Англис эл жомогу: Чоң энемдин бабасы

  • 17.07.2020
  • 3459

Мен такыр калп айтпайм. Ишенбесеңер чын жүрөктөн чыккан жомогумду уккула.

Өткөн жекшембиде таң атпай, болжолдуу түрдө кечки саат алтыда, кемемдин бардык парустарын жайып, тоолор аркылуу катуу сүзүп бараткам. Бир маалда өгүз минген эки атчан алдымдан чыгышты, мен кечээ жан берип, бүгүн жайына коюлган Билл Хенефорддун үйлөнүү тою кай жерде болуп жатканын сурадым. Алар муну билбестигин билдирип, андан көрө токсонго чыгып күйөөгө чыккан чоң энемдин бабасынын туулган күнүнө барсам кызыктуу болорун айтышты.

- Ал каякта жашайт? - деп сурадым.

- Баратсаң толкундун үстүнө устундан курулуп, топурак менен жабылган үйгө жолугасың, каалгасын каксаң тешигинен тоодой болгон алп киши чыгат, ошол сенин чоң энеңдин бабасы, - дешти алар.

Ошентип чоң энемдин бабасын издеп жөнөдүм. Алар айткандай эле чоң энемдин бабасы абдан алп киши экен, жер битиндей болуп араң көрүндү, кулагымды тундура катуу кыйкырбаса көрбөй калып тебелеп кетмек экенмин.

- Жашоо кандай? – деп сурады ал менден.

- Рахмат, күндөн күнгө кыйындык күч, андыктан абдан жакшы, - деп жооп бердим.

- Кел, чогуу тамактаналы, - деди ал.

- Мейли, - дедим.

Ал мени шишке сайылган сыра менен жана кесе толо уй эти менен сыйлады. Ити үстөл алдында бизден түшкөн күкүмдөрдү терип жеп жатты.

- Кет! – деп мен аны кубаладым.

- Ал жакшы ит, кечээ мага коён кармап берди, - деди ал мунумду жактырбай. – Ишенбесең жүрү көрөгөзөйүн.

Ал мени бакчага ээрчитип чыкты, анын бир башында түлкү бүркүттүн жумурткаларын басып жатыптыр, ортосундагы темир алма бакта жезден бүткөн алмуруттар бышып туруптур. Ал эми бакчанын этегинде кечээ ити кармап, өзү жеген коён камыш себетте бөгүп жатыптыр. Бир маалда бакча аркылуу бугу чуркап өттү эле, мен чөнтөгүмдөгү жаамды эстей калдым. Мен аны мылтыктын ок-дарысы менен октоп аттым эле, учуп өтүп бараткан отуз алты бөдөнө кыпкызыл болуп бышып түштү, байкасам жанагы качып кетти деген бугум ышка кактала бышып, алардын арасында жүрөт. Мен алардан эң жакшы көргөн алма куймагымды жасап, чоң энемдин бабасын сыйлап, ашпозчулук өнөрүмдү көргөзүп батасын алдым. Ишенбесеңер келип жеп кеткиле.

Анан ушунчалык чынчыл экенимди, буга өзүм да аябай таң каларымды айта кетким келет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз