Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 6

АЛТЫНЧЫ САБАК: КӨРКӨМ АДАБИЯТТЫН ТИЛИ

ТИЛ ЖАНА РЕЧЬ

Адабият – сөз өнөрү экендигин дагы кайталоого туура келет, анткени мына ошондон келип чыгуучу нерсе – «тил – адабияттын биринчи элементи» (М.Горький), «сөз – чыгарманын негизги материалы» (К.Федин).

Көркөм адабияттын башка компоненттери (тема, идея, сюжет, композиция) жөнүндө сөз болгондо мыкты теманын начар ачылып каларын, же сюжети жалпы, композициясы чаржайыт чыгармалардын болушу жөнүндө айттык. Ошондой эле тили начар чыгарма эч качан жакшы бааланбайт, окурмандар аны кызыгуу менен кабыл албайт. Демек, сөз өнөрүндө тилдин өтөөр кызматы баарынан чоң да, жооптуу да.

Тилдеги сөздөр сүрөткердин казанында кайнап, сөздүн чын маанисиндеги «чыгармага негизги материал» болуш үчүн көркөм ойдун көрүнүшүнө, көркөм ойду жаратуунун каражатына айланышы керек, көркөм сөз кунарлуу ойдон гана жаралат, «ою арсыздын тили да арсыз» (Л.Толстой). Демек, көркөм тил, анын кулпурган каражаттары адабият жөнүндөгү илимдин эң өзөктүү маселелеринин бири.

Сөз – бул элдин казынасы. Филологиялык илимде речтин мааниси терең. Анткени речь дегенде биз кандайдыр бир чечендин кеңири оозеки баяндоосун гана эмес, кандайдыр бир улуттук тилдеги сөздөр аркылуу берилген адамдардын бүткүл ишмердигин түшүнөбүз.

Тил – деген чоң күч, адамзаттын байлыгы, ал адам баласына гана таандык жападан жалгыз көрүнүш. Тил (речь) менен байланышат.

Тил менен речтин айырмасы бар. Тил дегенде биз бул же тигил элдин ан-сезиминде жашаган сөз байлыктарын, алардын колдонуу принциптерин жана ошолордун жардамы менен калктын өз ара карым-катнашынын ишке ашуусун түшүнөбүз. Тил бул ар бир элди өзгөчөлөп турган улуттук белги. Белгилүү бир ойду жана түшүнүктү эрежеге баш ийүү менен сүйлөп берүүнү речь дейбиз. Демек, речь дегенибиз – аракеттеги, кыймылдагы тил. Тил дегенде сөз байлыктары жөнүндө түшүнсөк, речь дегенде ошол сөз байлыктарынын кабыл алынган коомдук нормага ылайык келип, адамдардын ой пикирин билдирип турушун түшүнөбүз. Мисалы, «дыйкан», жер», «суу», «эмгек», «коом», «дарбыз» десек мында лексикалык мааниси бар сөздөрдү түшүнөбүз. Ал эми «жаз алды менен дыйкандар мыкты эмгектенип, коон, дарбыздан мол түшүм алды» десек мында речь болот.

Речь колдонулуш максатына жараша бир нече түрлөргө бөлүнөт.

  1. Илимий речь – илимий эмгектердин, окуу китептеринин жана башкалардын тили.
  2. Саясий-публицистикалык речь – газета, журнал, радио, теле берүүлөрдүн тили.
  3. Юридикалык жана иш кагаздардын речи – сот процессинин тили, токтом, түшүнүк кат, справка жана башка официалдуу иштиктүү документтердин тили.
  4. Диндик жана ар кандай каада-салттын речи.
  5. Көркөм чыгарманын речи – адабий чыгармаларда колдонулган тил.

Речтин жогорудагы түрлөрү баары жазма формада болот. Жазма речтен оозеки речь кескин айырмаланат. Анткени оозеки речь ар түрдүү кыймылдарды, ымдоо-жаңсоолорду, интонациянын, басымдын түрлөрүн жана башка өзүнө гана мүнөздүү көрүнүштөрдү кенири пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адабий эмгектерде жалпы элдик тилдин көрүнүштөрүн башкачараак түрдө классификациялоо да бар. Адабият таануу боюнча окуу китептеринин бир тобунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт.

  1. Адабий тил: газета-журнал, радио-теле берүүлөрдүн, иш кагаздарынын, илимий эмгектердин тили.
  2. Поэтикалык тил: көркөм адабияттын тили.
  3. Оозеки тил: сүйлөшүү тили.

Тилдин аткарган милдетине карата мындайча бөлүштүрүү кииинки мезгилдерге чейин окуу китептеринде сактальш келген.

М.Горький тилди кызматына карай мындайча бөлүштүрүүнүн шарттуу экенин жана алардын өз ара чыгармачылык өзгөчөлүгүн эске алып мындай деген: «Адабияттын биринчи элементи тил, ал фактылар менен кошо адабияттын куралы жана материалы, тилдин оозеки жана адабий болуп бөлүнүшү дегенибиз «чийки тил» жана сөз чеберлери тарабынан иштелип чыккан тил деген эле сөз»[1]. Мындан элдин сүйлөшүү тили деп жазуучу күндөлүк турмушта колдонулган оозеки речти атаган да, аны «чийки тил» катары санаган, ал эми иштелип чыккан тил дегенде илимпоздор, жазуучулар, публицисттер колдонгон тилди, б.а. жазма речти түшүнгөн.

Көркөм чыгарманын тили речтин башка түрлөрүнөн ойду образдуу бергендиги менен айырмаланат. Ошондуктан көркөм чыгарманын тили образдуу речь деп аталат. Көркөм чыгарманын речи эки речтик түргө ажырайт.

Жазуучунун, баяндоочунун речи. Речтин бул түрүндө адабий тилдин нормасын сакташы зарыл. Жазуучунун речи драмадан башка тектеги чыгармаларга мүнөздүү. Речтин бул түрүндө баяндоо, сүрөттөө негизги орунду ээлейт. Кээде жазуучунун речи үчүнчү жактан жүргүзүлөт. Мисалы, «Жамийла» повестинде баяндоо Сейит тарабынан жүргүзүлсө, «Биринчи мугалим» повестинде сүрөтчү жигит тарабынан алып барылат.

Каармандын речи – бул чыгармадагы катышуучу адамдын (адамдардын же каармандардын) өз ара сүйлөшкөн сөзү. Алардын сөзү диалог, монолог түрүндө берилет. «Ди» – «эки», «лог» – «сөз» деген грек тилинен алынган. Эки адамдын өз ара сүйлөшүүсү диалог деп аталат.

Эгер чыгарманын каарманы кандайдыр бир көрүнүшкө, окуяга же башка каарманга карата жеке өзү сөз сүйлөсө аны монолог дейбиз. «Моно» – «бир», «лог» – «сөз» деген мааниде, грек тилинен алынган. Бир адамдын сөзү дегенди билдирет.

Адабият таанууда каармандын монологунан тышкары ички монолог деген түшүнүк бар. Ички монолог бул жазуучуга тиешелүү. Мында сүрөттөлүп жаткан көрүнүшкө карата жазуучунун өзгөчө мамилеси түшүндүрүлөт. Каармандын речинде анын мүнөзү, кыял-жоругу, адамдык сапаты көрүнөт. Ошондой эле каарман жашаган мезгилине, өнөр кесибине, аймагына жараша өзүнчө, жекече речке ээ болууга тийиш. Мисалы, Т.Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романындагы Омор карыя менен Аскардын речи бири-биринен кескин айырмаланат, анткени ал экөө эки курактагы эки доордун адамдары. Чыгармадагы каармандын речи анын билими менен акылынын деңгээлин, психологиясын да билдирип турат.

Адабий чыгарманын речи турмуш көрүнүштөрүн, адам мүнөздөрүн тил байлыгы аркылуу ачып берүү менен да айырмаланат. Анткени, мүнөздү ачуу максатында жазуучулар диалектилик, говордук өзгөчөлүктү эске алат, жазуучу улуттук тилдин байлыгын жана башка бардык өзгөчөлүгүн эркин пайдаланат. Сөздөрдүн номинативдик түрүн да (өз алдынча мааниге ээ сөздөр) жана экспрессивдик түрүн да (көмөкчү мааниге өткөн сөздөр) пайдаланат. Тилдеги ар кандай сөздөр речте колдонулуш өзгөчөлүгүнө жараша түз жана өтмө мааниде кездешет.

Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,

Кабак түйгөн капалыкты айдады.

Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,

Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы (А.Осмонов)

Көркөм чыгарманын речи жанрлар боюнча да бири-биринен айырмаланат. Ырларда (жалпы эле поэзияда) акындын речи поэтикалык закондорго (уйкаш, ыргак, муун ж.б.) ылайыкташтырылып берилсе прозалык чыгармаларда (кара сөздө) сөз байлыгын колдонуу поэзияга караганда эркин болот. Анткени жазуучу сүрөттөп жаткан көрүнүштүн, мүнөздүн маңызын ачып берүү үчүн сөз байлыгынын бардык каражаттарын пайдалануунун толук мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Драмалык чыгармаларда ар бир каарман өз речи менен сүйлөшөт. Эгерде бул эреже бузулуп, каармандын ордуна драматург сүйлөп койсо реалдуулуктан четтейт. Демек, ар бир каарман өзүнүн кимдигине, жашаган дооруна, жеке мүнөзүнө жараша өз речи менен, ички оюн сөзү менен билдирүүгө тийиш.

Суроолор жана тапшырмалар

  1. Жалпы элдик тил жана адабий тил деген түшүнүктөрдүн маанисин, карым-катнашын айтып бергиле.
  2. Көркөм адабий чыгармада тил эмне үчүн керек? Көркөм адабияттын тили жана публистикалык речь, иш кагаздарынын речи. Буларга мисалдар келтирип, салыштыргыла.
  3. Илимий стиль жана көркөм адабияттын стили дегенди кандай түшүндүңөр, мисал келтирип, айтып бергиле.
  4. Көркөм чыгармада адам мүнөзүн анын тили кандайча ачып берет?

САБАКТЫ даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Китепте: Русские писатели о литературном труде. 4 томдук, 4-т. –  Л.: «Советский писатель», 1956. – с. 197.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз