Шайлоо такмазалары - 4

  • 18.09.2020
  • 3330

Партия төрагасы:

 — Жогорку Кеңешке талапкерлигиңизди көрсөтөр алдында сурагым келет: Сиз калп айтканды, алдаганды, уурдаганды, бетпактыкты билесизби?

- Жок, билбейм.

- Ка-ап!

- Бирок шайлоодогу жеңиш үчүн алеки саатта үйрөнө калам!

*     *     *

Шайлоо участкасындагы сүйлөшүү:

- Кандай деп ойлойсуз? Ким жеңет?

- Албетте, биздикилер!

- Биздикилериңиз ким?

- Ким жеңсе ошол биздики!..

*     *     *

- Эмне үчүн Минюст түзгөн паракорлордун тизмесин жарыялоого тыюу салышты?

- Анткени ал шайлоого бараткан бийлик партиясынын тизмеси менен бир чыкты.

*     *     *

Эгер шайлоодо кайсы депутатты отургузуш керек деген суроого жооп берүү боюнча шайлоо өткөрүлсө анда шайлоочулар 100% катышмак.

*     *     *

Калпты аныктоочу детектордон бардык талапкерлердин бир гана жообу чындык экени аныкталды.

– Ал кайсы жооп экен?

– Аты-жөнүңүз ким деген.

*     *     *

- Биздин атаандашыбыз беш жыл бою силерди алдап, өлкөнү уурдап келди. Биздин силерден бир гана суранычыбыз бар: эми бизге деле мүмкүнчүлүк берип койгула.

*     *     *

Шайлоо мелдеши – бул Кыргызстандагы кимдин жеңери алдына ала билинген бирден бир мелдеш.

*     *     *

Алдамчылардын чоң тобу кармалды, алар эч кача чынчыл шайлоо өтпөсүнө жарандарды ишендирүүгө аракет кылып жүрүшкөн.

*     *     *

“Калп айтпайын”, - деп депутаттыкка талапкер сөзүн баштаганда баары саксына түшүштү.

*     *     *

Кыргызстандагы депутаттык шайлоого эки таасирдүү күч катышып жатат. Бийлик партиясы саналган биринчи күч шайлоодон утса жергебизде бейиштей жашоо орнорун убада кылды. Динчилдердин жетегиндеги экинчи күч болсо, оо дүйнөдөгү бейишти убадалоодо.

*     *     *

- Сен шайлоодо кайсы партияга добуш бердиң?

- Бийлик партиясына.

- А канча участкада?

*     *     *

Шайлоодо утулган талапкер таарынганынан шайлоочулардын суранычы менен өзү  курдурган балдар аянтчасын кайра дачасына көчүрүп кетти.

*     *     *

Шайлоого байкоочу катары катышкан чет элдик байкоочулардын милдети добуштарды туура саноо. Ал эми ички байкоочулардын милдети – башкаруучуларга туура келгидей добуштарды саноо.

*     *     *

- Ушинтип шайлоо өткөрүштүн эмне кереги бар эле. Жөн гана “Шайлоо кечээ болуп өттү, сиздер сүйүктүү бийлигиңиздердин партиясына добуш бердиңиздер”, - деп жарыялап коюшса жетиштүү да.

- Шашпа, минтип отурса кийинки шайлоодо ошого жетишкени калдык.

*     *     *

Мектеп деректири мугалимдерге шайлоо тартибин мындайча түшүндүрдү:

- Бардык партиялар тууралуу билиштин деле кереги жок силерге. Негизги партия президентибиздин партиясы. Эгер силерге анын башкаруусу жакса, партиясынын тушундагы төрт чарчыга плюс белгисин койгула, а эгер жакпаса, ошол эле төрт чарчыга минус белгисин койгула. Болду башка эч нерсенин кереги жок.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз