Адеп аңгемелери: Адамга мамиле

  • 14.09.2020
  • 5312

Жалалиддин Руминин этикалык ибараттарында жөнөкөй адамдар анчалык элес ала бербеген, бирок жеке адамдын тагдырында таасирдүү көрүнгөн окуялардын орду эң сонун көрсөтүлөт. Мисалы, «Кайчы» деген рабиятын окуп көрөлү: Жүрөк оорусу өнөкөткө айланып бараткан бир киши Руминин астына келет.

- Мен кандай гана дарыларды ичип көрбөдүм, бирок дартыма даба болбоду, акыры бир айласын кылар деп сизге келдим, - деди ал киши жалынычтуу.

Устаз тигил адамга бир топ тигилип, анан ойлонуп туруп:

- Мага кайчы алып келгиле? – деди.

Кайчы алып келгенче тигил кишинин өңү ансайын купкуу тартып, акыры чыдамы кетип:

- Сиз эмне менин жүрөгүмө операция жасаганы турасызбы? – деди.

Руми күлүп айтты:

- Мен хирург эмесмин, анан калса кайчы менен операция жасайт деп деги эле укпагам.

Кайчыны алып келген соң мавлана жанагы жабыркап келген кишинин топчусун ордунан кесип алып колуна карматты да:

- Муну башка жерге тагып алыңыз жана топчунун эски ордун эми көп кармалай бербеңиз, - деди. Анан да: - Эми дагы эки жумадан кийин бир келип кетиңиз, мен иштин оң жыйынтыгын көрөйүн, - дегенин кошумчалады.

Оорулуу киши устаз айткандын баарын кылды. Эки жумадан кийин Руминин алдына кубанычтуу келди.

- Дарыгер менин жүрөгүмдү текшерип көрүп, баары ордуна келиптир, сиз жакшы болуп калыптырсыз деди. Сиз, урматтуу мавлана, менин түймөмдөн жин-шайтандын баарын кууп чыктыңызбы? – Ал кубанып ушинтип айтты.

Руми күлө багып:

- Сиздин колуңуз ошол топчуну кармалай берчү экен, топчу болсо жүрөктүн үстүндө, демек, колуңуз жүрөгүңүзгө тийе берген. Ошол түймө сиздин жүрөгүңүздү жабыркаткан «жин-шайтан» болуп келген. Мен ошол түймөнү башка жакка которуу менен жүрөгүңүздү кысып жаткан колуңуздун нервдеринин таасирин башка жакка жылдырып койдум.

Аңгеме мына ушундай сюжетти камтыйт. Бир карасаң жөнөкөй эле нерседей, бирок дал ошол жөнөкөй нерсе – бир адамдын тагдырын чечип атат. Ал ошол адамдын тагдыры эле эмес, башкаларга да сабак болуучу ибарат.

Аңгеменин автору Руминин сопучулук философиясы гумандуулукка негизделет. Бир катар ойчулдар өзүнүн динин гана башка диндерден өйдө коюп караса, Румиде андай эмес, адамдар тегине, динине, өң-түсүнө, байлыгына карап бөлүнбөйт, алардын баары бир катардыгы эле пенделер.

Ушуга байланыштуу дагы бир аңгемеге көңүл буралы. Ал «Руминин көрөгөчтүгү» деп аталат да, окуя мындайча айтылат:

Тебриздик бир бай соодагердин башына күлпөттүү иш түшүп Кониага Румиге атайын келет. Ал Румиге беремин деп ниет кылып өзү менен 50 алтын теңге да алып алган. Келип, мавлананын кабылканасында туруп, Жалалиддинди көрүп калат да, сүрдөп, калтырак басат.

Руми айтат:

- Сенин 50 алтын теңгең алынды! Бирок сен 200дү жоготтуң жана ошол нерсе сени мында алып келди. Сени Алла жазалады, эми баары жай-жайына келет.

Соодагердин көрөгөчтүгү Румини таң калтырды. Руми дагы айтты:

- Бир жолу Батышта, христиандардын мекенинде, көчөдө жаткан бир христиан дервиштин жанынан өтүп баратып, ага жийиркенип түкүрүнүп ийгенсиң, азыр эми сен ошонун азабын тартып жатасың. Сен эми ошол кишини табышың керек жана андан кечирим сурашың зарыл, анан биздин саламды айт.

Ошондо соодагер өзүнүн ички дүйнөсү Руми үчүн ачык китеп экенин түшүндү.

- Кара, - деди Жалалиддин Руми, - биз аны сага көрсөтөбүз.

Ушинтти да дубалга жакын келишти, ошол убакта Европанын бир базары жана анын бир жеринде жаткан ыйык адам көрүндү. Соодагер бул көрүнүштөн артка жылып кетенчиктеди жана устазга таң кала карады.

Мында Руминин аябай эле көрөсөндүгү, акылдуулугу, гениалдуулугу көрсөтүлүү менен адамдардан башкача касиет-сапаттары бар экендиги айтылат. «Кимде ким, - деп айтылат хадистерде, - мусулман мамлекетинде жашаган башка диндеги кишиге акаарат кылса, кыямат күнү оттон жасалган камчы менен сабалат».

Азыр ушул тапта диндер күрөшү күч алып, башка диндеги адамдарды уруп-согуу, кемсинтүү, а түгүл мамлекеттин бийлигине динди аралаштыруу идеялары көбөйүп баратат. Мунун кереги жок, дин саясаттын куралы эмес, мамлекеттин дагы, ал ар бир адамдын ички дили, ички ишеними.

Жаз жаңы келген күндөрдүн биринде Султан Хусейин падыша сарайында эригип отуруп, увазири Мир Алишерди эстейт да, анын бир топтон бери көрүнбөй калганы үчүн жоктоп үйүнө барып коюуну чечет. Барса, Алишер акын багбанчылык кылып атыптыр.

- Көктөм келсе, көчөт эк деген экен машайыктар, - дептир Алишер, - мен да эскирген алмаларды түбү менен оодарып таштап, ордуна жаңыдан үч-төрт жаңгак көчөтүн сайып коёюун деп жатам.

- Ооба, досум, эй, экөөбүз жашарыбызды жашап, ашарыбызды ашап бүттүк, анан бул жаңгактар качан чоңоюп, качан мөмөсүн берет?!

- Досум, жакшыдан бак калат деген, мен бул көчөттөрдү өзүм үчүн эмес, мынабул көчөдө чаңытып ойноп жүргөн балдар үчүн, балким алардын да балдары үчүн тигип атам. Алар мөмө бере баштаганда адамдар келип муну Мир Алишер атабыз эккен десе, мындан өткөн бата болобу, мындан өткөн байлык болобу? – дептир Навои.

Алишердин жообуна жана анын жасаг ишине ыраазы болгон Султан Хусейин ага бир калта алтын бердирет.

- Мына көрдүңбү, - дейт Алишер Навои, - эгип аткан көчөттөрүм эми эле түшүм бере баштады.

Бул икаяда адамдарга жакшылык кылууну өзүнүн жеке кызыкчылыгынан артык көргөн Алишер Навоини жана анын инсандарга акниеттик менен мамиле кылганын көрүп, баалай билген, адамгерчиликке адамгерчилик менен жооп берген өкүмдар Султан Хусейинди көрөбүз. Мына ушундай инсандар адамдар кандай болушу керектигин бизге айтып берип турушат.

Искендер падыша бир билимдүү жана кадыр-барктуу кишини жогорку мансаптагы кызматынан бошотуп, төмөнүрөк тепкичтеги мансапка коёт. Бир күнү ал падышанын алдына келгенде Искендер анда сурайт:

- Кандай, жаңы мансабың жактыбы?

- Өмүрүңүз узун болсун, падышам, адам мансабы менен кадыр-барктуу эмес, мансап инсан менен кадыр-барктуу болот, - дептир тигил келген киши.

Ошондой, адамдар бардык нерсенин башында турат. Бардык нерсе, анын ичинде аалам адам менен гана сулуу, инсан менен гана көрктүү. Адам болбосо анын баары талкаланмак. Адамдын ошол улуулугун, дүйнөнү сактап тургандыгын биз түшүнүүгө, аңдап билүүгө тийишпиз.

Жазуучу Мурза Гапаров тагдырында көп адамдар менен бирге болуп, кыргыз жергесин узун-туурасынан көп кыдырды жана ошол көргөн-билгендерин чыгармаларында калтырып кетти. Анын «Айгүл тоо» деген аңгемесине Али ава деген каарманы алыстагы Баткен тоолорундагы жалгыз үйгө төшөнчү, ийдиш-аяк, нан, чай, туз… дегендерди алып барып турат. Ал «…апта сайын он чакырым таштак жолду жөө басып келип, кемпири түйүп берген тамак-ашын таштап, а үйүн болсо жыйнаштырып кетет. Ажайып абышка. Бул бекетти ал атайын жолоочулар үчүн салган. А жолоочу дегениң бул үйгө көп токтойт. Фергана менен Ош жактан келаткан автобустардан түшүп калып, өздөрүнүн алыскы айылдарына барчу машинелерди күтүшөт. Ал эми ал айылдарга машине сейрек жүрөт, шондуктан көпкө күтүүгө туура келет, а кээде өтө кеч калышса, түнөгөнгө аргасыз болушат. Мындай учурларда алар очокко оттон жагышат, үйдүн артында агып аткан дарыядан чакалап суу апчыгып, чай коюшат… Иши кылып, ээсиз үйдө ээн-эркин отуруп, өздөрүн мейман кылышат. Ошондо алардын кээ бирлери Али аваны эстеп, ага сыртынан ырахмат айткан болот, а көпчүлүгү буга да жарабайт: чалдын чай-нанын ичип-жеп, үйүндө түнөп алып, эртесинде шашып-бушуп жөнөп кетишет…

Али авадай апенди кишини Иса биринчи жолу Өзгөн менен Оштун ортосундагы ээн талаадан жолуктурган. Албетте, ал кезде адамдар азыркыдай автобус, менчик машинелерде эмес, араба-ат же жөө-жалаң катташчу. Шондуктан, алар үчүн жол азабы – гөр азабы эле. Мына ошол алыскы өткөн мезгилде, жай саратандын аптабында акактап келаткан жолоочунун жолунда дайыма бир кумура булактын муздак суусу күтүп туруучу. А булактын суусу муздак сакталсын үчүн кумура жерге көмүлүп, бетине жыгач капкак жабылып, а капкактын үстүнө алюмин кружка коюлчу. Бир жолу Иса ошо алюмин кружка менен суу сузуп ичип отурган учурда, кокусунан, жол жээгиндеги калың бадалдын арасынан кичинекей, купкуу чал чыга келген. Чалдын колунда бир челек суу бар эле. Чал суу ичип отурган жолоочу жигитти көрүп, өзүнчө момун жылмайып: «Ич, балам, иче кой…» - деген. Анан челегиндеги сууну кумурага оодара куюп, анын капкагын кайра жаап, унчукпай жолуна түшкөн. Ошондо гана Иса кумуранын ээси ким экенин билген. Билип, чалдын артынан: «Рахмат, ава!» - деп кала берген. Бирок анын рахматын чал уккан эмес, челегин чыйкылдатып, калың бадалдын арасына кирип, көздөн кайым болгон…»

Мына ушул Мурза Гапаровдун каармандарындай бир карасаң чын эле апенди адамдар көп болгон. Алар тыйын үчүн, ырахмат үчүн иштебейт, алардын иши – адамдар үчүн, адамдар ушул жерден ырахат алса дешет.

Жалал-Абадда курортко чыга бериште Шор-Булак деген жер бар. Бир убакта адамдар баткакка буланып, бир жагында аялдар, дагы бир жагында эркектер отурчу. Анан ушул жерде Мухтар Исакулов аксакалдын кеңеш-насааты менен Эркин Бегимкулов аттуу финансист жигит абатташтырды, тосуп, ауз кылды, бышкан кыштан имарат салып, тепкич менен жол түшүрдү. Бул кызматы үчүн ал киши бир тыйын албайт.

Менин өмүр-жолумда жакшы из калтырган адам Дүйшө аттуу киши. Жездем болот, а мен таята деп калгамын. Ушул киши пайгамбар жашынан өтүп калса керек эле, айылдан он чакырымдай тоого жол салган. Чоку менен таштуу жерлерди жанчып, из чыгарып чыккан. Дары булактын суусун казып, көбөйткөн, тоого бак кылган. Анан ушул кишинин көзүнө күч келди шекилдүү, көзү ооруп калды. Ферганада операция жасашты. Эми этият кылыңыз дешти. Бирок баягы жолу бузулуп жатса, эл кыйналып өтүп атса деп, кайрадан чокусун алып чыгып, лому менен ургулап, тоо жолун салышты улантты. Лекин көз деген көз экен, такыр көрүүдөн калды.

Азыр эми көзү өткөнгө чейрек кылымдай болуп калган ошол кишинин эл деп, адамдар деп, балдарым деп көзүн бергенин эстеп, ушундай адамдар азайып кетип жаткандыгына кейийм.

Адамдарга жакшылыктын эң ырайымдуусу – чаңкаган кишиге суу берүү дешет. Жанагы Али ава, купкуу чал, Дүйшө жездем – булар бүтүндөй өмүрүн бирөөлөргө жакшылык кылууга арнашты, ал жакшылыгы үчүн акы доолабайт, милдет кылбайт, өздөрү ошондон руханий канаттаануу алат.

«Эл менен сен бийиксиң, элсиз жерде кийиксиң» деп Калыгул акын бекер айтпагандыр, калк ичинде гана адам инсан катары көрүнүп, инсан катары жашайт, иштейт, жанын багат, тукум-урук калтырат. Андыктан да ошол адам «элге бергин, эл ичинде мага бергин» деп тилек кылат.

Адамдар менен түбөлүк мамиле кылган бул дүйнөдө ар кандай балакеттерге калбайын десең он нерсени жадыңа түй деп Фисогурс (Пифагор) тээ байыркы заманда эле мына буларды көрсөтүптүр:

  • Өзүңдөн улуу киши менен урушпа;
  • Копол, ачуулуу адам менен айтышып отурба;
  • Көралбас киши менен бир жыйында болбо;
  • Наадан адам менен талашып-тартышпа;
  • Сынабаган киши менен дос болбо;
  • Жалганчы менен мамиле кылба;
  • Бакыл киши менен сукбатташ болбо;
  • Аялдар менен бир жерде көпкө отурба;
  • Тез кызыган, кызганчаак киши менен шарап ичпе;
  • Кадыр-баркыңды түшүргүң келбесе бирөөгө сырыңды айтпа.

Бир шаарда бир адамдын өтө көп эгини болуп, андан жакшы дан алыптыр. Анан ошол аймакта азык-оокат таңкыстыгы башталып, тигил киши түшүмүнүн баарын сурап келгендерге таратып берет да, өзү да дансыз калат.

- Кызык экенсиң, - дешет тааныштары ага, - ушундай ачарчылыкта өзүң да ач каларыңды билип туруп, анан неге эгиниңдин баарын таратып бердиң?

- Калк ач туруп, мен ток болсом, ынсапсыздык болор. Калк менен бирге жамандык-жакшылыкты көргөнүм туурадыр, - деди ал киши.

Ушуну үчүн «элдүү түлкү ач калбайт» деген накыл сөз айтылат. Адамдар эл ичинде болгондо гана анын бийиктиги, адамдык насил наркы билинет. Эгерде кимдир бирөө ашкере мал-мүлкү бар, жеткен бай болсо да, ал адамдардын жакшылык жамандыгына кошулбаса, байлыгынан кембагалдарга, жалпы элге таратып берип турбаса, анын адамдык касиети жок деп эсепшет да, элден чыгарып коёт.

Акылмандын жанына бир жаш жигит келет да:

- Мен ушул күнгө чейин жаман иштерди кылып жүрдүм эле. Эми аны түшүндүм да ошол күнөөлөрүм үчүн тооба келтирүү максатында сиздин алдыңызга келдим. Мени шакирттикке кабыл кылыңыз, тарбияңыздын көлөкөсүнө жакшылар катарында боломун деп үмүт кыламын, - дейт.

Акылман айтат:

- Сенин көңүлүң бир ауз-көлмөгө окшош. Беш арыктан ыплас суулар келип, көңүл-аузуңду булгап турат. Эгер бул арыктардын жолдорун тазалап, ыпластанган сууларды киргизбесең, ошондо гана сени шакирттикке кабыл кылып, тарбиялаймын. Арыктар тазаланбаса, миң мертебе тооба кылсаң да пайда бербейт.

Жигит:

- Алар кайсыл арыктар? - деп сурайт.

Акылман айтат:

- Бир арык – көзүңдүн жолу. Аялдарга бузукулук, кыянаттык кылуу ниетинде караба. Бир арык – оозуңдун жолу. Оозуңдан адеп тарбиясына тескери болгон сөздөрдү чыгарба, арам жана ишенимсиз нерселерди жебе, ичкилик ичпе. Бир арык – колдор жолу. Кишилердин мал-мүлкүнө кол салып уурулук кылба, бирөөнү уруп-нетип жабыр-жаракат келтирүүдөн сактан. Бир арык – буттарыңдын жолу. Уурулукка жүрбө. Дагы бир арык – кулактарыңдын жолу. Караниеттик менен айтылган сөздөргө кулак салба, адеп тарбиясына тескери болгон сөздөрдү угуудан кач.

Жогорудагы насааттарды аткаргандан кийин гана адам тазаланат да, анын шакирт болууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Айтылгандай адамды ар тараптан ылайка, булганыч арыктар менен жаман жорук-жосундар, адаттар сугаргысы келип турат, ошону жеңе билүү үчүн таалим-тарбиянын таасири өтө күчтүү жана майнаптуу болушу керек. Жаман жолдон сактачу бир гана нерсе бар, ал – жакшы тарбия.

«Адепти адепсизден үйрөн» делет, жаман, бейадеп адамдарды көрүп, ошолорду туурабай, аларга окшобой, башка жол издөөнү адаттануубуз зарыл.

Адамда бүт айбанаттар сыйлайт, баары баш ийет. Кыргыздын бир жомогунда ителги менен Дөөтү деген уста мелдеше кетет. Ителги айтат:

- Мен алдагы тегирмендин ташын бир тээп жара коёмун, - дейт.

Дөөтү ага ишенбейт. Кантип эле дейт. Экөө мелдешет. Эгер бир тээп тегирмендин ташын жарып таштаса уста ителги алтын текөөр жасап бермек болот.

Ителги тээ көккө чыгып, муштум болуп түйүлүп келип, ташты жара тепкен экен, таш бөлүнүп калыптыр. Бирок Дөөтү уста ителги тээп өтүп, кайра кайтып келип көргөнчө тегирмен ташты кадоолоп кайра бүпбүтүн кылып койгон экен. Ителги ошондон бери көзүнө жашы алып калган дешет. Бул адамдын өнөрлүүлүгү, улуулугу, акылмандыгы.

Хадистерде айтылат: «Момун-мусулмандардын бири-бирине алты түрдүү акысы бар: салам бериш; чакырса барыш; кеңеш сураса бериш; суроосуна жооп бериш; оору болсо барып көрүш; каза болсо аза зыйнатына катышуу». Ушундан көрүнгөн нерсе адам ар дайым адам менен – адам, ал эми адамдык эң алды менен адамдарга кылган мамиледен билинет.

Абдыкерим МУРАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз