Араб элинин уламышы: Чындык

  • 17.07.2020
  • 4165

Бийик-бийик тоолордун, адамдын буту баспаган чытырман токойдун ары жагында Чындык канышасы жашачу экен. Аны эч бир жан көрбөптүр, бирок бардыгы аны жакшы көрүшчү. Ал жөнүндө пайгамбарлар кеп салып, акындар ыр жаратышчу.

Ал тууралуу ой кан тамырларды болкулдатып, канды дүргүтөр эле. Жадагалса, уктаса түштөрүнө кирип, ойгоо болсо кыялдарынан чыкчу эмес. Биринин кыялында ал алтын түстүү чачтары далысынан ылдый төгүлгөн, эрке, назик, ак көңүл кыз болуп көрүнсө, экинчисине калтардын жүнүндөй кара чачтуу, кайраттуу, намыскөй, көздөрү шам чырактай жанган жалаңдаган курч мүнөздүү сулуудай сезилчү. Акындардын ал жөнүндө ырлары да кыялдарына жараша ар кандай эле. Бири минтип ырдачу:

– Сен күн жаркырап тийип турганда көйкөлүп бышкан алтын түстүү эгин талаасынын шамалга ыргалып, көлдөй толкуганын көрдүң беле? Дал ошол сыяктуу ыргалган сары чачтары эриген алтын сыяктуу далысынан ылдый куюлуп, жылаңач ийиндеринен ашып, жонуна, андан бутуна куюлат. Каректери көк асманды батырып, көпкөк болуп моймолжуйт.

Караңгы толук тарай электе туруп, асмандагы булут күндүн алгачкы нуруна чагылышып, таңдын атышын кабарлап кызара баштаганын көрдүң беле? Анын албырган жүзү дал ушундай албырып турат. Түбөлүккө чачырап ачылып, эч качан соолубаган гүлдөй, анын уурттарынан эч качан жылмаюу кетпейт.

Бул – бийик-бийик тоолордун, чытырман токойдун ары жагында жашап бардыгына жана ар дайым күлүп жайнап турган Чындыктын канышасынын элеси.

Башкалары аны минтип даңазалачу:

– Анын капкара тармалданган чачтары айланага аңкыган жыпар жытын чыгарып, көздөрү чагылгандын отундай жаркылдайт. Кубарыңкы жүзү өзүнчө бир керемет. Бийик-бийик тоолордун, чытырман токойдун ары жагында жашаган, өзү жактырган адамга гана жылмайган, кара көздүү, кара чачтуу, сүрдүү сулуунун келбетин көрүү көрүнгөнгө эле буюрбайт.

Хазир аттуу жаш баатыр Чындык канышасын барып, өз көзү менен көрүп келүүнү чечти.

Бийик-бийик тоолордун, киши өтө алгыс чытырман токойдун ары жагындагы, ар тарабынан ыр жаңырып, тирөөчтөрү ак булуттан, көгүлтүр асмандын тунугунан салынган канышанын хан сарайы кол жеткистей заңкаят.

Ошол бийик-бийик тоолордон, чытырман токойдон коркпой өткөн баатыр жигит бактылуу!

Ал хан сарайга чаалыгып-чарчап, кыйналып-кысталып жетип, анын аппак тепкичтерине боюн таштап, канышага жолугууга чакырган ырын созгон жигит бактылуу!

Анан анын ырын угуп, алдынан жылаңач сулуу тосуп чыкса, ал кантип бактылуу болбосун!

Оо, Алла, ошол сулууну бир жолу болсо да көрүүнү насип кыл! Ошондо, анын кубанычы коюнуна батпай, жүрөгү сүйүнүчкө толмок. Башында бир укмуштай ойлор шакардай кайнап, оозунан ширин сөздөр чубурмак. Чытырман токой тең жарылып, бийик-бийик тоолор белдерин бүгүп түзөлүп ага жол беришмек. Ал кайтып келип Чындык канышасынын айтып бүткүс сулуулугун даңазаламак. Анын дастанын уккан жер жүзүндөгү бардык адамдар Чындыкты сүйүп калышмак. Жалгыз гана ошону сүйүп жашашмак! Чындык гана жер шарында бийлик кылып, анын падышачылыгында алтын доор өкүм сүрмөк! Ох, чиркин, аны бир көргөн адам кандай гана бактылуу!

Ошентип Хазир кандай болсо да ага жетип, көрүп келүүгө бел байлады. Сүттөй аппак араб күлүгүн токуп, белине күмүш чаптырылган курун бекем тартып, чоң атасынын алтын саптуу жалаңдаган кылычын тагынды. Жарданып узатууга чогулган досторуна, аялдарга, улгайып аксакал, көк сакал болуп калышкан баатырларга кайрылып бата сурады:

– Оо, калайык калкым! Алыстагы Чындык канышасына барып көрүп келүү үчүн аттанып жатам. Көзмө-көз жолугуп, анын сулуулугун көрүп, силерге өз оозум менен айтып берсем деген тилегим бар. Мага ак жол каалап, батаңарды бергиле!

Элинин батасын алып, аргымагын теминип алыскы сапарга жөнөп кетти. Аргымагы алып учуп эчки-теке араң жүргөн жалгыз аяк жолдор менен буйдалбай басып, бийик коолордон, тик жарлардан так түйүлүп секирип өтүп бара берди, бара берди. Бир жумада калың токойго келип жетти.

Токой четинде арасында алтын түстүү аарылар ызылдап бал тартып жүрүшкөн кичинекей үйлөрдү көрдү. Ал үйлөрдө бул жалган дүйнөнүн түйшүктөрүнөн безе качып, чыныгы жашоонун камын жеп жүргөн акылмандар жашачу. Аларды Чындыктын Биринчи сакчылары деп коюшчу. Ат дүбүртүн угуп сыртка чыккан акылмандар курал-жарагын шарактаткан жаш баатырды кучак жайып тосуп алышты. Алардын эң кадырман аксакалы жигитке кайрылды:

– Акылмандарга кеңеш сурап келген ар бир жаш жигиттин багы ачылсын! Сен атыңды токуганда эле Жараткан батасын берген экен! Кел баатыр, атыңдан түш.

Хазир атынан ыргып түшүп, акылмандын алдына чөгөлөй калып мындай деди:

– Ак чачтар – акылдын белгиси. Сиздин ак чач баскан башыңызга жана акылыңызга таазим кылам.

Акылманга жигиттин сылыктыгы жакты. Ал мындай деди:

 – Оо, жаш баатыр, сенин тилегиң жарым-жартылай ишке ашты, сен бизге келип жеттиң. Эчки-теке араң баскан жолдон өзүм эле өттүм дейсиңби? Периштелер тизгиниңден жетелеп, бүркүт сымал жардан секирип учканыңда, алар канаттарына кондуруп алып өтүшпөдүбү. Алардын колдоосуна ээ болгудай кандай асыл максатың бар? Бул жерге эмнеге келдиң?

Хазир ага минтип жооп берди:

 – Мен Чындык канышасын көрүү үчүн баратам. Дүйнө жүзүндө аны баары мактап ырдашат. Бирөөлөр анын чачы бышкан дандай алтын түстүү дешсе, кээ бирлери караңгыда жылт-жулт этип учкун чачкан калтар түлкүнүн жүнүндөй капкара дешет. Бирок бардыгы тең анын керемет сулуу экенин айтышат. Мен аны өз көзүм менен көрүп, анын сулуулугун дүйнө жүзүнө жар салып айтып берсем дейм. Бардык адамзат аны сүйүп, кадырлашын каалайм.

– Тилегиң жакшы экен! Тилегиң жакшы! – деп аны мактай кетти акылман. – Сенин бизге кайрылганың жакшы болду. Атыңды байлап үйгө кир, азаматым, ал эс алгыча биз сага Чындык ханышасынын сулуулугу тууралуу кенен-кесир айтып беребиз. Анан сен аны каалаган жериңе барып, каалагандай айта бересиң.

 – А сен Чындыкты көрдүң беле? – деди жигит акылманга суктануу менен карап. Акылман абышка жылмайып, ийинин куушуп койду.

– Биз бул токойдун четинде жашайбыз, а Чындык тиги түнт токойдун ары жагында турат. Ал жакка барыш кыйын, мүмкүн эмес десе да болот. Бизге окшогон акылмандарга ал жакка барыштын деле кажети жок, бекер эле күч коротуштун, убакытты сарп кылыштын зарылчылыгы барбы? Чындыкты көрүп эмне кылабыз, биз аны ансыз деле жакшы билебиз. Биз акылдуубуз, биз баарын билебиз. Жүрү, мен сага каныша жөнүдө майда-баратына чейин айтып берем!

Бирок Хазир башын ийип таазим кылды да бутун үзөнгүгө илди:

 – Рахмат, акылман карыя! Бирок мен Чындыкты өз көзүм менен көргүм келет. Өз көзүм менен!

Ал атына секирип минди. Акылман карыянын ачуусу келип титиреп кетти.

 – Ордуңан жылба! – деп кыйкырды ал. – Мунуң кандай? Сен эмне бизге ишенбейсиңби? Биздин билимибизге, акылмандыгыбызга шек келтиресиңби? Сен бизди жаңылышат деп ойлойсуңбу? Кантип биздин айтканыбызга акаарат кыласың? Оозунан уузу тарай элек сары ооз балапан, иттин баласы!  

Хазир шапалагын тарсылдата шилтеп жооп берди:

 – Жолумду тоспо, аксакал! Болбосо атка тийбеген шапалак сага тийет!

Атын теминип шапалагын өйдө көтөргөндө акылмандар качып жолдон чыга беришти. Арт жагында калган акылмандар аны каргап-шилеп жатышты:

 – Токойдон чыга албай чирип өл, акмак! Оройлугуң үчүн Кудай өзү жазаласын! Өлүм алдында жатканыңда эстеп кой: ким бир акылманды таарынтып ыза кылса, ал бүт дүйнөнү таарынтып алганы! Арка моюнуң астыңда калып өл, жубарымбек!

Хазир токтобой кете берди, кете берди. Токой барган сайын коюу боло баштады. Жыш бадалдар акырындап азайып, эмен токоюна айланды. Көлөкөлүү, салкын эмен токоюн аралап жүрүп олтуруп, ал бир күндөн кийин чоң мечитке туш болду. Бул дүйнөдө теңдеши жок керемет мечит эле. Анда өздөрүн Чындыкты кайтарган Дөбөттөр, ал эми башкалар Ишенимдүү кароолчулар  деп аташкан дербиштер жашачу.

Жымжырт турган эмен токоюнан аттын дүбүртүн угушуп, мечиттин имамы баш болгон дервиштер жаш баатырдын алдын утурлай тосуп чыгышты.

– Алланын үйүнө баш баккан ар бир жанды кудайым өзү колдосун, – деди имам, – а ким жаш кезинде келсе, ага өмүр бою Алланын рахматы буюрсун!

– Батаңыз кабыл болсун! — деп колдоп кетишти дервиштер бир ооздон.

Хазир атынан шамдагайлык менен секирип түшүп, дервиштерге башы жерге тийгиче ийилип саламдашты.

– Жолоочуга батаңыздарды бериңиздер!— деди ал.

– Кайдан чыгып, кайда бара жатасың? – деп сурады имам.

– Чындыктын канышасынын жүзүн көрүп, анын сулуулугун бүткүл дүйнөгө жар салайын деп келатам.

Хазир аларга жолдон акылмандарга жолукканын, аларга шапалак менен тап берип жатып араң качып кутулганын айтып бергенде, имам күлүп мындай деди:

– Алланын өзү аларга шапалак көтөрүүгө буюрган экен! Сенин бизге келгениң абдан жакшы болду. Чындык жөнүндө акылмандар эмнени билишмек эле? Алардын акылы бир нерсеге жетет деп ойлошобу? Болбогон кеп! Мына, ал жөнүндө маалыматты биз түзмө-түз өйдө жактан алабыз. Биз сага билгендерибиздин баарын чыпчыргасын коротпой айтып беребиз. Сен эң айныксыз туура, чыныгы маалыматка ээ болосуң. Чындык канышасы тууралуу ыйык китептерде жазылган нерселердин баарын бизден билесиң.

Хазир ийилип таазим кылып мындай деди:

 – Атакебай, сага чоң рахмат. Бирок мен чоочун бирөөлөрдүн айткандарын угуп, жазгандарын окуш үчүн бул жерге темселеп келген жокмун. Аны мен үйдөн чыкпай, өзүмдү да, атымды да кыйноого салбай жасасам деле болмок.

Имамдын кабагы бүркөлө түштү:

 – Коё тур! Уулум, кежирленбе! Мен сени көптөн бери билем. Мен бул жакка келе электе сени далай жолу колума алып көтөргөм, тиземе алып олтургам, анткени, сенин атаң Гафизди, чоң атаң Аммелакты жакшы таанычуумун. Бейиши болгур чоң атаң Аммелак аябагандай кадырлуу, жакшы адам эле. Ал дагы бир кездерде сен сыяктуу Чындыктын канышасы тууралуу ойлонгон. Анын үйүндө дайыма Ыйык Куран боло турган. Бирок ал Куран китепти ачып карап көргөн жан эмес эле – ал Чындык канышасы тууралуу дербиштердин айтканына ишенчү. Алар айткандын бардыгы Куранда жазылганына көзү жетип турса, аны ачып окуп, эмне кылмак! Атаң Гафиз да жакшы адам болчу, бирок ал чоң атаңдан акылдуурак чыкты. Чындык канышасы оюна түшкөндө Куран китепти алып окуп, көңүлү жайланып отуруп калчу. А сен алардан ашып түшүпсүң.Сага китепте жазылган нерселер жетишсиз экен да, муну кара! Демек, бизден сурамжылап билгиң келген экен да. Азаматсың, мактоого татыктуусуң! Жүрү, сен кызыккан суроолорго жооп берүүгө даярмын. Эч нерсе жашырбай айтып берем. Мен даярмын!

Хазир жылмайып койду:

 – Атам чоң атама караганда бир кадам болсо да алга жылыптыр. А мен атамдан алдыга жылгым бар. Демек, менин уулум менден да ары жылышы керек да? Туурабы? Ал Чындык канышасын өз көзү менен көргүсү келет турбайбы? Ошондойбу?

Имам күрсүнүп койду:

 – Ким билет! Бардыгы болушу мүмкүн! Адам дарак эмес да. Анын уругунан эмне чыгарын айта албайсың – балким эмен, балким кызыл карагай, балким дагы бир башка нерсе өсүп чыгар.

Хазир имам сөзүнүн аягына чыга электе атына минди. Имам аны тизгинден алды.

 –Токто, мадырабаш! Мен сага бардыгын түшүндүрүп бергенден кийин, атыңа минип сапарыңды улантам дегениң жарайбы? Арсыз ит! Бизге, Ыйык Куранга ишенбеске сага ким жол берет экен! Бизге каяша кылгыдай деги сен кимсиң?

Хазир атын катуу теминип жөөлөгөндө, имам жол четине учуп түштү. Ал бир заматта чапкан боюнча токойго кире качты. Артынан имам менен дербиштер каргап кала беришти:

 – Сени каргыш алсын! Ылайым ишиң оңолбосун! Бизди шылдың кылып ыза кылсаң, сени кудай өзү жазаласын, айбан! Атыңдын туягына мык кирип, баспай талаада калып чирип өл! Ичиң жарылып, ичегилериң жыландай чубалып ар кайсы бакка илинип калсын!

Хазир сапарын улантып, улам арылап бара берди, бара берди, а токой барган сайын коюу болуп, эми ал атын жетелеп жүрүүгө мажбур болду. Аңгыча бирөөнүн кыйкырыгы чыкты:

 – Токто! Ордуңан жылба!

Хазир башын көтөрүп, алды жагында жаасын кериле тартып, жебесин аны көздөй коё бергенге даяр жоокерди көрдү. Хазир тизгинин тартып токтоп калды.

 – Сен кимсиң? Кайда баратасың? Кайдан келдиң? – суроо артынан суроо узатты жоокер.

– А сен өзүң кимсиң? — суроо менен жооп берди Хазир. – Менин кайда барарымды сурагандай өзүң кимсиң? Мени менен эмне ишиң бар?

– Ишим болгон үчүн сурап жатам да, – деди жоокер – мен улуу падышанын жоокеримин. Мени бул жерге ыйык токойду кайтаруу үчүн коюшкан. Түшүндүңбү? Сен “Чындыктын чек ара тосмосу” деген тосмого келдиң, анткени бул тосмо Чындыктын канышасын коргоо үчүн уюштурулган!

Ошондо Хазир жоокерге кайдан жана эмне үчүн келатканын айтып берди. Жаш баатырдын Чындык канышасынын хан сарайына баратканын уккан жоокер өз жолдошторун жана башчыларын чакырды.

– Сен Чындык кандай экенин өз көзүң менен көргүң келеби? – деп сурады алардын эң чоң аскер башчысы, Хазирдин кымбат баалуу курал-жарагына, келишкен атына, анын ээрде тыкыйып бекем олтурганына суктана карап.

 –Ниетиң жакшы экен, жаш баатырым! Ниетиң жакшы! Атыңан түш. Жүрү, мени менен, мен сага улуу падышанын Чындык кандай болушу керектиги тууралуу мыйзамы менен тааныштырайын. Таанышып ал да, анан элге барып каалашыңча айта бер.

 – Сага рахмат! – деди Хазир ага жооп кылып, – бирок мен аны өз көзүм менен көрүш үчүн аттанып чыккамын. Мен аны көрмөйүнчө кетпейм.

 –Эге! – деди аскер башчысы. – Биз, бир тууганым, сага акылман да, молдо да, дервиш да эмеспиз! Биз көп сүйлөгөндү жактырбайбыз. Көп сүйлөбөй атыңдан түш! - Аскер башчысы кылычын кынынан сууруп чыкты. Калган жоокерлер да найзаларын камдап күтүп калышты. Ат бышкырып, артка кетенчиктеди. Бирок Хазир ийри кылычын кынынан сууруп, атты катуу теминип, тигилерди качырып кирди:

 – Кимдин жашагысы келсе, жол берсин!

Ал жоокерлердин ортосун жара бөлүп, токойго чапкан боюнча кирип кетти. Тигилер артынан ызы-чууга түшүп кала беришти. Барган сайын дарактар жыш тартып, күндүн батчу убагы боло элек болсо да, токой ичин түн түшкөнсүп караңгылык каптады, тикенектүү бадал калың дубалга айланды. Кайра-кайра камчы жеген бечара ат, тикенектүү бадалды төшү менен жиреп келатып, акыры ырп этерге алы калбай, кыйган талдай кулап түштү. Хазир андан ары жөө жөнөдү.

Тикенекке илинип, кийими салаа-салаа тамтыгы калбай тытылды. Токойду аралап, күү-шаа түшүп, аңкылдап аккан, муздагы чучукка жетип, сөөктү зыркыраткан дарыяларды кечип өттү. Күн экенин же түн экенин ажыратып биле албай, сыз жерде уктап-туруп, тытылган жаракаттарынан чыккан канын чубуртуп, артына кандуу из калтырып, токойдон чыга албай темселеп жүрдү. Чөөлөр жаш баладай ыйлап, кайра каткырган үндөрү, карышкырлардын улуганы, жолборстун күрүлдөгү бирде алыстан, бирде жакындан тынбай угулуп жүрөктүн үшүн алат. Ошентип, ал бир жума бою жол таба албай адашып жүрдү.

Бир күнү капысынан алдына чагылган түшкөнсүп жарк деди, ал теңселе түштү, көзү жарыктан көрбөй тунарып барып оңолду. Караңгы чытырман токойдон күн нуру төгүлүп, жаркырап турган аянтчага чыккан экен. Арт жагында капкара дубалдай түнт токой, а аянтчанын так ортосунда көгүлтүр асмандын нурунан курулгансып, түркүн түрлүү гүлгө оронгон хан сарай турган. Тепкичтери күн нуруна ак кар баскан чокулардай чагылышып жаркырайт. Күн нуру көгүтүр хан сарайды жөргөмүштүн желесиндей ороп алып, ага ыйык Курандын аяттарын жазган алтын тамгалар сыяктуу сызыкчалар менен аземдегендей түр берет.

Көйнөгү тилик-тилик айрылып, жарым-жартылай жылаңач, белине алтын саптуу кылычын байланган, күнгө күйгөн чымыр денелүү Хазир баштагыдан да сулуу эле. Ал теңселе басып, ак кардай жаркыраган тепкичтерге эптеп жетти да, эс-учун билбей жыгылды. Бирок гүлдөрдүн үстүндөгү брильянт сыяктуу жалт-жулт этип мөлтүрөгөн шүүдүрүм, аны бат эле эсине келтирди. Ал эсине келгенде күч-кубаты калыбына келип, денесинин бир да жери оорубай, чарчаганын унутуп сергек турду. Хазер ырдап кирди:

 – Бийик-бийик бел ашып, чытырман токой аралап, күрүлдөп аккан суу кечип, келдим сага ашыгып. Токойдогу караңгы түн, күндүзкүдөй жаркырап, карышкырдын улуганы сүйүү ырындай угулду. Күркүрөгөн дарыя үнү, булак сымал шыңгырап, душмандардын каргыштары, досторумдун мактоосундай сезилди. Тикенектүү бадалдар да, жумшак сылап кебездей, сезилген жок көргөн азап, ал анткени келе жаттым, бассам-турсам сени эстей! Келдим сага, жан дүйнөмдүн канышасы, зарыктырбай көрүнчү, ай чырайлуу жүзүңдү ачып, ырахатка батырчы!

Хазир акырын кадам таштап, аны көздөй жылып келаткан добушту эшиткенде катуу толкунданып, көздөрүн жуумуп жиберди: ал кереметтүү сулууну көргөндө сокур болуп калбайын деп чочулап жаткан. Жүрөгү дүпүлдөп согуп, денесин калтырак басты.

Ал акыры кайратын боюна жыйнап көзүн ачты, – анын алдында карылыгы жеткен жылаңач кемпир турган. Эти качкан денесин кат-кат бырыш басып, териси шалбырап, бир тал карасы жок аппак чачы уйпаланып, түйдөктөшүп калган экен. Көзүнүн шору чыгып чылпактап, бүкүрөйүп, таягына жөлөнүп, жыгылып кетчүдөй калчылдап араң туруптур. Хазир жийиркенип тетири бурулду.

 – Бул мен, сен издеген Чындыкмын! – деди кемпир.

Хазир тили күрмөөгө келбей нес болуп турду, кемпир муңайым жылмайып мындай деди:

 – Сен эмне, жаш сулууну күттүң беле? Ооба, бир убакта мен да ошондой болчумун! Бул дүйнө жаралган биринчи күнү болгон. Алла өзү менин сулуулугумди бир гана жолу көргөн! Андан бери канчалаган мезгил өтүп, канчалаган суулар акты, кылым артынан кылымдар алмашты. Мен бул дүйнөнүн өзүндөй карганмын, башымдан көп кыйынчылыктарды өткөздүм, а көргөн азап-тозок эч качан жашартпайт, менин жаш баатырым! Эч качан!

Хазир акылынан тайып баратканын сезди.

– А алтындай сары чачтуу, калтардын жүнүндөй кара чачтуу сулуу жөнүндөгү ырларчы, – деп онтолоду ал. – Мен эми элге эмне деп айтып барам? Бардыгы мени сулууну издеп кеткенимди угушкан! Хазирди бардыгы жакшы билишет – Хазир убадасын аткармайын кайтбайт! Алар менден сурашат, – сөзсүз сурашат: “Анын чачынын өңү кандай экен, бышкан дандай сапсарыбы же калтардын жүнүндөй капкарабы? Көздөрү кандай экен, назик, мээримин чачып күлүңдөп турабы же чагылган сыяктуу от чачып турат бекен? А мен аларга:  “Жок, анын чачтары аппак болуп, түйдөшүп калыптыр, а көздөрүн чылпак басыптыр!” – деп айтамынбы...

— Ооба, ооба, ооба! – деп анын сөзүн бөлдү Чындык. – Сен көргөнүңдүн бардыгын айтып бар. Денесин бырыш басып, тиштери түшүп, ээктери кемшейип калыптыр де, ак чачы түйдөктөшүп, бели бүкчүйүп араң кыймылдап жүрөт деп айт! Ошондо эмне болорун  билесиңби? Ошондо бул кемшийген Чындыктан бардыгы жийиркенип, тетири карашат. Мени эч ким сүйбөйт! Чындык жөнүндө эч ким кыялданбайт! Мен тууралуу ойлогондо эч кимдин каны дүргүбөйт! Бүт дүйнөгө Чындыктын кереги жок болот!

Хазир башын мыкчып эмне кылышты билбей турду:

 – Эми эмне кылам? Эмне деп айтам?

Чындык анын алдына тизелеп олтура калып, колун Хазирге созуп, ага жалооруй карап мындай деди:

 – Калп айт!

Орусчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз