, качан келдим бул жерге,

Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,

Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.

Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,

Той дебесем, анан аны не дейин?!

Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,

Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

Бул ырда эч кандай окуя жок, баяндалган ырааттуулук учурабайт, жөн гана акындын ички сезими – анын ой толгоосу бар. Сюжет жаралбады. Лирикалык чыгарманын эң башкы белгиси анда сюжет болбогондугу.

Экинчиден, сюжеттен кээде композиция кененирээк түшүнүк болуп, башкачараак мааниге өтүп кетиши да мүмкүн. Алсак, чыгармадагы автордук чегинүүлөр композициялык көрүнүш, бирок сюжетке тиешеси жок, анткени аны идеялык маанини тереңдетүүгө көмөктөшкөнү менен окуянын өнүгүшүнө түздөн түз катышы жок. Мисалы, Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» деген романындагы укмуштуу мунара жөнүндөгү баяндын берилишин карап көрөлү. Бул романдагы аталган эпизоддун жалпы окуянын өнүгүшүндө эч кандай деле мааниси жок, ал эми идеялык жыйынтык чыгарууда чоң мааниге ээ.

Сюжеттин элементтери

Ар кандай мүнөзгө ээ көрүнүш өзүнүн башталышына, өнүгүшүнө жана бүтүшүнө ээ. Чыгарма да, анын сюжети да ошолор менен түздөн түз байланышат. Көркөм чыгарманын сюжети төмөнкү элементтерден турат: пролог, экспозиция, окуянын чиелениши, окуянын өнүгүшү, окуянын өсүп жеткен чеги (кульминация), окуянын чечилиши, эпилог. Булардын ичинен пролог менен эпилог айрым чыгармаларда гана кездешет.

Пролог – чыгармага киришүү алдында ошол сүрөттөлүүчү окуя-баянга карата автордун алдын ала кандайдыр бир түшүнүк бериши, чыгарманын кийинки жүрүшү үчүн өзөк болчу кыска баян айтуусу. Маселен, Т.Үмөталив «Кубат» поэмасынын башында мындай пролог-киришме менен бет ачар берет:

Бул дастанды жазмак элем мен эчак,

Кечигипмин даабай жүрөк тартынчаак.

Тартынбаган согуштарда кан күйгөн,

Ыр алдында боло жаздым коркунчаак.

С.Эралиев болсо «Ак Мөөр» поэмасын төмөндөгүдөй пролог менен баштайт:

Мен кыйналам кыздар көркүн жазганда,

Ышкым түшүп, ыклас отун жаксам да,

Аны куду: «Айдай», «Күндөй» деп мактап,

Жерден алып жеткире албайм асманга.

Экспозиция – каармандар жөнүндө алгачкы маалыматтар, окуя өтө турган тарыхый шарт жөнүндө, жалпы эле конфликт болгонго чейинки абал тууралуу түшүнүк берет: түз экспозиция – мында негизги окуя башталгандан мурда, алдын ала келет; кечиктирилген экспозиция – бул түрдө окуя чиеленип, карама-каршылык күчөп, окуя жыйынтыкталар алдында келет да, мурдагы киришмеге автор кайрылып өтөт; тескери экспозицияда каармандар жөнүндө маалымат же алардын байланыштары жөнүндө кабарлар чыгарманын акырында берилет. Экспозицияда кыймыл-аракет али башталбайт, жөн гана түшүндүрүү жүргүзүлөт. Мисалы, Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинде экспозиция бул Сейиттин потретти карап туруп Данияр менен Жамийла жөнүндө ойлоосу, андан кийин апасы, кичи апасы, алардын кыял-жоругу, мүнөзү жөнүндө алгачкы кабарды берип, окурмандарды даярдоосу. Сюжеттин бул элементинде алдыда боло турган окуяны чиелөөгө чалгын чалынат.

Окуянын түйүндөлүшү же чиелениши (завязка). Сюжеттин бул элементинде кыймыл-аракет башталат, кандайдыр бир конкреттүү окуя, кыймыл алдыга келет, карама-каршылык бүлбүлдөп көрүнөт. Бул кайсыдыр бир кырдаал-шарттан келип чыгат, ошол жагдай окуяны түйүндөй, чиелей баштайт. «Жамийлада» бригадирдин келип, келинди сурап кетиши, Жамийланын станцияга эгин ташып калышы, Даниярдын келиши чиелеништин башталышы болду.

Окуянын өнүгүшү. Мында жазуучу окуянын өсүш жолун, өнүгүш процессии берет. Даниярдын согуштан келип тылда иштеп калышы, Жамийла менен эгин ташуусу, анын мүнөз-аракетинин ар кыл кырдаалда ачылып отурушу, келиндердин шылдыңга алышы, Осмон «окуясы», станциядагы «кара баскан» каптын көйгөйү окуянын өнүгүшүнө жатат.

Окуянын өсүп жеткен чеги (кульминация). «Кульминация» бизче «чоку», «бийиктик» деген маанини түшүндүрөт, демек, бул чыгармадагы окуянын өсүп-өнүгүп отуруп, эң бийик чокуга жетиши, андан ары ал окуянын өспөшү, өнүгүп келген сюжет чечимин гана күтүп калышы. «Жамийла» повестинде сюжеттин бул учуру обон эпизоду, август түнүндөгү Жамийла менен Даниярдын сүйүүсүнүн биротоло ашкере болуп, жарыкка чыгышы.

Окуянын чечилиши (развязка). Ошентип жогорудагылардан кийин чыгармада сюжет ар кыл өсүп-өнүгүп отуруп, ошолордун натыйжасында бүткүл кыймыл-аракет, мүнөздөр күрөшү жыйынтыктоочу этапка келет да, конфликт бир тарапка чечилет. Повестте Данияр менен Жамийланын качышы жана Садык келгенден кийин абалды баяндоочунун айтып берүүсү окуянын чечилишине кирет.

Эпилог айрым чыгармаларда гана болот да, анда чыгармадагы каармандардын соңку тагдыры жөнүндө кыска кабар берилет. Мисалы, А.Токомбаевдин «Жараланган жүрөк» повестинде Өмүрбек менен Гүланданын бир шаарда жашап, кээде көрүшүп тургандыгы жөнүндөгү маалымат берилет. Эпилог менен Т.Үмөталиевдин «Айсулуу» поэмасынан да кездешебиз. У.Абдукаимов «Майдан» романында Кадырбектин Берметке жазган каты аркылуу эпилог берет.

Эпилог – соңку сөз, ал чыгарма үчүн зарыл болбосо дайым эле киргизилбейт, эгер ылайыгы болбосо чыгарманын таасирдүүлүгүн төмөндөтүп коёт.

Сюжеттин ар бир элементин катары менен чыгармалардын баарынан эле издей берген да туура эмес, алардын биримдиги, бири-бирине өтүп турушу, орун тартиби катып калган сенек нерседей эмес, жандуу, кыймылдуу процесс, аны чыгармачылык менен түшүнүү зарыл.

Суроолор жана тапшырмалар

1) Композиция деген эмне? Композицияны эмнелер түзүп турат?

2) Эпиграф, лирикалык чегинүү, пейзаж, интерьер сыяктуу кошумча нерселер композицияда кандай кызмат кыларын, чыгармада эмне максатта колдонуларын кон- креттүү мисалдар менен далилдегиле.

3) Окуган бир аңгеменин негизинде ошол чыгармага композициялык талдоо бергиле.

4) Сюжет деген эмне? Сюжеттин адабий жанрлар жана тектер арасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып бергиле. Чыгармада сюжеттин элементтери кандай милдет аткарат?

5) Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повесттин сюжеттин элементтери боюнча талдагыла.

6) Адабият теориясынан алган билимиңерге таянып, каалаган бир чыгармага сюжет жана композиция боюнча талдоо жүргүзгүлө.

7) Кайсы чыгармада кандай пролог, кандай эпилог бар экендигин таап, алар эмне максатта колдонулуп жаткандыгын сүйлөп бергиле.

8) Өзүңөр аңгеме ойлогула да, ошону сюжеттин элементтерине бөлүп, негизги окуясын оозеки баяндагыла.

9) Жаңы терминдерди сөздүк дептериңерге жазып, ошол түшүнүктөрдүн аты кайсы тилден келгендигин, бизче эмне деген маани берерин айтып бергиле.

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Үмөталиев Ш. Ак дил. Ф.: «Кыргызстан», 1986. – 73-б.

[2] Китептен: Словарь литературоведческих терминов. Сост. Тимофеев Л.И., Тураев С.В. – М.: 1974. – с. 393

[3] Горький М. Собр. соч в 30 томах, т. 27. – М.: 1953. – с. 215.

[4] Тимофеев Л.И. Основы теории литературы. – М.: 1976. – сс.160-161

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз