Казак акындарынын поэзиясы

  • 13.04.2024
  • 4730

Мукагали МАКАТАЕВ

ӨМҮР

Пай-пай өмүр!
Өтөсүң-ов бир күнү,
Тыясың-ов кубанычты, күлкүнү,
Өмүр деген – бир жарк эткен чагылган,
Өмүр деген – көк асмандын гүр-гүрү.

Пай, пай, өмүр,
Өтөсүң сен бир күнү!
Болбогондой, жүрбөгөндөй сенде биз,
Кетебиз-ов, кетебиз биз… пендебиз.
Урпактарга беребиз да кезекти,

Биз кетебиз,
Кетүү үчүн келгенбиз.
Өмүр деген – буюм эмес колдогу,
Өмүр деген – улуу бекет жолдогу.
Каның кургап, каталаган кезиңде,
Суусунду бир кандыргандай болгону.
Мына Күн, тиги асман, талаа  да анан.
Баары бизден, баары бүт калат анан!

Өмүр чиркин – жол тарткан бир араба,
Өмүр барда өлүмдөн кам санаба.

МАХАБАТ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

- Куш болуп учуп жоголсом, не кылар элең?
- Сени издеп бул дүйнөдөн өтөр элем.
- Отко түшүп өрттөнсөмчү?
- Күл болуп, бирге артындан кетер элем.
- Тулпардай туйлап, сага жеткирбесем?
- Жел болуп кууп, акыры жетер элем.
- Башына кайгы апкелсем, не кылар элең?
- Койчу, алтыным, баарына чыдар элем.

БАКЫТ ДЕГЕН ЭМНЕ ӨЗҮ?

«Бакыт деген эмне өзү?» -
деп баштады, топ талашты.
Бири аны үйдөн издеп,
Бири кырдан ары ашты.

Бирөө айтат: «Бакыт деген –
Барчылык, байлык эмеспи?
Керегинче кийип, ичсең,
Бакыт ушул эмеспи?».

Бирөө айтат: «Жок, бакыт деген –
Колуң жетпес мансап ко.
Журттан бийик жүрсөң эгер,
Ушунун өзү жакшы ат ко».

Бирөө айтат: «Бакыт деген –
Күлүк минип, той тойло.
Ишиң болбой санаадан,
Кардың тойсо, карта ойно».

Бирөө айтат: “Бакыт деген –
Никелүү жар, перзент ко.
Ырыс алып ынтымак,
Ал да сага эрмек ко.

Пикирлердин талашына ушундай,
Мен кез келип жолуктум.
Бакыт адам баласына
Оңой келбейт, муну уктум.

Безбеймин мен баладан да,
Байлыктан да, жардан да,
Мансап жетпес бүт адамга,
Бөлүштүрүп алганга.

Үмүт үзбөй издейт алар,
Тыңшап ошол жакутту,
Аны алыстан издебегин,
Жүрөктөн тап бакытты.

♦ ♦ ♦

Мухтар ШАХАНОВ

МАХАБАТТЫН ЖАЗЫЛБАГАН МЫЙЗАМЫ

Жол бурулуш, сезим түптүз, ой туура,
Жол түшкөн соң, болбойт эми кайтууга,
Сүйгөн адам сезими үчүн бактылуу,
Болбойт аны бактысыз деп айтууга.

Бул жайында ойлонуунун не орду бар,
Жандар да бар ак сезимди кор кылар,
Махабатты үйлөнүү деп ойлошкон,
Кудуреттин күчүн билбес шордуулар.

Азбы өмүрдө ыйлап жүрүп күлгөндөр,
Кур күлкүнүн кесепетин билгендер.
Ойлочу өзүң, азбы ушул ааламда,
Сүйбөй-күйбөй тагдыр кошуп жүргөндөр.

Өмүрдө ошол, азап да көп, ый да көп.
Болсун мейли, пейил кенен, турмуш ток,
Сүйбөй-жанбай тагдыр жолуң кошулса,
Махабатта мындан өткөн кылмыш жок.

♦ ♦ ♦

Есенкул ЖАКЫПБЕК

СЫЗ. НӨШӨР. КҮЗ

Жаз да кетти.
Кетти алыска бейиш көктөм.
Күз келди.
Кайтты куштар чубап көктөн.
Кайткан куштун добушу
кандай  муңдуу!
Кыздай болуп узатылган,
ыйлап кеткен.
Жаз өттү, жанга жумшак күз да өтөт,
Кыш келет кумайыктар из кезишкен.
Көчөдө көз кубантып балдар, кыздар,
Тартылат көз алдыга өткөн жылдар.

Жаш элек, оюн-күлкү, жашоо шаттык,
Биз да эми кубаң тарттык, гүлдөп алып.
Өмүрдөн не жыйынтык чыгарбагын,
Такалат баары түптүз муңга барып.
Жаштык сезип карылыкка багынышты,
Көөдөндү жарып турган сагынычты.
Билбейсин айтарынды кимге барып,
Көз бууган, туман таңда турсаң дагы,
Үмүткөр талпынасың Күнгө жарык.

Пендебиз үмүт шамы жетелеген,
Жок сыңар эч тоскоолдук жолубузда,
Өрүшү тар, өзү кенен бул ааламда
Адашкан окшоп өңдүү турналарга,
Аларбыз байкатпай бир көчкө кирип.

Томсорот үнсүз дүйнө…
Сыз. Нөшөр. Күз…
Омсоңдоп бул өмүрдөн биз да өтөрбүз,
Бирде жакшы, бирде жек көрүнө.

♦ ♦ ♦

Фариза ОҢГАРСЫНОВА

МЕН ОШОНДО ЫЙЛАП КАЛГАМ

Мен ошондо ыйлап калгам…
Сен сезбедиң. Кетти учуп алыска арман.
Мунун баары эмнеликтен? Билесиң сен –
Өзүңдү унуткандан;
Кийин... жүрөгүмдө сени эч унута албай,
Алып-учуп жеткенде алыстардан,
Жалдыраган бет алдымда элесиңди;
Өлүп-талып өрттөнгөн кездериңди,
Кийин… Эбептен-себеби жок безгениңди -
Мен эч түшүнө албай, кайгыга эзгениңди,
Башым катып чечилбес сурактардан.
Сезимиңдин мынчалык жалгандыгы,
Сен үчүн бир саат экен арман күнүм.
… Мен ошондо ыйлап калгам,
Өзүңдү ушунчалык жек көрүүдөн…
жана да сагынуудан, унуткандан.

♦ ♦ ♦

Исраил САПАРБАЙ

АЯЙМЫН  МАХАБАТТЫ  ЖЕТИМ КАЛГАН

Өкүнбөймүн бирөөнү өпсөң да өлүп,
Өкүнбөймүн бирөөгө кетсең да эрип,
Жазмыштын мага жазган пендесине,
Мен дагы жолугармын көп сенделип.

Муң бекен,
Муңдун арты кайгы бекен?!
Бүгүндөн оюм бөтөн, жайым бөтөн.
Коюнуна коно албаган кош ак кууга,
Кол булгап кала берер – кайың мекен…

Жабыкпа,
Өзүңдү тек сактасын Кудай андан.
Өткөн күн өчкөн, көчкөн шекилдүү арман…
Болор-ов! Ар жанда курган үмүт,
Амалым не,
Аяймын махабатты жетим калган.

ЖАНЫМА АЗЫК БОЛДУҢ АЗ ГАНА КҮН

Жаныма азык болдуң аз гана күн...
Жанбадым,
Жалынбадым,
Кармабадым.
Туйдум-сездим...
Көңүлгө алган жокмун бирок:
Сенде да бар экенин  таштан түрмө,
Менде да бар экенин аруу дүйнө.

Камоодо какшап жаным, алым жогун
Өзүмө, бир өзүмө маалым дедим,
Күз багы күүгүмдөнүп көз алдымда
Сыздады ичинде анын жаным менин.

Жанарга жан сыздайт да, муң уялар,
Муң анан кантип жалган жылмая алар,
... Көөдөндө миң, миллион жылдан бери
Кат-кабат катып калган мумия бар!...

Ал дүйнөм...
Менин азиз аалам дүйнөм,
Издөөдөн жаңылган жок жан ансарын:
Жадынан өчүргөн жок калем шамын,
Колунан түшүргөн жок калемсабын.

... Жаныма азык болдуң аз гана күн:
Жанбадым,
Жалынбадым,
Кармабадым.
Туйдум-сездим...
Көңүлгө алган жокмун бирок мүлдө:
Сенде да бар экенин  таштан түрмө,
Менде да бар экенин аруу дүйнө.

Тасмаңдай таланганда муң уялап,
Дагы да камынганда Дурия бак,
Түбүнө жүрөгүмдүн али канча
Ханышаны коёр экем мумиялап?

♦ ♦ ♦

Бакыт БЕДЕЛХАНУЛЫ

БУЛ ДҮЙНӨНҮН САХНАСЫНДА

Бул дүйнөнүн сахнасында
Кудай койгон драмадай күрдөөлдүү,
Тагдырым бар мүлдө өзүм сүрмөгү.
Кишенделген жүрөгүмө карабай,
Мен сүйөмүн “өмүр” деген түрмөнү.

Жок, жашоо – бул ордосубу оомалдын?
Жанга сурар дары болуп таландым.
Коңур талаам колун мага созгондо
Жылдыз болуп кара асманга каландым.

Жылдыздын да сааты келер тараган,
Көз жаш алып, айтып арман санатым,
Сыпаттаган шайтан менен периге,
Эмне болот жанга бүтсө канатым?

♦ ♦ ♦

Баян БЕКЕТОВА

АКЫН БОЛУУ АЗАБЫМБЫ, БАКТЫМБЫ?

Акын болуу азабымбы, бактымбы?
Тартып келем кыйноосун, азабын да.
Деңиз ойдун тереңин кечип жүрүп,
Ыр токудум өмүрлүк газалымда.

Жаңы ырды эми эле жазарымда,
Мени атайын кыйнаган азабым да,
Ырларымды өрнөктөй берген кезде,
Сүтү  байып жатыптыр казанымда.

Желбиреген турпатын өзүң көргөн,
Ыр токудум чүкөдөй кезимден мен,
Туңгуч ырым толготуп алгач ирет,
Аруу, таза, туптунук сезимдерден.

Куюлганда ыр көктөн жазбай таанып,
Илхамдарды шак эле козгору анык.
Конок келип кармалып, өкүнгөмүн,
Жаны ырымды аяктай албай калып.

Отургуздуң  сазына канча мени,
Каран калгыр жарык да өчө берип,
Салгылашып, чачташып компьютерим,
Тарбиясыз кыздардай көчө безип.

Акын болуу бактым да, азабым да,
Өлөң сөзүн кайтарсам казагыма,
Кош өпкөмдү чапкылап жүгүрөмүн,
Ыр-өмүрлөр кайнаган базарымда. 

♦ ♦ ♦

Күлаш АХМЕТОВА

БИР АДАМ

Жеңилиштен, жеңиштерден куралган,
Жашоо – күрөш. Жакын бекен муратың,
Тирүүлүктө керек экен бир адам,
Жүрөгүнөн тыңдап, сени угарың.

Кездеринде кыялдарын ураган,
Кездеринде кыянаттан ыйлаган.
Эл-журт аяп, бирок сенин жаныңда,
Калбайт эч ким. Калат аяп бир адам.

Ошол адам жакын болор аты тим,
Бөлүшөр ал жакшылыгын, убактысын.
Ошол адам жеңилдетип жүгүңдү,
Бир адамга чырмалышкан бакытын.

Болсун сенде достор он же жүз мейли,
Болсун баары мээримдуу да изги ойлуу,
Айым, Күнүм, бар бакытым сен деген,
Бир адам бар бир өзүңдү эңсеген.

Жараткандан эсендигин сурагын,
Болсо эгер сени аяган бир адам,
Колун созуп, кездериңде кулаган,
Арачалайт жаза менен жалаадан.

Сени эч качан чыгарбайт ал оюнан,
Кесепеттен, кайгы-муңдан, наалаттан,
Зулумдуктан, жамандыктан, жалаадан,
Андан бөлөк куткара албас бир адам.

Таштабаган бороондо да, жаанда да,
Ал адам бар, сулуу атат ак таң да,
Андай адам жок болсо эгер изде да,
Карегиндей, аярлап бек сактап ал.

Жалгыздыкта жаның кандай жалындар,
Махабат бар – тыңдап турар ырың ал.
Сүйүктүүңдү тумардай бек сактап кал,
Сүйдүрүүгө кылып дайым жакшы амал.

Казакчадан оодарган Кубантай ЭРНАЗАРОВ
Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз