Эң жаман нерсе – айласыздан макул болуу

  • 05.12.2023
  • 4026

Януш Корчактын балдар менен кантип жашоо тууралуу 10 эрежеси

Ксения Лурье

Көрүнүктүү поляк педагогу Януш Корчак көптөгөн макала, очерк, документалдуу повестерди жазган, анын эмгектери ушул күнгө чейин колдон түшпөй окулуп келет. Анын “Жашоо эрежеси” деген эссесин Корчак өзү балдарды тарбиялоого арналган “илимий эмгек” атаган. Ал эмгегинде өз практикасынан алынган окуяларды келтирип, тигил же бул абалдарда балдар менен чоңдор өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу кеңештерин берет.

Дегеле урушпаган балдар болбойт. Оюнчук талашышат, отурган орундарын талашышат, бир нерсе кыларда ким биринчи болорун талашышат. Бирөө ызылдап чуркап ойногонду жактырат, экинчиси тынч олтуруп телевизор көрүп же сүрөт тарткысы келет. Айтор, уруш үчүн бир күндө миң шылтоо табылат. Кээде эмнеге урушуп жатышканын түшүнүп урушса, кээде уруштун себебин өздөрү да билишпейт. Ошол учурларда алардын бири өз оюнан чегинип, экинчисине жол бериши керек болот. Чоңдор дайыма эле алардын талашынын себептерин териштире беришпейт. Ошондуктан: “Ал кичинекей да, ага тийбе”, “Кыздардан талашпай жүрбөйсүңбү”, “Сен чоңсуң да” деген сөздөрдү айтышат. Бирок абалды түшүнүп-түшүнбөй кийлигише берүү туура эмес.

Мен мектептеби же үйдөбү эң жаман нерсе – чоңдордун кийлигишүүсү жана ага   айласыздан макул болуп баш ийүү экендигин түшүндүм. Бул бир аз убакытка чейин эле таасир берет. Андан кийин мурдагыдан да жаман болот. Акыйкатсыз чечим ички каршылыкты туудурат. Ыза болот, таарыныч калат. Кимиси күнөөлүү экендигин териштирбей кийлигишкенден көрө, аларды өз эркине койгон туура. Чоңдорго көпчүлүк учурларда уруштун себеби арзыбаган эле бир нерседей көрүнөт, бирок бул андай эмес. Балдарга бардык нерсе маанилүү, ошентсе да алар бири-бирине өз эрктери менен жол бошотуп, кечире билишет.

Көпчүлүк учурларда ата-энелери чоң кишилер менен учурашууга мажбурлайт. Алар жаман оюнда баласын сылыктыкка үйрөтүп жатабыз деп ойлошот, саламдашпай коюшса уруша баштайт. Бул жерде баланын сезимин эске алыш керек. Балким ага ошол киши жакпайт, ал анын жеке иши. Балдар чоңдордун сылыктык боюнча эрежесин бөлүшүүгө милдеттүү эмес.

«Чоң кишилер ким менен, кантип сүйлөшүп, ким менен сырын ачпоону, ким менен эркин маектешүүнү, сөздү кантип баштаарды жакшы билишет. Алар балдар сыяктуу кысылып уялышпайт. Алардын кандай сүйлөгөнүн, эмнени айтып,эмнени айтпашын балдардын  үстүнөн карап текшерип турган сыяктуу текшерген эч ким жок. Алар ким менен таанышышты өздөрү билет. Чоңдор кичинекей бөбөктү тааныйбы, тааныбайбы, бардыгы эле аны жогортодон карап сүйлөгөнгө, ага акыл айтканга акылуубуз деп ойлошот».

Януш Корчак балдардын чоң адамдардын кимиси жагып, кимиси жакпасын өздөрү тандап алганга укугу бар деп ар дайым баса белгилеп келген. Өз кезегинде чоңдор да балдарга өзү менен тең адамдай карап, алардын сезимдерин сыйлай билүүлөрү керек. Алар жооп бергилери келбесе, кыйнабай эле коюшсун. Аларды баласынтып көңүл бурбай коюу туура эмес. Алгысы келбеген белекти зордоп берген да болбойт – ар кимдин белекти алуудан баш тартууга укугу бар.

«Эжелер кээ бирлери жакшы, кээ бирлери жаман болушат. Чоңдор деле сенин теңтуштарың сыяктуу, сүйүктүү жана жагымсыз болуп бөлүнүшөт. Бирөө учурашымыш болот да, анан келгенден баштап кеткиче апаң менен сүйлөшөт; кээде сени бир карап койбогонуна ичиң күйөт. Экинчиси, тамашалап жатам деп ойлоп ар кандай сөздөрдү айтат, орунсуз суроолорду бере беришет: “А сен муну жакшы көрөсүңбү? Сен тигини жасай аласыңбы? Кимди жакшы көрөсүң?..” Чоңдор балдарды – эрке, сараң, өзүмчүл, эч нерсе түшүнүшпөйт деп ойлошот окшойт. Жок андай эмес. Жакпаган адамдын белеги да жакпайт».

Януш Корчак азыркы учурда психологдор айтып жүргөн үй-бүлөдөгү психологиялык зордук-зомбулук жөнүндө айтып жатат. Сөз балдардын каалоосун, сезимидерин, кыймыл-аракеттерин анын эркине каршы чектөөлөр тууралуу, анын каалабаган иштерин кыйнап жасатуу тууралуу жүрүүдө. Бул жерде кеп бир гана сексуалдык зордук жөнүндө эмес, баланын эркинен тышкары кучактоолор, мурдунун учунанбы, чекесиненби өбүүлөр тууралуу да болууда.

«Коноктор келгенде сенин ишиңе киришип, кереги жок кеңештерди беришкени жаман. Кээси колуңдун ооруганын билбей катуу кысып салат, же шилекейин шалпылдатып өпкүлөйт, же тизесине олтургузуп алышат. Анткенге анын кандай акысы бар? Коноктор өзүнө чакырганда жүрөгүң опкоолжуп турат – алар дагы эмне кылып жиберерин билбейсиң».

Оюн окуу сыяктуу эле маанилүү. Оюн учурунда балдар кимиси жакшы дос болорун, кимге ишенбеш керектигин, кимге кандай мамиле кылыштын алгачкы сабактарын алышат. Балдарыңарга эч качан тиги бала менен ойно, тиги менен ойнобо деп көрсөтмө бербегиле, бөтөнчө эмне оюн ойношту жана аны кантип ойношту зордоп үйрөтпөгүлө.

«Чоңдор жөн эле сүйлөй беришет, а кээ бир баарын билем деп кыйынсынган балдар минтип кайталап шылдың кылышат: Чоңойгонун билбей, куурчак ойноп жатканын кара».

Кандай оюн ойношкону маанилүү деле эмес, негизгиси оюн учурунда эмне жөнүндө ойлонушканы жана сезишкени маанилүү. Куурчак менен ойлонуп ойноп, ал эми шахматты кичинекей балдар сыяктуу чачып ойносо болот. Кыялданып өрт өчүрүүчү же поезд айдап, индеецтер сыяктуу аңчылыкка чыгып кызыктуу ойносо болот же өзүңө эч пайдасы жок китепти көңүлсүз барактап олтурсаң да болот.

Мен китеп окуу менен эле чектелбестен, өзү да ыр жазган, андан тышкары, кичинекей аскерчелерди терезелерге, үстөл бетине, жерге тизип алып согуш талаасын жаратып ойногонду жакшы көргөн баланы билчүмүн.

Кичүү балдар жана кыздар менен ойноо да уят эмес. Мен балдар өздөрүнүн оюндары тууралуу ачылып айтып беришпегенин байкадым, алар чоңдор шылдыңдайт деп чочулашат, анткени алар өздөрүнүн жаш кыялдарын сактай алышпайт. Мен аларга тигини ойногула, тигинтип ойногула деп үйрөтпөйм. Ойнош үчүн жакшы досуң жана шыктануу, демек эркиндик керек.

Балдар акчаны кантип туура жумшашты билишпейт, анткен аларга аны эч ким үйрөтпөйт. Януш Корчак он жылдар бою карыз берүүчү кассаны башкарарын жана кайсы балдар акчаны кантип пайдаланарын жакшы билерин жазган. Кээ бир балдар акчаларын үнөмдөп, коньки, саат же велосипед сатып алуу үчүн чогултушат. Ата-энесине белек сатып алуу үчүн чогулткан балдар бар. Оюнчук алам деген акчаларын ата-энесине берип салышкан балдар да жок эмес. Анткени аларга азыр акча керек болуп жатканын жакшы түшүнөт. Балдар менен акчаны кандай коротушарын жана эмне үчүн ошондой кылышканы тууралуу сүйлөшүп туруу керек.

«Мага атам менен апам маанайлары жакшы учурда сыйлык катары акча берип турушут. Кээде эле чоңураак акча берип:

– Каалаган нерсеңди сатып ал дешет. Атам болсо жума сайын элүү тыйын берет. Ал минтип айтат:

– Сен тентек кылып, жаман баа алып келген күндө да, баары бир жума сайын элүү тыйын алып турасың. Мен сенин акчаны кантип жумшоону үйрөнүшүңдү каалайм».

“Бай-кедей”— деген бапта Корчак бир маанилүү маселени белгилейт, балдар үйдө болуп жаткан көйгөйдү көз жаздымынан кетиришпейт. Ошондуктан, балдар билбейт, түшүнбөйт деп көйгөйлөрдү алардан жашырымыш болгон туура эмес. Аларга болгонун болгондой айтып түшүндүрүүгө аракет кылыш керек.

«Чоңдор жаңылышат! Ата-энелеринин кайгысын балдары билүүгө укугу бар, анткени алардын кайгысы балдардын өз кайгысынан да жогору. Айтмакчы, жакыр үй-бүлөнүн балдары эмне үчүн кээде дасторкон толо тамак боло каларын, а көпчүлүк учурларда бир аз кант салынган чай болорун, батинкенин таш таманы менен жаңы тумактын баасы канча турарын, атасынын айлыгы аз болсо да туруктуу иши болсо жакшы экенин билишет. Анткени, өйдө тартса буту ачылып, ылдый тартса төшү ачылган турмуш кайгы-капаны ээрчите жүрөт эмепспи. Жумушсуздук – бул чоң кайгы».

Чоңдор балдар эмес өздөрүн жакшы билишпейт. Ошондуктан “Сен жакшы баласыңбы?” деп сураштын өзү акылга сыйбас нерсе. Ал аны кайдан билсин. Ар бирибиз жаман, жакшы иштерди жасайбыз. Өзүбүздүн ким экенибизди өмүр бою түшүнө албайбыз. Балдар деле ошондой. Аларга жинденип, урушуунун кереги жок. Андан көрө ага туура эмес кылганын түшүндүрүп берген оң, андан да жакшысы анын кылган иши жөнүндө анын оюн сурап уккан жакшы.

«Менимче, чоңдор балдарга ачууланбаш керек, анткени ал оңобой эле бузат. Көпчүлүк учурларда чоңдор баласы атайын эле тежиктенип, эч нерсе жасагысы, сүйлөгүсү келбей жаткандай көрүшөт. Жок, ал уялып жатат. Эгерде ким уялса, ал тили оозуна батпай, сүйлөй албай калат. Ойлоно албай, оозунан сөзү түшөт. Сүйлөсөң туш келди эле бирдемелерди айтасың. Өзүңдү бекем кармагың келип, бүт эрки топтойсуң. Мурдагыдан жаман абалга кептелесиң, сөздөрүң чын дилиңден чыкпай жасалма чыгат. Анткени демейдегиден катуу, кыйкырып, мурда айтпай турган сөздөрдү сүйлөйсүң же эриндериң титиреп, дудук болгон немедей ооз ача албайсың».

Балдар аябай кыймылдуу келишет: ары-бери чуркашат, каалаган нерсесин жасап көрүшөт – бул нормалдуу көрүнүш. Алар дүйнөнү ошентип таанышат. Аларды “Жолго чыкпа, машине коюп кетет, жыгыласың, бир жериңди оорутуп аласың” деген сөздөрдү айтып коркутпаш керек. Кырсыкты чакыра берсең, келип калышы мүмкүн. Эсиңерде болсун, балдар эрегишип, баардыгын тескери жасашы мүмкүн.

«Чоңдор балдарды карабай койсо, терезеден кулап, машиненин алдында калып, буту-колу сынып, баштары жарылып калчудай көрүшөт. Жок, андай эмес. Балдар деле чоңдор сыяктуу оорубай, күчтүү болгулары келет, бирок алар бул үчүн эмне кылышты билишпейт. Жөн гана аларга сак болуунун эрежелерин түшүндүрүп кой. Кайра-кайра коркутуп, баарына эле тыюу салуу болбойт. Кечке коркута берсең ишенбейт, а тыюу сала берсең, эрегишип тескерисинен жасоолору мүмкүн».

Ар бирибиздин жакшы жактарыбыз бар, кемчилдиктерибиз бар, анан да ал баарыбызда ар кандай. Мен бул жерде ар бир адамдын индивидуалдуулугун айтып жатам. Эң маанилүүсү – ата-эне баласынан өзү каалаган нерсесин жаса деп талап кылбаш керек. Биринчи кезекте баланын каалоосуна, кыялдарына жана жөндөмүнө көңүл буруу керек. Буйрук бербей, жол көрсөтүп багытын аныктаганга жардам кылган туура, чоңдордун кемчиликтери да толтура экени эсиңерден чыкпасын.

«Бири өзүн өтө эле кыйынмын деп эсептейт, экинчиси тескерисинче өзүнө жеткиликтүү баа бере албайт. Мунун баарын санап айтып берем десең да, айтып бере албайсың. Мындай башаламандыкта кимисиники туура экенин аныкташ кыйын. Буга көбүнчө чоңдор тоскоол болушарын кошумчалап коюш керек.

Алар мындай дешет:

— Мен биздин балабыз мени тартып, мендей болсо дейм.

Биринчиден, кичинекей бала чоң кишидей боло албайт. Экинчиден, менде, чоң кишиде да кемчиликтер арбын, ошондуктан мендеги кемчиликтер баламда болушун каалабайм.

Экинчиси мындай дейт:

— Балдар чоң кишинин айтканын угуш керек, бала мен каалагандай болуп менин айканымдан чыкпаш керек.

Биринчиден, чоң кишилердин айткан, кылганы ар дайым эле туура болоруна көзүм жетпейт, экинчиден, бала каалаган күндө да дайыма эле мага жаккандай боло алабы?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз