Миниграфия - балдар адабиятына мүнөздүү өзгөчө адабий форма

  • 24.08.2020
  • 4813

Көлөмү жана формасы жагынан алганда, балдарга, айрыкча, бөбөк курактагыларга арналган чыгармалар башка чыгармаларга дээрлик окшошпой тургандыгы белгилүү. Поэзиялык болобу, прозалык болобу, кайсы жанрдагы балдар чыгармалары болбосун, көлөмү чакан, формасы ийкемдүү, балдардын окуп-үйрөнүүсүнө ылайыктуулугу менен айырмаланат. Ошентсе да, балдар ырлары же аӊгемелери деп айтылуу менен, ырлар кээде төрт сап көлөмүндө да жазылып, аӊгемелер болсо, эки саптан башталып төрт сап формасында да болуп, толук маанисиндеги аӊгеме жанрына туура келбесе да, аӊгеме деп атала бергени менен өзгөчөлөнөт. Муну кээде, «бир шиӊгилдер» деп да атап жүрөбүз.

Мындай көлөмү жана формасы менен гана эмес, айрыкча, бөбөктөргө арналган аӊгемелер менен ыр түрүндөгү чыгармалар  мазмуну менен мүнөзү боюнча да өз алдынча бааланууга акылуу. Атап айтканда, ырлардын көӊүлдүүлүгү, күлкүлүүлүгү, тилинин элпектиги, таанытуучулугу, үйрөтүүчүлүгү ж.б. максатттуулугу кеӊири.

Мисалы: балдардын классик акыны Т.Кожомбердиевдин («Көлчүктөгү ай», Ф., 1971) төрт сап ырын алалы:

«Чиркей буттан чалганда,
Төө жыгылып калганда.
Эл кыйкырды: «Мыкты!» деп,
«Чиркей төөнү жыкты» - деп. («Чиркей менен Төө»)

Же болбосо, К.Жунушевдин:

«Асмандагы жылдызды,
Бирден терип санадым.
Жакыныраак болсун деп,
Тамга чыгып карадым. («Жылдыз саноо», китепте: «Күн дүйнө», Б., 2018)

Орус классикалык балдар адабиятында С.Маршак, С.Михалков, К.Чуковский ж.б. чыгармаларында мындай мүнөздөгү ырлар алардын бөбөктөр үчүн жазган чыгармаларынын өзөгүн түзөт.

Ал эми аӊгемелер туурасында кеп кылсак, мындай мини аӊгемелер тээ адабият алпы Л.Толстойдон бери эле бергилүү. Бул алп жазуучу «Согуш жана дүйнө» (романдын аталышын ушундайча котордук - Р. С.) сыяктуу эпопеяны жазып жатып, орус кедейлеринин балдарына «Азбука» түзүп, анан алардын балдары сабатын ачсын үчүн майда-майда аӊгемелердин топтомун жазып калтырган. Алардын башатында кадимки «Эки дос» аттуу классикалык аӊгемеси турат. Ал болгону – төрт эле сап. Төрт сап болуп туруп, эки достун образын аюунун: «Чыныгы дос досун кыйын күндө жалгыз калтырбайт» деген бир ооз сөзү менен түшүндүрүп койгон.

Мындай «мини» аӊгемелерди жазуу салтын орус агартуучусу К.Ушинский да уланткан. Ал өзүнүн балдарга арналган «Родной язык» аттуу белгилүү окуу хрестоматиясына өзүнүн «Эки улак» аталган классикалык аӊгемесин ж.б. киргизген. Анын жолун уланткан «кыргыз Ушинскийи» Касым Тыныстановдун балдар үчүн окуу китептеринен жалпыга белгилүү «Арпа менен буудай» сыяктуу бир нече  аңгемесин көрө алабыз.

Бөбөктөр үчүн мындай «мини» аӊгемелерди жана ырларды «ала кушту атынан ата» дегендей, өз табиятына жараша атоо туура келмек. Бирок ушуга чейин мындай чыгармаларды адабият теориясында да, балдар адабияты боюнча жазылган эмгектерде «мини жанр» же «миниатюралык» чыгармалар деп атап келебиз. (К.Чуковский, «От двух, до пяти», М.Түлөкабылов, М.Сулайманов, «Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы»). Ошон үчүн мындай чыгармалардын көлөмү менен формасына карап «минигрфиялык «чыгарма деп мүнөздөөгө болот деген пикирибизди айткыбыз келет. Анткени бул терминди түшүндүрө келсек, фрунцуз жана италия сөздөрүнөн алынган «miniature» - кыргызча - «чөн эмес өлчөмдөгү» же «кичирейтилген өлчөмдөгү» чыгарма катары жана «графо» (grapho, ор. пишу) «жазам» деген маанисине таянуу менен, «көлөмү жагынан чакан жазылган» («Словарь иностранных терминов, 451-б) чыгармаларды «миниграфиялык» чыгарма деп атасак жөндүү болот деген максатта, адабияттаануу илимине «миниграфия» деген терминди сунуштасак туура болот деген ойдобуз.

Негизинен, миниграфиялык чыгармалар чакандыгы, мазмунду баяндоодогу ийкемдүүлүгү, жеӊил окумдуулугу жана да балдардын курагына, психологиясына  ылайыктуулугу менен өз алдынча адабий  форма болуп саналат. Ошону менен бирге, ал форма дал ушундай мүнөзү менен, жазылуу ыкмасы, мазмунду баяндоо жолу, бат окумдуулугу жана берейин деген ойду тез жана мобилдүү түшүнүүгө ылайыктулугу менен өз алдынчалуу стиль. Жалпы алганда, адабияттагы миниатюралуу жанрга мүнөздүү стилге жана формага ээ прозалык же лирикалык жанрга мүнөздүү балдар чыгармасы болуп түшүндүрүлөт.

Мындай чыгармалар башкаларга караганда, жогоруда айтып өткөн мүнөздүү сыпаттоолордон башка да бир нече өзчөлүктөрү бар, атап айтканда:

- максаты боюнча: балдардын тилин өстүрүүчү, сүйлөөгө багыт берүүчү, окууга үйрөтүүчү,  чөйрөнү таанытуучу, адепке тарбиялоочу, ж.б.

- мүнөзү: көӊүлдүү маанай, күлкүлүү окуялуу, жеңил юморлуу, жумшак баяндоо, элпек тил, айтайын деген таамай  жана так ой, кыска сюжети, даана мазмун, аны мобилдүү,  тез берүүчү сыпаты;

- көлөмү чакан, кыска, ырлар 8 саптан, аӊгемелер 10-12 саптан ашпаган, тез окууга, жыйынтыктуу бир бүтүн пикирге алып келүүчү, окуганын кайра тез айтып берүүгө үйрөтүүчү, жыйынтыгында адабий чыгарманы окуп-үйрөнүүгө багыттоосу;

- жазуу технологиясы: - ийкемдүү, бай жана ар түрдүү тематикалуулук, аталышы даана, так болуусу, кызыгууну туудуруп, балдардын көӊүлүн өзүнө тартуусу; ким тууралуу, эмне жөнүндө экендиги адегенде эле белгилүү болуусу; же баяндоо түрүндө, же баяндоо дээрлик жок, чакан диалогдон тургандыгы;

- мазмундук жактан: окуясы чакан, кыска, так, даана баяндалат, жыйынтык ой даана, так айтылат; окуясы күлкүлүү, чакан юмор же насаат түрүндө жүрөт; окуган бала чыгарманы кыйналбай окуп,  аягына тез чыгат жана жыйынтыктуу бүтүмгө башканын жардамысыз бат эле келет жана таанытуучу, үйрөтүүчү, тарбия берүүчү мүнөздө жыйынтыкталат;

- сюжеттик жактан: окуясы жеӊил, түшүнүүгө оӊой; мазмуну маанай көтөрөт; баланы окууга кызыктырат жана кызыгуусун андан ары арттырат; окууга жеӊилдиги менен, окурмандыкка көнүктүрөт жана  машыктырат.

Профессор А.Муратов балдар адабиятынын жалпы эле мүнөзү, табияты жана максат-милдеттери тууралуу айтып келип, мына буларды белгилеген:

- жалпысынан «бала», «балдар адабияты» деп койгонубуз менен, анын негизги спецификаларынын бири ушунда – балдар жаш курак жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша бирдей болбостугу», «алардын да бири-биринен психологиялык, акыл-эстик, дене түзүлүштүк жактан бир топ айырмачылыктары болору», «жазуучу мына ушул курак өзгөчөлүктөрүн эске алып чыгарма жаратпаса, анын жазгандары «адрессиз» ара жолдо калары» айтылуу менен балдар адабиятынын мүнөздүү белгилери төмөнкүлөр экендиги белгиленет:

- чыгармаларда балдарга негизги ролду берүү, көбүрөк учурда башкы каармандар катары балдарды катыштыруу;

- тематикасы боюнча балдардын курагына ылайык келиши;

- башка чыгармаларга салыштырмалуу алганда көлөмүнүн кыскалыгы;

- китептер сүрөт, ар кандай иллюстрациялар менен коштолушу, кооздолушу, тамгаларынын (шрифт) чоңураактыгы; тилинин жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү;

- диалогдорду көбүрөк коюу;

- сүрөттөөлөрдү чексиз созо бербөө;

- кызыктуу окуялардын (приключение) арбындыгы;

- сюжетинде кескин бурулуштардын, чексиз ретроспекциялардын кездешпеши, сюжетинин чыңалууда, жыйнактуу алып барылышы;

- окуялардын тезирээк алмашып, биринин ордуна улам экинчисинин келип турушу;

- каармандардын мүнөзүнүн предметтүү жана көз алдына алардын иши жана жүрүш-турушу менен ачылышы;

- бактылуу бүтүмү (кара ниеттиктин үстүнөн ак ниеттиктин салтанат курушу);

- тарбиялоо максатынын түздөн түз көрүнүшү» (“Кыргыз балдар адабияты”, Б., 2014, 18-б.)

Жогоруда белгилегендей, балдар адабиятыбыз бөбөктөрдү тарбиялоочу, үйрөтүүчү, калыптандыруучу негизги каражаттардын бири деп баалап-талдап үйрөнүүгө муктаж экендиги айтпаса деле түшүнүктүү. Ошондуктап, бүгүн балдар адабиятыбызга жаңыча көз карашта кайрадан талдоо жүргүзүү, анын педагогикалык кызматын алдыга алып чыгуу, жаңы мезгилдин жаңы балдарын тарбиялоо, өнүктүрүү идеяларына жараша балдар адабиятынын мазмунун, формасын өркүндөтүү милдети турат.

Бул айтылгандар миниграфиялык стилге ылайык мисалдарда даана көрүнөт. Балдар акыны А.Кыдыровдун “Балдарга базарлык” (Ф., 1988) аттуу жыйнагын барактап көрөлү. «Кубанга эмне жагат?» деген ырында 1-класска жаңы кирип, биринчи ирет сабакка барып келген кичинекей Кубандан ата-энеси минтип сурашат:

“Жакшы бекен окуган?
Айтчы угалы кана биз,
Анда: — Сабагынын баарынан
Жакты мага танапис, — дейт кичинекей Кубан.

Миниграфиялык чыгармалар тууралуу кеп кылганда Турар Кожомбердиев сөзсүз эске түшөт. Анткени ал мындай мүнөздөгү чыгармаларды жазуунун устаты болгон жана аны дээрлик өнүктүргөн, анын мыкты үлгүлөрүн жазып, улуттук адабиятыбыздын казынасын байыткан. Акын бул стилде балдарга дүйнө таанытуу, тарбиялоо, билим берүү жана өнүктүрүү сыяктуу педагогикалык гана эмес, поэтикалык-философиялык багыттарды камтый алгандыгын айтсак болот.

Сөзүбүздү акындын жалпыга белгилүү «Көлчүктөгү ай» аттуу чакан ыры менен далилдейли. Сегиз саптан турган мына ушул «Көлчүктөгү ай» аттуу жөпжөнөкөй, бирок мааниси терең ыры менен акын Т.Кожомбердиев балдар үчүн чыгарма кандай болушу керектигин далилдей алган.

Ырдын өзөгүндө эмне жатат? Биринчиден, баланын чөйрөнү таанууга болгон ынтызардыгы, дүйнө деген эмне сыяктуу суроого жооп издеген балалык психологиясы,  дүйнөнүн табышмактарына болгон таң калуусу, аны балалык түшүнүк, фантазия аркылуу таанып-билүүсү, эми ошону өз колу менен кармап көрүп, аны предметтештирүүгө болгон умтулуусу жатат. Карабайсызбы, ал эшикке чыкса, көлчүктө ай жатат жалтырап, ага баланын таң калбай коюусу мүмкүн эмес, албетте, чоң адам ага таңкалмак турсун, карап да койбойт. Ал айды бала колу менен кармап көргүсү келген кызыгуусу үчүн аны «келесоо» деп күнөөлөөгө, аны келекелөөгө мүмкүн эмес. Анткени ал бала да. «Болгону, анын турмуштук, дүйнө таанымдык практикасы гана аз» (Н.Чернышевский). Ошон үчүн ал апасына энтиге чуркап келип, «Жаңы кармап аларымда, сынып калды чачырап» калды деп кейип, («Көлчүктөгү ай») алаканын жайып, дүйнөгө таң кала карап отурбайбы.

Ошондой эле, Айдын теңи асманда –
атка какчу такадай» экен деп, жаңы туулган айды аттын такасына окшотуп («Айдын теңин карасаң») отурат. Акын баланын дүйнө таанымын чагылдырып, дүйнөнү баланын көзү менен карап, баланын сөзү менен жазып тартуулаган ырлары көп. Алар кыргыз балдар поэзиясынын шедеврлери катары төмөндөгү саптар менен жашап калмакчы. Мисалы, «Кумурска көргөн тоо» аттуу ырында мындай деп, кумурсканын «түшүнүгү» аркылуу  дүйнөнү сүрөттөйт:

«Келатыптыр жумушка,
Кыл муруттуу кымырска.
Топчумду алып колума,
Тосуп койсом жолуна,
Тыягынан карады,
Быягынан  карады,
Аркы-терки жойлоду,
Тоо экен деп ойлоду.»

Албетте, кумурсканын «түшүнүгү менен мындан күчтүү классикалык ырды мындан артык кандай жазуу керек? Ал эми бөбөктөрдүн суроосу аркылуу:

Күндүн барбы түнөгү?
Курттун барбы жүрөгү?
Кубанганда бизчилеп,
Күчүктөр да күлөбү? - деп баланын психологиялык толгонуусу менен, автор табияттын табууга мүмкүн болбогон табышмагын  чечкиси келет.

Т.Самудиновдун чыгармачылыгында да миниграфиялык мүнөздөгү чыгармалар көп учурайт. Алсак, баланын көңүлүндөгүнү табуу, анын оюндагысын билүү чоң машакат эмеспи. Алар кичинекей деп кемсинтилбей турган, билбейсиң деп басмырлоого болбой турган, билгичтер жана кыраакылар. Ошондуктан, балдар жөнүндө же балдарга арнап, чыгарма жазуунун өзү канчалык кыйын, канчалык жооптуу түйшүк экендиги түшүнүктүү.

Мындай караганда, балдар жөнүндө төрт сап ыр же жарым бет аңгеме чиймелей салуудан жеңил иш жок сыяктанат. Жеңил болсо го, атаганат! Анда биздин балдар адабиятыбыз кандай гана гүлдөп, байып, кандай гана бийиктикке бат эле жетер эле.

Башкасын мындай коёлу, Т.Самудиновдын дидактикалык ырларында сөз маанисин чечмелеп түшүнүүгө көп маани бергени бар. Аларда акын унутканыңызды эсиңизге салат, билбеген болсоңуз билгизет. Баарынан кызыгы, биз кыргызча аталышын билбей, бардык жаныбарлардын атын башка тилде атап жүргөн ушул күндөрүбүздө жалпыбыздын эсибизге: керик, бөрсө, тунжур, булгун, кара кунас, мадыл деген аттарды көӊүлүбүзгө уютат. Бул ыр түрмөгү «Жаныбарлар дүйнөсү» аталып, биз аттарын унутуп калган жаныбарлар: керик — носорог, бөрсө — кенгуру, тунжур, булгун. Ошентип, акырында: «Ким кубанып сүйбөсүн,
Жаныбарлар дүйнөсүн! - деп жыйынтыктайт.

Мисалы, «Пилдей жана зилдей» аттуу ырында:

«Эзелки ата-бабабыз,
«Мамонт» дешти билбептир, - деп мамонт деп биз бүгүн атап жүргөн жаныбарды ата-бабаларыбыз эчак эле «Зил» деп атап келгенин эскертет.

Ыр-табышмактары да кызыктырбай койбойт. «Акыркы сөзүн өзүн айт» деген ырында:

«Жашылдантып ар жерди,
Жаз артынан...
...Ысык күнгө чыдадык,
Өзүбүздү... ж. б.

Бул ырларды окуп, көп чекиттин ордуна «жай келди», «сынадык» деген уйкаш сөздөрдү коюу керектигин тапкыч окуучу таап койсун деп, ага суроо салып отурганы жакшы. Мындай ырларга «Алиппе — табышмак», «Метаграммалар», «Акро ыр», «Табышмактуу төрт жандык», «Туура эмеспи, туурабы?», «Аралашкан ариптер», «Шарадалар», «Бир тамгадан кемитсе», «Нота менен окуп көр», «Бир, эки, үч!» деген ж. б. көптөгөн миниграфиялык ырлары кирет.

Анан дагы:

«Чачык» эмне экенин билесиңер,
Ачык болсо дарбаза киресиңер,
Чык кошулса тамакка — сүйөсүңөр.
Ык болбосо тартылбайт сүрөтүңөр... («Бир тамгадан кемитсең») деген төрт сап ырда да «сакадай бою сары алтын» ойлор камтылган.

Дегенкиси, балдар поэзиясынын өзгөчөлүгү ушунда,  анда дал ушул биз сөз кылып жаткан миниграфиялык стилде жазылуу менен, поэтикалуулуктан мурда – дидактикалуулук өзгөчө мүнөздүү экендигин балдар адабияттын изилдөөчүлөр да (М.Түлөкабылов, М.Сулайманов, А.Муратов, Ү.Култаева, К.Кулалиева) туура белгилешкен. Анткени, балдар адабияттынын табияты ушунда.

Ушундай эле өӊүттө акын К.Жунушевдун да ырларын талдай келсек, бир катар урунттуу учурлары, багыттары, ачык айтканда, көркөм образ түзүүсү, ал аркылуу сөз менен этюд жаратуусу, баланын дүйнөнү аңдап түшүнүүсүнө көмөктөшөр - үйрөтүүчү, таанытуучу, окуган адамга бырс эткен күлкү чачуу маанайдагы ырлары арбын.

«Бал курсак» деген ырын алалычы. Ал болгону үч сап, мына окуйлу:

Баарыбызда бар курсак
Бирок тынбай иштеген
Аарыныкы — бал курсак! («Бал курсак», китепте: «Айдың көл», Мектеп, 1987, 40-бет)

Карап көрөлү, акын ушул үч эле сап ыры менен кимдин ким экенин түз да, кыйыр да айтып берип отурат. Бирок да, кеп аны аллегориялык маанайда түшүнбөстөн, балдардын аарынын табияты, анын кызматы туурасындагы көркөм элестөөсү бекемделет.

Ушул жерде эскерте кетүүчү бир нерсе, бул акындын башкалардан өзгөчөлөнгөн бир жагы — ырларынын каармандары тентек бала, же тартиптүү кыз, же бир үлгүлүү окуучу эмес, анын каармандары жогоруда айтылгандай, бал аары, таранчы, суур, таш бака, күчүк, теке, карга, топоз, эшек, улак... деги койчу, күндөлүк турмушубузда биз аралашып жүргөн, бирок көбүн эсе, элес албаган жандыктар. Алардын кылык-жоруктарын, кыймыл аракеттерин, кыял-мүнөздөрүн миниграфиялык формада көркөм чагылдыруу аркылуу биздин жашообуздун дагы бир жагын толуктап, аны ар тарапттуу кылып кооздоп тургандыгында.

К.Жунушев сөздүн кудурети менен көркөм этюдду тарта билүү жагынан да эң эле уста экендиги төмөндөгү ырларынан даана байкалат.

«Күчүк эмен жалбырагын
Казга тиштеп барыптыр,
- Мобу сенин таманың го,
Жерге түшүп калыптыр». («Каз менен күчүк», китепте: Байчечекей» жыйнагы,  «Мектеп», 1979-ж. 5-бет.).

Ашкере дымактуу, курулай акыл-насаат айтуудан алыс турган, окуган адамды ойго салып, андан өз алдынча бүтүм чыгарууга үндөгөн мындай ырлары арбын. Акын мындай маанайдагы ырлары менен ыйманга, адал эмгекке чакырып турат. Акындын ою боюнча ыйман менен адал ниет эмгек ажырагыс нерсе. Окуп көрөлү:

«Эжем мени: «Тоокко
жем чачып кой», — дегенде.
басып кеткем: «аний», - деп,
— Жем чачкыч белем мен эмне...
... Уят болдум кийин мен,
Ошол чаар тооктун
Жумурткасын жегенде...» (жогорудагы китепте).

Балдарды китеп окууга үйрөтүү балдар акын-жазуучуларынын милдети да, кызматы да болуп саналаарын айтуу ашыкча эмес. Акын К.Жунушев жөнүндө сөз кылганда дал мына ушул ой көкүрөккө келет. Ал үчүн дагы бир ырын окуйлу:

«Олтурасың эмне эле,
Аңдып кечке ийинди?
Десек, мышык кубанат:
— Белгилеп койсом деп жатам
Бүгүн туулган күнүмдү... («Туулган күндү белгилөө»).

Мындай кыска, бирок нуска, терең ойго ширелген ырлары акын К.Жунушевдин миниграфиялык стилде жазган мыкты балдар акыны катары жүзүн ачып берип, анын жекече үнүн, өз алдынчалуулугун, башкага окшошпой турган стили бар экенин далилдей алат.

Миниграфиялык формада биздин акындарыбыз гана эмес, прозачы жазуучуларыбыз да балдар үчүн чыгармаларын жазганын айта кетели. Тээ башынан кеп баштасак, К.Тыныстановдун жана И.Арабаевдин балдар үчүн китептерине кирген аӊгемелери да дал ушул форма менен стилге мүнөздүү. Мындан К.Тыныстановдун «Талаага тай өнүптүр», «Арпа менен буудай», «Энеге баланын алалыгы жок», «Билим – түгөнгүс байлык» жана да И.Арабаевдин «Мукаш», «Мектеп баласы», «Акылдуу сокур», «Эринчээк бала», «Талаш, «Өрт чыкты» аттуу көбүнчө дидактикалык мүнөзү күчтү аӊгемелери да дал ушул миниграфиялык стиль менен формага мисал боло алат.

Дегинкиси, балдар акынбы, прозаигиби, балдар үчүн чыгарма жазса эле, балдардын күндөлүк майда окуяларын курулай тизмекке алган баян болушу керек деген ойдон алыс болгону жакшы. Мына ушуну туюп-билген жазуучулардын ичинде романчы Т.Сыдыкбеков да бар экенин айтсак болот. Анын «Улуу биримдик» аталган (Фрунзе, 1985) балдар үчүн аӊгемелер жыйнагында бир шиӊгилдерден турган миниграфиялык аӊгемелери да кирген. Айрыкча, «Биринчи суук» аттуу алты жолдон турган аӊгемеси буга далил. Андагы: атасынын оозунан чыгып жаткан бууну баласы «түтүн» деп ойлогону, аны атасы түтүн эмес, бубак» экенин айтып түшүндүрүүсү – чакан формага сыйган жана ошонусу менен эле жетиштүү сюжет болуп берген. Ушундай эле формада балдар үчүн аӊгемелерди жазган жазуучубуздун бири - Ш.Садыкбакасов экендигин айтсак болот. Анын балдар аңгемелеринде («Күзгү», Ф., 1986) башкаларга окшобогон, өзгөчөлүү бир стиль бар экени  аны иликтеп көргөн көзгө даана байкалат.

«Ким жеди?» - деген аӊгемеси чакан гана көлөмдө жазылган, ал болгону алты саптан турат. Анда бала кызыктуу китепти окуп отуруп, чөйчөктөгү кыямды түгөтө жеп салганын байкабай калат да, кашыктын учу чөйчөктүн түбүнө тийгенде чочуп кетип, «Менин вареньемди ким жеди?»  -деп ыйлактайт… Же «Мебель» деген аӊгемеде ата-энеси айлап акча чогултуп, күн сайын «мебель алабыз» деп кеӊешип жатышып, бир күнү мебель алышат. Бала «мебель» деген бир кызык сонун нерсе го деп ойлогон да. Көрсө, үйгө коюучу эмерек экен. Алганы менен, эми балээнин баары башталды. Баланын баскан-турганын тыйып, «кир колуӊ менен кармаба, тырмагыӊ менен тырмаба, мык менен чийгилебе» деп, эретеден кечке кыйноого түшөт… Ошондой эле «Гүлдөрдү ким жакшы көрөт?» аттуу аңгемеси бир үзүм болсо да, балдардын гүлдү жакшы көрүүсү - аны үзүп алып терезесине коюп алуу эмес экенин, аны багып, сугарып, күндө коргоп, бирөөгө тепселетпей, жакшы мамиле жасоо» – экендигин түшүнтөт.

Мындай стилдеги чыгармаларды профессор Ү.Асаналиев да жазып, бир канча чыгармаларын калтырып кетти. Анын төрт саптан, үч саптан, ал тургай эки саптан турган чакан күлкүлүү шиӊгилдери ар кайсы мезгилдүү басылмаларды жарыяланган эле. Алсак, анын К.Чуковскийдин формасына салып жазган «Башкарма» деген миниграфиялык аӊгемеси үч эле саптан турат:

«-Ата, тиги киши башкармабы? - деп сурады баласы.

– Кайдан билдиӊ?

– Күпүлдөп сүйөп жатат ко…»

Демек, мына ушундай табиятынан улам, адабиятыбыздын балдар үчүн үлгүлөрүн талдай келип, анын формасы менен стилдик өзгөчөлүгүнө баа берип, аларды «миниграфиялык» чыгармалар деп мүнөздөө менен, анын жанрдык өзгөчөлүктөрүн мындан ары да изилдеп, мүнөздөп, талдап баалоо милдети алдыда турат...

Сулайман РЫСБАЕВ, профессор, балдар жазуучусу

Адабияттар:

Т.Кожомбердиев,  «Көлчүктөгү ай», Ф., 1971

К.Чуковский, «От двух, до пяти», М., «Детская литература»,  1982

М.Түлөкабылов, «Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы», Ф., 1989.

М.Сулайманов, «Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы», Ош, 1990

А. Кыдыровдун “Балдарга базарлык”, Ф., 1988

«Словарь иностранных терминов, М., 1995,  451-б

К.Жунушев, «Айдың көл», Мектеп, 1987, 40-бет, «Күн дүйнө», Б., 2018.

«Байчечекей» жыйнагы,  Ф., «Мектеп», 1979

Ш.Садыбакасов, «Күзгү», аӊгемелер, Ф., 1986

У.Асаналиев,  аӊгемелер, «Байчечекей» журналы, №2, 1993-ж.

А.Муратов, К.Исаков, “Кыргыз балдар адабияты, Б, 2012, 18-б.

Т.Сыдыкбеков, «Улуу биримдик, аӊгемелер,  Фрунзе, 1985

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз