- Шайлоо бюллетени – бул патенти жок сатса боло турган жападан жалгыз товар.
Марк Твен - Эгерде шайлоолор бир нерсени өзгөртө алаар болсо, аларга тыюу салышмак.
Анархисттердин лозунгу - Чабал мамлекеттик ишмерлерди шайлоого катышпаган жакшы атуулдар шайлашат.
Жордж Натан - Добушуңарды азыраак убада кылгандарга бергиле, көңүл калуулар азыраак болот.
Бернард Барух - Эки жаман нерседен көнгөнүн эле тандайлы!
Аркадий Давидович - Мага өлкөдөгү бардык акылдуу адамдардын добуш бергени жетишсиз – мага көпчүлүктүн добушу керек.
Эдлай Стивенсон - Президент болом деп эки жылдык убактысын шайлоо кампаниясына кетирген кайсы гана атуул болбосун, мамлекеттик ишмердик кылууга киргизилбеши керек.
Дэвид Бродер - Добуш бергиси келбегендерди добушунан ажыратса, бакырып чыгышат.
Аркадий Давидович - Жакшы дарыгер ар дайым өз пациенттерин ойлогон сыяктуу эле, жакшы саясатчы дайыма шайлоо жөнүндө ойлонот.
Григорий Явлинский - Рейган шайлоону анын атаандашы Жимми Картер болгон үчүн уткан. Эгерде ал шайлоого атаандашы жок аттанса, утулмак.
Морт Сал - Добушубузду берүү менен өз үнүбүздү жоготобуз, бул логикага туура келет.
Ежи Лещинский - Шайлоо алдындагы пиар – бул атаандашынын бетине эл көзүнчө түкүрүп, а кечиримди жеке өзүнө барып суроо.
Белгисиз автор - Негизгиси шайлоо кампаниясынын убагында эсте калар нерселерди убада кылбагыла.
Ж. Маккарти - Эч качан шайлоочулар сени жакшы билген үчүн добуш бердиби же жакшы билбеген үчүн бердиби – аныгын биле албайсың.
Р. Доул - Шайлоо аркылуу бийлик ээси боло аласың, бирок өтүкчү боло албайсың.
Кароль Бунш - Биздин өлкөнүн токсон сегиз пайызы – калп айтпаган, өз эмгеги менен жашаган жөнөкөй адамдар. Ошентсе да дайыма элдин көз алдында калган эки пайызы болот. Анан биз ошол адамдарды шайлап алабыз.
Лили Томлин - Электорат – бул бир жолу пайдаланып ыргытылар эл.
Аркадий Давидович - Шайлоодо шайлоочулар гана утулат
Эдгар Хоу - Эл бийликтегилерге наалат айтышат: электорат аларга добуш берет.
Аркадий Давидович - Колунда жоктордун ити чөп жегендерге жасаган кайрымдуулугу шайлоо деп аталат.
Геннадий Малкин
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ