Араб уламышы: Жан-дүйнө тазалыгы

  • 22.07.2020
  • 4972

Адамдар кыйма-чийме жүргөн кир, чоң базарда Жамил аттуу адам базарда суу сатып оокат кылчу экен. Аны бардыгы сылыктыгы, тамашакөйлүгү жана таза жүргөнү үчүн жакшы көрүшчү.

Бир жолу ал жөнүндө падыша угуп калып, өз вазирине буйрук кылды:

– Бар да, ошол суу саткан адамды бул жерге алып кел!

Вазир базарга жасоолдорду чаптырып Жамилди тез эле алдырып келди.

Падыша Жамилди көрүп жактырды да ага мындай деди:

 – Мындан кийин сен сууңду менин конокторума ташып келип берип турасың. Менин жанымда болуп, көңүлүмдү ачасың.

Жамил үйүнө келип, аялына жакшы кабарды айтты. Эртеси таза кийинип, карапасын жалтырата жууп, суу көтөрүп алып хан сарайга жөнөдү. Ошол күндөн баштап ал конокторго суу ташып берип, падышанын көңүлүн ачып, анын сүйүктүү адамына айлана баштады.

Бирок анын кадыр-баркынын өсө баштаганы вазирге жаккан жок. Анын жүрөгүндө көрө албастык пайда болду.

Жамил кечинде үйүнө кайтып баратканда артынан кошо чыккан вазир ага мындай деди:

– Падыша сарайынын суу ташыгычы, сенин кылган кызматыңа баарыбыз ыраазыбыз, бирок падыша сенин оозуңдун сасыгын жактырбай жатат.

Жамил таң кала суроо берди:

 – Падышабыздын көңүлүн айнытпас үчүн мен эмне кылышым керек?

Вазир ага мындай кеңеш берди:

 – Сен мындан кийин бет кап тагынып жүр.

Жамил ал айткандай кылды. Эртеси падыша бет кап тартынып алган Жамилди көргөндө таң калып карап койду, бирок эч нерсе деп сураган жок. Анын бет кабын чечпей жүргөнүн көргөн падыша бир күнү вазиринен анын себебин сурады:

 – Оо менин улуу даражалуу падышам! Мен аны айтканга оозум барбай турат, айтсам ачууңуз менен башымды кестирип саласыз деп корком.

—Коркпой айта бер, сага тийбейм.

– Оо падышам, Жамил Эль-Саки сиздин оозуңуздан сасык жыт чыгып жатат деп жийиркенип жүрөт.

Муну уккан падышанын жини аябай келди. Ал бул укканын аялына барып айтты. Аялы ага: “Анын башын кестирип сал, сиз жөнүндө жаман айткандарга сабак болсун” –деп кеңеш берди. Ал аялынын айтканын туура көрдү.

Эртеси ал баш кесер желдетин чакырып мындай деп буюрду: “Сен хан сарайдан роза гүлүн көтөрүп чыккан адамдын башын кесип сал”.

Жамил Аль-Саки күндөгүдөй эле суу алып келип, конокторго берди, хандын көңүлүн көтөрүп тамаша кептерин айтты. Хан ага ыраазычылыгын билдирип роза гүлүн берди.

Ал кетүүгө камданып сыртка жөнөгөндө алдынан вазир чыкты:

– Бул гүлдү сага ким берди? – деп сурады вазир.

– Бул падышанын белеги.

– Гүлдү сен мага бер, мындай белекке сага караганда мен татыктуумун.

Ал гүлдү вазирге берип үйүнө кетти. Сыртта гүл көтөргөн адамды аңдып олтурган желдет, вазирди кармап барып башын алды. А эртеси хан сарайда бет капчан Жамил адаттагысындай эле конокторго суу куюп жүрдү...

Падыша анын тирүү жүргөнүн көрүп, өзүнө чакырды, ал аны өлдү деп ойлогон.

– Кана сен айтчы, бул бет капты эмне үчүн кийип калдың?

– Сиздин вазириңиз мага оозуңдан сасык жыт чыгып, падыша жийиркенип жатат, ошондуктан бет кап кийип жүр деген, ошонун буйругун аткарып бет капты чечпей жүрөм. – А кечээ мен берген роза гүлүн эмне кылдың?

– Вазириңиз бул белекке мен сага караганда татыктуумун деп тартып алган.

Падыша күлүп мындай деди:

 – Ал чындыгында эле сага караганда ошол гүлдү алууга татыктуу экен.

Тыянак:

Жан-дүйнөңүз таза болсо, Кудай сизге өзүңүз билбеген жарык нур берет, адамдар өзүңүз билбесеңиз да сизди жакшы көрүшөт, өзүңүз издебесеңиз да каалаган  нерсеңиз аткарылып турат.

Жан-дүйнөңүз таза болсо, кылган иштериңизге жоопкер болбойсуз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз