Кызыл кулак эл добушу жөнүндө жомок

  • 17.09.2020
  • 3290

Качандыр бир заманда тоодой этти, көлдөй чыкты сүйгөн эл болуптур. Ажолору качкын, аткаминерлери саткын болгон дешет. Эл ишенимин сатчу экен алар. Ошол эл өтө аңкоолугунан өзү да шайлоо сайын кызыл кулак болуп бүтүптүр.

Кимде-ким дасторкон жайып, боо-боо жыгып жылкы сойгузса, арак-шарапка тойгузса – добушун сатчу дейт! Добуш саткандын тагдыры ушул да: ал элдин төбөлдөрү өтө билимсиз, өтө түркөй болгондуктан; өз элин карызга батырыптыр.

Адилетсиздиктин зарпынан идиректүү, зээндүү, билимдүү адамдар бийликке келүүгө эч мүмкүн болбоптур. Себеби бийликке жутунган шылуундар аларга жол бошотпойт. Ак калпак калктын өзү да шайлоо сайын тоодой этке, көлдөй чыкка карк тойгонго көнүп алат. Дүйүм тамакка кимиси тойгузса, добушун ошолорго гана сатат.

Эл үчүн өпкө-жүрөгүн сууруп ыргытып садагага чабууга даяр көрүнгөн; эл десе ичкен ашы колунан ыргып төгүлгөн, шайлоочуларга чопулдатып тил эмизген жемкорлор беш жыл сайын мандатка жетип, ак калпак элин шорлотот! Аңкоо элдин урпактары өз өлкөсүнөн баар таппайт, дүйнөнү түрө каттайт. Жумуш издейт.

– Сен кайсы эл, кай өлкөдөн болосуң? – дечүлөргө:

– Мен деген ак калпактуу улуу элдин урпагынан болом, – деп мактанышчу болот.

– А сен алиги Ала-Тоодой этти, Ысык-Көлдөй чыкты сүйгөн элдин урпагынан болом дебейсиңби...

– Ооба, ооба! – дейт өз элинин дүйнөгө таанымал болгонуна жетине албаган ак калпакчаны.

– Демек сен өз урпактарын карызга батырып кеткен элденмин дечи. Өзүнүн ар-намысын, добушун, келечегин сатып ийген элдин урпагынан болот турбайсыңбы, – деген сөздү укканда; кирерге жер таппай, башы ылдыйга шылк дей түшчү экен...

О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз