Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 9

  • 08.05.2020
  • 4220

ТОГУЗУНЧУ САБАК: КӨРКӨМ СӨЗДҮН СИНТАКСИСИ (ПОЭТИКАЛЫК ТИЛДИН ИНТОНАЦИЯЛЫК-СИНТАКСИСТИК БӨТӨНЧӨЛҮГҮ)

Ар бир жазуучунун тили синтаксистик жагынан өзгөчөлүккө ээ. Бул өзгөчөлүк жазуучунун сүрөттөөгө алган предметине да, жекече гана өзүнө таандык стилине да байланыштуу.

Биз жогоруда сөз, анын түз жана өтмө мааниде келиши жөнүндө айттык, мына ошол сөздөр куралып, чыгармачылыктын процессииде белгилүү бир системага түшүп, грамматикалык жагынан уюмдашып, нормага келиши зарыл. Ал интонациялык-синтаксистик мыйзамдарга байланыштуу. Ар бир жазуучу өзүнчө оригиналдуу интонациялык-синтаксистик өзгөчөлүккө ээ. Маселен, Т.Сыдыкбековдун сүйлөмдөрү татаал сүйлөмдөр болот да, алар узун-узун келип, анда каармандардын аракети, умтулуулары, кылык-жоруктары, үй-бүлөлүк, коомдук турмушу кеңири көрсөтүлүп, таамайлык, каармандардын ички дүйнөсүн ачууга көбүрөөк басым жасоо мүнөздүү. Т.Сыдыкбековдо диалог арбынырак колдонулса, Ч.Айтматовдо автордук баяндоо көбүрөөк.

Текстеги ар бир фраза автордун оюна жана каармандын ким экендигине байланыштуу өзгөчөлүктөргө ээ, б.а., каармандын психологиясы, турмушка карата көз карашы алардын речинен кадимкидей көрүнөт. Көркөм адабиятта автор менен каармандын речи сөзсүз бири-биринен айырмаланып турат.

Поэтикалык речтин синтаксиси деген жазуучу тарабынан көркөм текстинин ар түрдүү речте курулушу деген сөз. Көркөм чыгармадагы ар бир сүйлөм грамматикалык нормага түшкөн белгилүү бир бүткөн ойду билдирип турган система болуп эсептелет. Бул грамматиканын синтаксис бөлүгүнүн милдети эмеспи. Ал эми синтаксис деген сүйлөм курулушу экендиги белгилүү.

Көркөм речте интонациянын мааниси чоң. Интонация үндүн көтөрүңкү же басыңкы айтылышы. Ал бир топ жагдайларда көрүнөт. Төмөндө ошолорго кыска токтолуп көрөлү:

а) Речтин паузасы. Бул үндүн тынымдары, ошолор аркылуу сүйлөм, анын айрым бөлүктөрү бири-биринен маани жагынан ажырап турат. Жазууда алар чекит, үтүр, сызыкча, үтүрлүү чекит жана башкалар аркылуу берилет.

Оозеки речте тыныгуунун кандай пайдаланышы сүйлөп жаткан адамдын өзүнө байланыштуу болот.

б) Речтин көтөрүлүшү же басаңдашы, үндүн кубулушу. Жандуу речтин күүсү үндүү тыбыштардын кыска же созулуп айтылышына байланыштуу болот.

Үндүн созулуп айтылышы ошол сөздү өзгөчөлөнтүп, бөлүп турат. Речтин күүсү көбүнчө текстти көркөм окуу үчүн эске алынат.

в) Басым. Муундагы же сөздөгү басым. Сөзгө түшкөн басым логикалык басым деп аталат.

Мисалы:

- Качан келдиң?

- Бүгүн.

Мында бүгүн деген сөзгө басым түшүп турат. Окуганда ушул басымды ажыратып окуй билүү зарыл. Басымдын мааниси чоң.

г) Речтин ылдамдыгы. Көркөм чыгарманын жанрына ылайык айтылат, б.а., баяндоо речинде айтылса, монолог, диалогдор өзүнчө бир ылдамдыкты талап кылат.

Речтин ылдамдыгы көркөм текстте ойго, сезимге байланыштуу болот, ошого жараша ылдамдыкты талап кылат.

Акын-жазуучунун тили ал колдонгон поэтикалык каражаттарга (стилистикалык фигураларга) байланыштуу болот.

Поэтикалык каражаттар же синтаксистик фигуралар речке ар кандай кошумча маанилерди, эмоционалдуулукту, экспрессивдүүлүктү киргизет. Аларга параллелизм, анафора, инверсия, риторикалык суроо, риторикалык кайрылуу, антитеза, перифраза, кайталоо, элипсис сыяктуу тилдик каражаттар кирет.

Параллелизм эки же андан артык көрүнүштү, предметти катар, жанаша коюп, мазмунду ачып берүүчү поэтикалык каражат. Жанаша коюлган эки нерсе бири-бирине карама-каршы коюлуу менен поэтикалык ой конкреттештирилет, сүрөттөөнүн эркин жана жандуу болуусуна жетишилет. Мындай көрүнүштөр элдик чыгармаларда кеңири кездешет:

Чырпыгың сынса талыңдан,

Чынар болбойт ал кайтып, - деген сапта бир көрүнүш, бир кырдаал (чырпык сынса, кайра анын тал болбошу) айтылып жатат, эми ушуга маанилик жактан окшош башка көрүнүш келет:

Чындап ажал келген сон,
Чыккан жан келбейт ал кайтып.

(Бай уулу Калыгул)

Демек, мында эки окшош көрүнүш жарыш, параллель коюулуу менен акындык ой ачыкка чыгууда.

Анафорада болсо жарыш катарда бир эле элементтин кайра-кайра кайталанышы сакталат. Мында кээде табыштык кайталоо болот:

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.

(Токтогул)

Айрым учурда бүт сөз кайра кайталанат.

Күйүп кетсен жаманга,
Күйүп жүрбөй, башка чап.
(Бай уулу Калыгул)

Жогорудагылар анафоранын тыбыштык жана лексикалык жол менен түзүлгөндүгүнө мисал болот, ал эми синтаксистик анафорада бүтүндөй сөз айкашы же сүйлөм кайра-кайра кайталануу менен поэтикалык ой ишке ашат:

Бардыгына Күн себеп,
Бардыгына Күн керек.
(Барпы)

Эпифора деген синтаксистик каражат да анафорага жакын болуп бул ыр жолдорунун соңундагы сөздөрдүн же сөз айкаштарынын кайра-кайра кайланышына негизделген көрүнүш:

Замандар өттү, сен калдың,
Адамдар өттү, сен калдың.
(Барпы)

Поэтикалык речте инверсия деген кубулуш көп колдонулат. Ал эмне? Инверсия – сүйлөмдөгү сөздөрдүн сүйлөм мүчөлөрү боюнча келүүчү салттык орун тартибинин бузулушу, атайын максатта ээ, баяндооч, аныктооч, толуктооч жана бышыктоочтордун башка орундарда келиши. Мисалы, «Көптөн бери кат албадым айлымдан, биле албадым, кимдер өлдү, ким аман» (А.Осмонов) деген саптардагы тартип, чынында, «Айлыман көптөн бери кат албадым, ким өлүп, ким аман экенин биле албадым» болуш керек эле, бирок сөздөрдү, биринчиден, маанилүүсүн алдыга чыгарыш максатында, экинчиден уйкаштын туура уюшулушу үчүн инверсия пайдаланылды. Инверсия оозеки речте да учурай берет, бирок көбүнчө ырларга мүнөздүү.

Риторикалык суроодо автордун же каармандын речи суроо түрүндө айтылат, бирок окурмандан жооп талап кылынбайт, жооп суроонун өзүндө болот, бул ыкма чыгармадагы сүрөттөөнүн эмоционалдуулугун арттыруу, таасирдүүлүгүн күчөтүү үчүн керек болот:

Жанды сабап жашап кумар тарабай,
Жетип келдик, аттын оозун дуу коюп.
Жолдун татаал,
аң-дөңүнө карабай,
Канаат кылды кана
өмүргө ким тоюп?!
(С.Эралиев)

Ал эми риторикалык кайрылууда болсо лирикалык каарман, же автор өзүнүн каармандарына, турмуш көрүнүштөрүнө же окурманга күчтүү сезим менен атайын кайрылуу жасайт:

Кыргыз тили – жылдыз тил,
Экендигин жаштар бил!
Ыр атасы сенде бар,
О, Алыкул Осмонов!
(Р.Рыскулов)

Акын биринчи эки сайта окурманга, жаштарга риторикалык кайрылуу жасап жатса, экинчи кош сапта Алыкул Осмоновго – каарманына  кайрылууда.

Антитеза сүрөттөлүп жаткан көрүнүштүн, кубулуштун маңызын терең ачуу үчүн аны башка бир көрүнүш, кубулуш менен карама-каршы коюуга негизделген поэтикалык каражат. Антитеза аркылуу чыгарманын көркөм-эмоционалдык күчү жогорулап, таасирдүүлүгү артат. Төмөнкү үзүндүдө акын карама-каршы кубулуштар, көрүнүштөр, салыштыруулар аркылуу терең философиялык ой айтууда:

Келериңде, дүнүйө,
Көл
мелтиреп толгондой.
Кетериңде, дүнүйө,
Көзүңдү чукуп ойгондой.
Келериңде, дүнүйө,
Сууну арыкка бургандай,
Төрүндө жолборс тургандай.
Кетериңде дүнүйө,
Арыктын суусун тарткандай.
Төрүңдөн жолборс качкандай.
Келериңде, дүнүйө,

Абадан алтын куйгандай.
Сарайыңдын ичинде
Сандаган пулуң
тургандай.
Кетериңде дүнүйө,
Төөнү чымын кыргандай.
Келтирип салган сарайың,
Чалдыбар болуп
тургандай.
(Барпы)

Дагы бир синтаксистик каражат – перифраза (же парафраз, парафраза деп аталат). Бул бир маанини башка бир маани менен берүү. Мисалы «мен» дегендин ордуна «бул саптардын автору» деп колдонгон учурда перифраз кубулушу болду, же перифраза өзүнчө бир троптун түрү катары келет да бирөөнүн атын, көрүнүштү, анын башка бир белгисине, сапатына ылайыктап берет (жырткычтардын паашасы – арстан дегендин ордуна; кыргыздын Гомери – Саякбай Каралаев дегендин ордуна ж.б.).

Эллипсис кубулушу болсо, тилдеги поэтикалык-синтаксистик каражаттардын бири болуп, контексттен улам оңой гана белгилүү болгон сөздөрдү же сөз айкаштарын атайын калтырып кетүүгө негизделген көрүнүш. Ал поэтикалык речтин кыска жана үнөмдүү болушуна жардам берет да, көбүнчө диалогдордо, элдик макал-ылакаптарда, фразеологиялык айкаштарда көп учурайт. Мисалы:

Ар түркүн кылып кеп айтат,
Акын адам – даанышман.

(Жеңижок)

Толук сүйлөм болуш үчүн «Акын адам даанышман болот» деш керек эле, бирок ансыз дале түшүнүктүү болгондуктан, акын речин үнөмдүү колдонуп, уйкаштыкты сактоодо. Мындай сөздөрдүн түшүп калышы, өзгөчө сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн биринин түшүшү прозада да, драмада да, поэзияда да кенири кездешет.

Поэтикалык речте жазуучунун тил байлыгын көрсөтүүчү нерселердин бири – тыбыштык үндөштүк. Эгерде стилистикалык ыкма катарында уйкаштыкта же саптарда, улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштар кайра-кайра кайталанып отурса ассонанс кубулушу болот да, эгер ушундай кайталанууларды үнсүз тыбыштар түзсө анда ал көрүнүш аллитерация деп аталат.

Ассонанс жана аллитерация эгер ыктуу колдонулса поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун жаратат, автордун берейин деген ой-сезимин тереңдетет, көркөмдүүлүктү арттырат. Бул кубулуштар ушундай бир зарылдыктан, речтин муктаждыгынан келип чыгышы керек.

Сары килем жаптырып,
Сары аркан менен тарттырып,
Санжырга менен төө өткөн.
Саймалуу калпак кийгенден,
Сайышып жоого киргенден,
Санатсыз нечен эр
өткөн.
Адамдан артык туулган,
Ааламга салып чуулган
Атабыз Манас шер
өткөн!
(Жеңижок)

Жогорудагы ыр саптарында «с» тыбышы сап башында кайра-кайра кайталанып, үндөшүп, аллитерация жаратса, соңку үч сапта «а» тыбышынын кайталанышынан ассонанс кубулушу пайда болду. Мындай көрүнүштөр жогоруда биз мисал келтиргендей сап башында гана учурабайт, саптардын ортосунда, сап ичинде, аягында, деги эле ыр гана эмес, ар кандай эле речте учурай берет (мисалы, «кыздын кылыгы кызык» десек «к» тыбышы менен «ы» тыбышы аллитерация жана ассонанс түзүүдө).

Биз кеп кылган стилистикалык каражаттарды пайдалануунун нормасы ар бир жазуучунун чыгармачылык стилине, конкреттүү чыгарманын идеясына, максат-мүдөөсүнө ылайык пайдаланылат.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Аллитерация жана ассонанс кубулуштарына мисал келтирип, алардын тилдеги кызматы тууралуу айтып берүү

2. Риторикалык суроо жана риторикалык кайрылуу деген эмне, аныктамаңарды мисалдар менен далилдегиле.

3. Анафора, эпифора түшүнүктөрү эмне максатта колдонулат, ага мисалдар келтиргиле.

4. Элипсис, перифразага мисал тапкыла. Алар жөнүндө түшүнүгүңөрдү айтып бергиле.

5. Барпынын, А.Осмоновдун ырларын синтаксистик каражаттар боюнча талдап чыккыла, ар бир стилистикалык фигурага алардын чыгармаларынан конкреттүү мисалдар тапкыла.

Сабакты даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин профессору

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз