Мукагали Макатаев: Ак киймечек көрүнсө

  • 07.07.2020
  • 3786

Апа, сен бирге жүргөндө мени менен,
Өлүмгө өзүңдү эч теңебегем.
Ак киймечек салынган кемпир көрсөм,
Ак киймечек астынан сени көрөм,
Өңү-түсү өзүңдөн айырмасыз,
Небересин ээрчитпей жүрө албаган,
Тааныш үн, тааныш сөз, тааныш маасы,
Көзүм оттой тутанып, төгүп жашы.

... Ааламдагы апалар баары бирби?
Апа, сен тирүү экенсиң али күнгө.
Кыя өтпөгөн...
Окшошот ызааты да
(Урматтоонун булар да кызматында)
Булар дагы бабалардан алып калган,
Өз журтунун каадасын күзөтүүдө.
Апа, сен жүргөндөйсүң мени менен
Алиге мен өзүңдү унутпагам.
... Ак киймечек көрүнсө, сени көрөм,
Ак киймечек жоголсо...
Кимди көрөм?

КЫЗЫМА

Каралдым, жанарым!
Үлпөт тоюңарга мен дагы барамын.
Мен бүгүн дагы да,
Өзүңдөн адашып каламын, Карегим!
Шараптан уу жутуп каныма,
Олтурам,
Бейтааныш бирөөнүн жанына.
Жан кызым, наалыба,
Мен сени узатам дагы да.
Туман болуп жанарың,
Атаң да, энең да калууда.
Дос-жарын күңгүрөнө,
Кыз узатуу обонун чалууда,
Атаң да калып,
Энең да калып,
Кызына...
Узаган кызына муңканып.
Айдай кызым!
Неге сен да муңаясың?[1]
Бүгүн сен дагы да
Учасың, кетесиң жан кызым!
Атадан атага кетесиң,
Муңайба бал кызым, Ай кызым!

АТТАНГАНДА

Кош! - дешип канат какты куштар мага.
Кош! - деди мени кучактап, коңур талаам.
Аманаттап бирөөгө жатат мени:
- Аманат, - деп - уямдан учкан балам.
Гүлдөр дагы коштошуп кыйылыша,
Кош айтышты талдар да ийилгенде.
Неге баары коштошту мени менен,
Кандай тагдыр алдымда буюргандай?
Неге көлдөр коштошуп, чайкалышып,
Кош, кош деген сөздөрүн кайталашты.
Салбыраган тоолордун кабагынан,
Бир кейиштүү көрүнөт байкалышы.
Баары, баары коштошуп, үнсүз ойлор
(Койчу, баары анчейин жашык болор)
Телеграф зымдары ыңылдашып,
Жатышкандай кабарлап бир суук собол.
Бет алдымдан кара жол каршы алууда,
Бүткүл өлкөм коштошуп жар салууда.
Аттанып кетип барам алда кайда,
Кандай тагдыр билбеймин,
Каршы алууда?

САЛАМ-ДУБАЙ

Менден салам айтарсың сураганга,
Сурар болсоң, үй-бүлө амандыгын,
Өмүр кечип жатат де ал да өзүнчө,
Тиричилик, арийне, тирүү жандын.
Айта бар жокту кууп жүргөнүмдү,
Анан да шүгүр өмүр сүргөнүмдү.
Кулун-тайдай тең өскөн курбуларын,
Деп айткын, эстегенде сагынганын.
Айтарсың жагдайымды өзүң көргөн,
Жакшы дегин көзүнүн курчтугу да,
Күйшөлүп күнү-түнү тыным албай,
Күрөшүп жатат дегин сезим менен.
Сыртын салып достору кеткенине,
Өкүнбөйт эч деп айткын өткөнүнө.
Аманаттап бар сырын жиберди де,
Көздөн учкан көңүлдүн кептерине.
Максаттары бар дегин, кыялдары,
Кайда барса бир башы сыя албады,
Силер аны унутуп салсаңар да,
Айткының, ал силерди кыя албады.

ШАМИЛГЕ ЖАЗГАН КАТТАРДАН

Шамил-ов!
Ал-жайымды билсең эгер,
Билбеймин кантеримди...
Ким ишенет?
Он жетимде өчүрүп алган отум,
Кайтадан кайтарып жүрсө мени,
Бир дартка учурадым, бул күндө мен,
Коштоштум суугум менен, күлкүм менен.
Жүрөгүм желик болгон жагдайы бар,
Бир кесепет болуп жатат бүлкүлдөгөн.
Ынтыгып, ыңгыранып, күңкүл менен,
Жеткизип айтуу кыйын кур тил менен,
Жыйырма мага керек болуп турат,
Алдында Айдай сулуу хор кызынын
Белгилүү сага менин маң баштыгым,
Сабырсыз, оозу күйгөн албарстымын.
Кесемди алды менен ууртап алам,
Ысык чайды оозума алаар мурун.
Ойлосом, далай-далай кыр басыпмын,
Досум деп “доңуз” менен муңдашыпмын,
...Шамил-ов!
Калың достон калганым сен,
Кантейин?
Ашыкмын мен,
Чын ашыкмын!!!
Ашыкмын.
Ашыкмын деп билдирбедим.
Белгилүү: билдиргеним – бүлдүргөнүм,
Жарк этип, жайдын оту чачылганда,
Жалт этип, кароого да үлгүрбөдүм...

2

“Достордун” ортосуна түшүп калдым...
Шамил-ов!
Ушул мени учуктаар ким?
Желдерине жээлигип пысмыктардын,
Кечээ мен махабатка ичип бардым,
Бардым да отурдум каршы карап,
Ал да отурат.
Түрү жок ал сурамак.
Суктанган жат көздөрдөн кызгандым да,
Тайып турдум.
Качанга ал чыдамак.
Тил катып, тиш жарбадым, үндөбөдүм,
Билбеймин сезгенин да, сезбегенин,
... мен деген – соодам бүткөн соодагермин,
Керегим кимге болмок, кимге менин?!
Оо чиркин!
Кайран күндөр,
Сайран күндөр!
Канатын бакыт кушу жайган күндөр.
Жалт бурулуп, кокус ал караганда,
Жүзүнөн жүрөксүнүп, тайган кимдер.
Ошол күндөр – жүрөктүн самаганы,
Эңсеп аны, көңүлүм тамшанганы,
Өкүнүчпү, билбеймин, кубанычпы?
Өз ичинен жүрөгүм күү чалганы.
Ансыз өмүр курусун, какшыбайбы,
Өзөгүңдөн өрт алып, жанчыбайбы,
Махабатка арнап бир ыр чыгарсын,
Шамил-ов!
Шамши[2] кайда?
Шамши кайда?
Шамшиге айт,
Дагы бир таңдандарсың,
Жүрөктү жаралатып, жандандырсын!
Өлбөстүк махабатым айта жүрсүн,
Түбөлүк өлбөй турган күү калтырсын!

3

Махабат бүгүн дагы карабады,
Карабады…
Жанымды жаралады.
Шамил-ов!
Билесиңби?
Чын махабат -
Ушундай карабоодон жараларын!
Мейли ал карабасын, түшүнбөсүн!
Ушундай каскак болуп, кечирбесин.
Баштан тайып бараткан тал түшүмө,
Тагдырым көлөкөсүн түшүрбөсүн.
Эстебесин, билбесин,
Кете берсин.
Бул өмүрдө ал менсиз өтө берсин,
Дармансыз менин алсыз махабатым,
Аз гана, өмүр кечип өтөлөрсүң.

4

Шамил-ов!
Күндөр өттү,
Айлар өттү.
Ал ансыз кайран күндөр кайда кетти?
Махабат түйшүгүнө урундум мен,
Махабат өмүрүмдү ойрон этти.
Азыр түн.
Жаздын түнү тунжурайт.
Отурам жазбай, сызбай, калжырап сур.
Алдымда тереземдин – кары кайың,
Көктөй албай бутагы кагжырайт кур.
Ак нөшөр, жамгыр төгөр гүр-гүр-гүр,
Карт кайың көктөп чыгар, ачып бүчүр.
Махабат дартка кошуп, дабасын бер,
Бет алып бурулбастан басып кеткен.
Көчөлөрдүн көзүнөн кан атылып,
Калаа жатат,
Азыр түн.
Талаа тунук.
Махабатты күзөтүп, көзүм катып,
Олтурамын азыр да таңды атырып.

5

Шамил!
Айландым жазылбаска.
Кыйратчудай түрүм бар, жазык бассам.
Азыр менден суук менен сайран калган,
Жайында ыр да калган жазылбастан,
Ойго өрүш таппаган, тилге – дерек,
Ойноктогон ырларым кимге керек?
Туйлайт да, таянарга таппайт жөлөк,
Чыгырчыкты айланып шыр көпөлөк.
Жок, Шамил,
Бүгүндөн мендеги оюм бөлөк,
Башка ыр, башка өмүр керек…
Кул болгом Махабатка, менде эрк жок,
Эрксиз өткөн өмүрдүн кереги жок!
Махабат түшүнбөдү, оолактады,
Максатым кетти мени алдап дагы,
Сая издеп кур бекерге сабылыпмын,
Табынып, карайлап, чамыныпмын
… Азыр түн.
Сыртта нөшөр.
Чын куран-ай.
Көктөгөн алда качан кары кайың,
Аздан соң таң да атат
Дагы да…
Сары убайым…
Сары убайым…

6

Шамил,
Шамил!
Чарчадым, ал-күчүм алсырады.
Эт жүрөгүм эзилди, жылжып каны,
Ырым менин – ноокастап сандырады.
Күндөр мага – моюнга болуп каргы.
Темир эмес, мен деле адаммын го,
Айбан эмес, адамдан жаралдым го!
Шамил-ов!
Туңгуюкка камалдым го!
Кантейин?!
Кайда барып жазамын бой?!
Дагы менден уйку качты.
Каңырыкты түтөтүп, күйүт басты.
... Алдымда шумдуктуудай, тир-жылаңач,
Чыгарып тилин мага, оозун ачты,
(Көзүмө жиндер көрүнүүдө).
Махабат менден жылып,
Жатка кеткен.
Менде бир – махабаттан бутак калды,
Махабат жашоого берип өмүр,
Шамил-ов!
Эми мага керекпи өмүр?!

Казакчадан оодарган: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Кубантай  — 1980-жылы Ош облусунун Алай районундагы Кабылан Көл айылында туулган. 2002-жылы ОшМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн. 2002-жылдан 2014-жылга чейин Ош МУда (Ош ш.), КГУСТАда, МУИТ университетинде, КР Илимдер академиясында (Бишкек) иштеген. 2014 - 16-жылдары Россия Элдер Достугу (РУДН) Университетинде Гравитация жана Космология институтунда магистратурада окуп, 2016 - 2017-жылдары ушул эле институтка аспирантурага кабыл алынып, кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда бир жылда (2017-ж.)  жактаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты. Учурда РУДНде физика кафедрасында лектор. Бош убактысында котормочулук менен алектенип, "РухЭш" сайтынын туруктуу окурмандары үчүн дүйнө адабиятынын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилине оодарып келет...


[1] Киймечек – ээкти, моюнду ороп салынчу чоң жоолук.

[2] Шамши Калдаяков (1930 – 1992) – белгилүү композитор, Казак Эл артисти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз