Кыргыз эл жомогу: Сырдуу шакек

  • 17.04.2024
  • 4135

Өткөн бир заманда бир Нуржан деген кишинин Айкыз, Гүлкыз, Нуркыз аттуу үч кызы, Сарытай аттуу жалгыз баласы болуптур. Анча-мынча чарбасы менен жан багуучу экен.

Күндөрдүн бир күнүндө Нуржандын жубайы дүйнөдөн кайтат. Нуржан аялсыз жүдөй баштайт. Үйлөнөйүн десе – балдардан коркот, үйлөнбөйүн десе – жалгызчылык жүдөтөт. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт. Анан кайып каскагынан бир түш көрөт, түшүндө:

– Нуржан, кыздарыңды күйөөгө калыңсыз бер! – деп аян кылат. Нуржан ойгонуп, кайра уктайт. Баягы түш кайра кирип, колуна бир нерсе карматып кетет. Ал Кызыр Нияз аттуу сыйкырдуу шакек болуп чыгат. – Бул шакектин атын айтып чакыр. Каалаганыңды жасап берет, – деп көздөн кайым болот баягы үн.

Уйкудан көзүн ачып караса, шакек оң бармагында экен. Ордунан туруп, ары-бери басып ойлонуп, үйүндө оокат болбогондуктан:

– Дасторкон толтура болсун, семиз козунун эти менен мейиз салынган казан болсун! – деп буйрук берет. Бир пастан кийин барлык сураганы астына жайнап калат. Нуржандын дүнүйөсү түгөл, жыргап калат.

Нуржан тирүү туруп эле баласына керээзин айта баштайт.

– Мен жан бергенде бир дубана мени сууга жууп жатканда, бир дубана мени көргө коюп жатканда башка бир дубана келет. Эжелериңди ошолорго калыңсыз бер. Үйдө болгон оокатты да ошолордон аяба. Шакек калса болду, гүлазык ошол сага, – дейт. Бирок шакектин атын эч качан башка бирөөгө айтпасын өтүнөт. Сырдуу шакекти Сарытайдын колуна салат.

Арадан көп күн өтпөй Нуржан каза табат. Баягы дубаналар атасынын айтканындай келет. Үч эжесин өлгөндүн керээзи катары берет. Сарытай атасынын керээзин акырына чейин аткарат. Үй оокатын бүт бойдон таратып, көз көргүс, кулак уккус жакка жөнөйт. Көп жол басат. Шакектен ырайым алууну таптакыр унутуп калат. Кыйналат, арып-ачат. Бир маалда бир чоң дарыяга келип такалат. Чабак уруп өтөйүн десе, бечара чабак урганды билбейт. Бирок тобокелге салып, сууга кирет. Суу агызып кетет. Бир маалда көзүн ачса, агындылар жей баштайт. Кайдан-жайдан экенин ким билсин, бир чоң балык жонун тосо калат. Ошентип, жан алакетке келип жатып суунун өйүзүнө чыгат. Ал жагын тирмийип карап отурса, калың токой көрүнөт. Эптеп ага жетет. Токойдон жер-жемиш терип жеп, кичине сеп алат. Токойго үйүр алып, ошол жерге түнөп калат.

Үйүр-үйүрү менен жырткыч айбандар тегеректеп келет. Дарактын башына чыга качат, болбосо жеп коё турган. Дал ошол дарактын башында таңды атырат. Баягы жырткычтар бирин бири жеп отуруп түгөнөт.

Сарытай сапарын дагы улантат. Жүрүп-жүрүп отуруп бир мелжиген тоого келет. Туш тарабынын баары тоо, зоо. Жол таба албай кыйналат. Анын үстүнө ачка. Тизесине башын коюп отуруп уктап кетет! Аңгыча периштелердин үнү угулат.

– Бул адам баласы экен. Жардам кылалы, бечара уча албай калса керек. Эптеп тоодон өткөрүп коёлу, – деп Сарытайды төрт жеринен тиштеп жөнөйт. Алар тоонун үстүнөн түз талаага түшүрүп коюшат. «Эми, өлбөйт экемин» – деп жашоодон үмүт этип калат Сарытай. Тилекке каршы, шамалы арылдаган жер экен, ага кабылат. Күндүн көзү ачылбайт, бороон-чапкын. Бөйөн-чаян. Булардан эптеп кутулуп чыгат. Бир эски короого кирет. Ичинде чал-кемпир отурат. Сарытай өзүнүн чарчаган-чаалыкканын унутуп калып, эки карыга аябай боору ачыйт.

Сарытай аларга уул болуп алат. Кемпир-чал аябай кубанат. Жаман үйүнө Сарытайды жаткырып:

– Уулум, сага айтарым, түн ичинде тышка такыр чыкпагын! – дейт да, абышка-кемпир уктаганы кирет.

Бир маалда Сарытай: «Эшигинде эмне сыр бар экен, көрөйүнчү», – деп тышка чыгат. Асманда эки ай бар экен. Азан маалына чейин карап турду. Бир ай жалп этип өчүп, жер бети караңгы тартып калгандан кийин, Сарытай өз жайына барып жатты. Сарытай ата-энесине эч нерсе сездирген жок. Чал баштыгын алып шаарга кетти. Кемпири үйдө калып, аны-муну сүйлөшүп отура берди. «Түндөгү окуяны айтсамбы» – деп далай жолу өзүн токтотту. Ошондой болсо да Сарытай түндө тышка чыкканын, эки ай көргөнүн айтты кемпирге.

– Жырткыч көрүнбөдү, айдын эмне сыры бар, айтып таштасаң? – деп Сарытай жалынды.

– Ата балам, ай, кой десе болбодуң, эми болуптур, – деп энеси кебин баштады. – Падышанын бойго жеткен Сахипжамал аттуу кызы бар, ал кыздар менен ар күнү кан сарайында ойнойт. Кыз өтө сулуу, ошол нур асманга көтөрүлөт. Жер бети жарык болгону – кыздын ай-жамалы, таң атарда жок болуп калганы – анын үйгө кирип кеткени.

Сарытай муну угуп, муун-муунуна тийбеди, ичи жалындап сүйө баштады. Ошого ашык болуп, өзүн араң токтотту: «Кандай кылам?» – деп ойго батты. Эмне кылар айласын таппады. Сарытайдын ичи күйүткө чыдабай, үч күнү көкүрөгүн сыга коюп, жүрөгүн кандай дарт чалганын айтпай, башын көтөрө албай жатты. Муну чал байкап, баласынан сынап сурап кирди.

– Сахипжамалга ашык болдум, ага үйлөнбөсөм, өлөм! – деди бала.

Сарытай эмне кыларын билбей, маң болуп жатып Кызыр Ниязды көзү чалып калды. Ордунан тура калып:

– Кыке, үйгө түрдүү тамак жайнасын, дасторкон толсун! – деп айтып коюп, энесинин кашына барды. Кайра келсе, үйдүн ичи толтура тамак. Кемпир эмне кылар аргасын билбей: «Өңүмбү-түшүмбү» – деп такыр ишене албады. Даамдуу тамактарды жей баштады.

Бала даамдуу басылган күрүчтү ооз тийип көрүп эле, жебей койду.

– Сахипжамалды мага алып бергин, – деп өтүндү. Апасы болсо:

– Балам, бул жолуңдан кайт, падышанын кызын кедей алам деген эмнеси, такыр ылайыгы жок, – деп кесе айтты.

– Анда менден ажырап каласың, ошол кызды албасам, кантип басып жүрөмүн, – деп жалынды. Апасы баласы үчүн өлсөм өлүп калайын, – деп кайыл болду кыйынчылыкка.

Кемпир удаасы менен үч күнү барып падышанын үч дарбазасын жууду. Төртүнчү күнү короо-жайын шыпырды. Буларды кайтарган үч кароолчу уйкуга кеткен эле, кемпир ушундан пайдаланып көздөн кайым болоюн деп баратса, чакасы колунан түшүп кетти. Шарактап кароолчуларды ойготту. Кароолчулар кемпирди кармап, камап салды. Падыша уйкудан ойгонгондон кийин, кемпирди ага алып барышты.

– Баягы билгизбей үй шыпырган адам ушул экен, биз кармап келдик, өзүңүз билиңиз, – деп падышага таштап кетишти.

– Кана, кемпир, чыныңды айтчы, эл терең уйкуда жатканда сен эмне издеп жүрөсүң? – деп падыша кыстап сурады.

Анда кемпир:

– Балам сенин кызыңа ашык болуптур. Кедей-кембагал болсок да аргасыздан кечирим сурап келдим.

«Кемпирдин башын алсамбы?» – деп жакшы көргөн вазирине акыл салат.

Анда вазир:

– Жок, падышам, колунан келбес иш тапшырыңыз, – деди. Мындан соң падыша:

– Кырк даана каухар берип, көчүрүп кете бер, аны таппасаң, кыздан үмүт кылбагын! – деди.

Кемпир падышанын сөзүн укту да, кулдук кылып, арты менен тышка чыгып, үйүн көздөй жөнөдү. Баласы утурлап тосуп турган экен. Сарытай ага:

– Апа, кападар болбогун, тамактанып алгын, – деди.

Кемпир тамактана баштады. Сарытай болсо Кызыр Нияз менен сүйлөштү.

– Эмнени каалайсың? – деп Кызыр Нияз суроо берди. Анда Сарытай:

– Кырк төө, кырк бээ, кырк качыр жана кырк эшекке толтура каухар жүктөлгөн болсун. Башкарып бара турганы жыйырма беш сулуу адамдан дайындалсын, кийимдерди падыша өмүрүндө көрбөгөндөй камдалсын. Жыйырма беш адамдын кийимдерине каухар топчу, жыйырма жараган аттын көкүлүнө каухардан коңгуроо тагылсын. Ат жабдыктары келишимдүү, кымбат баалуу буюмдар менен чүмбөттөлсүн. Апам үчүн башкача даярдалган ат болсун. Падыша гана жалгыз эмес, вазирлеринин да эси оогудай болсун. Аттын бою он кез болсун, аттар да төөчө чөгүп турсун, жарашыктуу кийимдери менен апам минсин. Сахипжамал Сарытайдын түбөлүк жары болсун деген сөз, – деп сөзүн бүтүргөндө Кызыр Нияз:

– Көзүңдү жум, анан ачкын! – дей салды.

Баягы айткан суроосу толугу менен аткарылды. Энесине келишкен көк ат даярдалып, эки жагында эки перизат.

Сарытай:

– Апаке, баарысы даяр болду, эми падышанын сарайын көздөй бассаңыз болот, – деп кайрылды.

Падышанын сарайын көздөй жөнөдү. Падыша вазирлери менен айланып жүргөн кезде кемпирди көрүп, көздөрү абдан тойду. Вазирине акылдашып, алардын ыроологондорун алды.

– Күйөө бала да келсин! – деп кабар айттырды.

Сарытай сыйкырдуу шакекке дагы кайрылды. Кырк төөгө каухар жүктөтүп алып падышанын үйүн көздөй жөнөдү. Падышанын кызын Сарытай алат деген кабарды эл дүң кылып калган кез эле. Чогулган элге алтын, каухар чачты. Кырк күнү кыңшылатып, отуз күнү ойнотуп, кызды Сарытайга кошту. Сонун үйгө жаткырып, эки сулуу келин жеңелик кылды. Падышанын эң жакшы деген үйү жаккан жок, Кызыр Нияз шаардын четине сонун үй салган, ал үй булуттун үстүндө болсун, астында май көл, сүт көл жасалсын деген өтүнүчүн сырдуу шакек аткарды.

Ойгонуп кетсе, баягы сонун үйдө жатат. Падышанын вазири, кызга жеңе болгондор жок. Жаңы сарайды жалгыз гана куурай саткан абышка көрүп калып, ошол келиптир. Мындан башка бир да жан жок. Падыша из кубалап жүрүп бир азем үйдө бейиштин тамагын жеп отургандардын үстүнөн чыгат. Сарайды көрүп, ооздору ачылат, эшик алдында алтын чачылып калган. Падыша менен Сарытай күн сайын ууга чыгышат.

– Бир сыр бар го, – деп вазир Сахипжамалдан сынап сурайт. Бирок Сахипжамал:

– Күйөөм сырын мага айткан эмес, – деп жооп кайрыйт.

– Анда күйөөң сени сүйбөйт экен, түбөлүк эр боло турганы арсар турбайбы, – деп капа кылат.

Сарытай уудан келсе, аялынын кабагы бүркөө, оор үшкүрүп, негедир тескери карайт.

Сарытай:

– Ооруп калгансыңбы, сага эмне болгон? – деп колунан кармайт.

– Мени аялым десең, сырыңды айтат элең, экөөбүз убактылуу жашайт окшойбуз, каухар, алтын, ушунча дүнүйөнү кайдан тапканыңды эмне үчүн мага айтпадың? – деп Сахипжамал такып сурайт.

Вазир болсо, эмне деген сөз чыгар экен деп, экөөнүн сүйлөшкөнүн тыңшап турат. Сарытай атасынын айткандарын унутуп, ашык берилди да, шакектин атын, сыйкыры менен далай немени жасай турганын айтып таштады. Кызыр Нияз суурулуп, вазирдин колуна барып салынып калды.

Сарытай ушинтип тура берсин, эми вазирден сөз баштайлы. Шакек заматта вазирди, Сахипжамалды асмандын жетинчи кабатына чыгарып таштады. Ошол жерде жыргап, дооран сүрүп калышты. Сарытай ээн талаада калды. Аялын таппагандан кийин, падышанын алдына барып, болгон окуяны баштан-аяк төкпөй-чачпай айтып берди.

– Мен уктасам, кырк күн, кырк түн уктайм, мен уйкуда жаткан кезде болгон окуя экен, – деп өкүндү жездеси. – Ошондой болсо да мен сага жардам берейин, – деп үмүттөндүрдү. – Кырк күндүк жолду кырк саатта басып коёбуз, – деп кырк саат учуп, ортончу эже-жездесине, дагы кырк саат учуп, эң кичүү эже-жездесине келишти. Эже-жезделеринин турмушу дурус экен, аны көрүштү.

Кичүү жездеси:

– Сенин кызматыңа жарайм, – деп убада берди. Сарай асмандын алтынчы катмарында экен. Жолу татаал, бирок кыйынчылык болсо да максатка жетпей койбойбуз. Кырк жылдык жол бар. Тоонун арасында бир чоң түп даракка зымырык куш уя салган. Ар жылы эки жумуртка тууйт. Ар жылы балапандары уча турган кезинде ажыдаар жеп коёт. Ошол ажыдаарды сен өлтүрсөң, зымырык каалаган жериңе жеткирет. Сен издеген сарайга ошол гана алып бара алат деп кеңеш берди. – Менин кармаганда бир карыш, шилтегенде кырк кулач созулган кылычым бар, ушуну ал. Куштун уясы кырк жылдык жол. Бирок мен көз ачып-жумганча алып барам, – деп ишендирди.

Сарытайдын жездеси ашуудан ашуу ашып, таш басып отуруп бир белге жеткирип таштады да, өзү: «Куштун ачуусуна тийбейин» – деп кетип калды. Зор дарак көрүнүп турат. Сарытай жай басып дарактын түбүнө келди. Алдындагы булакты көрдү. Суусунун кандырып алды. Өөдө караса дарактын башында эки балапан. Акырын айбайлап карап отуруп, үргүлөп кетиптир. Чочуп тура калса, майда жамгыр – балапандардын көз жашы. Даракка оролгон ажыдаар балапандарды сорууга аз эле калган. Куйругу кырк кулач болуп сүйрөлүп барат. Сарытай ажыдаардын башын кыя чапты. Туш-туш жакка жалмаңдап жатып жаны чыкты. Ажыдаардын эти менен балапандарды жакшылап тойгузду. Бир жалбырак жегенден кийин Сарытай балапандардын тилине түшүндү.

– Энебиз келе турган маал болду, – деп Сарытайды канаттарына катып таштады.

Бороон, шамал, куюн, жамгыр, мөндүр жаап, зымырык балдарына жетип келди. «Жеп кетти» – деп коркуп келген экен, болгон окуяны балдары айтып берди. Зымырык аябай кубанды.

– Айланайындар, ал кишини көзүмө көрсөт, – деди. Балапандар канатынын астынан Сарытайды көрсөттү. Зымырык кучактап, ыраазылыгын билдирди. – Кандай тапшырмаң болсо да аткарылат, – деди.

Асмандын жети катарына жетишке кыйын болсо да, зымырык куш макул болду. Кырк чаначка суу, кырк чаначка эт даярдап, Сарытайды кондуруп:

– Оң жакты караганда эт, сол жакты караганда суу бергин, – деп сүйлөшүп асманга атырылды.

Жакындап калганда азыгы жетпей калып, оң санынын этин, сол көзүнүн суусун азыгып берди Сарытай. Анан асмандын жети кабатына жетти. Дарбазанын жанына Сарытайды таштап, зымырык куш балдарына кайра учуп кетти. Дарбазадан шыкаалап караса, Сахипжамалды вазир өз төшөгүнө сүйрөйт, ал такыр болбойт.

– Өз жарым бар! – дейт, эч бет бактырбайт. «Иштин баарысы менин оозумдун ачыктыгында» – деп да өзүн жемелейт.

Вазир уйкуга кирди. Сарытай убактыны таап:

– Кызыр Нияз, – деп өзүнө чакырды.

Сыйкырдуу шакек суурулуп Сарытайдын бармагына келип калды.

– Ушул турушубузда кайын атамдын жанына жеткир! – деди.

Көзүн ачса, кайын атасыныкына барып калыптыр. Вазир менен Сахипжамал уйкуда экен. Сарытай кайын атасына көргөздү. Падышанын аябай кыжыры кайнады. Кызын жемеледи. Дароо желдеттерин чакырып, вазирдин башын алдырды.

– Үй-бүлөнү бузганды жек көргүлө! – деп жар салды. – Антка-шертке бек Сарытайдай болуп өскүлө, – деп балдарына акыл айтты.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз