Азиз Несин: Пулума жараша жер бериң

  • 23.07.2020
  • 3830

АҢГЕМЕ

Бир нече күндөн бери менде уйку жок. Катуу иштей берип денем чарчаган көрүнөт: төшөккө жатсам уйку басат, бирок көз кургур такыр илинбейт. Болбоду, акыры доктурга барууга туура келди.

- Бир күндө канча саат иштейсиз? – деп сурады доктур.

- Он алты – жыйырма сааттан.

- Андай болсо чарчаптырсыз, - деди да бир аздан соң, – Неге анчалык көп иштейсиз? – деп дагы сурады.

Ошондо доктурду ашатып сөгүп жибермекчи болуп, кайра өзүмдү кармадым. Туура да, ушул да сөзбү эми? Неге анчалык көп иштейсиңдин бир себеби бардыр…

Доктур нерв менен уйку үчүн дары-дармектерди жазып берди. Бирок эч биринин дабасы тийген жок. Төшөккө жатып, эми уктайын дегенимде, үч айдан бери төлөнө элек батирдин ижара акысы лып этип эсиме түшсө болобу. Андан кийинкиси эмне болду өзүңүз жакшы билесиз.

Жаткан жеримден эсеп-кысапка түшүп кеттим. Үч жүз элүү лира… Мындан жыйырма бешти алып ташта… Жарайт, алдын нөлдөн бешти алыш керек… Нөлгө бештен бирди алып беребиз, он болот. Ондон бешти алсак, беш калат… Төрттөн экини алсак, эки калат… Үчтүн өзү түшөт… Үч жүз жыйырма беш калат… Ушуга эми токсон алтыны кошуу керек. Бешке алтыны кошсок, он бир. Бири түшөт, бири көңүлдө…

Мээде сандар чубалышып, батпай калганда жаткан ордумдан ыргып турам… Колго калем кагаз алып, эсептей баштайм. Ишти бүтүргүчө, уйку дарыдан жана бирди жутуп алам. Көзүм илинип баштаганда, дароо төшөккө кынтаям. Эми уктап кетейин деп жатканымда мээге дагы бир ой кирип келди: «Мына келди, айына он лирадан төгүп турсам, бир жылда канча болот экен?» Ушул батирдин ижара акысы жанымды куп кашайтып жиберди да… Бул жарыктан баш паанексиз өтө турган окшойбуз.

Ушул жумада ашып барса беш саат уктаган чыгармын. Уйкусуздуктун төртүнчү күнү талыкшып, ордумдан тура албадым. Көзүм талып уктап кетермин деген ниетте колума газетаны алдым. Газетанын биринчи бетинде басылган кабарга дароо көзүм түштү: «Шаарда курулушу жок бош жер төрт миллион лирага сатылды».

Кудай сакта, эмне дейт, ботом?! Төрт миллион лира дейби, ыя? Жер аянты 1624 квадрат метр (дээрлик 16 сотых) экен. Төрт миллионду 1624кө чага баштадым. Өзүм турмушта бир нерсеге шыгы жок болсом да, эсепти жакшы көрөм. Мындай эсептеп көрсөм баягы жердин бир квадрат метри 2500 лирага айланды.

- Ой тообо, - өзүмчө ойлонуп кеттим, - Ушул жерди мен сатып алмакчы болсом кандай болот… Пулу канча дейт? Ие, төрт миллион лира. Менин бир айлык маянам канча өзү? Беш жүз лира.

- Уктап калсаңчы эми, садагасы! – аялым жалына баштады.

- Ары турчу, тоскоол болбой! Эмне кылып жатканымды көрбөй турасыңбы?! – кагып жибердим аны.

- Кош, айлыгым беш жүз лира экен… Кана, ушундан үнөмдөп олтурсам, бир айда канча пул ашырып калам? Эч эле окшошпой жатат ко… Токточу… Мейли, эптеп бир айласын таап, айына жүз лирадан топтосом, бир жылда 1200 лира экен. Он жылда 12 000 лира, жүз жылда 120 000 лира… Тишимдин кирин соруп, айына 100 лирадан топтоп, миң жыл жашасам, бир миллион эки жүз миң лира топтойт экем миң жылда. Баары бир бул да жетпейт, бирок эмнеси болсо да, эптеп ушул жерди сатып алам деп көшөрдүм.

Эсепти башынан баштайлы. Лицейде окуп жүргөндө деле ушуга окшогон эсеп-кысаптарга башымды катырып жүрөр элем. Ошондо токтобостон, тамак да жебей чуркай берсем Айга, Күнгө, Марска канча жылда жетип барышымды эсептеп чыккамын. Азыр эсептеп көрсөм, Күнгө чейин тамак ичпей, токтобой чуркап барып келгеним, бул жерди сатып алганга караганда бир топ арзан түшөт экен.

Таң атып кетсе деле эсеп-кысабымды чыгара бердим. Ушул жерди сатып алыш үчүн үч миң жыл жашасам да аздык кылат. Бул эсеп-кысапты дагы башкача кылып көрдүм. Аманы ушунча болду, ала турган бардык беш жүз лира маянамды бүт ушул жерге төгүп коё берсемчи?...

Муну да эсептеп көрдүм. Эсеп жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул максатка жетиш үчүн туп-туура 666 жыл жашап, 666 жыл такай иштешим керек экен. Мунусу да туура келбеди. Уйку дарыдан удаа-удаа экини ичип жиберип, ордума барып жаттым. Эси-дартым ушул сатылган жер болгондуктан, баары бир уктай албадым. Кайтадан туруп келдим. Бир күндө 16 сааттан эмес 24 сааттан иштеп, айлыкты миң лирага жеткирип, анын бир тыйынына да тийбей ушул жер үчүн төгүп коё берсем, эмне болот? Ошондой болгон күндө деле 333 жыл жашашым керек. Эми кызым жалынышка түштү:

- Атаке, уктап алсаңчы бир аз! Бир аз уктап алчы!

- Турчу ары! – аны да айдап салдым.

Бул жерди сатып албасам, уйкум келе турган түрү жок. Маселени дагы башкача койдум. Кош, ушул жерди сатып алыш үчүн, бир айда канча пул таап, анын канчасын жерге төгүп коё беришим керек? Айына 2000 лирадан топтоп, жерге төккөн күндө деле 167 жыл жашашым керек экен. Э, куруп кетсинчи! Эч айласы табылбай жатат ко!

«Токто, токто, - өзүмчө ойлондум, - бул жерди сатып алган адам деле бир баштуу, эки буттуу мага окшогон эле адам го. Мынча пулду каяктан тапты экен?».

- Дарыдан дагы ичип аласыңбы? – деди аялым, жалынган түрү менен.

Дарыдан дагы ичтим. Ичим дарыкананын эле өзүнө окшоп калды.

- Сага эмне болду, жаным, уктасаңчы эми!

- Жогол баарың, көзүмө көрүнбөй!

Кош, төрт миллион лираны куруттай санап берген адам мынча пулду каерден, кантип тапты экен? Ушул такыр жердин өзүнө эле бели оорубай төрт миллион лира бергенине караганда, жана да төрт миллион лира акчасы болсо керек. Сегиз миллион лира, айланайын! Айтышка оңой. Бул адам эмне жумуш кылат экен өзү? Эгер ал адам мага окшоп айлыкка иштеген адам болсо, эң алды дегенде айына 1500 лира айлык алат. Мындай адам төрт миллион лира табыш үчүн 276 жыл тер төгүп иштеш керек. Ошондо да айлыгынын бир тыйынына тийбей топтогондо. Э, өлүп кетсинчи, ойлой берип, мээ чирип кетер болду. Бул жерди сатып алган адам врач болсо керек. Врачтар акчаны жакшы табат. Алар бир көргөн бейтаптан эле отуз лирадан акча алышат.

- Таң атып кетти, бир аз сеп этип алсаңчы.

- Башымды тегеретпей тургула дедим го силерге!

Эгер ал бир күндө он бейтапты көрсө, бир күндө 300 лирага иштейт. Демек, бир айда 9000 лира… Ушудан 6000 лира жерге деп төгүп турса… Ушул жерди сатып алыш үчүн доктур 55 жыл дем алышсыз иштеши керек экен! Демек, жерди сатып алган адам врач да эмес. Эгер соодагер адам болуп, айына 10000 лирадан төгүп турсачы. Анда ал 33 жыл дем алышсыз иштеп бериш керек экен. Бул да акылга сыйбаган нерсе.

- Беш күндөн бери уйку бетин көрө элексиң, бир аз жата түшкүн, балким уктап кетесиң.

Жаздыкка баш уруп, көзүмдү жумдум. Кана эми уйку келсе… Таптым! Таптым! Мындай адамдын ишканасы болсо керек. Ал жубарымбектин колунда беш адам иштейт дейли. Ар бир жумушчу күнүнө 100 лирадан иштеп берсе, бешөөнүкү биригип – беш жүз. Бир айдыкын чыгарыш үчүн беш жүздү отузга көбөйт  – 15 000 лира болобу. Ижара акысы, майда-чүйдө чыгымдарына андан 5000 лира коротсун дейли. Ошондо он беш миңден беш миңди кемитсе – он миң. Бир жылдыкын чыгарыш үчүн он миңди он экиге көбөйт эми. Жылына 120 000 лира болот. Жерди сатып алыш үчүн бул адамга 33 жыл кетет экен. Ишканаң менен жерге кир, ишкана ачсам деле бул жерди сатып алгыча карып кетчүдөймүн.

Эгерде сырттан жашырып мал алып келип сатсамчы… Бул акылым өзүмө да жага түштү, ордумдан тура калып, эсептеп чыктым, мунусу да азыраак чыгып калды.

Ушул маалда башыма бир ой кылт түштү. Чөнтөктөрүмдү аңтарсам, он эки жарым лира пул чыкты.

- Силерде канча пул бар?

Аялымдан беш, балдарымдан эки лира пул табылды. Баарын санасам, он тогуз жарым лира болуптур… Мен эми маселени тескерисинче койдум. Жердин баарын эмес, пулума жараша жер сатып алсамчы? Бир квадрат метр жер 2500 лира турат. Демек, бизге туура келбейт. Бир квадрат дециметри туура 25 лира. Буга да чамам жетпейт. Бир сантиметр квадрат жерге 25 тыйын төлөш керек. Ко-ош, жанымда он тогуз жарым лира пулум бар. Демек, бул акчага 78 сантиметр квадрат жер сатып алышым мүмкүн. Саатка карадым: саарга дагы эки саат убакыт бар. Ушул жерди саткан адамга барамын да мындай дейм:

- Кана, ушул жайдан мага 78 сантиметр квадрат жер тартып бере салыңыз!

Үйдөгүлөр айланамда бушайманга түшүп:

- Жата кал эми, бир аз уктап алгын!

Жетимиш сегиз сантиметр квадрат жер! Ал жерде укташ үчүн бүжүрөйүп жатсам да, баары бир батпайм, жанымда жаткан башка бирөөнүн башына бутум тийип калышы мүмкүн…

Сатып алган жеримде какайып, тик туруп жашагандан башка айласы жок.

- Силерге жер жок, - дедим аялым менен балдарыма, - Силерге жок жер… Бул жарыкта каккан казыктай какайып, тикемден туруп жашай турган жер таптым. Кана, жоголгула бул жерден. Силер да өз арабаңарды өзүңөр тартып жашагыла!

- Уйкудан калып, жинди болуптур бул, - деп бул сөздү уккандан кийин баары туш тарапка дыргаяктап качып жөнөштү.

Сиздерге да айтаар кеңешим ушул. Төрт миллион лираны кандай табышты сиз да бир ойлоп көрүңүз, анан чөнтөктөгү бар акчаны санаңыз. Анан жаныңыздагы пулга канча сантиметр квадрат жер келет экен эсептеп чыгыңыз. Ушундан кийин нервди калыбына келтирчү дарыдан канча даана ичет экенсиз, аны да санап, унутуп кала электе чөнтөк дептерге утур жазып туруңуз. Ичиңиз менин ичимдей болуп, дарыканага айланып кетпесе, мен мурдумду туура кесип берем. Ий, баса… айтам деп жатып такыр унутуп кала жаздапмын. Эгер жиндиканага түшүп калсаңыз, мени сегизинчи палатадан табасыз. Келсеңиз албетте, учурашабыз. Кире бериштеги керебет менин ордум. Анан жиндикананын маңдайында тамактануучу жай да бар. Тамактары арзан. Ошол жерде олтуруп, аркы-беркини сүйлөшкөнчө чай ичсек да болот.

Түрк тилинен өзбек тилине которгон: Миад ХАКИМОВ

Өзбек тилинен кыргызчага которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз