Жолдубек Качкынбаев: Таажычандар

  • 28.07.2020
  • 4084

АҢГЕМЕ

2020-жылдын кыш мезгили. Аба ырайы Сун Хуа менен Ван Сяоюнь деңиз азыктарын сатуучу базарга барып келгенден кийин бузулду. Жаш үй-бүлө тун уулу Яндын туулган күнүнүн урматына балык жана жарганат этин сатып келишти. Алар  үйүнүн астанасын аттап, эшигин бекитери менен, сыртта болуп көрбөгөндөй алаамат башталды. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү ухандыктарды түйшүккө салды.

Чак түштө күн дидарын булут каптап, бороон-чапкын күчөп, кар жебедей сызып, бир суук кабар айта тургансып, Сун Хуанын үйүнүн терезесин каккылайт. Бул үй-бүлөсүнүн сыртта болуп жаткан кырдаал менен иши жок. Бейкапар дасторкон жайып, тамак даярдоо менен убара. Сун Хуа балык этин кыпкызыл кылып кууруса, колуктусу Ван Сяоюнь жарганат этин жиликтеп, түрдүү татымалдар менен аралаштырып, печкага салды.  Бул учурда Ян иниси менен китептерди барактап, баланы алаксытуу үчүн Лу Юйпин менен бирге китеп бетиндеги кызыктуу сүрөттөрдү тигиле тиктеп отурду. Эч ким терезе пардасын ачып, сыртты бир карап койгон жок. Табият жан үрөп, бороон кыйкырык салып, ал жаны калбай карды сапырып турганына назар салышпады. Жаратылыштын ишаратын байкашкан жок.

- Ян, Лу Юйпин, уулдарым менин, тамак даяр болду.

- Макул, апа. Азыр барабыз. – Эки периштенин тамакка болгон табити качып, көңүлү айнып, ошол отурган  жеринде эле отургулары келди.

- Балам, келбейсиңерби, иниңди жетелеп кел. Торт кесип берем.

Бүгүн Яндын эң кубанычтуу күнү болсо да, ал эмнегедир муңайынкы. Анын себеби да түшүнүксүз. Ата-энеси үзүлүп түшүп, белегин белектей берип, ашын алдына койсо да, жылдызы качып, жаны кейип турду. Бирок ата-энемди капа кылбайын дегенсип, эки көзүн жылтыратып, ууртунан жылмайып отурду. Сун Хуа уулуна бир кесим торт кесип, ага болгон жакшы каалоо-тилектерин айтты. Апасы бош чөйчөктөрдү шире менен толтуруп, перзентинин көңүлүн алууга улутунду. Баягы печкада чоктой кызарып бышкан жарганат этин алып чыгып, устукан бөлүштүргөндөй эле бөлүп, көлөмү алманын башындай төрт фарфор идишке салды. Ага селбик катары аппак күрүчтөн кошту. 

Сун Хуа менен Ван Сяоюндун маанайлары шат. Экөө деле күндөгүдөн башкача бактылуу. Табият дагы эле тынбай терезесин тыкылдатып, каалгасын койгулады. Бирок жаратылыштын берген белгисин аңдай алышкан жок. Эч нерсеге маани бербей, күндөгүдөй күлүп-жайнап уулунун туулган күнүн тосуп жатышты. Кичинекей периште Ян жүрөгүнүн түпкүрүнөн бир нерсени сезип турду, бирок даана биле алган жок. Алдындагы тамагынан баш тартып, бөлмөсүнө кирип жатып алды. Анткен менен Сун Хуа менен Ван Сяоюнь эч жерге шашылган жок. Жарылчудай болуп жарганаттын этин тамшана жеп, дагы бир топ нерселерди жалмашты.

Табияттын экөөнөн түңүлгөнсүп, түрү бузук. Жерди беш сапырып, бороон-чапкын кылып чарчагандай өңү кубарыңкы, суз тартып жатат. Ушул түн адам баласынын өмүрүнө азап-тозок алып келген эң каргашалуу түн. Сан миңдеген пенделердин жайдары жашоосуна бүлүк салган дүмөктүү түн. Миллиондордун көз жашын мухит кылган, ак менен караны айрып, жаман менен жакшыны иргеп, турмуштун таразасына салып, алсыздарды көргө, күчтүүлөрдү өргө сүйрөгөн калыс түн.

Сун Хуа менен Ван Сяоюндун ашказанынан төбөсүнө таажы тагынган вирустар ойгонду. Жеткен митайым, коркунучтуу, жан алгыч вирустар экөөнө чала бышырылган жарганат аркылуу жукту. Алар денедеги клеткадан түнөк таап, ал жерден азыктана башташты. Өздөрүнүн ким экенин көрсөтүшкө али ашыгышкан жок, азырынча алардын эң негизги максаты – чоң күч топтоо болду.  

Бул каракчылар ушул күндү көпкө күтүшкөн. Эми чилдей тароого,  дүйнө жүзүн каптоого убакыт келди. Сун Хуанын ашказанына түшкөн таажычандардын падышасы калкын чогултуп, мажилисте мындай деди: “Биздин максат адам баласын жок кылуу эмес, жөн гана күн көрүү. Биз боз топурак үстүндө, же сууда, ташта, чөлдө күн көрө албайбыз, болгону кылымдар бою кыңк этпестен кыймылсыз жатышыбыз мүмкүн. Бизде жашоонун жана көбөйүүнүн бир гана жолу бар, бул – адамдардын клеткасынан байыр алуу. Буга чейин түрдүү жаныбарлардын организминде күн көрүп келдик, эми биз үчүн жашоонун жаңы этабы башталды. Өзүңөрдү эч качан бир жаман жандык катары эсептебегиле, биз болгону жашоо үчүн гана күрөшөбүз. Биз адамдардын душманы эмеспиз, аларды өлтүрүп, жер бетинен жексен кылсак деген оюбуз жок. Бирок кандай болгондо да, алар бизди жаа тартып, найза сайган душман катары кабыл алышат. Анткени биздин адам организминде жашап, аны менен азыктанганыбыз алар үчүн тозоктун жалындаган оту менен барабар. Эскертип коёюн, кичинекей наристелерге, тестиер балдарга, жаш улан-кыздарга жоломой жок. Биз миң жаман болгон күндө да, айрым адам балдарынан өйдө турабыз. Биз эч качан наристелерге кол салбайбыз, эч кимге жаман айтпайбыз, бири-бирибизге көр казбайбыз. Эй, кылымдар бою уктап жаткан каракчылар, силер жөнөкөй жандык эмессиңер, алдыгы кийип турган таажыңарга татыктуу болгула! Силер жөнөкөй жарганаттын, же сойлоп жүргөн муздак кандуу жыландардын ичинде жүргөн жериңер жок, унутпагыла, силер менен эсептешчү жандык – дүйнөдөгү жырткычтардын жырткычы, керек болсо бири-бирине боор ачыбаган адам баласы. Бирок кандай болгон күндө да, адам деген - кудайдын сүйгөн пендеси. Алар жер бетиндеги эң акылдуу жандар. Адам кааласа балыкка үн, дөңгөчкө жан киргизет. Адам менен күрөшүү оңойго турбайт, алар бизди көз ачып жумганча жок кылып коюшу ыктымал. Ошондуктан сак болгула!”

Митайым жандыктар алгачкы күндөн тарта эле өзүнүн ким экендигин көрсөтүүгө ашыгышкан жок. Азырынча адам клеткасында жан багып, ал-күч топтоп, кичине көбөйө турууну туура көрүштү. Керек болгон учурда падыша аларга өзү кабар бермей болду.

Таңкы саат алтыда коңгуроо шыңгырады. Сун Хуа туруп тамактанып, адаттагыдай эле ишке шашты. Ал шаар ичинде коомдук транспорт айдайт. Жубайы азырынча балдар менен үйдө. Бирок алаканын жайып бош отурбайт: балдарды окутуп, кирин жууп, тамагын камдагандан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенет. Кол өнөрчүлүк дегенде – кийим токуйт. Кардарлар өздөрү буйрутма беришет. Ал эми мындай учурда топу, чыптама, байпак токуп, жергиликтүү дүкөндөргө өткөрөт. Ван Сяоюндун кесиби боюнча экономист, бирок шартка байланыштуу үйдө. Негизи ал сүйүктүү жар, мээримдүү эне, кумурскадай жаны тынбаган эмгекчил аял.

Арадан үч күн өттү. Азырынча Сун Хуа менен Ван Сяоюнь куландан соо. Качан бешинчи күн дегенде экөөнүн дене табы көтөрүлүп, чалгы менен чапкандай төшөккө сулашты. Тамагы ооруп, кургак жөтөлүп, дем алуусу татаалдап, кадимки сасык тумоонун белгилери ортого чыкты. Сун Хуа убактылуу жумушка чыккан жок. Экөө кытайчасынан ачуу-пачуунун баарын жеп, сасык тумоого каршы дары ичип, думбаланып жатышты. Кызык, сасык тумоо үчүн дагы дарыгерге кайрылышмак беле? Көп болсо эки күн жатышат да, кайра туруп кетишет. Дал ошондой болду. Сун Хуа эки-үч күн дарылынып, толук жакшы боло элегинде ишке чыкты. Ал эми жубайы дагы эле төшөктө...

Таажычандардын падышасы кулдарын адамдын өпкөсүндөгү хан сарайына топтоду. Алар үч-төрт күн ичинде жанданып, алгачкы тажрыйбаларын жасап, адамдын организми менен толук таанышып чыгышты.

– Төбөсүнө таажы тагынган кулдарым, биз жаңы чөлкөмүбүз менен таанышып болдук. Бул жерде байыр алуу биз ойлогондой оңой эмес, биз а деп астананы аттаар менен иммунитет менен күрөшөбүз. Ал биздин эң негизги душманыбыз. – Таажычандар башын жогору көтөрүп, падышанын сөздөрүнө ынтызардуулук менен кулак салып турушту. Эч кимиси анын сөзүн бөлүп, же башка ойлор менен алагды болгон жок. – Иммунитет дегенибиз оңой моюн суна турчу нерсе эмес. Алар кашык каны калганча күрөшүшөт. Бирок бактыга жараша, иммунитет дегенибиз бардык адамдарда бирдей эмес, кээ бирөөлөрүнүкү күчтүү болсо, айрымдарыныкы алсыз. Менин кулдарым, төбөсүнө таажы тагынган арстандарым, эми биздин доор башталды. Мындан ары жашообузду улантуу үчүн менин буйруктарыма баш ийип, айткандарымды жасайсыңар. Эмесе мындай, эртеңден баштап Сун Хуа аркылуу башка адамдарга өтөбүз. Чүчкүрүк-бышкырык жана башка байланыштар аркылуу бир адамдан экинчисине жугуп отуруп, дүйнөнү жалындай каптайбыз. Бирок бул жортуулубуз оңойго турбайт. Сак болуу үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыктык, ошонун негизинде гана иш алып барабыз. Алардын эң эле биринчиси – адамга жуккандан кийин дароо өпкөгө өтүп кетүүгө болбойт. Эки жумача шек алдырбастан күч топтоптойбуз. Тымызын башка адамдарга жугабыз. Бул жерде адам баласы өзү бизге көпүрө болуп берет. Экинчиден, бул аралыкта биздин биринчи милдетибиз сак болуу. Эгер адам шектенип калар болсо, терибизди тескери сыйрыйт. Андыктан жортуулубуз тамактан башталат. Ал аркылуу организмге өтөбүз. Организмге кирер менен иммунитет менен болгон кармаш башталат. Аны жеңер менен клеткага жайгашасыңар. Бир клеткадан экинчисине кирип ойномой жок, башка таажычандарды бөлүп чыгарууга шашылгыла. Качан клетканы өлтүрөсүңөр, ошондо гана экинчи клеткага өтүүгө улуксат берилет. Ээй каракчыларым, эстен чыгарбагыла, биздин максат адамды өлтүрүү эмес, бирок биз алардын организми менен азыктанган учурда, адамды өлүмгө жетелеген алаамат башталат. Адамдын ден соолугу зыянга учурап, ички кубулуштардан улам өпкөгө доо кетип, ал акыры дем жетпей өлүп да калышы мүмкүн. Силер ар бириңер миллиондогон таажычандарды бөлүп чыгасыңар, анан алар да миллиондорду жарык дүйнөгө алып келишет. Ал эми адам бул нерсени көтөрө албайт.

Сун Хуа чакан чөлкөмгө бул митайымдарды пул бергендей тарата баштады. Таажычандар бир адамдан экинчисине жугуп, тездик менен жайылып барат. Сун Хуа толук айыгып кете электе ишке чыгууга мажбур болду. Кыйналат. Денеси бирөө жанчып кеткендей. Муундары зыркырайт. Ашыкча кыймылдаса эле көл-шал тер. Жанагы каракчылар тамакты тытмалашып, шайды оодарат. Сун Хуанын дене табы тоолорду ашкан жолоочудай бир ыйдый түшүп, бир өйдө көтөрүлөт. Ал жан алгычтарды биринчилерден болуп кесиптештерине, кардарларына жуктурган. Башта дарыгерлер тобу да кенебестик кылып, врач Ли Вэнлиандын “Бул жугуштуу оору”,– дегенине кулак аспай коюшту. Тескеринче, Ли Вэнлиан коркутууга жана опузалоого кабылды.    

Ошол күндөн тарта адам баласы менен таажычандардын ортосунда катуу кармаш башталды. Алар эч кимди улутуна, жынысына, даражасына карап бөлгөн жок. Актар менен каралар да, байлар менен кедейлер да, билимдүүлөр менен түркөйлөр да бул илдетти илээштирип, бир далайы курман болушту. Таажычандар таланттууларды да аябады. Сун Хуа бул ооруну көтөрө алган жок. Жашагысы келди, бирок таажычандар тамырын кыркты. Ага дем жеткен жок, дүйнө тарып, ааламдагы чексиз аба Сун Хуага жетишсиз болду. Өлүм алдында жатканда үй-бүлөсү көз алдына тартылды. Балдарын бекем кучактап, жыпар жытынан акыркы ирет искеп-искеп алгысы келди. Бирок бул каалоосу орундалган жок. Бир кезде көзүнөн жаш сыдырылып, ошону менен ооруканадан түбөлүккө жан берди. Анын жубайы жесир, балдары атасыз калды. Жер бетинде бул өңдүү тагдырлар көбөйгөндөн көбөйдү. Бул оорунун коркунучтуу экенин биринчилерден болуп дүйнөгө жар салып чыккан Ли Вэнлиан таажычандардын айынан көз жумду. Кап, Син Хуа ошондо терезенин пардасын ачып, жаратылыштын берген ишараттарына көңүл буруп койсо эмне? Балким, ушунун баары болмок эместир...

Бул аралыкта адамдардын турмушу, алардын жашоого болгон көз карашы өзгөрдү. Кыйын күндө адам деген асыл сапатты жоготушкан жок. Байлары кембагалдарга кол сунуп, күчтүүлөрү алсыздарды коргоп жатты. Ал эми дарыгерлер “Учурдун баатыры” аталышты. Адамдар буга чейин бири-бирин иттей талап келишсе, жок, эми андай эмес. Азыр тескеринче, камкор, боорукер, берешен жандар көбөйдү. Чачылган эл бир муштумдай түйүлүп, таажычандарга болгон каршы күрөштү күчөтө берди.

Адам баласына болуп көрбөгөндөй азап-тозок алып келген митайым жандар барган сайын алсырай баштады. Дүйнө эли ага жапа тырмак каршы күрөшүп, жер бетинен жок кылуу иши менен убара. Дарыгерлер үй-бүлөсүн таштап, күндүр-түндүр бейтаптарды кабыл алып, миллиондогон жандардын өмүрүн сактоодо. Өлкөдө тээ баштан бери келаткан өзгөчө кырдаал уланып, бир калыпка түштү. Бул жараян таажычандардын падышасына жаккан жок. Кырылып баратышканын сезген таажычан падыша дароо элин топтоп, жыйын жасады:

- Эй акмактар, келесоолор, силер өзүңөрдү адам баласына теңебегиле! Силер алардын тырмагына да тең келбейсиңер. Эгер адам кааласа, Айга барып конот. Силер жаныңарды баккандан башка эч нерсе билбейсиңер. Керек болсо ошо жаныңарды да тыңыраак карай албай кырыла баштадыңар. Силер менин үмүтүмдү актап, кийип турган таажыңарга татыктуу боло алган жоксуңар. Акыр түбү адам баласынын жеңип кетерин сезгем. Өзүнөн башка эч кимге пайда алып келбеген мыкаачылар, биз алсыздандык. Баштагыдай кубатка ээ эмеспиз. Белгилүү бир убакыттан соң жок болобуз. Биз жер бетине бакыт алып келдик деп айта албайм. Бирок биз адам баласынын көзүн ачтык. Элге кудайды тааныттык. Мындан ары адамдардын жашоосу такыр башка нукта уланат. Ушул биздин жападан жалгыз жеңишибиз. Ээй каракчылар, биз билип туруп наристелерди ата-энесиз калтырдык, сүйүшкөндөрдү бири-биринен ажыраттык. Сан миңдеген үй-бүлөлөрдү кыйраттык, ушудан кийин биздин мындан ары жашоого акыбыз барбы!? Биз жаман максатта келген эмеспиз, болгону өз жашообуз үчүн күрөшүп көрдүк. Акыр түбү жеңилдик. Биз, таажычандар, бардык кетирген күнөөлөрүбүздү моюнга алабыз. Негизгиси бизге бул жарыкта орун жок экендигин түшүндүк. Жалпы адам баласын кайгыга салып, ыйлатып, жарык күндө карайлатканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Кечире алсаң кеч бизди, асылдардын асылы болгон адам баласы! – деп жалпы адамзаттан кечирим сурап, падыша таажычандарын жыйып, ошол бойдон жер бетинен жексен болушту. Жок болушту.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз