Кыргыз эл жомогу: Жаныбек кан, Жейрен чечен, Алдар көсө

  • 20.07.2020
  • 4516

Бир күндөрдө Жаныбек кан, Жейрен чечен жана вазирлери менен ордодо отурганда, Алдар көсө кирип келип:

– Ассалом алейкум, кан ордосу, – дейт.

– О, алекиме салам, эл жоргосу, – дейт Жейрен чечен.

Алдар көсө отургандан кийин Жейрен чечен олтургандарга айтат:

– Мени эч ким жеңе алган жок эле, ушул кирген көсө жыгып кетти го, – дейт.

Жейрен чеченден көсөнү кантип жыккандыгын сурашат отургандар.

– Көсө салам айтып киргенде, колум менен башымды кактым, балаа башка кайдан келет дегенимде, көсө тилин кагып, башка балаа тилден жетет деп айтып чыгып кетти, – дейт.
Жейрен чечендин бул сөзүн уккандан кийин, кандын кыйынсынган бир вазири мындай дейт:

– Ал куулугу ашынган көсөнү мен кандай болбосун жеңем, алдатпайм, каным, сенден каалаганымды алам, эгер жеңе албасам, жазалуу болом, – дейт.

Вазир көсөнү жеңсе, кандан каалаганын алмакчы, эгер жеңилсе дайынын таппай калмакчы. Вазир токтоосуз аттанып, көсөнүн артынан жөнөйт. Көсө таягын таянып алып шыпылдап басып бара жаткан болот. Вазир жетип барып, көсөгө салам берет.

Көсө вазирге карап:

– Ээ, баатыр, кайдан келе жатасың? – дейт.

– Сени издеп келе жатам! – дейт вазир.

– Менде эмне жумушуң бар эле? – дейт көсө.

– Жер ортосун таба албай, сенден сурайынчы деп келдим, – дейт вазир.

Көсө туруп:

– Арзан эле иш турбайбы, баатыр, – деди да, таягын колуна алып, көзүн алаңдатып, эки жагын эринип карап:

– Атаганат, боюм жапыстык кылып жатат, – деп айтканда, вазир шашып кетип:

– Эмесе менин атымды мине коюп кара, – деп түшүп атын көсөгө берет.

Көсө атка минип, таягын шарт камчыланып, мындай дейт:

– Атаганат, көпкөн вазирим ай, менден акыр заманды да сураганы турасыңбы? Отурган жериң – жердин ортосу, акыр заман атынан айрылган кишинин башында! – деп айтып, чапкан бойдон кете берет.

Вазир көзү караңгыланып тамтайып отуруп кала берет.

Көсө кайра тартып, вазирге мындай дейт:

– Ээ, вазир, сен кандай болбосун кан менен мелдешип келгендирсиң, көсөнү жыгып келем деп. Мен ушу бойдон кете берем, бүткүл мал-пулуңдан айрылып, тентип калаарың анык. Ошондуктан сага бир жакшылык кылайын деп кайра тарттым. Сен эми менин айтканыма макул болуп, тилиңин учун кесип, кандын алдында сүйлөй албай барсаң кутуласың, – деп айтып көсө сызып кете берди.

Вазир көсөнүн айтканына макул болуп, тилинин учун кесип барып, мелдештен кутулат.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз