Ризван Исмаилова: «Адашкандардын» айыбы кайсы?

  • 16.04.2024
  • 4692

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин эле жыргап кеткен  жок кыргыз. 1990-жылдар эсиңиздедир. Ага чейин Совет өкмөтүнүн бергенине каниет кылган кыргыз, өз алдынча өлкө  болгондо алапайын таппай, азыркыга чейин ар кимдин көзүн карап, ар  кимдин  өнүгүү моделине көз артып келет. Мамлекет тагдыры кандай  экчелсе, апыл-тапыл кирип келген базар мамилеси  да жарандардын тагдырын  жөн  калтырган жок.

Улуттук  адабиятта ошол  жылдардын  башкы  темасынын бир бутагы катары  карала  турган өткөөл  мезгил  жөнүндө (жокчулук, жакырчылык, миграция, чек ара,  билим  берүү,  медицина, жаштар ж.б.), андагы  адабий каармандар, типтер, мүнөздөрдү кыскасы, негизги идеяны  ар тараптан  кеңири чагылдырган чыгармалар сейрек учурайт. Мамлекет  катары  өз  арабасын  тартып  жаткан учурдагы  карапайым жарандардын  турмушун,  эгемендүүлүккө  ээ  болдук деп эдиреңдеген  менен  базар  экономикасын мурда-кийин  соң  башынан өткөрүп көрбөгөн (ал  тургай  капитализмди) ошол  мезгилдин алпейим каармандарын  таланттуу акын Нуралы Капаров  “Адашкандар”  деген поэмасында  ачып  берүүгө аракеттенет. Оболу биз  эмне  себептен мындайча аталганына  кызыктык. 

Колхоз-совхоздор  жоюлуп,  менчиктештирүү башталган жылдардагы  өлкөнүн өбөктөгөн  экономикасы,  бир  жактан жокчулук, жакырчылык каарып, экинчи  жактан жумушсуздук тооруп, дүкөндөрдө тамак-ашты талон  менен  берип  калган  күндөрдүн  элеси  көз  алдыга  келет... Окурманга  түшүнүктүү болуш  үчүн  поэманын кыскача  мазмун  айтып  кетпесем  болбос.

Шаардагы төрт бөлмөлүү үйдө  жашаган Абитай кыштын  суугунда тоңуп-тозбой, “өмүр кымбат эмеспи”, жылуу жашайын деп (сатып алайын десе, көмүр кымбат), төштөгү  сарайдагы чабандардан арткан үйдөй тезек терип келет. “Отун  сатып  жан багамбы?” деген камбыл неме талаадагы куураган тал-теректи кыйып-терип  ташыйт. Үйү ысыганы менен казаны кургап  турса кантсин байкуш, эт жегиси келет, тамак-ашка да акча керек деп, отунун дүңүнөн өткөрүп, корозу  менен  тоокторду  сатып алат. Бирок Абитайдын кыялын  ишке ашыртпай  эле кошуналары арызданып келе  баштайт: “Тоокторуң күнү-түн кукулдашып, корозуң кыйкырып, там башында,  күйөөм,  балам уктабайт түнү бою таш төшөнүп жаткансып жамбашына”. Кошуналардын кыжыңдаган ызы-чуусунан жалкыган Абитай  адатынча башын кашып, алар менен  кер-мур айтыша кежеңдебей эле, туш келди тоокторун сатып  түгөтүп, базары бүткөн соодагердей,  бир  жума үйүндө үңкүйүп жатат.  Жөн жатмакпы Абитай? Ойлонот Абитай, эртеңки күнгө  түйшөлүп жатпайбы...

“Карап  тур  кандай  сонун  уй  кылам деп, \ Балактап баралына  толгон  кезде, \ сүт  менен  бир  көчөнү  суй  жыгам” деген  ширин  кыялы  менен  каркайган сөөгү  чыккан, эки көзү окшуйган, ыркыйган арык кунаажын  сатып келип бага баштайт. Тынбай  жем  берип, арткан  нанга, суу  ордуна  кар берип,  жарым  жылда  жылтыратып семиртип  таштайт. “Мал  аласы  сыртында,  адам аласы  ичинде” дегендей, кунажындан  өнөр  чыгып,  жаш-карыга тап  берген  сүзөөнөк, мулуңдап мамы кашыган жүнүн жулуп,  кулжуңдаган качаанак чыкты. Малдын  кылыгына арыздангандар көбөйүп  баратканда Абитай аны да сатып, Токмок  менен  Сокулуктун базарын  түрө  кыдырып, “Алты балам эт сурап ыйлап турса \ турамын кантип чыдап?!”  беш  эчки,  он  кой  сатып  алат. Көздөн далдоо  деп  таң эртелеп  паркка жайып, түндөсү  бульвардын жака-белине оттотуп жаны тынбайт. Бирок ойлогон ою дагы ордунан чыкпайт. Өткөн-кеткендер  “бул жер сага  кой  бага турган  айыл, жайыт  эмес” дешип,  айрыкча  кошуналары ары  айдатып,  бери  айдатып, “коюу гүлдү  жеди,  эчкиси  бакты  майкандады, талкалады” деген  шылтоо  менен  арыз жазып, чогулуп  кол  койдуруп,  шаар  бийлигине арызданмакчы болушканда, айласы алты кеткен Абитай баарынан  көңүлү  калып,  шалдайып отуруп  калат. Шаарга кетмекчи болот...”

Абитай  менен  Шарипбайдын турмушу бири  шаарда, экинчиси  айылда жашаган  айлык  менен күн  көргөн  карапайым адамдар. Алар  жоош-момун, бешене  тер  менен  нан  тапканга  көнгөн,  бирөөнүн акысын жемек  түгүл,  калп айтпаган,  куулук-шумдукту  билбеген каратамандар.  Бийлик  эл турмушу  менен  иши  болгон  жок, ал  мезгилдерде  коомдун  бар  мүлкүн, колдо  бар оокат  “кан  таламайга”  түшүп,  менчиктештирүү  башталган, Абитай  менен  Шарипбайга  тийсе, жарыбаган үлүш жер тийди, тийбесе  эч  нерсеси  жок  калды.

Колунда акчасы бар, чоң кызматтагылар, бийликтегилер  менен мамилелешкендер жең учунан жерди  да, кен  байлыкты, завод-фабриканы текейден  арзан  баага сатып алышты. Жалпы  калктын 10-15 пайызы  гана бекер  келген  байлыкка туйтунду.  Ошол  байлыктын  артынан  Жогорку Кеңешке эл өкүлү болду, кызматы бар,  тыйын-тыпырлуусу, амалдуусу жергиликтүү кеңешке  депутат,  майлуу-сүттүү  чоң  кызмат орундарына барышты. Элди  бир  ууч  бай, олигархтар шайлоодо  эстеди,  жумуруна  жук  болбогон  тамак-аш, бир-эки  миң  сом  менен  алдады. Жүткүнгөн,  жулунгандар  алып,  көпчүлүктүн ырыскысына  кол  салуудан корккон экөөндөй жеркөз, ыймандуулар куру  жалак  отуруп  калышты. Кара  курсактын  айынан  ары  урунушту , бери  урунушту, акыры чет  жерге  тентип  кеткенге аргасыз болушту.  Мындайлар жүздөп,  миңдеп  бара-бара  миллионго чамалап  баратты.

Акын  Абитай  менен  Шарипбайдын  образы аркылуу (башын  кашып  коюп, каяша айтмак  түгүл, бирөөгө тик  багып  карабаган шордуу) типтүү  образды жаратты. Отуз жылдан бери  башы менен  жер казса  да, жарытылуу  оокат-ашка  жетпей,  өз  укугу үчүн  күрөшүүгө чабал,  өз  кызыкчылыгын  коррупциянын айынан коргой албай келаткан, үч жолку саясый  төңкөрүштү баштан  өткөргөнү менен мамлекеттик аппаратта,  бийликтегилердин жүрөк-көөдөнүндө  “төңкөрүш” болбосуна көзү жетпеген  төмөнкү  катмардагы бей-бечаранын, мамлекеттик казынаны карап  оокат кылган интеллигенция (бюджеттегилер) менен мамлекеттик  кызматчылардын аргасыз “адашканы” болду. Алар  адашкан жок (“таанышың  болсо  танкасың, таанышың болбосо  маңкасың”),  жол-жобосу  (“оозу кыйшык  болсо да, байдын  уулу сүйлөсүн”), эреже-шарты (“эртеңки  куйруктан, бүгүнкү  өпкө”), тартип- талабы (“коррупция жетинчи кабатка  чыкты”)  башкача  заманга ылайыкташа  албады, ыйман-ыскат, абийир  сотунан чочулашып, арасат  жолдо  калышты... Чыгарманын аталышынын  өзү  орустун улуу жазуучусу  Максим Горькийдин “Тема – бул  автордун  тажрыйбасы  менен  турмушунан жаралып, жазуучуга аны образдарда чагылдырууда түрткү берип тура  турган,  али жарыкка чыга элек  идея” деп айтканын ырастады.

Поэманын өзөгүндө  “адашкан” эки  адамдын  турмуш  менен  ийгиликсиз,  натыйжасыз,  үмүтсүз күрөшү  чагылдырылбастан, бүтүндөй массанын (экөө болгону  адабий  персонаж  катары алынып),  көпчүлүктүн  көйгөйүн, жалпынын мүдөө-талабын,  кедейликтин,  жакырчылыктын келип  чыгышынын реалдуу чындыгын, жашоодон алынган себебин, турмушка жакын факторлорун көрсөткөн. Поэмадагы башкы каармандардын  жашы бир  топ  өйдөлөп  калганынан айласыз эмгек мигранттардын катарын  толуктай  албады, ал эми жаштар, ишке  жарактуулардын  дээрлик көпчүлүгү кең  Россияны, Казакстанды  көздөй  агылды. Бул  чындык.

Акын  Нуралы  Капаровдун  жеке стилине  таандык нерселер,  төкмө  акындарга мүнөздүү ырдагы ритм, рифма менен  темпти кош  чылбырдай тизгиндеп, ойду жеткирүүдөгү көркөм сөз каражатынын менчик  казынасын, капаровдук духта ийкемдүү, орундуу,  максаттуу пайдалана  билүү чеберчилиги өтө өнүккөн. Жогорудагы поэмасында каармандын кулк-мүнөз, кебете-кепширине  караганда,  алар  асыраган  мал-койдун,  тоок-сооктун, же  буюм-тайымды, же  башка  таандык  нерсени сүрөттөө ыкмасы (адат) аны образды  ачууда  же  тереңдетүүдө, ойду  күчөтүүдө кынтыксыз  иштетилет. Кунаажынды  сүрөттөп  берип, ошол  маалдагы кароосуз  калган  колхоздун малынын  абалын  айтып  берип  койду.

“Бир сийгенде бир чака шаркыраткан,
Бир ыйынса
Бир көчөнүн баш-аягын
Балжыраган бок кылып даркыраткан
Каңкайган сөөгү эле бар эти кеткен,

“Өш!” десең өйдө баспай,
Ылдый кеткен,
Окшуюп  эки  көзүн  жалдыраткан,
Тап берсең тарталактап  эси кеткен,
Арзан деп бир  кунаажын сатып келди
Буракка чыгып  калган өкүмөттөн”.

Биз  окуп  чыккан  бир канча чыгармаларында акындын жан дүйнөсүнүн түрдүү абалы, маанайы, интиуциясы, эмоциясы ошону менен бирге сөздүн энергетикасын  тулкусунан оморуп алуу ышкысы күч. Акын поэзиясында  ойлорун жандуу, ачык, жаркын, элестүү болуш үчүн поэтикалык кептин ар  кайсы фигураларын; мисалы, сезимди  күчөтүүдө “Чын. Билем. Өмүр кымбат чиркин-ай, көмүр кымбат” инверсияны, эки көрүнүштү же предметти катар коюп, маанисин алмак-салмак эшип, чыңалтып отурат, көркөм мазмундун ажарын  ачууда “Кыш  түшүп, көк  түгөнүп,  көк  курусун,  кышка  деген  эт  түгөнүп”, параллелизмдерди такай колдонуп,  ыр  саптарындагы  ойду дааналаганга маш. Көркөм сөз  каражаттары  айрыкча гипербола  менен метафора “дардайган  шаар күтөт, койкоңдогон  көйрөң  шаар” өңдүү ыр  тизмектери  ойдун  маанисин күчөтүүдө, боёктуулугун  арттырууда жыш  учурайт.

Ыр саптарында көркөм  ой менен маңызды күчтүү сезимге сугарган, поэтикалык наркын көтөргөн анаформа менен эпифораны да эгиз  козудай  ээрчитип  алып  жүрөт.  Эгерде поэманын башталышы менен ортосундагы  же  кульминациясындагы негизги ой ийнине келтириле ийленбегенде,  кайра-кайра кайталанган сөз тизмектери орунсуз, тажатма же жасалма болуп, оркоюп турмак. Ишенбесеңиз өзүңүз күбө болуңуз.

“Шаар  ысык,
жаман  чал,
шаар  жакпайт,
шаар  ысык,
жаман  чал,
шаар  кактайт,
шаар  түтүн,
жаман  чал,
түтүн  каптайт,
түтүн  каптайт,
жаман  чал,
түтүн  жакпайт.

Эки  сөздөн  турган  ыр  саптарында беш  “шаар”, эки “ысык”, төрт ” жаман  чал” эпитет,  эки “жакпайт”,  бир “кактайт”, эки “каптайт”  деген сөз айкашы кайталанып отуруудан Абитайдын байбичесинин  шаарга барууга көңүлү  жоктугу, кеткиси  келбегени, жактырбаганы,  чечиминен кайтпастыгы билинди.

Ыр – сөз  өнөрүнүн  өзгөчө түрү экенин эске алсак, сөз жамгыры менен жуурулушуудан чоң  тажрыйба, эксперименттерге ээ болгон акын Нуралы Капаровдун көпчүлүк ырларында сөздүн жүрөгүн  тартып  көрүүгө болгон аракет, далалат байкалат. Ыр дүйнөсүнө кирерде  же чыгарма жаратууда  өзүн эркин  сезип, эргип-элирип, кээде  кайгырып-муңайып, кандай абалда  жазганына карабай,  жогоруда айтып  өткөндөй чыгарманын нарк-баасын, салмагын аныктаган көркөм сөз каражаттарын, поэтикалык кептин фигураларын  эркин колдонот, жеке  стилине  айланган ак  ыр (верлибр)  менен  салттык форма бири экинчисин коштоп,  бири-биринин ажарын ачып  отурат.  Ислам  доору адабиятынын ири өкүлдөрүнүн  бири, акын, философ, ойчул  Жусуп Баласагын  “акындар  ой  көлүнө  окшоп турат, ал  жерде сөз бермети  өнүп турат” дегендей, ыр  дүйнөсүн  аралаган сайын ой өнүмдөрү, ой  берметтери, ой  шурулары жаркырап  чыга берет.

Ошентсе  да акындын “Адашкандар” поэмасынын чечилиши  тактап  айтканда, бүтүшү арасат ойду, бүдөмүк жыйынтыкка келет. Эки досту  мал-тоок  багып, чарба  күткөн Абитайды айылга, компьютерди  чукулап,  ишиң  жүрбөйт,  андан  көрө интернети  бар “сен өзүң  томолонуп, торго  түшкөн чаарчыксың”  деп,  Шарипбайды шаарга чакыруу  менен чекит  коёт  автор.  Жолу  болбой, иши  жүрүшпөгөн досторуна жумшак  юмор  менен “үй өтпөсө акылдашып  үйүңөрдү,  анан да кемпирлерди, үйгө кошуп алмаштырып”  алганга  үндөйт. Ошол менен маселе чечилип калса кана?

Эгерде  акындын  ою  боюнча  Абитай  менен  Шарипбай ааламда  экөө  эле  болсо, иш  жеңил  чечилмек, экөөнө окшоп, жаз-жай баш көтөрбөй, жер тырмалаганы  менен  түшүмү  текейден  арзанга бааланган,  чекеси жарыбаган дыйкан, банктан насыя алып, үстөк пайызы өсүп, үй-жайын кошо алдырган  чакан бизнесмен, насыядан  насыя  төлөп, банктарды баккан майда  ишкер, акчасын  шылуундарга алдатып,  өндүрө албай, ортого  “караларды” салдырган  ишенчээк момундар, кыскасы,  көр тириликтин айынан ар кыл оор, акыбетсиз  тагдырдын  ташпишин, көйгөйүн, азабын, муң-заарын тартып мукурагандар,  кыйналгандар аз  беле?..

Акындын вазыйпасы арасат  жолдо калган,  кара  туманга  капталган  адамдар – окурмандарынын көкүрөгүн агартып,  акылына акыл  кошуп, демине  дем, күчүнө  күч  кошуп,  жакшылыкка,  изгиликке,  келечекке  үндөө, талыкпаган күрөшкө чакыруу,  алдыга умтулууга мотивация берүү, жаратмандыктын  жолуна  салуу,  жашоо – бул күрөш деген добулбастын  жаңырыгын  дилдерге салып  туруу,  эскертип туруу жана жаркын  келечектин шамына ынандырууда эмеспи.

Поэмада  анчалык  байкалып-байкала бербеген майда мүчүлүштүктөр  да  жок  эмес.  Абитайдын кемпирине шаар жакпаса, Шарипбайдын байбичесине  айыл  жакпайт, шарттуу түрдө  эле алынгандай ишенимсизирээк. Экөөнүн  образы тактап айтканда, кебете-кепшири, кыял-жоругу  менен  мүнөзү экинчи планда калса, кемпирлердин образы күңүрт, бар-жоктун  ортосунда. Тексттеги  “бурак”, “парк, гүлзарды  сойду”  сойбойт, майкандады,  талкалады, бүлүндүрдү  деген синонимдерди колдонсо орундуу болмок,  “көмүскөдөн  жарыкка  кет”  деген  саптар шаардык  Абитай жашырыкча жашады беле деген күмөндүү ойго алып келет. Ал болгону тегерегиндегилерден,  арызчыл кошуна-колоңдон  айбыгып, чочулап кунаажынын далдоодо багып жүрбөдү беле?

Экинчи макалага  чекит  коюп жатып, замандын күрөө тамырын тартып, талыкпай эмгектенип  келаткан чоң акын Нуралы  Капаровдун аталган поэмасы  учурдун  көйгөйлүү, олуттуу маселесин ырга  салуу менен эмгектин,  адамгерчиликтин, ыймандуулуктун  үлгүсүндөй карапайым адамдын  бешене-теринен жаралган оокаты, жашоо образы, тагдыр жолу окурмандын көкүрөк-көөдөнүн козгоп, ой-дүйнөсүнүн кыял чабытын кеңейтерине ишенимим чоң.

Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

26-май, 2020-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз