Акчаны обу жок кордоо, туура эмес жумшоо – кылмыш

  • 21.07.2020
  • 4830

Орус, кыргыз тилинде эркин ойлонуп, эркин жазган таланттуу публицист, көчөлөрдүн булуң-бурчтарында сатылган кара жарманы карыныбызга камдап берип аткан "Шоро" ишканасынын президенти, бизнесмен Табылды Эгембердиев менен маек.

P.S. Бул маекти Табыке экөөбүз 1997-жылы курган экенбиз. “Кербез” аттуу музыкалык журналды жалаң эле ырчы-чоорчулар менен толтурбастан, көркөм дүйнөнү аздек туткан инсандардын маектерине да орун берип, окурмандардын калың катмарын камтуу аракетибиз күч эле.

Аталган журналды үч эле киши чыгарчубуз. “Кербездин” редактору, негиздөөчүсү – композитор Турдубек Чокиев, шеф-редакторубуз, акын Кыялбек Урманбетов. Ызы-чуу коштогон материалдарды, кызыктуу окуяларды топтоп келер атка жеңил тайга чагы мен – О`Шакир. Себеби ызы-чуусуз басылманын базары кайначу беле деп жаштык эргүүмө батпай жүргөн 27 жаштагы бойдок кезим.

Урунуп-беринип, ар балээнин ичинен чыга калам кээде: ырчы-чоорчулар менен жакалашкан, мушташкан күндөр болот. Кээде чоң муштумдугум кармап кетет бала күндөн калган... Кычышкан колдун кычуусу кээде мушташтан канат, кээде калемден канат эле ал кезде... Ошентип журналдын ар бир жаңы санына кызыктуу материал табыш үчүн бөрүдөй жортуп кетип, бөрүдөй бөктөрүнүп келген табылгаларым арбын болгон сайын, анымды Т.Чокиев менен К.Урманбетов кубаттап турушат. “Редакциядагы табышкерибиз сенсиң” деп далыга таптап коюшат алар... Ошентип койгон сайын тынымсыз изденип, “Кербез” журналынын окурмандарына эмне кызыктуу материал тапсам экен деп жүрүп, бир күнү Табылды Эгембердиев менен береги маекти курган экемин.

Табыкебиз ошондо түбөлүк баалуулуктарга, дүйнөлүк жаңы таанымдарга ыктаган, замандаштарынан алдыга озуп кеткен көз караштагы инсан экени ушул чакан маегинен эле кашкайып көрүнүп туру. Эмесе, сөз тизгини мындан 23 жыл мурунку Табыкебиздин маегинде.

- Музыка сиздин турмушуңузда?

- Мен кайсы кордукту айтайын. Биз мектепте окуганда математика, орус тилин, адабиятын эң негизги сабак деп эсептешчү, бирок мектептин негизги максаты математик, астроном чыгарыш эмес, адам чыгарыш. Менимче адамды ыймандуу тарбиялаш маселесинде үч эле негизги сабак бар: сүрөт, музыка жана адабият. Буга өтө чоң көңүл бурулушу керек. Негизинен айыл мектептеринде бул сабактарда көп мугалимдер айлык алыш үчүн иштеп жүрүшөт, адис эмес да. Адамдын көркөм тарбиясынын башатында турган тепкич ушул сабактар.

Илгерки орустун маданияттуу элдери балдарын көркөм тарбиядан баштаган. Калганын бара-бара кайсы жан болбосун үйрөнөт. Эненин сүтү менен бир жашоого кире турган тарбия – музыка, сүрөт, поэзия. Менин дүйнөгө бир арманым бар: музыканы жакшы түшүнбөйм. Кордугумду кара!.. Аябай арман кылам, эки жолу операга барып, жанымдагыларды карасам ушунчалык терең дүйнөгө кирип, көздөрү жалжылдайт десең. Көлкүп-балкып эрип отурушат, мен таштай катам ансайын. Элдин арасына кирип кеткен малга окшодум, ызам кайнады. Балетке да кирдим, түшүнбөй койдум. Буга түшүнүүгө бийик деңгээлге жетиш үчүн тарбия керек экен. Сүрөткө болсо аз-аз түшүнүгүм бар. Комузду гана көшүлүп отуруп угуп түшүнүүгө кудуретим бар экенине шүгүр.

Эки музыкалык чыгарма бар, ким жазганын кийин билдим: Огиньскийдин "Полонези", анан Штраустун “Голубой Дунай". Угуп отурсам, булактын шылдыры дайраларга куюп, кайра ташып аткандай. Негедир өзүм туулуп өскөн тоолуу жеримдеги "Көбөктүн суусу" деген чоң суу бар, ошону элестетет "Голубой Дунайды" укканымда. Музыка, сүрөт, адабияттын максаты бир: адамдын жаратылышын кайра жаратуу, толкутуу, кубантуу, ыйлатуу. Адамдын ички дүйнөсүнүн тирегин жараткан күч. Азыр деле музыканы түшүнүүгө канчалык аракет кылсам да, убакытты өткөрүп жибериптирмин. Ал эми дүйнөлүк адабияттын алптары жалаң досторум, алардын чыгармаларын кайра- кайра терең казып окудум.

- Эстрада жаатында купулуңузга толгон күлүктөрү барбы, сүрөөнчү болгуңуз келген?

- Базар шартында жашап атпайбызбы. Мурдагы система болсо бизди жаман үйрөтүп койгон, жакшы-жаманын бирдей колдошуп. Азыр анык көркөм чыгарманын, анык музыканын жаралчу доору келди. Илгери эмне үчүн Токтогул, Жеңижок, Барпы, Коргоол сыяктуулардын чыгармачылыктары өсүп-өнүгүп келген. Булар мал багып, түйшүк көргөн эмес, бирок ачка да калышкан эмес, алардын күүлөрү элдин талабына жооп берген үчүн эл эркелетип баккан. Элдин эсебинен жашашкан, кайдагы мамлекет жардам бериптир. Азыр дагы чыныгы элдин талабына жооп берген чыгарма жаратсаң, ачка калтырбай багып кетет.

Концертиң болсо эл жабыла келип, белетке кезектешип турушса башка эмне керек. Профессионалдык музыканы эл түшүнбөй атпайбы. Бирок элдин түшүнбөгөнү ал таланттардын бизге кереги жок дегенди түшүндүрбөйт. Колдон келсе мага окшогон бизнесмендер жардам бериши керек, улуттун тагдырын ойлосо. Муну терең түшүнгөнгө да бизнесмендердин убагы жете элек, бутуна тура албай, налогдон муунуп, эптеп-септеп капшыттарын толтура албай атышат. Өндүрүштү өнүктүргөндөн кийин деле акчаны таланттарга бербегенде, көргө ала кетели деп аткан жокпуз да.

- Сиздин көкүрөгүңүздү да чыгармачылык түйшүк тырмалаган адам эмессизби. Өндүрүш ишинен сырткары чыгармачылык иштериңиз кандай?

- Азыр жазгандан коркуп жүрөм. Чыгармачылыкка кирип алсам күнү-түнү столдон баш көтөрбөй, уйкудан безме адатым бар. Себеби өндүрүшкө бир жыл катуу кыйналып жүрүп кирдим. Эгер андан бир аз алагды болсом иш өлдү дей бер, кайта убара тартмай. Өндүрүш ишин баштоо жөн эле келип калган жок, түйшүгүн катуу тарттым.

- Сиз чет элдерге көп чыгып атасыз, аларга салыштырмалуу биздин маданияттын өнүгүп атканына көңүлүңүздү буруп атасызбы?

- Бизде жасалма чептер урап атат, жаңы чептер курула баштады. Мисалы, эстрада коомдун жалпы өнүгүү деңгээлине жараша бара-бара жетилүүдө. А орустардын маданияты батышка тез эле теңелип кетти. Биз болсо бүгүнкү эстраданын агымын батыштын таасири деп эски муун жактырбай атканы бекер.Техника башкача ылдамдыкка өткөн ушул мезгил жаштарды эң туура тарбиялап атат. Бир нерсе бар орустардын Леонтьев же корей Виктор Цойго окшоп суурулуп чыккандары аз. Цойдун текстин уксаң: чөлдөп турган кумга суу куйгандай сөздөр менен элдин көңүлүн бурбадыбы.

Бизде алакандай стандарттуу эмес, жаңы стилде ырдап чыккандар жок болуп атканын көр. Жаңы философияны көтөрүп чыккан Высоцкийдей таланттар жаралсачы аттиң. Жалаң эле лириканы ырдашат, качан кыргыз ырларынын тематикасы байыйт? Бизде философиялык деңгээлдеги маселелер көп, муну ырчы, акындар гана элге көтөрүп чыга алат, сүрөтчүлөр гана тартып, театрлар гана айта алат журтка.

Музыка менен поэзиядан күчтүү, таасирдүү эчтеке жок. Биздин артисттер спонсор десе эле акчасын алып, басып кеткенди түшүнүп жүрүшөт. Мен андай спонсор болгум келбейт. Эгер кимди жөлөп-таяшка көзүм жетсе, спонсор болуп акчаны кайрып алгандай болушум керек, кайсы бир убакта, мөөнөтүндө. Мен акчамды жармага салып атам, себеби ал кайрып берип атат. Эгер бир талантка акчамды берип, кайрып ала албасам ал спонсорлук эмес, акчаны обу жок кордоо, туура эмес жумшоо – кылмыш. Себеби мен майып адамга берген жокмун. Майыптыкы түшүнүктүү, ал эч качан акчаңды кайрып бербейт, ага кайрымдуулук ирээтинде жардам бергениңди билесиң. Спонсор дегенди чогуу иштешүү деп түшүнүш керек.

- Канча жумушсуздарга жумуш таап берип, ишканаңыз өнүгүп баратканы белгилүү. Ал эми жеке турмушуңузда бакубат жашообу же түйшүктөнүүбү?

- Кыргызстанда эки завод курам деп эңшериле түштүм. Мага окшоп завод кургандын ордуна чоң курсактарың" канча заводдорду жок кылышты. Мен аларга окшоп кабинетиме компьютер коюп жасалгалоого үлгүрө элекмин. Ал эмес факс да жок, бирок ишти ансыз деле жүргүзсө болот экен. Күнүгө балдарыма какшайм: “Кардыңардын ачканын сезип, силер да элдей ачка жүрүп, жупуну кийинип, жөнөкөй жүргүлө” деп. Себеби чоңдордун балдарын көрүп жүрөм, көөп жинди болгон. Мени эл чоң бизнесмен, чоңдордун катарында деши мүмкүн, бирок элден айырмам жок. Алар ичкен чай менен нанга топук кылууга үй-бүлөмдүн башынан бери тарбиясы оар, аз-аз этти үзбөй жешет, айырма ушул.

- Биздин улуттун кайсы касиетине сыймыктанасыз?

- Жерди сыйлаганына. Кыргыз өмүрү там салып, жер каскан эмес. Мал багып келсе да жер чанап, эгин экпей башка элдер менен эле ушуга чейин жок болбой келбедиби. Мына маданияты!.. Жерди кандай ыйык туткан. Жылкы, кой кар тээп жан багат экен. Кышында кыштоого, жайында жайлоого көчүп-конуп жашаган. Жерге сарамжал келген. Бул чоң касиет. Түзгө эмес, дөңсөөгө үй кейптентип бир нерсе курушкан, бул тазалыктын белгиси. Суунун жээгине үй салып, сууга түкүргөн эмес. Бекбекей айтып, бешик ырын, кошокту, жарамазанды угуп музыкалык табияты ойгонгон. Кыргызымдын эң бийик туткан маданиятына сыймыктанам, өзүмө каниет алам.

- Кызыктуу маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм.

Ой бөлүшкөн О.Шакир

Комментарий калтырыңыз