Эл ичи - анекдот кенчи

  • 20.10.2023
  • 4905

*       *       *

Чоң жолдо чарчап-чаалыккан уй келатат. Жүндөрү саксайып, уйпаланып, илкип араң басат. 
Тааныш уйлар: 
- Сүйрөлүп кайдан? 
- Алабукадан… 

*       *       *

- Арак ичесиңби? 
- Мунуң сурообу же сунушпу? 
- Суроо. 
- Жок, ичпейм. 
- Сунуш болсочу? 
- Анда, ичем!.. 

*       *       *

- Колуң көкүрөктөн жумшак сылап ылдый түшөт да арка-белден сыдырып жамбашка жетет…

- Бул эмне, Камасутрабы? - дейт кыз. 
- Жок, бул деген бажы текшерүүчүлөрдү эрежеси. 
*       *       *

Жаш эне "Тез жардамга" аптыгып чалып атат: 
- Эки жашар балам кумга тоюп алыптыр, эмне кылам?! 
- Балаңды эми цементке жолото көрбө!.. 
*       *       *

- Кыз-жигиттин мамилеси олуттуу экенин кантип билсе болот? 
- Кыздын квартирасынан жигит таштанды көтөрүп чыга баштаганынан билсе болот… 

*       *       *

Баласы 18ге чыкканда, еврей аталык насаатын айтат дейт: 
- Мени жакшылап уккун: сен эми чоң киши болдуң. 
- Билем, папа… 
- Сен өзү Мекенди коргоо деген кесип бар экенин билесиңби? 
- Билем… 
- Эмесе эсиңе түй, балам, ал – биздин кесип эмес! 

*       *       *

Баласы атасына: 
- Ата, менин класс жетекчи эжейим сизди сүйүп калган окшойт! 
- Капырай де?! 
- Чын айтам, сизди мектепке дагы чакырып атат! 
*       *       *

Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт: 
Отузга чыкканча канча кызды сүйгөнүн айтып түгөтө албайт. Отуздан алтымышка чыкканча канча литр ичимдик ичкенин айтып түгөтө албайт. Алтымыштан ары канча жолу инфаркт болгонун айтып коркута беришет. 

*       *       *

Кечке маал. Иштен катуу чарчаган гаишник таягын сермеп, машинаны токтотот: 
- Саламатсызбы! Лейтенант Сапаркулов! - дейт колун чекесине көтөрүп, - акчаңыз баары жайындабы, көрсөтүп коюңуз!.. 
*       *       *

Карт гаишник каза болуп, тиги дүйнөгө сапар тартат. Кудай сурайт: 
- Айта бер, пендем, адамдарга жакшылык жасадың беле? 
- Жасаган учурларым болгон. 
- Жамандыкчы? 
- Андай да болгон. 
- Анда эмесе астыңда эки жол турат: бири бейишке. Экинчиси тозокко. Кайсынысын тандасаң, ошол жакка барасың. 
Гаишник бир аз ойлонуп туруп айтат дейт: 
- Ушул эки жолдун кесилишинде калсам болобу?.. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз