Тарыхтагы акылга сыйбас шайлоолор

  • 17.09.2020
  • 3179

«Саясатчыларга ишене бергидей саясат оңой нерсе эмес», — деген экен Шарль де Голль. Ошондуктан саясатты порно актрисаларга, комиктерге, эшектер менен текечерлерге ишенип берип жүрүшөт.

Папа Док ар дайым биз менен!

Диктатор Франсуа Дювалье өзүнө кандай гана титулдарды ыйгарып албады дейсиң! Гаити улутунун негиздөөчүлөрүнүн татыктуу мураскери, гаитиликтердин идеялык атасы, Гаити элинин сактоочусу, Коркууну билбеген рыцарь, Революциянын жолбашчысы, Жарды-жалчылардын коргоочусу, Үчүнчү дүйнөнүн лидери, Гаитинин тийип турган Күнү жана Бакыттын Королу.

Дарыгер Франсуа Дювалье же элде папа Док, саясий карьерасын саламаттык сактоо министри болуу менен баштаган жана 1957-жылы президенттик такка жеткен.

Ал бийлик башкарган жылдары Гаитиде АКШнын финансалык каражаттарын, террор жасап турган ультра-оңчул маанайдагы тонтон-макут банданы жана гаитиликтер алардын президенти улуу сыйкырчы деген ишенимин пайдаланып аскердик-саясий диктатураны орноткон. (АКШ президенти болуп шайланып келген Жон Кенеди Дювальенин режимине финансылык жардамды токтотуп салганда, ачууланып туталанган диктатор, мом куурчакты ийне менен сайгылап, Американын президентине каргыш жибергенин бүткүл элге жарыя кылган. Бир нече жумадан кийин Кеннедини атып кетишкенде, папа Доктун кадыр-баркы көкөлөп өскөн. АКШнын кийики президенттери тобокелчиликке барыштан коркуп, акчалай жана курал-жарак берип жардамдарын аяшкан эмес.)

Өкмөттөгү бардык маанилүү кызматтарды анын ишенимдүү адамдары ээлешкен. Мурдагы өкмөт башчысын аттырып жиберген. Баш көтөрүп каяша айткан күчтөр түрмөгө салынган же ажал эскадрону деген президенттин бандасы тарабынан жок кылынган. Өкмөт үйүнүн жертөлөсү каршы чыккан элди басыш үчүн курал-жарактарга толтурулуп, коргонууга ылайыкташтырылган.

Президенттик мөөнөтү бүтө жаздап калганда ал шайлоо деген формалдуу нерседен өтүү керектигин эстеген. Өзүн шайлаган парламентти таркатып, 1961-жылы 22-апрелде жаңы шайлоо өткөзгөн. Урналарларга шайлоочуларды куралчан солдаттар коштоп алып барышкан, жыйынтыгында 58 депутаттын бардыгы Дювальенин жакындары болушкан. Бирок бул да эч нерсе эмес: депутататтарды шайлаган бюллетендердин бетинде билинер-билинбес тамгалар менен “Доктор Франсуа Дювалье – президент” деген сүйлөм жазылыптыр. Ошондуктан добуштарды санашкандан кийин гаитиликтерге депутаттар менен бирдикте өлкө президентин да шайлап алышканын жарыялашкан. Ал мөөнөт аяктаган соң, бийлигин бергиси келбеген Док, кайрадан альтернативасыз шайлоо өткөзүп, эми чексиз мөөнөткө Гаитинин президенти болуп алды.

Бюллетендерде Дювальенин өмүрүнүн акырына чейин президент болушуна макулсуңбу? – деген суроо коюлуп, бир гана “Ооба” деген жооп турган. Макул болбогон шайлоочу “жок” деп өз колу менен жазышы керек эле, а бул өзүнө өлүм жазасын чыгаруу менен барабар болчу.

Өмүр бою шайланган президентин шайлап алган гаитиликтер жаңы гимндин “Папа Док ар дайым биз менен” деген сөздөрүн бир ооздон ырдай башташкан.

Постту өткөздүм — постту утуп алдым!

АКШ президенттеринин жарымынан көбү покер оюнунун ышкыбоздору болушкан. Ал эми Нью-Мексико штатындагы Эстансия шаарында бир жолу шайлоого катышып жаткан кандидат мэрдин кызмат ордун покер ойноп утуп алган!

Иш мындайча болуптур. Бул штаттын мыйзамы боюнча бирдей добуш алган эки же үч кандидаттын ортосундагы жеңүүчү кайсы бир кумар оюндарын ойноо менен аныкталат. 1998-жылы Эстансия шаарынын мэрин шайлоодо Жеймс Фаррингтон жана Жоан Карлсон 68 добуштан алышкан. Америкалык президенттердин сүйүктүү оюну жеңүүчүнү аныктамак. Покерде ийгилик Жеймс Фаррингтуку болуп, байгесине мэр кызматын алган. Экинчи турга эч кандай чыгаша болгон эмес!

Гиннесстин рекорду

Боштондукка ээ болгон америкалык негрлерден чыккан Чарльз Кинг, Либериянын 17-президенти болуп бийликке 1927-жылы келген. Ал өлкөдө 15000  шайлоочу катталганына карабай 234000 добуш алган. Анын атаандашы болгону 9000 добуш алып уятка калган.

Кийинчерээк, 1982-жылы мындай масштабдагы алдамчылык эң эле таза эмес шайлоо катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Ушул убакытка чейин бул рекорд сакталып келе жатат, бирок өзүңөр билгендей кандидаттардын арасынан “Гиннестин” китебине кирүү үчүн эч кимиси байкоочуларды чакырыша элек.

Маскарапоз — эң күчтүү карта

2010-жылы Рейкьявик шаарынын мэри болуп жаш кезинде Йонси-панк деген каймана аты бар, курбалдашы Бьокко үйлөнгөн бийчи-маскарапоз Йон Гнарр шайланган. Ал түзгөн “Эң мыкты партия” шаардык кеңештерге шайлоодо добуштардын үчтөн экисин алып, жеңип чыгышкан.

2008-жылы бийлик өлкөнү финансылык кризистен чыгара албай, элдин нааразычылыгы күчөгөндө маскарапоз өзүнүн сатирачыл партиясы менен олуттуу партиялардан алдыга озуп чыккан. Ал эгерде жеңишке жетишсе шайлоо кампаниясынын учурунда берген убадаларын аткарбай турганын, бирок көңүлдүү жана кубанычтуу келечекти камсыз кыларын ачык эле айтып чыккан. Анын ушул сөзү исландыктарга бөтөнчө жаккан экен. “Шаар тамашалар аркылуу башкарылбайт, бирок сатира – бул ойлонуунун мыкты ыкмасы” – дал ушул сөзү менен Йон Гнарр ошол кездеги иштеп жаткан мэр Ханн Кристьандоттерди дебат учурунда жамбашка салып көтөрүп урган экен. Жеңишке жеткенден кийин да тамашасын таштаган эмес: “Мен эмне үчүн дайыма эле жаман иштерге кабыла берем”,— деген экен ал.

Белокту Лондондон импорттоо! Түндүктүн ак аюусун зоопаркка! Бассейндерге бекер сүлгүлөр! Диснейленд аэропортторго! Бактылуу болуш үчүн дагы эмне керек?

Мэрдин кызмат ордуна келгенден кийин ал тамашалуу убадалардан чыныгы иштерди жасоого өткөн. Мисалы, Исландия НАТОго кирбеши керек болчу деген бекем ишенимди карманган адам катары, алардын учактарын жана Гуантанамодогу түрмөгө кесилген адамдарды ташыган учактарды Рейкьявикте конуусуна тыюу салган. Ал НАТОнун жетекчилери менен алардын согуш кемелери Исландиянын деңиз жээктеринен кетмейинче жолугушуудан баш тарткан. Бул өз өлкөсүнүн парламентине жаккан эмес. “Биз аябай кичинекей өлкө болгондуктан чоң өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууга муктажбыз, мүмкүнчүлүк пайда болгон жерде аларга болгон сыйыбызды көрсөтөбүз, ошондуктан эгерде согуштук кеме биздин портко кирсе, алардын командалык составын  сөзсүз коноктойбуз. Бул жерде эч кандай жаман ой жок” Өздөрүнүн жакшы пейилин көргөзүү үчүн маскарапоз-мэрдин кеңсесинде Бэнкст тарткан хулиган адам алардын кемесине жардыргыч заттын ордуна бир букет гүл ыргытып жаткан сүрөтү илинип турчу.

2014-жылы Йон Гнарр Леннондун “Тынчтык үчүн” деген грантына татыктуу болгон.

Артистер диктаторлорго караганда бийликти оңой таштап кетишет. 2014-жылы Йон Гнарр эч кандай шайлоолорго катышпасын билдирип, кайрадан актёрдук карьерасына кайтып келген.

Аялдарга — гүл, балдарга — бал муздак/ Dolce vita!

Бийликке нааразычылык жаралуу үчүн сөзсүз эле финансылык кризис себеп болбойт, бир болбогон жаңылыштык эле жетиштүү учурлар арбын. Калифорниядагы Кармел шаарчасында фаст-фуд менен бал муздак сатууга тыюу салышканда, жашоочуларга жардамга актёр, режиссёр, композитор жана төрт жолку “Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүсү Клинт Иствуд келген. Анын шайлоо алдындагы элге берген убадасынын негизгиси, элге бал муздакты кайрып бермекчи болгону эле. Актёр 1986-88-жылдары мэр болуп иштейт. Иствуд экинчи мөөнөткө шайлоого барган эмес, имиштерге караганда шаардын жашоочулары андан иштебей эле коюусун суранышкан, анткени Голливуд жылдызынын күйөрмандары кичинекей шаарчага тынчтык бербей коюшуптур.

Мурдагыдан да таттуу жашоону самап күтүү актёр Якуб Хаугардга да Даниянын парламентинен орун алууга түрткү болуптур. Ал армиядагы солдаттардын эртең мененки тамагын көбөйтүүгө убада бериптир.

Дональд Трамптын убадаларынын ичинде АКШда “Орео” деген печеньенин өндүрүшүн жандандыруу да бар.

Чиччолина

Италиянын парламентине ХХХХ индустриясында Чиччолина деген ат менен белгилүү Анна Сталлер бир аз порно киргизиптир. 1987-жылы ал “Радикалдар” париясынан депутат болуп шайланган. Тарыхта биринчи жолу порноактриса атомдук энергияга, Италиянын НАТОго мүчө болушуна каршы чыгып, дүйнө жүзүндөгү ачарчылыктан жабыркаган адамдарга жардам кылууну жактап чыккан. Ал тургай Жакынкы Чыгыштагы конфликти чечүүгө далалат кылып, Саддам Хусейнге өзүнүн бир түндүк кызматы үчүн Кувейттен армиясын чыгарып кетүүнү сунуштаган. Сунуш Римдеги ирак элчилдигине берилип, бирок жоопсуз калыптыр.

Жапайы шайлоолор

Эң ойго келбеген нерселер, мисалы, шайлоолордо эң эффективдүү ыкма бакшылар менен көзү ачыктарды пайдалануу деп эсептеген африканын айрым өлкөлөрүндө жолугат. 2015-жылы Танзаниядагы президенттик жана парламенттик шайлоолор алдында президент Жакайя Киквете өзү кандидаттарга көзү ачыктардын кызматынан пайдаланбоону талап кылып сүйлөгөн. Эң эле жапайы каада-салтка ылайык жакшы жыйынтыкты альбинос-адамдардын (пигменттин жетишсиздигинен териси жана чачы же түктөрү агарып кеткен адам) денесинин бөлүктөрү менен анын канын пайдалануу берет имиш. Тилекке каршы, андай адамдар жер шарынын башка бөлүктөрүнө караганда Африкада бир топ көп жолугат экен.

2009-жылы бир нече адамды өлтүргөн мыкаачыларды өлүм жазасына тартышкан. Бирок бул аларды токтото алган жок. Альбиностордун буту-колдорун кесип кеткен учурлар ого эле көп. 2013-2015-жылдары Танзанияда 70 адамды өлтүрүп кетишкен. Танзания, Бурунди, Конго, Кения, Ургандада жана кээ бир өлкөлөрдө альбиностордун денесинин бөлүкчөлөрү менен соода кылышкан эл аралык уюмдар, жеке ишкерлер көбөйүүдө.

Эгерде бул өлкөлөрдүн биринде шайлоо болору күтүлсө, бүткүл Африка континентиндеги альбиносторду сактоо чаралары иштелип чыгат. Мисалы, Кениянын бийлиги Танзаниядагы шайлоолордун алдында өздөрүнүн альбиносторун атайын кайтарылган жерлерге көчүрүшкөн. Африкадагы альбиносторду сактоо боюнча иштерди канадалык Under the same Sun деген уюм жана БУУ жүргүзөт.

Саясатчы-эшектер

“Биз саясатка бир аз да болсо чындыкты тартуулайлык дедик: шайлоолорго жалаң эшектер гана катышат” – Колорадо штатынын Флориссант шаарынын ардактуу мэрин шайлоодо катышып жаткан кандидаттарды шайлоонун уюштуруучулары ушинтип сыпатташкан. Бул эшектердин жарышынан жеңүүчү болуп Пако Белл аталган. Бул эшек катары менен 2000–2004-жылдары эки шайлоону уткан.

Ал эми Техастын Лахитас шаарчасында 1986-жылы аракеч текечер Генри Клэй мэр болуп шайланып келген. Ошентсе да анын шаарга тийгизген пайдасы чоң: анын сырага болгон адаттан тыш ышкысы шаарга туристерди тартып турган. Кийин аны кичүү-Генри, аны үчүнчү Генри Клэй алмаштырган. Бул, бийликтеги династияны сырага болгон сүйүү айырмалап турган.

Эми жогорку айтылгандарга президенттер өздөрү ачкан эки сырды айта кетелик:

“Мага бир да шайлоочу менин сүрөтүм түшүрүлбөгөн кагаз менен көчүгүн аарчыбаганы керек” — дептир АКШнын 36-президенти Линдон Жонсон.  

“Шайлоо жыйынтыгы шайлоочуларга коюлган брендинин санына түздөн-түз байланыштуу өсөт” – АКШнын 1-президенти Жорж Вашингтон.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз