Мидин Алыбаев: «Осмонаалы лөөкүй»

АҢГЕМЕ

«Тулпар тушунда, күлүк күнүндө» дегендей Өмүраалы Келдибеков өз учурунда далай дүңкүлдөгөн. Анын кыдырбаган жери, кылбаган кызматы калган эмес. Кош жаздыкты чыканактап Өмүкең нечендердин төрүндө олтурган. Далай чоң чогулуштарды жеке башкарган күндөрү да болгон.

Бул Өмүраалы Келдибековдун өткөргөн иштери. Эмичи? Эми иш төмөнкүчө; мурда борбордо иштеп жүргөн Келдибеков областтарда боло калып, андан жылмышып түшүп, райондон калганына көп убакыт болуп кетти. Азыркы мезгилде кой фермалыкка иштөөнү оордук көрдү эле, анда алты жылдан бери алдыңкылардын бири болуп келе жаткан Карабайдын келини Жамал иштейт экен.

Күндөрдүн биринде Өмүраалы өзүнчө олтурду дагы өткөн-кеткендерин ойлоп келип, барлык документтерин алдына жайды. Эскиргендиктен саргыч тартып кеткен кагаздардан: кайсы кызматка тургандыгы, минтип бошогондугу, мүнөздөмөлөрү, толуп жаткан бир айлык, эки айлык, үч айлык курстарды бүткөндүгү жөнүндөгү справкалар биринин артынан бири келип жатты.

Мына ошолордун ичинен бир жылдарда “малчылардын кадрларын даярдоо» курсун бүткөн справка колуна тиер замат, азыркы райондун жетекчисинин бири Табалдиев Тайлак эсине түшө калды. Эмне үчүндүр Өмүраалы кубанып кетти. Анткени, ошол курста Табалдиев да окуган. Өмүраалы аны “суу жукпас” деп тамашалай турган. Ал ичинен «Карачы! Мен улам ылдыйлап, өз айлымдагы келиндерден кызмат талашып калдым. «Суу жукпас» болсо, бир районду бийлегендердин бири болуп жүрөт... Эми эске алаар бекен?» деп бир үшкүрүп кагаздарын жыйды...

Табалдиев Тайлак Өмүраалы менен бир кезекте моюн алышып түшкөн сүрөтүн бир топко чейин кармалап олтуруп, кайра Өмүраалыга берди дагы:

- Эми сени кандай кызматка коёмун?

- Өзүң... э... өзүңүз билиңиз, — деди Өмүраалы жер карап.

- Өзүң кайсыга иштесем дедиң эле?

- Мал чарбачылыкты бирге бүттүк эле го. Ошол жак эле болсо... Мал доктур кантип боло албайын?!

- Ээ, Өмүке, — деди Тайлак башын чайкап, — баягы эле бойдон турбайсыңбы, кокуй! Ага билим керек!

- Койдун куйругу курттаса көк таш салат. Жоорго жалбырак жабат, ушуга да билим керекпи? — деди Өмүраалы алаканын тырмап.

Эки дос ары кетишип, бери кетишип жатып, акыры Өмүраалы «Жаңы Күчкө» ветеринарлык фельдшер болуп дайындалды.

Колхоздордогу малдын өлүм-житими боюнча райондук отчёт Табалдиев Тайлактын кабинетинде жүрүп жатты. Табалдиев ар бир колхоздон канча мал киреше, канча чыгаша болуп жаткандыгын «жетекчилик көз» менен өтө кылдат карап олтурду. Канча мал, эмне менен өлгөндүгүнө да көңүл буруп жатты.

«Жаңы Күч» колхозу боюнча эсеп-кысап жүрүп жаткан учурда Табалдиев Тайлактын колуна тайтаңдаган кол менен жазылган актылар урунуп калып турду. Аны же орусча, же кыргызча жазылганын ажырата албай, Тайлак аксакал талдап, бөлөк коюп отурду.

Бир мезгилде райондун башкы ветврачы Жапаркуловду жанына чакырып алды дагы:

- Мына мында эмне деп жазылган? — деди эле Жапаркулов жакшылап окуп жатып ажырата албай: «Осмонаалы Лөөкүй», — деген оору менен өлдү дегенин гана түшүндүм, башкасын билбейм.

- «Осмонаалы Лөөкүй» деген оору болобу? — деди Табалдиев.

- Жок. Мындай ооруну уккан эмесмин.

- Институт бүтүп келип ушундай ооруну билбейсиңби? Карачы, «Жаңы Күч» колхозунан жалаң «Осмонаалы Лөөкүй» менен он беш козу, төрт улак өлүптүр. Бир айдын ичинде ушундай чыгымга учураптырсыңар, деп Табалдиев колхоздун председателине олоңдоп карай баштаган мезгилде Жапаркулов жанакы актыларды аябак шыкаалай карап жатып каткырып жиберди да:

- Оо, кокуй, аксакал. Бул актыны Келдибеков Өмүраалы жазган турбайбы? Ал киши ветеринария менен эч кандай иши жок неме экен. «Осмонаалы Лөөкүй» эмес, «воспаление легких» деген ооруну айткысы келген тура, — деди.

- Келдибековду өзүңүз жибердиңиз беле? Сиздин жаңы кадр, - деп колхоздун председатели жемеден кутулганына кубанды.

Табалдиев болсо «Осмонаалы Лөөкүй» деп бир айтып, «воспаление легких» дегенди экинчи айтып, Келдибеков досу менен түшкөн кап-качанкы сүрөттү элестетип, башын чайкап өзүнчө ойго кетти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз