Абдыкерим Муратов: Коронавирус жана миң гүл (толукталган варианты)

  • 29.07.2020
  • 3917

АҢГЕМЕ

Самолёт учуу тилкесинен бир булкунуп көтөрүлө бергенде Миңгүлдүн да жүрөгү бир булкунуп алып, ошол бойдон тырышканын коё бербей тепчип калды. Ал, мына, жакында отузга келип калса да, көккө биринчи учушу. Айтсаң эч ким ишенбейт. Өмүр бою шаардан чыккан жок. Такыр чыккан эмес десек болбостур, эки жолу Алма-Атага бир жумалык окууларга барып келген, бала убактан аталары менен жайында он-он беш күнгө Ысык-Көлгө барып турчу, анан ушул эле Чүйдүн тоо тараптагы бир айылында турган чоң ата-чоң энелериникине анча-мынча барар эле. Алар каза болгону атасы да, апасы да айылга барганын токтотту, алар барбаса кызы да барбайт да. Анан калса үйдөн чыгышты дале жактыра бербейт. Он жылдай болуп калды. Айылда бир жумадай отурууга туура келди. Аргасыздан. Өмүр бою медайым болуп жүргөн апасы каза болуп, анын сөөгүн айылга койгондо боз үйдө кошок кошкон туугандарынын айтканан кылып, кирип-чыккан аялдарды таңыркай карап отурган.

Апасы Асель Жанузаковна ооруканда жатканда атасы экөө күнү-түнү жанынан чыккан жок. Атасы Алым Маликович жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы, апасы болсо ушул бөлүмдүн улук медайымы. Алардын жалгыз кызы Миңгүл мектепти бүтүп аткан.

- Түркияга же Индияга барып бооруңду алмаштырып келели, макул бол! – деди атасы аялына эчен жолу айткан сөзүн кайра кайталап, жалбарып.

- Кереги жок, - деди апасы. – Ал жактан келгендерди да көрүп атабыз. Сенин бооруңду мага салса – сен да жарым жан болуп каласың.

Ушундай кыска-кыска сүйлөшөт да, сөз бүтөт. Асель ары карап жатып алат.

- Апаң ушундай – апа. – Алым далай айткан сөздөрүн кайра кайталайт. – Өзүн өзү этияттабайт. Бул жер деген жугуштуу оорулар жаткан жер деп канча айттым. Болбой эле беткап тагынбай оорулардын кирин жууп, чайын кайнатып берип, кошо тамак ичип жүрө берет. Акыры гепатит жуктуруп алды. Анысын убагында дарылабай оор түрүнө өтүп кетти.

Асель аябай арыктап, алсырап, өңү бозоруп, ордунан тура да албай калды. Суюк тамакты бир-эки эле ууртайт да, шыпты карап мелтиреп жата берет.

- Эми сен кантесиң? – Апасы бир күн Миңгүлдүн чачын сылады.

Кызы ыйлап жиберди.

- Апа, мен врач болом. Сизди айыктырам!

- Тилегиңден сенин... Мен сага бир нерсени айтайын дедим эле... – Апасы кызына араң шыбырады.

Анын сөзүн атасы бөлүп кетти:

- Миңгүл, барып сырттан бир боржоми алып келе калчы, кызым!

Миңгүл тез эле кайтты. Келсе, ак халатчандар алдын тороп Миңгүлдү палатага киргизбей койду. Эки аял бөлүмдүн машинасына салып көнбөгөнүнө койбой үйүнө алып кетти.

Ошентип апасынан айрылды.

Ошондон кийин атасы экөө жалгыз калды. Бир үйдө экөө эле. Атасы кызы менен кеңешип отуруп Медакадемияга тапшыртты. Медакадемияда жакшы окуду. Атасынын жардамы менен латынчадан да, фармокологиядан да кыйналбады, ооруканаларды кыдырып тажрыйбалуу врачтардын жанынан чыкчу эмес, коркпой эле морго да, судмедэксперттерге да кире берчү. Ошентип жүрүп жигиттер менен да сүйлөшпөптүр. Бир-эки жолу ылайыктуу жерлерден кудалашалы деп да келишти, атасы да бара бер деп ыраазылык билдирди, бирок кызы ал кишини жалгыз таштай албай койду.

Окуусун бүтөрү менен республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жумушка кирди да, кызы атасы башкарган бөлүмдө инфекционист врач болуп бир үйдө эки врач – атасы менен кызы эле жашап калды. Экөөнүн иши да бир, чогуу барып, чогуу келет.

Бир күнү жай отурганда кызы:

- Ата, апам акыркы күнү сага бир нерсени айтайын дедим эле дегенде сен мени чыгарып ийдиң, ошондо эмнени айтмак экен? – деди.

- Мага кызыбызды жакшы кара деди. Сага атаңды жакшы кара десе керек да! – Кызынын көзүнө тике карай албай атасы акырын үн катты. – Айтмакчы, апаң ооруну кантип жуктуруп алганын, анан кантип ооруганын, бизге да жугуп калбас үчүн эмнелерди кылганын – бүт-бүт күндөлүк кылып жазып жүрүптүр. Балким ошону берейин деди беле. Сен диссертацияга тема алып, апаңдын күндөлүгүн да пайдалансаң болор эле...

Апасы өлгөн соң, атасы аябай эле чүнчүп үйдөн чыккысы келбей жүрөгүн кармап эле отуз жылдай чогуу жашаган аялынын сүрөтүн карап отура берчү болду. Экөөнүн ортосунда бир эле кыз – ушул Миңгүл бар. Миңгүл чын эле ушулардын кызыбы, же... ар ким ар кандай айтат, а Миңгүл андай сөздөрдүн бирин да уккан эмес, ага батынып ким айтмак эле...

*     *     *

Бир жолу медиктердин күнүндө, июлдун башында, ооруканадагылар,  дежурлардан башкалар Чуңкурчакка жайлоого барган.

Алым Маликович өйдөрөөк чыгып кеткен. Гүл терип аткансыган. Дасторкондо отургандар тамашалап ар нерсени сүйлөп атышты:

Алым Маликовичтин көзү бирөөгө түшүп калган го?

- Оой, кайсыл бактылуу айымга гүл терип атты экен?

- Гүл алчу айым арабызда го?

- Миңгүл Алымовна, атаңызга аял алууга үч жолу кайталап айтып уруксат бердиңиз беле?

- Ой, мен үч жолу эмес, жүз жолу айттым, ылайыктуу болсо деп, – Жамаат ичинде анча ачылып сүйлөбөгөн Миңгүл да шар суунун боюнда, таза абада отурганга чечилип кетти.

Анын жанында дагы бир жаш врач Руслан отурган. Миңгүлгө сөз айттырып жүрөт. Өзү бет маңдай келе албайт. Ар кимден айттырат. Ошол ар киминин бирине Миңгүл «мени жакшы көрсө, биздин үйгө келип, атам экөөбүз менен кошо жашасын» деп койгон. Ал болсо «Алым Маликович ушунча сүрдүү киши, аны менен кантип бир үйдө жашамак элем» дептир. Ошол-ошол болуп бул тема жабылган эле, бүгүн болсо шыйпалаңдап кайра жанына жакындап калыптыр.

Миңгүл атасы жакты карады. Жок. Көрүнбөйт. Жүрөгү шуу этти. Ордунан ыргып турду да, атасы жүргөн суу башы жакка жөнөдү. Бир тегирмен тоо суусу таштан ташка тийип агып келет, суу бетинде жайнаган гүлдөр кылкылдап агып жатат. Миңгүл кыйкырып ийди, отургандардын баары анын кыйкырыгынан нес болуп булар жакка чуркады.

Алым Маликовичтин бир буту сууга кирип, эс-учун жоготуп колундагы гүлдөрү чачылып жатыптыр.

Врачтар биринчи жардам көрсөтүп, кардиология институтуна алып келип текшеришкенде микроинфакт болуптур, мындай оору бийиктиктен кан басымы көтөрүлүп кеткенге болушу да мүмкүн, бир нерседен капа болушу да ыктымал, же катуу толкунданып кетсе да ушундай болот дешти кардиологдор.

- Сага миң гүл терип берейин деген элем, ошондо, - деп жүрдү кийин атасы, - терип бере албай калдым.

- Ой, ата, жакшы болосуз, миң гүл терип бересиз да...

- Ай, ким билет, Миңгүл, сага миң гүлдү ким терип берер экен?..

Алым Маликович бир айдай ооруканада жатты. Жумуштан да бошонуп алды. Миңгүл эрте менен атасынын чай-нанын, майда-чүйдөсүн даярдап кетет, түштө тамак ала келет, кечинде бир нерселерди кылган болот, кээде атасы тооктун этин салып коёт, ошону жеп алышат. Ал да кызын түшүнөт, өзгөчө жайдын ысык күндөрү ичеги-карын оорулары, сарык күчөгөн кезде ооруканадан бут тарта албай араң келет.

Эки жылга жакындап калды. Атасынын инфаркты үчүнчү жолу катуу кармаганда Миңгүл кудай жалгап жанында эле. «Тез жардам» машинасы келгенче кызына бир нерселерди айтып булдуруктап атты. Болбоду, Миңгүлдүн асма уколу да жардам бербей кете берди. Эмне айтканын кызы да түшүнбөдү.

Кыз ошондон кийин жалгыз калды. Жолу оорукана менен үй гана болуп, үйүнө кирери менен өксүп-өксүп ыйлап да жүрдү, атасы жаткан керебетти көрсө азыр да каректерин эки тамчы жаш аралап кетет.

*     *     *

Миңгүл Бишкектен министрликтен оорулуулар үчүн деп беришкен  сумкасынан дары алып ичип атып чочуп кетти. Жүрөктү жакшылап текшертиш керек эле, тукум куучулук эмеспи деген бир кокус ой келе калды башына.

Бир убакта самолёт бийикке жетип түздөлө баштады, ошогобу, же дары таасир эттиби – анын мыжыккан жүрөгү бир аз коё берди. Суудан дагы бир жутту да, иллюминатордон сыртты карады. Аппак карлуу тоолорду, ошол тоолорду өздөрүнүн аппак боёктору менен боёп бүтүп эми асмандагы уяларына чыгып бараткансыган түрмөктөлгөн ак булуттарды көрдү. Бир жерден ак булуттарды аралап алардын арасына кирип кетти...

*     *     *

Оштун аэропортунда Бишкектен келген врачтарды самолёттун шатысынан эле даяр турган машиналар экиге бөлүп салып кетти. Бир топ Ошко, Эски-Ноокатка бөлүнсө, экинчи топту Жалал-Абадга, Сузакка бөлүштү.

Булардын кичи автобусунун алдына МАИнин машинасы түшүп, өчүп-жанар чырактарын жандырып, Кашкар-Кыштакты аралап баратканда тосуп алууга келген Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн өкүлү:

- Сиздерди ушунчалык күтүп атканбыз. Ооруп жаткандардын үчөө-төртөөнүн жанын жаман оору жеп, силерге гана үмүт кылып турат! Ырахмат сиздерге! – деп ойлуу отуруп калды да, бир топтон кийин. – Жалал-Абадда болдуңар беле? – деди.

- Мен биринчи келатам. – Миңгүл акырын үн чыгарды.

Облустун өкүлү кагазын карап, сүрөттөрүнөн тааныдыбы, айтор:

- А, Миңгүл Алымовна, куш келипсиз! Буйруса, жакшы күндөрдө да келээрсиз... – деди ыйлап жибере тургандай болуп.

Анан алар Отуз-Адырга өтүп, машина жок ачык жолдон Өзгөндү аралап, мунаранын жанына келгенде, булар менен кошо бараткан, бишкектик дарыгерлер бригадасынын улуураагы Самат Хамидович оор үшкүрүнүп алып:

- Ушул жерден өткөндө базарга түшүп сөзсүз бир кило болсо да күрүч алчумун, желим бөтөлкөдөн Кара-Шоронун суусун канганча ичип, жолго да салып кетээр элем... Азыр ушул турган мунара өзүнүн алдында киши жок болуп калганын тогуз кылымдан бери биринчи жолу көргөн болуш керек... – деп ичтен улутуна кейип калды.

Салондогулар эч кимиси унчуга албады. Бир аздан кийин облустун өкүлү:

- Башка убак болгондо Өзгөндүн ашын жеп кетет элек... – Өкүнгөндөй бишкектик врачтарды бир сыйра көз жүгүртүп карап алып, Миңгүлгө көзү чагылыша калганда: - Биринчи  жолу келе жаткандар бар экен араңарда, бирок кечиресиздир, чайхананын баары жабык, анан калса, сиздерди чыдамсыздык менен күтүп атышат, - деп койду.

Ана-Кызылдан өткөндөн кийинки адырларга көк тулаң чөп ушунчалык калың чыгыптыр. Кимдир бирөө түнү бою жер бетине көк тукаба жаап кеткендей текши бирдей ыраңда кулпурат. Түнкү жамгыр да абаны сергитип тазалап салыптыр. Ар-ар жерде түрмөктөлгөн ак булуттар ашыкпай бир жактарга бара жаткансыйт...

Ошол тулаңдарды көрүп туруп Миңгүл атасын эстеди, атасынын гүл терип атып жыгылганын эстеди. Көзү тумандап, ачуу жаш бетин аралап жаагына түшүп, анан алдындагы медициналык сумкасына тык-тык таамп атты...

*     *     *

Кара жолду булардын машинасы улам шимирип жутуп коюп, бирде өөнгө түшүп, бирде кырга чыгып, бирде эки жагынан жар кысып, бирде жайыкка келе калып, ажайып көрүнүштөр кезигип атканы менен Миңгүлдүн башына сарсанаасы батпайт: коронавирус кайдан чыкты, биринчи кимден табылды, жыландардан, же жарганаттардан адамга өттү дейт, ал кантип өтүп кетет, деги жаныбарлардан мутацияланышы кандай жүрдү, бул жаңы дүйнөлүк согуштун бактерологиялык куралдар менен согушкан бир эпизодубу, Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алгандар неге ысык жактардан Пакистандан, Индиядан, араб өлкөлөрүнөн келип аткандар болуп жатат, анан калса диний зыяратка баргандар, беш маал даарат алгандар, замзамдын суусун ичкендер, эмнеге бул ылаң алар аркылуу тараш керек, неге бүт дүйнө бул оорунун вакциналарын таба албай кыйналап атат, мындай болсо улам жаңы жугуштуу оорулар чыга берип, дүйнө тынымсыз кыйсыпырга түшүп, адамзат жаңы согуштан эмес, биологиялык оорулардан кырылып калабы, кандай болсо да, эмне болсо да Миңгүлгө окшогон дарыгерлерди милдети – ооруган адамдарды айыктыруу, эгер атасы азыр тирүү болгондобу – ооруканага жан адамды жолотмок эмес, өзүнүн бөлүмү түбөлүк карантин болуп турчу, ооруну көргөнү бир да киши келчү эмес, врачтарга да өзүнчө кийим кийгизип, өзүнчө тартип орноткон, «инфекцияда иштегиңер келбесе, эркин жүргүңөр келсе, неврологияга которулуп алгыла» дечү. Анан буйруса, жакын арада оорулар баары айыгып, үйгө кайтып атканда ушул адырлардан өзүмө өзүм миң гүл терип аламын да, аны атамдын тартуусу деп билемин.

- Мына, келдик! – Облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн адиси кичи автобусту бир имараттын алдына токтотту. – Атайын кийимдерди кийип дароо эле палаталарга кирели!

Бишкектен келген врачтар үчүн деп бөлүнгөн бөлмөлөргө кирген дарыгерлер атайын кийимдерин: изоляцияланган халаттарын, маска менен шлёмдорун, буттарына оромдорун, колдоруна мээлейлерин, респираторлорун, көз айнектерин бир заматта кийип бүтүштү да, башкы дарыгерди ээрчип палаталарды кыдырып баштады. Ар бир палатага киргенде ооруп жаткандар керебеттерине отура калып, абалы жакшылар ордунан туруп кол чабышып, «кош келиңиздер», «ырахмат», «ыраазыбыз» деген сөздөрдү айтып тосуп алды.  Миңгүл бир эсе толкунданып, бир эсе апкаарып турду. Өзү иштеген ооруканага киргенде палатадагылар качан ушинтип тосуп алчу эле?

Кайра жалпы дарыгерлер бөлмөсүнө кирип отурушканда башкы врач Бишкектен келген дарыгерлердин ар бирине бирден, экиден оорунун тарыхы жазылган баракчаларын карматты да:

- Баарыбыз күнү-түнү ушул жерде болобуз, бирге иштейбиз. Колуңардагы бир же эки гана оорунун тарыхын бергеним, ушул пациенттер менен көбүрөөк болосуңар, аларга эң негизги жооптуу силерсиңер дегеним. – Ушинтти да жетимиштерге барып калган ак чач башкы врач Миңгүлгө кайрылды: - Сиз кандадаттык жазып жүргөн экенсиз, темаңыз кандай?

- Жугуштуу оорулардын таралыш факторлору жана алардын алдын алуунун чаралары, агай, Кыргызстандын мисалында.

- Абдан жакшы экен. Көп материал таап кетесиз. Сизге бардык оорулуулар, врачтар, медайымдар менен сүйлөшүүгө уруксат, керектүү нерселерди телефонуңузга тартып алсаңыз да, жазып алсаңыз да болот. Бирок жалпы инструкция боюнча ар бир ооруган адамдын жанында бир күндө эки жолудан артык, эки мүнөттөн көп болбойсуз.

- Ырахмат, агай.

- Үй-бүлөңүз барбы?

- Жок, агай, турмушка чыга элекмин.

- Эмнеге?

- Шарт ушундай болуп калды. Атам да, апам да республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына иштешчү, балким таанысаңыз да керек.

- Балким. Ким дегендер?

- Алым Маликович.

- Оо, тааныбаганда. Далай жолу мен өзүм да, врачтарым да ал кишиге барып тажрыйба жогорулатуу курсунан өтүп турчубуз. Ал киши кандай жүрөт анан?

- Көзү өтүп кеткен. Жакында ашын бердик.

Башкы врач булактан жата калып суу иче коёмун деп кокус эле баканын баласын жутуп алгандай унчукпай өң-алеттен кетип бир аз турду да, анан эле күтпөгөн жерден куран окуп кирди, бетине колун жазып «Кудайым акыретин абад кылсын, бул дүйнөдө билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин, калган өмүр жашын балдарына берсин» деп жүзүнө бата тартып, Миңгүлгө карап:

- Пенделик кызым... Ал кишинин артында эркек баласы бар беле? – деп суроолуу тиктеп туруп калды.

- Жок болчу. Мен эле...

- Сен бул жакка эмнеге келдиң анда!? Сени ким жөнөттү?

- Мен өзүм келдим! Суранып келдим!

- Сурангыдай бул жак... – «Той беле» деп айтып жибере турган болуп, өзүн араң кармады. – Мейли эми, балким илимий ишиңе материал жыйнап аларсың...

*     *     *

«Оорунун тарыхын» көтөрүп бөлүнгөн палатага кирери менен беткап тагынып жаткан жаш жигит колундагы телефонун кайда катарын билбей жалдырап калды.

- Саламатсызбы? – Миңгүл бөлүнгөн оору ушул жигит экенин боолголоду да, «Оорунун тарыхын» окуй баштады: «Жунус уулу Таажыбай, 1990-жылдын 11-декабрында туулган». Туурабы?

Жигит унчуккан жок. Ары жакта жаткан абышка гана күлө сүйлөдү:

- Бул өзүнүн атын билбейт. Элдин баары Таажы эле дейт. Врачтар да Таажы дейт. Сиз эле Таажыбай деп атасыз. А мен айтып калам, чоң атаң сени хан болсун, таажы кийсин деп ысымыңды Таажыбай койгон экен, эми болсо таажылуу вирус сени таап келди деп калам.

Башка убак болгондо чычалап кетет беле, бул жолу Таажы унчукпады, бет алдында чүмбөт ичинен көз айнегинен эки кареги гана бүлбүлдөп көрүнүп турган кызды карап нес болуп калгандай тура берди.

- Кызык! – деди врач кыз.

Анын кызыгын өзүнөн башка эч ким түшүнбөдү. Кызыгы – 1990-жылдын 11-декабры өзүнүн да туулган күнү эле.

- Абалыңыз кандай? – деди кыз жигитке.

- Жакшы!

- Бул жердеги дарылардын баарын алып жатасызбы? – Кыз жазуусуна жана тумбочканын үстүндөгү чачылып жаткан дарыларга бир карап алды.

- Алып атам!

- Эмне даттанууңуз бар?

- Даты эле, - ары жакта жаткан куудул чал күлкү аралаш сөзгө кошулду, - бул ооруну жугузган соң катыны сүйлөшпөй койду. Менин байбичем болсо мурдагыдан он эсе ысык болуп, бир күндө он жолу телефон чалат. Өлүп калат дейт го, чамасы, а мен жүздү багындырам да, анан өлөм.

Бул тамашага үчөө тең унчукпай калды, а түгүл палаталаш киши да туура эмес айтып алганын сезип калып:

- Келет да, келбегенде кайда бармак эле, - деп койду.

- Албетте, бул ооруну жеңүүнүн биринчи жолу – көңүлдүн тынч болушу, капаланбоо. – Дарыгер кыздын бул сөзү жигитке карай айтылды.

- Ырахмат. – Жигит ооз учунан ыраазычылык билдирди. Бирок анын үнү эч кимге угулган жок.

Миңгүл оорунун вирусу кайсыл жерден, кандайча жугушу мүмкүн экендигин, кимдер менен жакын жана алыс байланышта болгонун, үй-бүлөсүн, корвит-19 качан аныкталганын, кеселдин белгилери кандай билингенин жана азыр кандай болуп жатканын, ата-энелери кандай оорулар менен жабыркап келгенин ж.б. маалыматтар колундагы дептерлерде жазылып турса да, кайра бир сыйра тактап сурап чыкты. Мурдатан жазылгандарга жаңы эч нерсе кошулбады.

Ага алыстан эле пирометр каратты эле ысытмасы отуз жетини көрсөттү.

Оорулуунун жанында көп турбаш керек, чыгып кетти да, ординатурага барып, интернеттен коронавирус тууралуу макалаларды окуп отуруп, үч сааттан кийин кайра келди. Атайын жыттатуучу эки каражат алып кирди, биринде лимондун, биринде ромашканын жыты бар эле. Жигит жыттарды ажырата албай койду. Ошондой эле жыттарды тигил кишиге алып барды:

- Бири гүл экен, бирок кайсыл гүл экени эсимде жок. Экинчиси – лимон. Аны кантип билбейин, кемпирим экөөбүз бир маал чайды лимондоп ичебиз. Бах, лимон аракка сонун закуска да! – Куудул киши сөзүнүн аягын күлкүгө алды. – А тиги Таажы тоодо өскөн, лимондун жытын кайдан билмек эле. Койдун жытын, жылкынын жытын жыттатсаң, дароо билмек.

Ары жаткан Таажынын күрсүлдөгөн кыска жөтөлү, тамагынын кысылып жатканы бул жактагы Миңгүлгө кадимкидей сезилип турду.

«Оорулуунун тарыхын» сүрөткө тартып жана анын абалын баяндап, Бишкектеги пульмонологдор, инфекционисттер, терапевттер бириккен консилиумга салып жиберди. Ал жактан дароо эле онлайн байланышка чыгып, кайра ренгенге тарткыла деп тапшырма берди. Бишкектен ала келген Францияда колдонулган уколду саюуга уруксат сурады эле, бишкектегилер өзүң бил, өзүң жооптуусуң дегендей болушту.

«Оорулуунун тарыхына» ошол ала келген эки асма уколун жазып, түн бир оокумда медайымдар менен кошо өзү кирип, бөтөлкөдөгү раствор аралашкан дарыларды акыр аягына чыкканча карап турду.

Таажы улам-улам дарыгер кыздын көздөрүн карап, жашоого тойбой бараткан адамдай жалдырай берди...

- Мени сактап калгыла! Мен жашагым келет! – Көзүн жалдырата кызга тигилди.

Бир убакта Таажынын көзү жумулду да, уйкуга жеңилип берди.

Бул түнү ренгенге тартылбай калды.

*     *     *

Миңгүл оорукананын ичиндеги врачтардын жатак бөлмөсүнө барып бир аз кыңкая түшкөн экен, көзү илинип кетиптир, жакын эле жерден угулган азан ойготуп жиберди. Ыргып турду да, адатынча ата-энеси көнүктүргөндөй бөлмөнүн терезелерин ачып салмак болуп, анын мыкталып турганын көрүп анан өзүнүн да оорулар менен кошо толук изоляцияда экендигин эстеп отура калды.

Дароо атайын кийимдерин кийип кезметчи медайымды ээрчитип, бөлүнгөн палатасына баш бакты. Куудул чал уктап атыптыр. Буйруса, жакшы экен. Жакында чыгарууга болот. Кемпирине барып, лимондоп чайын иче берет деп койду ичинен.

Таажыбай болсо ойдолоктоп жатат. Өңү боппоз. Кыйналып атканы билинип турат. Оору басаңдатуучу дары берди да, анан дале рентгенге тартармын деп чыгып кетти.

*     *     *

Мектепте англис, немец тилдерин жакшы окуганы ырас болгон экен, кийин бир аз французча да үйрөнүп алган. Ошонусу ашык атып Миңгүл орусиялык гана эмес, кытайлык, жапондук, француздук, германиялык дарыгерлердин онлайн консилиумдарын тынбай көрүп атты. Өзү да ар бир кыймылын Бишкектеги профессорлор менен бөлүшүп, башка өзү сыяктуу коронавирус менен алышып аткан врачтар менен тажрыйбасын алмашып жүрдү.

*     *     *

Миңгүл дарылоо ишин баштагандан кийинки бешинчи күнү Таажыбайдын абалы оорлошуп кетти, ысытмасы отуз тогузга жетип, жөтөлү тындырбай күчөп, тамагы кургап, деми кысылып, туруп-туруп тутугуп калып, муундары какшап, колдорун өйдөгө сермеп-сермеп ийет.

- Жандандыруу бөлүмүнө алып кетели! Эки тараптуу пневмонияга өтүп кетиши мүмкүн. – Башкы врач ээрчий келген дарыгерлердин баарына кайрылды.

Баары макул дегендей унчукпай калды.

- Дарылаган врачы эмне дейт? – Миңгүлгө карап башкы врач жооп күтүп туруп калды.

- Дагы бир күн коё туруңуздарчы? Жасалма дем алдыруучу аппаратты ушул жерден эле кийгизели. – Миңгүл башкы дарыгерге жалдырай карады.

- Өзүңүз билиңиз, патологиялык абалы дагы оорлошсо, сизден сурабай эле алып кетебиз!

Келгендер ээрчишкен бойдон чыгып кетти. Миңгүл ысытма түшүрүүчү, жөтөлдү азайтуучу дарылардан дагы берди. Көл-шал болгон көйнөгүн акырын түрө көтөрө өзү анын курсагын ачып, гепарин сайды. Болбой эле кыйналып атканына чыдай албай чыгып кетти. Кайра эле отура албай палатага кирди.

Кечке жуук Таажынын ысытмасы бир аз түштү.

Башкы врачтан уруксат сурап, жашыруун түрдө бүт облуста ушул оору менен ооруп жаткандардын сүрөттөрүн топтоп койгон эле, Таажыга ошолордун кимисин тааныйсың деп бир-бирден жакшылып көрсөтүп атты. Таажы бирде ноутбугдун мониторуна карап, анан көзүн ал жактан ала коюп Миңгүлдү карап, ар бир сүрөттөн соң башын чайкап коюп атты. Демек, оорулууларды тааныбайт, чет өлкөгө чыккан эмес, кандай байланыш кайдан, кандайча болгону түшүнүксүз.

*     *     *

Дарыгерлер бөлмөсүнө келип палатага кийген кийимдерин жок кылуучу ящикке акырын чечип, акырын таштап, акырын өзүнө спрей чачып, ой басып отурганда ар дайым жанында коштоп жүрүүчү медайым жакын келди да:

- Сиз жана сүрөттөрдү көрсөтүп атканда пациентиңиз сүрөттөргө эмес, сизге көбүрөөк карады го, - деп сырдуу жылмайып койду.

- Мени караган менен ушул кийимдерден эмнени көрмөк эле.

- Бишкекте паркта түшкөн сүрөттөрүңүздөн менин инстаграмыма жүктөп бериң, мен ага салып коём. – Медайым андан бетер сырдуу сүйлөдү.

- Баса ал качан болбосун телефонунан бир нерселерди көрүп аткан болот да, эмнени көрөт?

- Аялы менен, кызы менен да сүйлөшпөй калган, чамасы алар менен болгон күндөрдө тартылган сүрөттөрүн көрөт окшойт. Сиз ага ооруган кишилердин сүрөттөрүн көрсөтүп атпайсызбы? Ал таксист болуп, эл ташыган, эски нөл алты «Жигулиси» бар, биз да эч бир башка машина жокто аныкына түшүп калчубуз. Сүрөттөрдү карап таанычы дейсиз, а таксисттер адамдын бетине карабайт, колуна карайт, колундагы пулуна карайт.

- Таанып калабы дедим да. Анан ал биринчи жатканда аялынын, кызынын байланыш телефондорун алдыңар беле?

- Алганбыз. Мына бул дептерде. – Медайым «Жунус уулу Таажыбай» деген беттен төрт-беш кишинин дарегин, телефон номерин көрсөттү.

Миңгүл Сургут шаарында толук адреси жазылган аялынын атын, телефонун тапты да, Орусияга чыгуучу телефон менен чала баштады.

- Алло! Кто это?! – деди телефондун аркы учундагы аял.

- Ырыссыңбы?

- Ооба! Бул ким экен?

- Мен – врачмын. Кыргызстандан. Күйөөңүздү карап жаткан дарыгермин.

- Менин күйөөм жок.

- Жунус уулу Таажыбайчы?

- Ал мурдагы күйөөм. Ажырашып кеткенбиз!

- Ооруп калгандабы?!

- Сиз өзүңүз врач болсоңуз, билесиз да, ал айыкпас оору менен ооруп калганын!

- Эмне үчүн айыкпас оору?

- Бүт дүйнө кырылып атпайбы?!

- Сиз ошентип ооруп калсаңыз эмне болот эле?

- Анда ал таштап кетмек. Тилекке жараша, мен ооруган жокмун! Таптазамын! Базарда картошка, сабиз сатып отурам!

- Ал кишинин айыгышы үчүн сиздин жардамыңыз керек. Телефондон эле сүйлөшүп көңүлүн көтөрүп койсоңуз болор эле?

- Мен көңүл көтөргүч эмесмин, сен дарылаган врач экенсиң – көңүлүн көтөрө бер! Ошону сага бердим!

Алыстагы аял телефонун басып койду. Жанында болгондобу – катуу сүйлөшмөк.

Кайра дагы эки жолу чалса, албай койду, үчүнчү жолкусунда биротоло өчүрүп салды.

Эми Миңгүл анын кызы менен сүйлөшүүнү чечти. Кызынын телефону жок. Ал тарбияланып жаткан балдар үйүнүн дареги, номери жазылыптыр. Карантинге кабылбаганда бара койчу эле жерде экен. Бирок чыгууга болбойт.

Ал жердеги телефонго чалды.

- Алло, балдар үйүбү?

- Ооба, мен директорумун.

- А кечиресиз, сизге туш келгеним жакшы болбодубу. Мен – врачмын. Атым – Миңгүл. Ушул тапта мен дарылап жаткан Жунус уулу Таажыбайдын кызы сиздерде экен. Жунусова Акмөлмөл. – Ушундай дегенде ары жактагы директор бир топко өзүнө келе албай туруп калгансыды. – Коркпой эле коюңуз, кызы менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Деги Таажы тынч элеби?

- Тынч эле.

- Кызы эки жолу экспресс-тест тапшырды, кудайга шүгүр, таза чыгып атат. Эмне дагы текшересиңерби?

- Жок. Азыр анын зарылдыгы жок. Жөн гана бир ооз сүйлөшсөм дегем дарыгер катары.

- Ооба, дарыгер катары сүйлөшсөңүз болот. Сиз бүт балдар үйү, ал кызды карап турганды билесизби? Бир кичинекей сөз ага ашыктык кылат.

- Албетте, жанына барып сүйлөшүп келсем болмок, бирок билесиз да, биз «кызыл зонадабыз». Сыртка эч ким чыкпайт.

- Түшүнөм.

- Анда сүйлөштүрүп коюңуз, сураныч.

- Апасы тууралуу да эч нерсе айтпаңыз. Ал ичип кетип, энеликтен кечтим деп арыз жазып, документтерин жиберип ийген экен, сот анын арызын канааттандырып, туугандары кызды биздин балдар үйүбүзгө өткөрүп кетти. Мына, кызы да келатат, кел Акмөлмөл, бир тааныш эжең телефон чалып атат.

Бир аздан кийин вотсаптын видео байланышынан бир кыз көрүндү да, жок болуп кетти.

- Уялып атабы? Коркуп атабы? Сүйлөшпөй атат? – Директордун гана үнү чыкты.

- Кызым! – деп ийди эмне кылышты билбей Миңгүл.

Ошол убакта кыздын бети көрүндү.

- Кандайсың, кызым? – Миңгүл аны көргөнгө кубанып кетти. – Мен сенин эжеңмин, сени жакшы көрөм.

Кыз дале жооп бербеди.

- Атаңды көргүң келеби? – Миңгүлдүн айласы кетти.

- Көргүм келет.

- Мен ошол атаңдын жанындамын.

- Сиз да эмне коронавируста иштейсизби? Атам коронавируста иштеп атат, көп акча таап келип, мени үйгө алып кетет.

- Аны ким айтты?

- Кыздар.

- Кыздар туура эмес айтыптыр. Атаңды сагындыңбы?

- Атамды да, апамды да сагындым. – Кыз андан ары сүйлөй албай дудуктанып турду.

Байланышка директор чыкты.

- Планшетиңиздер барбы? – Миргүл директорго кайрылды. – Болсо он мүнөттөн кийин мен да планшетке чыгамын да атасы менен сүйлөштүрөлү.

- Компьютер бар. Ошого барабыз.

Туура он мүнөттөн кийин атайын кийимдерин шашып кийген Миңгүл керебетте жаткан Таажынын жанына келип, жасалма дем алдырып жаткан аппаратын чыгарып, кызын көрсөттү. Экөө бири-бирин карап, бири-бирине тойбой турду, аны-муну сүйлөшкөн болду.

- Качан келесиң, ата, мен сени сагындым, - деди кызы.

- Жакында... жакында. – Атасы кызына убада берип атты да, бир убакта планшетти таштап өксүп-өксүп ыйлап жиберди.

*     *     *

Ошондон үч күндөн кийин Таажынын абалы кадимкидей жакшырды. Керебетине отуруп калды. Бешинчи күнү басты. Бир аз кубат топтоду. Эми мен ооруну жеңемин деп айтты врачка. Кызы менен скайб аркылуу дагы сүйлөштү. Кирген сайын Миңгүлдөн көзүн албайт. Жалдырайт да, жалдырайт. Эмки өмүрү ушул космонавттардын скафандры сыяктуу кийинген кызда экенине көзү жеткен адамдай анын кареги менен тең айланат. Тең айланат да, анын жүзү кандай болду экен, оозу-мурду кандай экен, чачтары кандай экен деп ойлоно берди...

*     *     *

- Таажыбай Жунусович, сизди куттуктаймын! – Бир күн Миңгүл палатага кагаздарды кармап кубанычтуу кирди. – Вирусту сиз жеңдиңиз. Оору сизге жеңилип берди! Кут болсун!

- Сизди куттуктаймын! Сизди! – Таажы жаткан жеринен ыргып туруп, оозу-мурдундагы көк беткабын алып таштап, врач кызды көтөрүп чимирилтип-чимирилтип жиберди.

- Кантет эми! Беткабаңызды кийиңиз! Али изоляцияда жашашыңыз керек.

- Ураа! Ураа! – Жигит палатаны жаңырта кыйкыра берди.

Анын кыйкырыгына Миңгүл да кошулду. Сырттан медайымдар, врачтар топурап кирип келип, не болгонун билген соң алар да бири-бири менен кучакташып, улам-улам Миңгүл менен Таажыны сүрөткө тартып атышты...

*     *     *

Бишкектен келген врачтардын бул тобунун иштөө мөөнөтү да, андан кийинки обсервация мөөнөтү да аягына чыкты.

Таажынын болсо ооруканадан чыгып кеткенине эки жумадай болуп калды. Айылына кеткен. Ал жакта врачтар көзөмөлдөп турмак. Өзгөрүү болсо дароо Миңгүлгө кабар кылмак. Бирок кабар жок. Демек, баары жайында экен.

Жүктөрүн кичи автобуска салып жатканда Миңгүл капысынан эле дарыгерлердин башчысына:

- Мен пациентимди көрүшүм керек! – деди да жетелеме сумкасын түшүрүп калды.

Үйгө кетүүгө камынып, ушунчалык ашыгып турган калган врачтар чурулдап жиберди:

- Анан кантип кетесиң?

- Бирөөнү сүйүп калган го?

- Дагы бир мөөнөт иштеп берет го?

- Азамат кыз экен!

Миңгүл алардын бирөөсүнүн да сөзүн укпады.

Жалал-Абадда анын аты-жөнү дүң болуп аткан, блокпосттордон сумкасын сүйрөгөн врачты оорулуусун көргөнү баратат деп ызаат кыла өткөрүп жатты.

- Чоң кыз, кайда барасыз? – Бир убакта жанына чыйкылдап келип бир такси токтоду.

- Билбейм.

- Кайда барышты билбейсизби?

- Ушул өрөөндүн эң башкы айылына. Андан ары ашуулар гана бар. – Таажыдан бир жолу айылы тууралуу сураганда ушинтип айткан.

- Оо, ал жакка кантип жетебиз? Бензин да жок эле.

- Бензин куябыз.

- Блокпосттордон кантип өтөбүз?

- Алардан да өтөбүз! Балким биз барчу адамды таанырсыз, ал да таксист... болчу...

- Ким?

- Жунус уулу Таажыбай.

- Ой, кокуй, «он тогузбу»?

- Он тогуз дегениңиз эмне?

- Мурда аны «Шоха» дечүбүз, бир эле ошодо нөл алты «Жигули» бар эле да. Кийин «он тогуз» деп калдык, толук айтыш үчүн «Ковит – он тогуз» деш керек да. Келиң отуруң. – Жигиттин ошентип тамашага алып күлүп жатканы Миңгүлгө жакпады. Тескери карады. Башка машина көрүнбөйт. Аргасыздан отурду. Бирок такси айдаган жигиттин биринин артынан бирин жаадырган суроолоруна жооп бербей тултуюп бара берди.

*     *     *

- Мына анын үйү? – Таксист тоо бооруна жабышып турган бир эски үйдү көрсөттү.

Үйдөн кыз жүгүрүп чыкты. Ал баягы планшетте сүйлөшкөн кыз экенин дароо эле билди.

- Атам үйдө жок эле. – Кызы айыптуудан акырын үн катты.

- Сен мени тааныдыңбы?

Кыз таңдайын такылдатты.

Аңгыча ары жактан бою узун, белдүү, сөөк-саактуу бир байбиче таягын эш кыла шашып басып келди.

- Кел, кызым? Таажы менин уулумдун атын сурап минип бир жакка кеткендей болгон. Ошентип кечке тоо жактарды кыдырып бир нерсе издегендей жүрө берчү болду. Кызын да алып келип алды. Сен биздикине кирип отуруп тур, жаңы эле келин нан жапты, ысык нанды каймак менен жегенче сүйлөшүп отуралы.

Миңгүл не кыларын билбей туруп калды.

- Ошент, кызым, ошент, кеч да кирип баратат.

Келген машинасы сигнал бере баштады. Балким кайра алып кетесиң деген эле.

- Ме, муну тигил таксиге берип кой, анан кете берсин деди, деп айт. – Миңгүл баятан бери жанынан бир кадам калбай ээрчип жүргөн Таажыбайдын кызына миң сомдуктан бирди карматты.

Таксист ыраазычылык билдирип, машинасын кайра-кайра бипилдетип ылдыйышка дароо жыла берди да, тез эле көрүнбөй калды.

- Киргиле, эми үйгө! – Байбиче эки кызга эшигин ачып, шырдактар салынып турган кыргыз үйүнө чакырды.

Алдыларына келини ысык нан, каймак, сары май, каттама, жаңгак койду.

- Бу Таажы бир аз сыркоолоп чыкты. – Кемпир булар билбегендей кеп баштады. – Өпкөсү кагындап калыптыр. Илгери мындай кеселдерге дароо эле саамал ичирип, тундурма берип, жаңгакка асал кошуп бере коюп эле сакайтып алчу. Азыркылар эле доктур деп, доктурга шашып турат.

Миңгүлүн оюна бир нерсе түштү: анда апасы төшөк тартып жатып калган, бир күнү айылдан чоң энесинин сиңдиси келиптир, ширенкенин кутусун берди, экини араң таптым деди, апасы дароо эле оозуна салып жиберип, көзү жалдырап туруп калды, «эбепке-себеп дейт, шыпаасын берсин» деди таежеси. «Атаңа айтпа ээ» деди апасы. Эмнени айтпасын кызы түшүндөбү. Кийин апасы каза болуп калганда ошол таежеси «бит берсек да жардам болбоду» дегенде ошол кутучадагы эмне экенин түшүндү.

- Кел, кызым, сыртка чыгып, малга бата кылалы, уулумдун багып жүргөн бордоку бир ириги бар эле? – Байбиче уулу эшиктен баш багары менен ордунан козголду.

- Ой, апа, коюңуз, мен эт жебейм.

- Жебей эле эмне, жейсиң. Таажы да келет. Бу кызы да макорон жей берип, көтөрөм болуп калыптыр. Сен эт жейсиң ээ, Акмөлмөл!

- Жейм! – Акмөлмөл дароо айтып алганга уялып кетти, анан Миңгүлдү карап, аны да өзүнө кошуп айтты: - Жейбиз!

Койдун ичеги-карынын чыгартып алып келин жууп жатканда Миңгүл да спорт костюмдарын кийип кармалашып аткан. Дал ошол убакта атын жай бастырып Таажы келип калды. Ал көргөн көзүнө ишенбеди, көзүн кайра-кайра ачып, жуумп:

- Келиңиз, Миңгүл Алымовна! – Же кубанарын, же коркконун биле албай үнү титиреп чыкты.

- Алымовнасыз эле айта берсе болот.

- Миңгүл эже деппи?

- Жок, эжеси да жок. Экөөбүз бир жылда, бир күндө туулган экенбиз.

- Анда Миңгүл. Миңгүл десем жарашпай атат.

- Жарашат эле.

- Эмнеге атыңыз Миңгүл.

- Атам кызым чоңойсо, миң гүл терип беремин деген экен!

- Терип бердиби, анан?

- Терип аткан, миңге жеткире албай инфакт болуп жыгылып...

- Кечиресиң, Миңгүл...

Экөө бир топко унчукпай калды. Акмөлмөл менен келин жуулган ичеги-карынды коломто жакка көтөрүп алып кетти. Таажы атынан түшүп, тизгинин колуна коомай кармап туруп калды.

- Сен кайда барып келдиң, Таажы? – Миңгүл жигиттин жанына жакын келди.

- Саймалуу-Ташка барып келдим!

- Аның кайсыл жак?

- Мындан ары кете бересиң, кете бересиң, ашуу ашасың, капчыгай өрдөйсүң. Жыйырма эки-жыйырма беш миң жыл мурда ата-бабаларыбыз он миңден ашык таш бетине миңдеген жазууларды жазган, сүрөттөрдү тарткан. Ошолор ачык асман астында жатат. Ошол жакка барып келдим.

- Ой, сага бийик тоого чыкканга болбойт!

- Тамашаладым... Кайдагы Саймалуу-Таш... Жайында он-он беш күнгө ашуулар ачылганда араң барабыз... Эми бара албай калдым го...

- Барасың. Эки-үч жылдан кийин кадимкидей болуп каласың, ошондо барасың. Менин да баргым келип кетти.

- Сени да алып барам. Азыр жаңы жол салынып атат. Менин «шохам» ошол жол менен барат да, анан жол бурулган жерден ары чабандардын атын сурап, андан ары жөө-жалаңдап барабыз.

- Мен дагыбы?

- Ооба, сен дагы!

- Азыр, - деди бир убакта Таажы оюна кылт эте бир нерсе эске келе калгандай, - бир чай кайнамдай жүрсөк Кош-Көл деген кошоктошкон жуп көл бар, ошого барып келебиз, сен атка мин.

- Ой, мен аттан корком. Өмүрү минип көргөн эмесмин.

- Кел, анда, мен мингизип коём. – Таажы кыздын белинен кармады эле, Миңгүл ыктай берип буттарын ага сунду.

*     *     *

- Мына, Кош-Көл! – Таажы ушинтип айтып сүйүнүчүн жашыра албай бир кырдан чыга койгондо эле көкмөк болуп бири-биринен көрк талашкан, бири-бирине бир жеринен кошулуп турган эки көлдү кызга көрсөттү.

- Вай, кандай керемет! – Кыз эки колу менен табиятты кучактап кала тургандай ат үстүндө керилди. Таажы аны көтөрүп түшүрүп койду.

- Булар эмнелер? – Миңгүл суу бетинде сүзүп жүргөн канаттууларды көрсөттү. Алар каршы-терши сүзүп, анан башын сууга тыга коюп, жемин таап жеп, кайра катарлаша жөнөп калат.

- Чулдуктар! – Таажы аларга сыймыктана тигилди. Азыр өрдөктөр этекки көлдөрдө, жакында алар да келет. Ошондо көл бети кыйкуулаган канаттууларга толуп чыгат. – Анан бул көлдөрдүн жээктеринде сүлүк курттар бар.

- Ой, пиявкабы?

- Ооба. Илгери ооруган кишилерди ошол сүлүк курттар менен эле дарылап койчу.

- Азыр да ошентсе болот. Сүлүк менен дарылоочу элдик медициналык  борбор ачпайсыңбы?

- Кантип?! Сонун болмок! Биздин айылдын сүлүктөрү, жаңгактар, бал, баткактар... Сен бизге дарыгер болуп кел!

- Мен анда кайда жашайм?

- Биздикинде. Биз менен!

- Күндү карачы! Керемет, керемет! – Миңгүл сөздөн ала качып ушинтип батып бараткан мала кызыл күндү тиктей бергенде, ошону эле күтүп тургансып, анын сары алтын нурлары көл бетине төгүлүп, көк көлдү мала кызыл, сыргыч, кызгыч, ток кызыл, ач кызыл – не бир ажайып ыраңдарга боёп, ошол боёгу менен чулдуктарды да киринтип атыптыр.

- Сен эми ушул сулуулукка суктанып тур! Мен азыр келем! - Таажы ары басты.

Бир аздан соң бирин-экин жылдыз чыгып, Ай көрүнө баштады. 

Таажы ак, кызыл, пушту жоогазын, мандалак, тоо кызгалдагы, коңгуроо гүл сыяктуу не бир түркүн гүлдөрдү кучагына толтура көтөрүп келе жатыптыр.

- Мына, Миңгүл, сага биздин айылдын миң гүлү! – Таажыбай гүлдөрүн кызга сунду.

*     *     *

Миңгүл самолёттун шассилери жерге катуу урунгандан чочуп кетти. «Урматтуу жүргүнчүлөр, биздин самолёт «Ош» аэропортуна келип конду. Ошто абанын температурасы он тогуз градус. Самолёт толук токтогончо куруңуздарды курчанып ордуңуздардан жылбай туруңуздар. Түшүүгө кошумча чакырабыз» деген үн угулду.

Ал кошумча чакырууну күтпөй эле курун чечип ордунан ыргып турду.

Баятан берки көргөндөрү анын түшү беле, же кыялы беле – биле албады...

2020-жыл, апрель

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз