- Сен чынчыл шайлоого ишенет экенсиң, мен сыйкырчылыкка ишенем. Ошондо кимибиз кыялкечпиз?
* * *
- Салык төмөндөгөнүн, карчарба менен айлык көтөрүлгөнүн, товарлар арзандап, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн ушунчалык уккум келет дейсиң...
- Бул үчүн шайлоо өткөрүлүшү керек!
* * *
- Оппозициянын шайлоодо утар күнү болобу?
- Качан сен экинчи аял алганыңда.
- Менде эки эмес бир да аял жок да.
- Бул эч качан адилет шайлоо өткөрүлбөйт дегенди сени оңой түшүнсүн деп жатканым.
* * *
- 7 жашымда Марска учкум келчү. Азыр болсо акысыз медициналык дарыланууну жана адилет шайлоону каалайм...
- Көрсө бала чагыңда азыркыга караганда сергек ой жүгүртчү турбайсыңбы.
* * *
Эгер короого балдар аянтчасын куруп башташса, анда шайлоо өнөктүгү жакын калды деп биле бер.
* * *
- Жолдош шайлоо участогунун башчысы, добуш бергени келсек биздин ордубузга башкалар шайлап коюшуптур!
- Эх шайлоочум, сеники да эч нерсе эмес, иштегени келсек биздин ордубузга добуштарды башкалар санап коюптур.
* * *
Шайлоо алдындагы убада шайлоодон кийинки убарага айланат деп ойлогондор депутаттыкка эч качан коюшпайт.
* * *
Шайлоодо кимге добуш берерди билбейм. Ал эми билген талапкерлерге добуш бергим келбейт.
* * *
Жакшылап коркутулган шайлоочу жакшылап тойгузулган шайлоочу менен бирдей.
* * *
- Кимдерге добуш бериш керек? Бай саясатчыларгабы же кедейлеринеби?
- Кедейлерин шайлабаш керек. Ачка немелер казынага кол салбай койбойт.
- Анда байларга добуш берели.
- Алар байлыкка уурулук менен жетишкен. Көнгөн немелер дагы эле болсо уурдашат.
- Анда кимдерди шайлайбыз?
- Эркин тандоо деген мына ушул болот!
* * *
Бакта сыр тиштеп карга отурат. Өтүп бараткан түлкү суроо берет:
- Карга, шайлоого барасыңбы?
- Жок, - дегиче сыр оозунан ыргып түлкүнүн алдына түшөт. Карга ойлонот: “А эгер мен “Ооба” десем эмне өзгөрөт эле?”
* * *
Шайлоо алдындагы чоң убадалар шайлоодон кийин жаңы депутаттын унутчаактыгы менен компенсацияланат.
* * *
Кыргыз радиосунан суроо берилет:
- Эмне үчүн БШК талапкерлерге билим алган окуу жайын өзү жөнүндөгү маалыматка жазбоого уруксат берди?
- Анткени бардык эле талапкерлер өзү окуган окуу жайынын аталышын туура жаза алышпайт.
* * *
- Биздин талапкерге добуш бергиле, анткени ал чынчыл, убадага бекем жана жоопкерчиликтүү жолдош! Суроолор барбы?
- Бар. Ал кайсы статья менен отурду эле?
* * *
Көз карандысыз талапкердин шайлоо алдындагы урааны: “Башкалар Кыргызстанды уурдап сатып жатканда мен сатып ала бергем!”
* * *
- Менин добушум эч нерсени чечпейт.
- Сиз шайлоочусузбу?
- Жок, ырчымын.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ