2000 жылдан бери жашап келген латын макалдары

  • 18.08.2020
  • 3477

Куру бекер убаракерчиликтен алыс адам бактылуу.

♦ ♦ ♦

Сакалы го өсүптүр, а акылы каякта.

♦ ♦ ♦

Коркпогон адамдарга тагдыр өнөктөш.

♦ ♦ ♦

Бүткөн ишке кайрылба.

♦ ♦ ♦

Башкалардан өзүң бирөөгө жасаганыңды күт.

♦ ♦ ♦

Ким биринчи келсе, олжо ошонуку.

♦ ♦ ♦

Бирөөнү сүйбөсөң, сени да эч ким сүйбөйт.

♦ ♦ ♦

Искусство түбөлүктүү, жашоо кыска.

♦ ♦ ♦

Бүркүт чымынга ууга чыкпайт.

♦ ♦ ♦

Сүйүүнүн жарасын, аны жараткан адам дарылайт.

♦ ♦ ♦

Досторуң – убактыңдын уурулары.

♦ ♦ ♦

Бир аз бересе – адамды карыз кылат, чоң карыз – душман кылат.

♦ ♦ ♦

Турмуштун негизги эрежеси – чектен чыкпа.

♦ ♦ ♦

Мас киши менен сөз талашканың – жок душман менен согушканың.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз