Маркиз ГАЛИФАКС (1633-1695) англис жазуучусу
Жылкы уурдаган адамды жылкы уурдаганы үчүн асышпайт, башкалар ууру кылбасын үчүн асышат.
* * *
Дин жөнүндө кер-мур айтыштын көбү эки эркек ортосундагы ойсеке катынды талашкандай кеп.
* * *
Биздин заманда жашаган ким-бирөө жөнүндө: «Ой, ал кыйын» дегендин өзү – «ал жеткен шылуун» деген эле кеп.
* * *
Чындык биз тарапта болбой калса эле, ал жеткен жийиркеничтүүдөй туюлат.
* * *
Мыкты эстутум – пайгамбарчылыкка жеткирер айкын жол.
* * *
Ишиң илгерилебегени – өзүңдүн эле макоолугуңдан.
* * *
Сага эч качан каршы сүйлөбөгөн кишини мактаба, демек ал сени эмес, өзүн жакшы көргөн үчүн дудук болуп жүрөт.
* * *
Сага ишенбегендей түр менен караган киши карандай калпычы.
* * *
Калпычынын алдында эки кыйынчылык бар. Биринчиси: ага эч ким ишенбейт. Экинчиси: өзү да эч кимге ишенбейт.
* * *
Жайнаган кирешени жалгыз чыгаша алып келет.
* * *
Аянтта айкырып аткан адамдын акылдуу же акылсыз экени арсар. Анткени ал аянттагы аңкоолордун акылы менен өз жүрөгүндө макул болбосо да, барыбир элдин атынан айкырат.
* * *
Эки жаатташып бирин-бири «акмак» дегендин баары акмак.
* * *
Сууга чөгүп бараткан адамдан абайла. Куткарганы кол берсең, сени кошо тартып кетет.
* * *
Жомоктогудай жашоого жеткениң – жашооңдун бүткөнү.
* * *
Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат.
* * *
Эх, десең… кептин баары – келатканыңды алдыңда жамырагандар көрүп кубанганында эмес, чыгып баратканыңды көрүп, өкүнүп калганында.
* * *
Келесоо көрүнгөндөрдүн баары келесоо, соо көрүнгөндөрдүн да жарымы келесоо.
* * *
Ким келесоону ажыратпаса, ал келесоо. А келесоонун келесоо экенин билип туруп жанында жүргөн андан бетер.
* * *
Илимге ашкере башын сайган адамдар оңой алданышат, себеби, андайлар турмуштагы эң жөнөкөй, эң зарыл нерселерден алыс.
Орусчадан оодарган О`Шакир