Татьяна Маркинова: Сүйүү тууралуу жан-дүйнөңдү козгогон назик сөздөр

  • 18.09.2020
  • 4956

Ар бирибиздин жашообузда жан-дүйнөбүз назик, сулуу сөздөрдү көксөп, жүрөгүбүз кандайдыр бир таттуу сезимдерди самаган учурлар болбой койбойт.

Бүгүн мына ушундай абалды чагылдырган сөздөрдөн алдыңызга букет кылып сунгум келди, кабыл алып коюңуздар.

Мен сени тандагам, Сени кайра-кайра тандай берем. Буга эч кандай шек жок.  Мен ардайым сени гана тандайм.

*     *     *

Жүрөк каалаганын тандайт. Мындай иштерде эч кандай логика болбойт. Сиз кимдир-бирөөгө жолугасыз да, ашык болуп каласыз, болду.
Вуди Ален

*     *     *

Сүйүү жөнүндө сөзсүз эле сөз менен айтуунун кажети жок, – ал жөнүндө жалжылдап күйүп турган көздөрүң, күлмүңдөп айланага жарык чачкан күлкүң, шымаланып кылган ишиң айтып турат.

*     *     *

Эң керемет сүйүү – бул жан-дүйнөлөрдүн назик ширелишкени.

*     *     *

Сүйүү эч качан жалгыз келбейт: ал бир алаканына бакытты уучтап келсе, экинчи алаканында бир ууч азап чегүүнү алып келет. Алардын кайсынысын тандаш адамдардын өздөрүнө байланыштуу.

*     *     *

Мен сага бир мүнөт гана көз жүгүрткөндө, сенден мен сүйгөн миң нерсени көрдүм.

*     *     *

Эгерде мен сүйүү эмне экенин түшүнсөм, ал үчүн мен сага гана милдеттүүмүн.
Герман Гессе

Сүйүү сымап сыяктуу аны ачык алаканың гана кармап тура аласың, жумсаң куюлуп түшөт.
Дороти Паркер

Сага кел деп суранып жазып жаткан жокмун, жөн гана эскертип коёюн дегем: мен сени ар дайым күтөм.
Фредерик Бегбедер

Сүйүүнүн бир гана дарысы бар, ал андан да катуурак сүйүү.
Генри Торо

Сүйүүгө тешиктен шыкаалабай, каалгаңды кенен ач.
Лео Кристофер

Сүйүү бир сылап өткөн адам акын болот.
Платон

Сизге сүйүү келгенин сиздин жападан жалгыз каалооңуз – ал бакыттын сизге эч тиешеси жок болсо да, ошол кишинин бактылуу болушун тилеп калганыңызда билесиз.
Жулия Робертс

Кимдир-бирөө менен калган жашыңызды өткөзүштү каалаганыңызды билген кезде, ошол калган жашыңыз тез эле башталышын күтөсүз.
«Гарри Саллини жолуктурганда»

Денесине кызыкпай, жан-дүйнөсүн сүйө билүү – бул талант.

*     *     *

Мен дайыма сен жөнүндө ойлоп жүргөнүмдү түшүндүм, анан качантан бери сен менин оюмда жүргөнүңдү эстей баштадым. Анан түшүндүм: сени жолуктургандан бери сен менин оюмдан эч жакка кетпептирсиң.
Рэй Брэдбери

Көңүл коюп окуганыңызга чоң рахмат! Сизге жана үй-бүлөңүзгө соолубаган чоң сүйүү каалайм!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз