Динчилдерден тажаган замандаштын арманы

  • 27.07.2020
  • 12318

ЖАНЫМДЫ БЕРГЕНГЕ ДАЯРМЫН!

Арыбагыла, замандаштар! Мен бала кезимде "кыргыз болуп төрөлдүңбү – мусулман болушуң керек" деген ойдо жүрчүмүн. Мектепти аяктаганга чейин эле "Мен мусулманмын, эң ыйык жер Мекке, буйруса намаз окуйм, ажылыкка барам" деп ойлоп жүрдүм. Себеби, ошол кезге чейин диндин терс жактарын көргөн, байкаган эмесмин. Балким, ошол кезге чейин диндин терс жактары болбогондур, же да менин аң-сезимим, билимим, дүйнө таанымым андайды аңдай алган эместир.

Кийинчерээк динди аркалаган адамдардын жүрөк айланткан, коомдо өтө эле өөн учураган, ыплас жосунсуз жоруктарын көрө баштадым. Адамдын кыжырын кайнаткан калптарын уга баштадым. Союз ыдырап, биздин жарандар ар кайсы өлкөлөрдөн дин жаатынан билим алып келе башташты. Ар кимиси ар түрдүүчө багытта билим алышкан дин жайылтуучулар, динге үгүттөөчүлөр элге ар түрдүүчө маалымат бере башташты. Кээ бирлери "Ислам жолунда жүрбөгөндөр, намаз окубагандар баары кафир, алардын баары биздин диндин душмандары, алардын баары тозокко түшүшөт" дешип, агрессивдүү исламды жайылта башташты.

Кээ бирлери ачык эле дүйнөбий (светтик) мыйзамдарга баш ийбей, шариаттын мыйзамы менен гана жашоого (мисалы, көп аял алууга ачык чакыруу) элди үндөй башташты.

Баарынан да мени ирээнжиткени, кыжырымды кайнатканы – бул миңдеген жылдардан бери муундан муунга берилип келе жаткан улуттук баалуулуктарды (Ноорузду майрамдоо, мазарларга сыйынуу, тушоо кесүү, той өткөрүү, өлгөндө өкүрүү, кошок кошуу, комуз чертүү, ырдоо ж.б.) жана светтик жашоонун талаптарын (прививка алуу ж.б.) "күнөө, ширк, харам" дешип ал баалуулуктардын ордуна араптардын, пакистандыктардын, бангладештиктердин баалуулуктарын (бир туугандар үйлөнсө боло берет, эркектер сөзсүз сакал коюусу, аялдар хиджап кийүүсү керек, адам өлгөндө үн чыгарбай дароо апарып көмүү ж.б.) таңуулашканы болду.

Өз улутумдун салтына, тилине, кийимине, маданиятына бөлөк элдин баалуулуктарына сугарылып, мээси ууланып калган улутташтарым тарабынан кол салуу болуп жатканын көрүп туруп унчукпай отуруу саткындыкка, чыккынчылыкка, кылмышка тете экенин баамдадым. Өз улутунун баалуулуктарынан бөлөк элдин баалуулуктарын жогору коюу бара-бара улуттун жок болушуна алып келээрине толук көзүм жетти.

"Дин жолунда жүрө бергиле, бирок өз улутуңардын баалуулуктарына, иденттүүлүгүнө, көрөңгөсүнө зыян алып келбегиле" десем "сен дин душманысың, кафирсиң, калмаксың, теңирчисиң, союп кетебиз, аз калды сендейлер менен эсептешээрибизге" деген билдирүүлөр, кекетүүлөр көп болду. Андай коркутуп-үркүтүүлөр өмүрү бир китепти аягына чейин окубаган, дават айткан молдону "дүйнөдөгү эң билимдүү адам" деп эсептеген, аалымдын айтканын "Аллахтын айтканы" деп түшүнгөн, "кудай" десе динди түшүнүшкөн, уулум менен тең курактагы балдардан келип жатты.

"Улутуң ким?" деп сурасаң "альхамдилла мусулманмын, кайсы улуттан экениң маанилүү эмес" деген аттестатында бир дагы 4-5 деген баасы жок, жадыбалды жатка билбеген жаштар мени тозок менен, акыреттеги сурак менен коркутуп жаза башташты.

"Ушул дүйнөнүн тозогунан, ата-бабалардын арбактарынан, келечек муундун, урпактардын сурагынан корксоңчу?" деп кайра-кайра кайталап айткым келет!

Мен өз улутумдун салты, тили, улуттук кийими, улуттук аспаптары ж.б. баалуулуктары сакталып калуусу үчүн жанымды бергенге даярмын. Эгерде менин өлүмүм менен эле бөлөк элдин маданиятынын, салтынын үстөмдүгү токтой турган болсо, анда мен бүгүн өлүүгө даярмын.

Диндердин баарын адам ойлоп тапканын, диндер өз озуйпасын аткарып бүткөндүгүн, азыр диндин оюндары жок тунук мээ менен жашай турган учур келгенин, бейиш да, тозок да ушул гана жашообузда экендигин, кудай башка, дин башка экендигин ар бирибиз түшүнгөндө гана алдыга жылыш болот, жашообуз оңолот!

Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы динди арткы планга коюп, заманбап технология менен жакын дос болуп жашап жатышкандыктан алар өнүккөн, гүлдөгөн өлкөлөрдө жашап жатышат, "акыреттеги суракка" даярданышпай эле.

Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар башкаларга көйгөй жаратпай эле, башкаларга "биздей болбосоң тозокко түшөсүң, таш бараңга алабыз, союп кетебиз" дешпей эле, бирөөлөрдү жардырып, өлтүрүшпөй эле каалаган динин карманышып, жапжакшынакай болуп эле өзүлөрүн бактылуу сезип, башкаларга бакыт тартуулап жашап жатышпайбы. Биз ошолордой болуп жашасак болбойбу? Же сөзсүз эле бири-бирибизди "сен арапкулсуң, сен тенирчисиң, сен баптистсиң" деп жектеп, душман көрүп жашашыбыз керекпи?

Кайсы динде болбосун же дини жок жашаган адам болсун, жакшы адам болсо болду да, элине, улутуна, мекенине пайда келтирип жашаса болду да, пайда келтирбесе койсун, зыян кылбай жашаса болду! Бар болгула!

Бектемир Төлөн уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз